БАЗИСТИК ЖАҢЫ ОКУУ ПЛАНЫ: ТАЛКУУДАН ТАКТЫК ЖАРАЛАТ

Жаңы муундагы Базистик окуу планынын долбоорунда айрым предметтердин сааттары кыскарып калганы мугалимдердин арасында бир топ нааразычылыкты жараткан эле. Өзгөчө кыргыз тили саатынын кыскарышы, айрым предметтердин интеграцияланышы мугалимдердин кыжырын келтирип, “иш таштаганга чейин барабыз” дешкен эле.  Коомчулуктун сунуштарын, сын-пикирлерин эске алып Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, ондоо-түзөөлөр киргизиле баштады. Айтмакчы, жаңы окуу планы 2017-жылы ишке киргизилери пландалып жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкары жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Фариза Солтогулованынайтымында,  2014-жылдын декабрь айында өткөн министрликтин коллегиясынын тапшырмасы менен Кыргыз билим берүү академиясы Базистик окуу планынын долбоорун иштеп чыккан болчу. Долбоор Кыргыз билим берүү академиясынын жамаатынын бир нече отурумунда каралып,  андан кийин гана коомдук талкууга коюлган.

— Долбоор “Кутбилимге”  жарыялангандан кийин мугалимдер тарабынан көп нааразычылыктар, сын-пикирлер айтылды. Айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен  долбоорду кайра карап чыгуу  үчүн май айында министрликтин буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топко окуу планынын авторлору, мектеп директорлору, жождордун окутуучулары, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү кирген. Эки айдын ичинде бир пикирге келип, долбоорду кайра иштеп чыктык десем болот. Ооба, бизге түшкөн сын-пикирлерди эске алгандай болдук, бирок бардык пикирлер менен эсептешүүгө да мүмкүнчүлүк жок экенин айтып кетүү абзел. Мисалы, айрым сабактардын жүктөмүн көбөйткүлө дегендер болду. Кээ бир сабактардын саатын кыскартпагыла  дегендер да бар. Бирок бул окуу планынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылындагы  №403 токтому менен бекитилген мектептик деңгээлдин мамлекеттик билим берүү стандартына негизделген. Стандарттын III бапында Базистик окуу планы канча билим берүү окуу жаатынан  (образовательная область) туруш керек, кайсы сабактар аларга кириш керек, класстар боюнча окутуу жүктөмдөрү канча болуш керек экени бекитилген, — дейт жетектөөчү адис.

Жаңы кабыл алынган билим берүү стандарты мурдагы стандарттан бир топ айырмаланат. Көпчүлүк учурда мугалимдер мына ушул айырмачылыктарды билбей жатышыптыр. Эгерде буга чейин бардык окуу сааттар толугу менен мамлекет тарабынан аныкталып, анын мазмуну иштелип чыгып жана милдеттүү түрдө аткарылып келсе, жаңы стандартка ылайык бул маселе үч компонентке бөлүнүп мектептердин түрдүү багыттагы профилдери менен байланышкан маселелери чечилээри каралган.

           Ал кайсы үч компонент?

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, профессор Абакир Мамытовдун берген маалыматына таянсак, биринчиси — бул мамлекеттик компонент. Ал деген бардык мектептерде менчик формасына, тибине жана башка көрсөткүчтөрүнө карабай милдеттүү түрдө өтө турган предметтердин саны, багыты жана мазмуну.

— Экинчи компонент — мектептик компонент. Бул компонент   вариативдүү, демек мектеп өзүнүн профилине жараша мамлекеттик компоненттик сабактарын тандап, аны тереңдетип окутууга укуктуу. Башка сөз менен айтканда, мектеп жайгашкан регионуна, макамына жана тажрыйбасына жараша тереңдетилип окутула турган предметтердин санын жана багытын аныктоо укугу берилди. Ал эми үчүнчү компонент,бул дагы вариативдүү  окуучу өзүнүн жеке кызыкчылыгына жараша — инсандын муктаждыгын канааттандыруу (личностно-ориентированное обучение) иретинде каралды. Бул багыттагы предметтерди окуучу жана анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан аныктоо мүмкүнчүлүгү орун алды. Мындай жагдай мурдагы окуу планында орун алган эмес. Ошентип мектеп жана окуучу тарабынан аныкталуучу предметтерге каралган сааттарды мамлекеттик компоненттен чыгарууга туура келди. Мындай сааттардын көлөмү мектеп билиминин баскычтарында ар түрдүү, мисалы, жогорку класстарда (10-11-класста) 15%га чейин жетет. Эгерде 1-11-класска чейинки жылдын окуу жүктөмүнүн жалпы суммасы 297 саатты түзсө, анын ичинен мектептик жана окучуунун тандоо сабактарынын 1-11-класстарында жалпы саны 30%ды гана түзөт. Аталган жагдай мамлекеттик стандарттын талабы жана аны ишке ашыруу милдеттүү экендигин баса белгилейт.
Дагы бир жагдай, мугалимдердин берген суроосуна караганда, мектептик жана жеке окуучулардын кызыкчылыгын канааттандырган компоненттерге окуучулардын ата-энелери акча төлөп калат дегендей кооптонуу бар экен. Бул туура эмес. Мамлекеттик стандартта каралган мамлекеттик жана мектептик эки компоненттин сааттары мамлекет тарабынан толук каржыланат. Ал эми тандоо сабактары боюнча компонент 10-11-класстарга гана киргизилип, жалпы сандын 5% гана түзөт. Бул компоненттин каржыланышы азыр талкуу жаратып жатат.

Эң маанилүү жагдай – аталган компоненттерди эске алуу менен иштелип чыккан Базистик окуу планындагы жылдык жүктөмдүн жалпы суммасы мурдагыдай эле, — дейт Абакир Мамытов.

Мамлекеттик компонентке кирген предметтердин сааттары бир аз азайганы менен ошол эле предметтерди, ошол эле сааттарды мектеп жана окуучу тандап алганга мүмкүнчүлүк пайда болгон. Бул билим берүүнүн жаңы траекториясын, жаңы философиясын көпчүлүк учурда мугалимдер сезбей жатканын Абакир Мамытов баса белгиледи.

             Кайсы түзөтүүлөр киргизилди?

—  Мамлекеттик компоненттин сааттары  азайып калган. Ошондон мугалимдер чочулашып жатышат. Дагы кайталап койчу нерсе, жалпы окуу жүктөм толугу менен сакталып турат. Ал мурда мамлекеттик компонентинин сааттары гана болуп эсептелсе, сунушталып жаткан долбоордо үч компонентке төмөнкүдөй бөлүндү: мамлекеттик компоненттин жалпы саны 80%ды, мектептик компонентинин жалпы саны – 15% жана тандоо сабактары компонентинин жалпы саны 5%ды түздү.

Бул окуу планы 2017-жылкы окуу жылында мектептерге киргизилиши керек. Бул иш менен катар жаңы муундагы предметтик стандарттар, жаңы окуу-тарбия комплекси даярдалып жатат. Ошону менен бирге жаңы окуу планы кириш керек. 2017-жылга чейин жаңы окутуу-усулдук каражаттар менен  мугалимдерди тааныштыруу иштери да өткөрүлөт. Ал эми быйылкы жылы  мурдагы эле окуу планы менен жаңы окуу жылы башталат, — дейт Фариза Солтогулова. – Базистик окуу планынын долбоорунда кээ бир сабактар бириктирилген. Азыр заман башка, советтик мезгилдегидей эмес. Эгерде биолог биология предметин гана берсе, химияны ошол адистикти бүткөн гана мугалим берип келген. Эми эки сабакты бирдей билген адистер жогорку окуу жайларда даярдалып жатат. Анткени көп илимдер жуурулушуп, биригип жатышат. Ошондуктан Базистик окуу планында кээ бир предметтер интеграцияланып жатат. Биринчиден,  предметтерди сактап калыш үчүн. Экинчиден, интеграция принциптерин сакташ үчүн профилдери жакын кээ бир предметтер бириктирилди. Мисалы, адам жана коом, жарандык, мекен таануу, адеп предметтердин өзөгүн социалдык маселе түзөт. Бул предметтер буга чейин үзүлүп берилип келсе, эми 1-11-класска чейин үзгүлтүксүз окутулат. Педагогикалык жогорку окуу жайлар дагы интеграцияланган предметтердин адистерин окута башташты. Мисалы, биология, химия сабактарын бир гана адис бермей болду. Ошентип, мектептерде мугалим жетишпейт деген проблема жоюлат деген ойдобуз, — дейт Ф.Солтогулова.

Ошондой эле информатика сабагына да өзгөчө көңүл бөлүндү. Себеби бул предмет боюнча окуучулар республикалык, эл аралык олимпиадаларга катышып келишет. Мурда бул предмет 7-класстан башталып 9-класска чейин гана  окутулуп келсе, эми бул предмет 5-класстан баштап 11-класска чейин окутула баштайт.

— Дүйнөдө компьютер кеңири колдонулат. Азыр компьютер менен сүрөт тартса, дизайнерлик иштерди аткарса, дегеле көп жумушту компьютер менен аткарса болот. Бирок биздин билим берүүдө компьютерге кеч үйрөтүп жатабыз. Демек, биз компьютердик маалыматтуулукту (грамотность) эртерээк берели дедик. Элементардык, жөнөкөй көндүмдөрдү эрте үйрөнүп, тезирээк окуучу заман технологиясына аралашы керек. Эгерде башка өлкөлөрдү карасак, 1-2-класстын окуучуларына кичинекей нетбук берип атат. Биз мындай техниканы 6-класстан баштап үйрөтөбүз. Демек, технология деген сабакка келгенде анын ядросун компьютер түзөт, ал эми мазмундук линиялары 1-, 2-, 3-класста эмне кирээрин адистер чечет. Компьютердин жардамы менен сүрөт тартканга, коммуникацияга барганды, элементардуу электрондук почтаны колдонгонду билиш керек да. Ушул өңүттөн алганда, технология предметтин концепциясы түп-тамырынан бери өзгөрөт, бала 6-класска барганда компьютерде эркин иштеп калганга жетишүүсү зарыл.
Дагы бир маселе, информатика сабагынын мазмуну. Учурда окуучуларга программа жазуу ыкмаларын да окутуу каралган. Мындай көз карашты колдоого болбойт. Балдарды колдонуучу катары даярдоо маанилүү роль ойнойт. Ал эми программалоо — бул адистик билим. Ага шыгы бар, атайын компьютерге окуйм дегендерге жогорку класстарда, профилдик багытта окутуу мүмкүнчүлүгү каралган. Башка сөз менен айтканда, программалоону массалык түрдө берүүнүн кереги жок. Ошондуктан технология предмети дагы чоң өзгөрүүнүн алдында турат. Европалык өлкөлөрдө технология сабагы жумасына эки саат берилет. Технология предметинин миссиясы чоң. Жумасына бир саат берилип атат, бирок кийин бул абал оңдолот деп ойлойм, — дейт профессор А.Мамытов.

             Эне тилди киргизүү керекпи?

Базистик окуу планына кыргыз тили, орус тили, чет тили деген графага эне тилди кошуу керек деген дагы сунуштар айтылган. Мисалы, дунгандар көп жайгашкан Чүй облусундагы айрым мектептерде дунган тили окутулат. Бирок айрым жетекчилер Базистик окуу планда көрсөтүлгөн эмес деп, дунган тили  предметин сааттар торчосуна киргизбей коюшат экен.

          —   Эне тилди киргизүү боюнча сунуш айтылды. Майда улуттар үчүн окуу планы жыл сайын бекитилип келет. Бирок алар эске алыш керек, мектепте окуган башка улуттагы окуучулар ошол тилди окуганды каалашабы? Эгерде жалпы ата-энелер комитети жана мугалимдер жамааты чечсе,  мектеп дунган тилинде окутуу  мектептер  үчүн окуу планын кабыл алууга укуктуу. Ал үчүн сапаттуу китептер, жогорку окуу жайларында мугалимдер даярдалышы керек. Тилекке каршы, биздин жогорку окуу жайларда андай мугалимдер даярдалбайт. Азыр биз кыргыз, орус тилинде окутуу мектептер үчүн окуу планынын долбоорун талкуулап жатабыз. Бирок майда улуттардын сунуштарын эске алганга аракет кылабыз, — дейт Фариза Солтогулова.

          Жети билим берүүнүн чөйрөсү

Профессор Абакир Мамытовдун айтымында, мектеп билиминде дүйнөлүк тажрыйбада көпчүлүк учурда жети билим берүү жааты (область) аныкталган. Бул — тил, математика, табигый илимдер, социалдык илимдер менен байланышкан, чыгармачылык, ден соолукту бекемдөө ж.б. жети билим берүү жааты бар.

—     Былтыр биз Дүйнөлүк банктын бир чоң конференциясында Санкт-Петербургда болдук, ошол жерде бул проблеманы жоюу боюнча маселе көтөрүлдү. 2016-жылдан баштап эл аралык комплекстүү изилдөөлөрдүн фокусун, предметин кеңейтүү жарыяланды. Мындай чечимди дүйнөнүн 56 өлкөсү колдоду. Демек, Кыргызстан ага даяр болушу керек. Биз эски методологиялык көз карашты жана окутуу технологиясын калтырып койсок, эртең-бүрсүгүнү дагы бир чоң проблема келип чыгат. Ошол себептен, Билим берүү академиясы дүйнөлүк тенденцияны эске алып, жети билим берүү жаатын 1-11-класска чейин Базистик окуу планына отургуздук. Базистик жаңы окуу пландын бирден бир өзгөчөлүгү мектеп билиминдеги жети билим берүү жаатын 1-11-класска чейин толук кандуу отургузуу проблемасын жойду. Демек, бул сааттарды кайра бөлүү, кайра тактоо деген маселеге барып такалды. Ушул өңүттөн келгенде, кандайдыр бир деңгээлде сааттарды жылыштырууга мажбур болдук. Бирок мектеп билиминдеги жалпы сааттардын көлөмү кыскарууга дуушар болгон жок. Бул маселени жеңил эле тактап алсак болот. Ал үчүн Өкмөт кабыл алган билим берүү стандартын карасак (2014-жыл) жана азыркы учурдагы окуу планынын жалпы сааты менен салыштырсак жеңил эле далилденип калат, — дейт окумуштуу.

Негизинен Кыргыз билим берүү академиясы Базистик окуу планын 2017-жылдан киргизүүнү сунушташкан. Себеби, Базистик окуу планы бекигенден кийин (азырынча долбоор гана) ар бир предметтин мазмунун иштеп чыгуу зарыл. Андан кийин жаңы муундагы окуу-методикалык комплексин даярдоого конкурс жарыяланыш керек. Тийиштүү окуу куралдары жазылып, экспертизадан өтүп, анан мектептерден бир жыл апробацияланып чыгышы керек экен.

—   Буга азырынча биз даяр эмеспиз. Экинчиден, бардык класстарда жаңы мазмун бир учурда кирбеш керек. 2017-жылы 1-класска, 5-класска, 2018-жылы 1-2-класска, 5-6-класска, 2019-жылы 1-2-3-класстарга, 5-6-7-класстарга деп этап этабы менен кириш керек. Бул реформанын аягына чыгышына бери дегенде 6-7 жыл керек, — дейт А.Мамытов.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*