БҮГҮНКҮ КЫРГЫЗ МЕКТЕБИ

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери июнь айында жүргүзгөн анализдин жыйынтыгында борбор калаабыздагы 26 мектеп шаардын беделдүү мектеби деп табылган. Алардын арасында кыргыз тилде окуткан мектептердин саны саналуу гана. Ошондон уламбы, ата-энелер окуу башталаар алдында “баламды кайсы тилде окуткан мектепке киргизсем” деген олку-солку ойго көп кабылышат. Ата-энелер орусча окуткан статустуу мектептерге басым жасап жатышканын эске алуу менен былтыр борбор калаабыздагы статусу бар мектептерде кыргыз класстары ачылган эле. Бирок жыйынтыгы биз күткөндөй болгон жок.

Кыргыз класстарына суроо-талап кандай?

Быйыл статустуу мектептерде кыргыз класстардын саны көбөймөк тургай, бир да кыргыз класс ачылбай калды. Балдарга кыргызча окутуу демилгесин колдоп чыккан Бишкектеги №6 автордук окуу-тарбия комплексинин директору Айгүл Шимова үгүттөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабай, быйыл кыргыз тилдүү класска балдарын алып келген ата-эне жок болгондугун айтты.

– Былтыркы окуу жылында бир кыргыз классын ачып, ага 35 бала кабыл алганбыз. Ага жараша класстарды, окуу куралдарын даярдап, мугалимдерди атайын окутуулардан өткөргөнбүз. Эгер каалоочулар көбөйсө дагы класс ачууну пландаганбыз. Бирок натыйжа биз күткөндөй болбой, тескерисинче, балдар кетип отуруп, жыл аягында 23 окуучу калган. Биз биринчи кезекте ата-энелердин каалоосун эске алабыз да. Алар бизге балдарыбыз кыргызча түшүнбөй жатат деген аргументтерин айтышууда. Быйыл болсо бир да ата-эне баласын кыргыз тилинде окутуу тууралуу өтүнүч менен кайрылган жок, – дейт Айгүл Салиховна.

Ушундай эле максат менен кыргыз класс ачууга белсенип киришкен борбордогу №20 ОТКМда былтыр кыргыз классы ачылбай калган. Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Эльвира Шагиева анын себебин каалоочулар болбогондугу менен түшүндүрдү. Бул бир чети ошол аймактагы кыргыз жана орус тилдеринде окуткан №39 жана 64 мектеп-гимназиялардын жайгашкандыгынан улам болсо керек дейт ал.

Кыргыз тилинде билим берген мектептердин көч башында кыргыз интеллигенциясынын басымдуу бөлүгүн даярдап билим уясынан учурган А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназия тураары айкын. Анын окуучуларынын 70% жакынын республикабыздын жети дубанынан келип, тереңдетилген билим алууну каалагандар түзөт.

Келерки жылы 90 жылдык мааракесин белгилөө алдында турган “Даңк” медалдуу даңазалуу мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Айнура Айыпова биринчи класстан былтыр тогуз класс ачылганын, быйыл жети класс даяр экендигин, эгерде чек болбосо, каалоочулар 15 класска чейин толчудай болоорун айтты.

– Биздин мектеп 1926-жылы жети жылдык Таштак орто мектеби болуп уюштурулган экен. Анда алгач болгону алты мугалим эмгектенгени, баардыгы болуп 67 окуучу окуганы мектептин тарых барактарында жазылуу. Ошол мезгилдин талабына ылайык, туура он жылдан кийин, 1936-жылы мектептин базасында интернат уюштурулган. Ошол кыйын кезеңде республикабыздын туш тарабынан борбордон билим алууга умтулуп келген улан-кыздар үчүн мындай шарт өтө ыңгайлуу болгон.

Ушул мезгил аралыгында жүздөгөн, миңдеген бүтүрүүчүлөрдү билим  уясынан учурду. Алардын катарында белгилүү саясий, маданий, коомдук ишмерлер көп. Биздин мектептен билим алышкан саясий жана коомдук ишмерлер: Апас Жумагулов, Ишенбай Абдразаков, Медеткан Шеримкулов, Аскар Какеевдер, азыркы КР Премьер-министр Темирбек Сариев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана кыргыз маданиятына бараандуу эмгек сиңиришкен Даркүл Күйүкова, Сүймөнкул Чокморов, Жалил Садыков, Турар Кожомбердиев, Эрнис Турсунов, Жамал Сейдакматова сыяктуу көптөгөн элге таанымал инсандарыбыз менен сыймыктанып келебиз, – дейт Айнура Алмазбековна.

Мугалимдер бардык эле иштин ийгилиги жана ийриси анын жетекчисинин, педагогикалык жамааттын кесипкөйлүк сапаттарына байланыштуу болоорун айтышат. Билим берүү мекемелери заман талабына кадамдаш материалдык-техникалык жагынан тынымсыз жаңыланып турса, окуучулардын билим сапатында да өсүш болмок деп эсептешет.  Ошол эле учурда балдарга билим берген мугалим да көңүлүн башка көйгөйлөргө бурбай, алдыңкы сапта жүрүшү үчүн аны бардык жагынан демилгелеп туруу керектигин калыстык үчүн белгилеп койгонубуз оң.

Жоопкерчиликти күчөтүп, жакшы кам көрөлү

Кыргыз тилдүү мугалимдердин абалы менен орус тилдүү агартуучулардын ортосунда байкаларлык эле айырма бар экендигин №5 УКГнын завучу Айнура Алмазбековна да мойнуна алат. Ал айрыкча, заманбап техникалар, окуу куралдары менен жабдуу деңгээли, мугалимдердин алган айлыктарындагы ажырымды жашырып болбойт деген пикирде.

– Кыргыз тилдүү мектептерде окуу куралдары, учур талабына шайкеш техникалар жетишсиз. Мындай абал бардык эле кыргыз тилдүү мектептерде орун алган десем аша чаппайм. Бул тенденция сөзсүз мугалимдин билим берүүсүнө терс таасир тийгизет. Орус тилинде окуткан мектептердин мүмкүнчүлүктөрү биздикине салыштырмалуу көбүрөөк деген себебим, аларга окуу куралдары, техника жагынан Россия көмөк көрсөтүүдө. Мындан тышкары, Интернет булактарында да орус тилинде жарыяланган окуу куралдары басымдуулук кылат, – дейт ал.

Педагог Жолдош Сами тегиндин айтымында, өңчөй кыргыз тилинде окуткан мектептердин техникалык жабдуулардан башка да минустары көп.

– Мен мугалимдерге кое турган дооматтарымды белгилеп кетейин. Кесиптештерим таарынбас, ата-энелер балдарын мектепке берээрде орус тилдүү мектептерге ооп жатышкандыгына биринчи кезекте мугалимдердин өз ишине кенебестик менен мамиле жасаганы, шалаакылыгы себепкер деген ойдомун. Мугалимдин эмгеги алар окуткан балдардын жетишкен ийгиликтеринен таасын көрүнүп турат. Мен да кызымды 1-класска берээрде ары толгонуп, бери толгонуп отуруп, акыры орусча окуткан мектепти тандагам. Биринчи кезекте кызымдын ал ала турган билиминин сапатына көңүл буруп, мугалимдердин деңгээлин, кесибине, балдарга жасаган мамилесин дыкат салыштырып, анан аргасыз ушундай чечимге келдим. Кыргыз тилин, адабиятын, тарыхын колумдан келишинче үйдөн өзүм окутам, комуз черткенди да үйрөтө баштадым. Бизде шарт начар деген шылтоо гана. Алыскы айылдардагы мектептерде окуган балдар деле кандай сонун жеңиштерге жетип жатышат. Лейлектеги Гапыр агайдын гимназиясынан үлгү алышы керек көп мектептер. Андыктан мугалимдер тигиге булар жардам берет, бизге кол сунгандар аз деп актана бербей, изденүү менен иштеши керек деп эсептейм. Албетте, кыргыз тилдүү мектептердин азыркы абалына мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик тилди билүү талабы бекем коюлбай жаткандыгы да себеп болууда, – дейт Жолдош.

Жолдош мырза айткандай, чындыгында алыскы региондордо жайгашкан мектептерден билим алган улан-кыздарыбыздын көбү олимпиадаларда, ЖРТ жыйынтыгында жогорку балл топтошуп, биздеги эле эмес, башка мамлекеттерден жогорку билим алууга жетишип жатканы да ырас. Аларга бирөөлөр күргүштөтүп жардам берген жери деле жок, тек гана “Мыкты мугалим билимди бир доска жана бордун көмөгү менен деле бере алат” деген принциптерди жандырбай, бекем тутуп келатышканын да белгилеп койгонубуз оң.

Баанын баркы түшпөсүн

Алыскы Ак-Талаа районундагы Жергетал айыл аймагына караштуу Б.Календеров атындагы мектепке үй-бүлөлүк фондусунун эсебинен 10 жылга жакын демөөрчүлүк кылып келаткан Гүлмайрам Учугенова окуучуларга, мугалимдерге утурумдук стипендия ыйгаруу менен абалды оңдоо мүмкүн эместигин, чындап колдоону мамлекет менен коомчулук биргелешип көрсөтө алаарын айтат.

– Мен Жергетал айылдык кеңешинин депутатымын. Бир чети кеңештин бюджет бөлүмүнүн төрайымы катары жеке пикиримди билдиргим келет. Менин байкаганым, жергиликтүү бийликтердин баары эле мектеп турмушун колдой албайт. Карамагында чоң-чоң ишкана-мекемелери бар Чүй өрөөнү же туризмден каражат табышкан көл кылаасы мектептердин ремонтуна ж.б. муктаждыктарына жакындан жардам бере алаары шексиз. Ал эми биздин район, район эле эмес, бүтүндөй Нарын өрөөнүндөй дотацияда отурган аймактарга өтө эле кыйын. Айыл аймак башчылары жардам берели эле дешет, бирок капчыгы курук. Анан аргасыз мектеп жетекчилери ата-энелерден, демөөрчүлөрдөн жардам күтүшөт. Андай жардам жок эмес, бар. Бирок алар утурумдук эле. Бул маселенин бир жагы. Экинчиден, мисалы, мен көптөн бери үй-бүлөлүк фондумдан окуучуларды демилгелөө максатында стипендия уюштуруп жүрдүм. Арийне, акырында балдардын баалары формалдуу түрдө гана коюлуп, “беш” алгандардын саны көбөйгөнү менен, билим сапаты жогорулагандыгын байкай алган жокмун. Ошондуктан стипендия ыйгарууну токтоттук, – деген пикирин билдирди.

Жергиликтүү кеңештин депутатынын айтымында, мектепти каржылоо маселеси мамлекеттик деңгээлде каралып, чечилиши керек.

– КР Өкмөтү мектептин турмушуна ата-энелерди толугу менен тартып, кем-карчын толуктоого көмөктөшүү жагын ачыктаганы оң. Ошондо “министрлик ата-энелерден каражат чогултпагыла дешкенине карабай, мектеп директорлору  акча  чогултуп жатышат” деп нааразыланган ача пикирлер коомчулукта болмок эмес. Министрлик бир стандартта иш алып баруу менен, мектеп турмушуна көзөмөл жүргүзүүнү, көмөктөшүүнү ата-энелерге, коомчулукка бирдей милдеттендирүү керек. Мектеп жана үй-бүлөнүн кызыкчылыгы бир деңгээлде болгондо гана мугалимден билим сапатын талап кыла алмакпыз,  – дейт Гүлмайрам Учугенова.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*