МЕКТЕП МЕНЕДЖМЕНТИ: РЕСУРСТАРДЫ ЭФФЕКТИВДҮҮ БАШКАРУУ

(Башталышы өткөн санда)

Балдарга карата кылмыштар жана балдар кылмыштуулугу

Мектептик билим берүүгө абдан чоӊ залалын тийгизип келе жаткан дагы бир ассоциалдык мүнөздөгү көрүнүш катары балдарга карата болгон кылмыштуулук жана балдардын кылмыштуулугун кароого болот.

Балдарга карата болгон кылмыштуулуктун саны, оорчулугу, түрлөрү, мыкаачылыгы жана алардын кесепеттери жылдан-жылга өсүп бара жатканы тынчсыздандырат. ЮНИСЕФтин маалыматтары боюнча, азыркы учурда Кыргызстандык окуучулардын 83% зордук-зомбулукка кабылышууда.  Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри К. Базарбаевдин билдирүүсү боюнча, 2006-жылдан бери зомбулуктун айынан 92 наристе курман болгон.  Министрдин айтуусу боюнча өспүрүмдөргө карата болгон зомбулуктун деӊгээли азыр дагы жогору бойдон сакталып, 2014-жылы эле мындай маанидеги 909 учур катталган. Жалпысынан, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары М. Калиевдин берген маалыматы боюнча 2014-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча катталган зомбулуктардын 42%ы  балдарга карата болгон. Бул пайыздар менен цифралардын артында кыргыз коомчулугуна кеӊири таралып, массалык маалымат каражаттарынан күн сайын кабарланып жаткан балдарга жасалган үрөй учурган кылмыштуу зордук-зомбулуктар жатат. Алардын саналуу гана бөлүгү коомчулукка белгилүү болбосо, миӊдеген башка фактылар жабык бойдон калууда. Балдарга карата болуп жаткан өлкөдөгү кылмыштуу зордук-зомбулуктун масштабы менен мыкаачылыгы барган сайын күчөп бара жатканынан улам бул маселеге арналган жогорку деӊгээлдеги атайын Улуттук форум болуп өттү, бул маселеге  ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юки  Мокуо, Кыргызстандын Президенти, Жогорку Кеӊештин төрагасы, өлкөнүн премьер-министри, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи өзгөчө көӊүл бура башташты. Мисалы, ЮНИСЕФтин өкүлү: “Өлкөдөгү балдар бактылуу болгондо гана ал өлкө бактылуу боло алат. Зомбулук наристелердин назик денеси менен сезимин гана талкалабастан, бүтүндөй коомчулуктун адамгерчилигин  төмөндөтөт” – деп кыргызстандыктарга кайрылды. Кыргыз Республикасынын президенти өкмөткө тез аранын ичинде балдарга карата болуп жаткан ырайымсыз мамилелерге каршы чараларды иштеп чыгып, аны ишке ашырууну тапшырды.  Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин чакырыгы боюнча өлкөнүн баардык мечиттериндеги жума намазда балдарга карата болуп жаткан зордук-зомбулукка каршы үндөөлөр таратылган. Педофилияга байланыштуу өлүм жазасын киргизүү жана педофилдерди кастрациялоо боюнча катуу чара колдонулбаса, өздүк соттор (самосуддар) башталышы жөнүндө коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп жатат. Жогорудагы нерселердин баардыгы кеч болсо дагы кыргыз коомчулугунда  балдарга карата болуп жаткан зордук-зомбулукту токтотууга көӊүл бура баштаганынан кабар берет.

Коомдун, мектептин, үй-бүлөнүн постсоветтик доордогу деградацияланышынан,  алардын балдарды тарбиялап, көзөмөлдөөгө болгон кайдигерлигинен жана мындай маанилүү маселеден үчөөнүн теӊ четтеп кеткенинен  улам мектеп окуучуларынын айрым бөлүгү өзүлөрү дагы кылмыштуулукка тартыла баштаган.  Анткени, окуучуларга тарбия-таалим берүүчү совет мезгилиндеги системалар жоюлуп, октябряттык, пионерлик, комсомолдук кыймылдардын орду бош калган, алардын ордуна альтернативалык нерселер жасалбай, тарбияга көп көӊүл бурулбай  мектептер эптеп эле таалим берүүгө өткөн. Мамлекеттин балдарды  тарбиялоо системасы эле эмес, балдарды коргоо системалары дагы иштебей калган.  Постсоветтик мындай мектептерде баалуулуктар алмашып, тарбия-таалим алууга болгон умтулуулардын  мааниси төмөндөй баштаган. Окуучулар арасында билимге умтулган, тарбиясы бар, жакшы окуган балдар үлгү-идеал жана лидер болбой, аларды келекелеп кодулоо, шылдыӊдап басынтуу адатка айланган. Алардын  ордун ассоциалдуу жана девианттуу жүрүш-туруштагы окуучулар ээлеп, балдардын көбүнүн идеалы  “Бригада” тасмасынын кейипкерлери менен Кыргызстандын “закондогу уурулары” болуп калышкан. Өзгөчө өкүнүчтүүсү, ар кандай себептерден улам көпчүлүк үй-бүлөлөр дагы балдарын тарбиялап, окутуудан четтеп кеткен. Ушундан улам 16-январь 2015-жылы  Балдарга карата болгон кылмыштуулукка арналган Кыргыз өкмөтүнүн кеӊешмесинде ошол учурдагы премьер-министр Ж. Оторбаев: “Парадокс, бирок биз ата-энелерди балдарын тарбиялоого көндүрүүгө мажбур болуудабыз”, – деген.

 Албетте, балдардын кылмыштуулук иштери негизинен мектеп окуучуларына карата багытталган жана алардын  эӊ кеӊири жайылган кылмыштуу иштери  мектеп рэкеттигине байланышкан. Кыргызстандын Жаштар парламентинин “Билим берүү системасынын проблемалары” аттуу социологиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында өлкөнүн 7-10-класстарынын ар бир онунчу окуучусу мектептик рэкеттин курмандыгы болгондугу аныкталган.  Мектеп рэкеттеринин кылмыштуу аракеттеринен улам көптөгөн окуучулар башка мектептерге кетүүгө, узак убакытка окууга барбай коюууга, иштеп каражат табууга, мектепти такыр эле таштап салууга, өз жандарын кыйганга дагы мажбур болушкан. Мисалы, 2015-жылдын беш айында эле балдар арасында 58 суицид болгон. Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер министри Д.Ниязалиеванын билдирүүсү боюнча балдар арасындагы суицид 2014-жылга караганда, 2015-жылы 23,4%га көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматына караганда өлкөнүн 14-17 жаштагы өспүрүмдөрүнүн арасындагы кылмыштуулук жыл сайын өсүп келген. Мисалы, 2004-жылы өлкөдөгү жалпы кылмыштуулуктун 6,6%ы 14-17 жаштагы өспүрүмдөр тарабынан жасалса, 2005-жылы бул көрсөткүч 7,4%, 2006-жылы – 7,1%, 2007-жылы – 8,5%, 2008-жылы – 8,4%га  жетип, 2010-2012–жылдары 10%тен ашып кеткен. Тилекке каршы, мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугу сыяктуу жат көрүнүш боюнча дагы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн алдына озуп чыккан. Алсак, 2013-жылы Азербайжандагы жалпы кылмыштардын 4,5%ын 14-17 жаштагы өспүрүмдөр жасаса, Арменияда бул көрсөткүч 3,1%, Беларусияда – 4,0%, Казакстанда – 5,2%, Россияда – 6,0% жана Кыргызстанда – 7,8% болгон.

Жыйынтыгы

Жыйынтыктап айтканда, постсоветтик Кыргызстандын мектептериндеги окуучулар менен иштөө менеджменти аксап, ассоциалдык абалдын оорлошуп кеткендигинен улам мектептерди таштап кетип жаткан окуучулардын саны өсүп бара жатат. Биринчиден, кадимки эле “акылдын агып кетмеси”(“утечка умов”) болуп, окуучулар колледждерге, профлицейлерге,  жеке менчик жана чет өлкөлүктөрдүн орто билим берүүчү окуу жайларына кетүүдө. Экинчиден, мектепте калган окуучулардын далайы мектеп үчүн “өлүү жандарга” айланып, мектептик тарбия-таалим алууга кол шилтеп коюшкан.  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтарына караганда, өлкөдө сабакка барбаган 80 миӊ мектеп окуучусу бар. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча мындай окуучулардын саны 78,0 миӊ баланы түзөт. Албетте, расмий статистика төмөн көрсөтмөлөрдү берет. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ жана “Эл пикир” Борбору жүргүзгөн изилдөөлөр боюнча (2003-ж.) Бишкек шаарынын №31- мектебинде, Сокулук районунун Кызыл-Туу орто мектебинде, Ысык-Ата районунун Красная речка орто мектебинде, Баткен районунун Кызыл-Жол орто мектебинде, Жумгал районунун Дыйкан айылынын мектебинде жалпысынан 246 бала окууга барбай жүргөн. Ал эми жогоруда аталган мектептердин мурда берген расмий маалыматы боюнча мындай балдардын жалпы саны 36 гана окуучу болгон.

Өтө өкүнүчтүүсү, мектепке барбай жүргөн балдардын 67,7% кыргыздар экендигинде

Мектепке барбаган балдар  билим алуунун ордуна кайсы жактарда жүргөн деген суроо пайда болушу мүмкүн. ЮНИСЕФтин изилдөөлөрү аныктагандай, булардын 70% иштеп жүргөн балдар. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсү боюнча иштеп жаткан балдар мектепке барбай жүргөн балдардын 35%түзгөн. Мектепке барбай жүргөн окуучулардын кийинки тобу ички жана сырткы мигранттардын катарын толуктоодо. Мектеп окуучуларынын дагы бир тобу диний окуу жайлар менен диний уюм-агымдарга   кетүүдө. Анткени, Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ жана “Эл пикир” Борборунун изилдөө жыйынтыгы боюнча селсаяк балдардын 25%ы Аллахка гана ишенет экен. Айрым маалыматтар боюнча медреселерде беш миӊден ашык бала легалдуу эмес шартта окуп жатышат. Мектептен качып жүргөн балдардын дагы бир   бөлүгү девианттык жана криминалдык топторго кошулуп жүрсө, айрымдары соттолуп түрмөлөрдө жатышат.  Мектеп жашындагы кыздардын далайы болсо турмушка чыгып кеткендиктен мектепте окуй албай калган. Албетте, бул маселе көнүмүш болуп калгандай бир гана мектеп мугалимдеринин мойнуна салып койгон туура болбойт. Ырас, акыркы маалыматтарга караганда бул проблеманын тегерегинде мамлекеттин бийлик уюмдары дагы иш алып бара баштады. Тилекке каршы, бул проблемага бирден-бир тиешеси бар жана бул проблемадан биринчи кезекте запкы жеп жаткан тарап болгон коомчулук али да болсо түйшөлүп кыймылга келе электей. Жергиликтүү бийлик менен коомчулукту кылмыштуу кайдигерлик жана кечиримсиз кош көӊүлдүүлүк дале басып жаткандай. Чындыгында жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун активдүү кийлигишүүсүз бул маселе чечиле койбойт. Бирок, маселени чечиш керек. Анткени атайы изилдөө көрсөткөндөй, ар кандай себептер менен мектепке барбай жүргөн балдардын 68% аларга мектепте окуган   жага турганын белгилешкен жана алардын 73,4% билим алууга болгон каалоолорун айтышкан. Ал эми, селсаяктык кылып көчөдө калган балдардын 74% мурдакыдай өз үйлөрүндө, ата-энелери менен жашоону каалашат. Айтор, бийлик, коом, мектеп, ата-эне балдарга жардамга кол сунуулары керек!

Төлөбек АБДРАКМАНОВ,

тарых илимдеринин доктору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*