БҮГҮНКҮ ТАРБИЯЧЫ КАНДАЙ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯГА ТАЯНЫШЫ КЕРЕК?

Аламүдүн районунун Виноградный айылындагы №2 орто мектептин мыкты жаш мугалими Бейшенкул кызы Чынара окуучусу Абдымалик кызы Нургиза менен. Сүрөт Ш.Өмүралиевдики.

Немистин улуу ойчулу Гётенин “Ойлонуу, ой жүгүртүү – бул эң татаал эмгек” деген сөзү бар. Ал эми В.А.Сухомлинскийдин “Айрым тарбиячылардын эмгекке, эмгек тарбиясына примитивдүү карашкандыгы таңгалдырат. Кээ бирөөлөр адам колуна күрөк-кетменди же шыпыргыны алган жерден эмгек башталат деп ойлошот. Эмгек деген – бул күрөк же соко гана эмес, ал – ойлонуу-толгонуу, акыл жүгүртүү дагы. Акыл эмгеги кыйын, түйшүктүү жана татаал эмгек экендигин, бирок ал ошондой кыйындыгына карабай адамга рахат да тартуу кыларын биздин жеткинчектер өздөрүнүн жеке тажрыйбасы аркылуу түшүнүүлөрү керек”, – деген ою көңүлүбүздүн чордонунда турат.

Дүйнөнүн акылман-педагог ойчулдары тээ илгертен бери карай тарбия берүү деген нерсе, мурдатан жашап келе жаткан даяр адеп-ахлак нормаларын жана эрежелерин үйрөтүү гана эмес, баарыдан мурда баланын акыл-эсин өстүрүү, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү катары түшүндүрүп келишкен. Бирок акыл-тарбиясы (умственное воспитание) практикасында өнүктүрүү идеясы дайыма эле жетекчиликке алынып турбагандыгын көрөбүз. Акылды тарбиялоо дегенди күн мурунтан белен эреже-жоболорду, даяр чындыктарды тыштан алып келип, авторитардык жол менен баланын акылына орнотуу катары түшүнгөндөр көп болгон жана азыр да мындай тарбиячылар арбын. Тарбиялануучунун эсине (память) гана таянып иш кылган бул өңдүү тарбиячылар үчүн бала тыштан таасир кылуунун объектиси гана жана да эстеп калуучу “аппарат” сыяктуу. Бул жерде тарбиялануучунун өз алдынча ойлонуусу эмес, тарбиячынын айтканын айткандай, дегенин дегендей шектенбей кабыл алып, автомат сыяктуу эске сактап, кайра аны кандай үйрөтсө, ошондой кылып тотукушча кайталап берүүсү биринчи планда.

Мындан улам момундай ойду баса белгилөөнү туура көрөбүз. Жаш муундун ишенчээк абалынан пайдаланып, баланы баш ийдирип, сөзсүз угууга милдеттүү кылып, тыштагы эрежелерди, ынаным-ишенимдерди таңуулап үйрөтүп, өзүнүн түшүнүктөрү менен идеяларын бирден-бир катасыз деп эсептеп, жеткинчекти ошол түшүнүк, идеяларды талдабастан механикалык түрдө кабыл алууга көнүктүрүп, чүрпөнүн эркиндигин басып, башкалардын эркин элпек аткарууга үйрөтүп, көрсөткөн из менен ээрчип басууга адаттандырып, осол айтканда “жакшы” сапаттарга мажбурлап, «дрессировкалап» тарбиялоо, жаш «кулунчактын» көз карашын зордоп, диктат менен калыптандыруу – бул  педагогикалык    антигуманизм болуп эсептелет. «Адат – адамдын экинчи жаратылышы» дегендей, кичинекейинен эркин  ойлоосу  тумчуктурулуп, тууроого, сырттан таңууланган түшүнүктөрдү «чайнабастан» «бүкүлү» жута берүүгө көнгөн өспүрүм, кийин чоң киши болгондо да, бул көнүмүшүнөн оңойлук менен кутула албайт жана ал бир нерселерге китептерде ошондой жазылгандыгы үчүн гана, “авторитеттер” ошентип айткандыгы үчүн гана ишенген, жандуу турмушка даяр жоболордун «көз айнеги” менен караган догматиктин кейпин кийип калышы мүмкүн. Мына ушундай окуу-тарбия туундусунан аябай чочулагандыктан, эл мугалими Бектур Исаков мына моминтип жазып отурат: “Ой жүгүртүүдөгү эң коркунучтуу душман далилге таянбай, таңууланган даяр пикирди, жоболорду, цифраларды үстүртөн жаттап, билип алуу, көкүрөктөн кайнап чыгуучу менчик ойлорунун тоңуп калышы жана шек санатпаган маңыроо ээрчимелик”.

Чын-чынында, мындай тарбия баланы акыл эмгегинен ажыратуу дегенге тете. Бул жерде бала өзүнүн акылы менен эмес, бирөөнүн акылы менен жашап жатат.  Баланын спонтандуу өнүгүү идеясын таназар албаган чүрпөнү жалаң тыштан башкарып киши кылуу идеясын тутунган бул өңдүү педагогикалык авторитаризм тарбия субъектисинин ич жактан өзүнөн өзү кыймылга келип (самодвижение), ич жагынан “мотор” сындуу “айланып”, инсан (личность) катары өсүү философиясына каршы келет.

Таалим-тарбия ишинде бала тышкы таасирлердин жардамы менен гана эмес, өзүнүн ички керектөөлөрү, муктаждыктары, каалоолору, жеке субъективдүү тажрыйбасы аркылуу да өнүгөт деген позицияны кармануу көбүрөөк түшүм берип, реалдуу натыйжага алып келмек. Тарбиялануучу өзүнүн мээси менен ойлонуп, башын катырып, өз акыл мээнети менен жашашы керек. Улуу педагог Лев Толстой минтип сүйлөп турат: “Знания только тогда знания, когда они добываются усилиями собственной мысли, а не памятью”. Тарбиячынын насааттап үйрөтүп жаткан нерселерин тарбиялануучу өз ой «тегирменине» салып, акыл «жаргылчагына» тартып, жүрөгүнөн өткөрүп түшүнүп-туюнганы аба менен суудай зарыл. Инсан – личность ушундай жол менен түзүлөт. Жеке ой жүгүртүүсү катышпай, ички кумар-сезимдери катышпай эске сакталган “билим” — баланын башындагы өлүү жүк. Мына ушул жерден орустун атактуу сынчысы Д.И.Писаревдин төмөнкү оюн да эске түшүрүүнүн зарылдыгы бар: «Даяр ишеним деген жок, аны жакшы көргөн таанышыңдан сурап алууга жана китеп дүкөнүнөн сатып алууга болбойт. Ишенимди жеке акыл жүгүртүүңдүн, ой толгоолоруңдун  процесси менен, өзүңдүн жеке башың, мээң менен иштеп чыгышың керек».  Ушундан улам ошол эле Бектур Исаков:  “Окуучу ой жүгүртсүн, изденсин, шектенсин, ырастасын, талдасын, өз оюн далилдесин. Ушунун баары баланын өзүнүкү болууга тийиш,” – деп баса белгилеп отурат.

Бул жагынан кыргыздын элдик педагогикасы эмне дейт? Элдик акылмандык  «Ою жоктун орду жок», «Өзгөнү ээрчиген өзүн унутат» деп эскертип, ойлонбогон тууроочулукка, бир нерселерди сокур үйрөнүүчүлүккө каршы чыгып турат. Ал эми мына бул калк накылынын «Киши акылы – кишен менен тушоо, өз акылың – өзүң менен тамыр» дегенин кандай түшүнүүгө болот? Бул жерде элдик педагогика бирөөдөн жасалма түрдө үйрөнүлгөн акыл, тетирисинче, кишиге тушоо болорун, өз мээ-акылың, өз түйшүк-мээнетиң менен тапкан, өзөгүңө сиңип, боюңа тамырлаган нерсе гана сенин чындыгың, ишенимиң боло алат  деген логиканы каңкуулап отурат.

Элдик педагогика бизге дагы эмнелерди насыяттайт? “Бала биздики – акылы өзүнүкү”, «Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич», «Кылыч курал эмес, акыл курал», «Чаап айтканча, таап айт», “Жүлүнгө жетер кеп айт, жүрөгүн өрттөп бек айт”, “Орой айтсаң адамга жукпайт, сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет” – дейт калк даанышмандыгы. Ушул макалдардын, накыл кептердин түп маанисин жакшылап байкасак, көсөм тарбиячы чындыкты кишиге таңуулап, чаап, кылыч менен зордоп таңуулабайт, тескерисинче, баланын дүйнөсүн акылманчасынан күн сыяктуу жарык кылып, акылына астыртан түрткүнчөк берүүгө күч жумшайт. Акыл-ой дегенди ыгын таап, мөл булактын суусу сыяктуу ичирип, боюна сиңирет, “жүлүнүнө” жеткирет, баланын акылы бирөөнүкү эмес, өзүнүкү болгудай кылып, тарбия амалын жүргүзөт.

Демек, дүйнөлүк педагогикалык алдыңкы акыл-ой да, кыргыздын элдик педагогикасы да баланын чындыкты таанууга өзүнүн жекече жолу (собственный путь) менен келишинин, тарбиялануучунун өз башы менен акыл жүгүртүү мээнетин, ой-азабын тартышынын маанилүүлүгүн ырастап берип жатат. Мындан улам өйдө жакта эскертилип өткөн акылман-педагог ойчулдардын: – тарбия берүү деген нерсе даяр нормаларды жана эрежелерди үйрөтүү гана эмес, баарыдан мурда баланын акыл-эсин ойготуу, өстүрүү, ойлоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, талантын ачуу, – деп айткандарынын тууралыгына дагы бир жолу ынанабыз. Демек, тарбия ишинде авторитардык-акимчил усулдарды эмес, баланын өз бетинче ой жүгүртүүсүн, чындыкты өз алдынча иликтөөсүн, издөөсүн стимулдай турган ийкемдүү жана кылдат методикалык айла-амалдарды, аспаптарды табууга багыттануунун артыкчылыгы,  зарылдыгы көз көрүнөө. Мугалим “мен айткандай ойлон”, “мен жасагандай жаса”, “даяр шаблон менен иштегин” деп буйрук берип, класста өзүнүн монологун гана айтып, белен жоболорду авторитардык түрдө окуучуга таңуулап үйрөтүп турган начальник, өкүм кожоюн эмес.Баланы даяр калыпка салуучу эмес. Тескерисинче, мугалим мындан ары жаңы ролго, жаңы статуска көчүрүүгө тийиш. Мугалим эми окуучунун эркин ой жүгүртүүсүн, “көкүрөктөн кайнап чыгуучу менчик ойлорду стимулдоочу күч. Ал окуучунун чындыкты биргелешип издеген партнеру, кызматташы, анын таанып-билүүсүн ыкчылдык менен уюштуруучу менеджер. Кыргызча айтканда, куш таптоочу мүнүшкөр, ат таптоочу саяпкер. Саяпкер, мисалы, “мен айткандай чурка”  деп айтпайт. Ал чебер өнөрү менен аттын ички күлүктүк күчүн ойготот. Тарбиянын функциясы ушунда. Инсанга багытталган жаңы педагогикалык философиянын маңызы жана компетенттүүлүктү жаратуу искусствосу ушунда жатат.

Азыркы күндөрдөгү интернеттен алынган даяр маалыматтарды эске түйгөнүнө компойгон “билерман” жаштарга, калькулятордун чыгарып жиберген эсебине таянган, өз ой жүгүртүүсү жок, белен шаблондор, моделдер, стандарттар менен жашаган “компьютер баштуу” тукумдар, өз пикири жок ээрчиме Эшмат, Ташматтар бизди чочутууга тийиш. Өзүн-өзү жаратып, өз тагдырын өзү жасаган, өжөр мээнет, руханий каармандык менен ар кандай догмалардын жана көнүмүштөрдүн тушамыштарынан бошонуп, акыл ойдун бийиктигине көкөлөп чыгып, аналитикалык ой жүгүрткөн, бекем  нравалык инсандык позициясы, атуулдук философиясы бар, көз карандысыз, эркин личность урматтоого татыктуу. Мектепте ушундай типтеги инсандын келечеги түптөлүшү керек.

Советбек Байгазиев,

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*