«ЖАШ КЫЯЛ» “ОСКАР” СЫЙЛЫГЫНЫН ЭЭСИ

 

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун үлгүлүү элдик бий ансамбли «Жаш кыял» Владикавказда өткөн V эл аралык балдардын хореографиялык ансамблинин “Кавказдын бийи – достуктун бийи” аттуу конкурска катышып, 3-орунду ээледи. Ошондой эле Кытай Эл Республикасында өткөн фестивалга барып, кыргыз маданиятын таанытып, даңазалап келди.

 

«Жаш кыял» үлгүлүү элдик бий ансамблинин жетекчиси Жаныбек Чилетировдун берген маалыматына таянсак, Владикавказда өткөн конкурса катышкан 22 өлкөнүн ичинен “Жаш кыялдын” кенже топтогу кыздары көрүүчүлөрдүн, калыстар тобунун, атаандаштардын эсинде калгандай кыргыз бийлерин профессионалдык деңгээлде аткарып, 3-орунга татышты.

– 12 жашка чейинки 16 тарбиялануучулар барып, конкурстун “Оскар” коло статуэткасына ээ болушту. Владикавказдыктар бул сыйлыкты“Оскар” деп коюшат экен. Кенже топ үчүн бул чоң жетишкендик. Сынактын максаты — улуттар аралык маданият  кызматташуусун кеңейтүү менен тынчтыкты жана коңшу мамилелерди чыңдоону көздөйт. Катышуучулардын аткаруусун баалап отурган эксперттер биздин кыздардын ийилген манжаларына, турган турпаттарына, кыймылдарына жогору баа берип, хореографиялык жакшы база бар экенин белгилешти. Сынактын катышуучуларынын ичинен биздин топ көрүнүктүү болду, – дейт Ж.Чилетиров. – Жаш кыялчылар сынакта «Кербез» жана «Кыргыз бийин» көрсөтүштү. «Кербез» бийин кыздар “жигитовкадай” эле камчы менен бийлешет. Бул бий бекемдикти билдирет. Бий менен биз эмнени көрсөткүбүз келди? Биринчиден, кыргыз эли көчмөн калк экенин, жашоо-тиричилик жалаң ат менен өткөнүн жана өтөөрүн көрсөтө алдык.  Ошондой эле кыргыз эли тоолук, бийик, бекем калк экенин бий аркылуу билдирдик. Бийдеги кыймыл-аракеттер дагы ошолорду тастыктап турат. Чындап келгенде ушундай деңгээлдеги сынактарда биздин бийлер баарына жаңылык болду. Анткени буга чейин Кыргызстандан баргандар дегеле кыргыз бийин көрсөтүшпөптүр. Быйыл биз биринчилерден болуп кыргыз бийин дүйнө элдерине көрсөттүк. Эксперттер, изилдөөчүлөр кыргыз бийи бар экенин, жакшы экенин белгилешти. Кыргыз бийлерин мен өзүм иштеп чыгам. Талма бий, жинди бий дегендердин кыймыл-аракеттерин көргөм, ошолордон алып, ташта чегилген сүрөттөр, оймо-чиймелер аркылуу бийди коем. “Кербез” бийин да өзүм койгом.

“Жаш кыялдын” ушул эле кенже тобу Кытайда өткөн фестивалга да катышканга үлгүрүштү. 40 өлкөдөн келген айрым топторгокыргыз бийи алар үчүн да жаңылык болуптур.

–          Кичинекей кыздар кайда? “Бийлегендерин уктук, бирок көрө элекпиз” дегендер көп болду. “Силердин желек менен сүрөткө түшөбүз” дешкендер да четтен чыкты. Кээ бир улуттук бийлерде классиканы колдонушпайт, биз болсок, биринчи ирээт класссикадан баштайбыз. Бийди бийлеп жатканда хореограф-эксперттер кыймыл-аракетте Ысык-Көлдүн толкунун, Ала-Тоонун бийиктигин, кенендигин, тереңдигин баамдашты. Алар кыргыздын бийин билишпесе дагы, жазмаларда калган Азиядагы жашоо-тиричиликти жакшы билишет. Фестивалга катышкан үчүн кыздарга сертификаттар берилди. Жол кирени ата-энелер каржылашты, ал эми чакырган тарап жатакана, тамак-ашын өз моюндарына алышкан, – дейт Жаныбек Чилетиров.

Кыргызстанды билбеген айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү “Жаш кыял” ансамбли аркылуу  таанып, кыргыз маданиятынын уникалдуулугун, улуттук калпак Ала-Тоону, мөңгүлөрдү билдирерин, кыргыз калкы боштондукту каалаган эл экенин угуп, таң беришип, кичинекей мамлекет, бирок жүрөгү чоң экен деп баалашыптыр.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*