КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨЗГӨРТӨБҮЗ

«Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду социалдык жактан колдоого муктаж үйбүлөлөрдүн таланттуу балдарын Кытайдагы «Жайкы лагерге» эс алып келүүсүнө шарт түзүп берди. Бул тууралуу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун тарбиялануучусу, ушу боюнча республикалык спартакиаданын бир нече жолку чемпиону, Бишкек шаарындагы №9 гимназиясынын 9-классынын окуучусу  Жанболот Бакыт уулу айтып берди.

«Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу, шыктуу балдардын демине дем кошуу максатында Кытайда жылда өтүүчү “Жайкы лагерге” жиберүүнү уюштурган. Ага бардык облустан 16-17 жаштагы он бала тандалып алынган.

– Кытайга байлардын же тааныштарынын балдарын алып барышкан жок. Кыргызстанда чындык бар экенине ишендим. Анткени менин бул фонддо эч кандай таанышым жок. Болгону мен ушу боюнча республикалык таймаштарга катышып, жети жолу чемпион болгом. Мына ушундай критерийлерге таянып, фонд Кыргызстандын жети аймагынан он баланы тандап алышыптыр. Биздин арабызда мыкты бийлеген, ырдаган, спортто өзүн көрсөтө алган, окуучулардын республикалык олимпиадаларында алдыңкы орундарга чыккан балдар тандалыптыр, – дейт Жанболот Бакыт уулу. – Кытай абдан кооз, адамдары ынтымактуу, кичи пейил болушат экен. Эгер байкоосуздан түртүп кетсе сөзсүз кечирим сурашат, бири-бирине абдан сый-урмат менен карашат экен.  Кытай маданияты менен тааныштык. Кытайлар абдан эмгекчил экен. Накткытайонг, Шанхай, Пекин шаарларын көргөндөн кийин Кыргызстанды да ушундай өзгөртсөк деген ой келди.

Жайкы лагерге барган кыргызстандыктар ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, Кыргызстандын маданиятын, спортун, интеллектуалдык потенциалын бийик деңгээлде көрсөтө алышты. Маселен, сүрөт тартуу боюнча сынакка катышкан Жанболот Бакыт уулу Ысык-Көлдү тартып, анын тарыхын айтып берди.

– Жайкы лагерде адамга кандай мамиле кылуу керек экенин үйрөттү. Мен Кыргызстандын презентациясында ушуну көрсөттүм. Дегеле сахнага кыргыздар чыкканда аябай катуу кол чаап жатышты. Мен кыргыз болуп барганыма абдан сыймыктандым. Ошондой эле кара жорго бийин көрсөттүк. Ал эми биз менен барган орус улутундагы Мария комуз, чопо чоор ойноп, кыргыз бийин бийлеп берип, таң калтырды. Бир сөз менен айтканда, өлкөдөн тышкары чыкканда Кыргызстандын баркын билет экенбиз. Сыймыктануу менен калпагыбызды башыбыздан түшүргөн жокпуз, – дейт Жанболот.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*