БААТЫР НААМЫНА ТАТЫКТУУ ЭЛ МУГАЛИМДЕРИ

Коомдук турмушта балдарга билим-тарбия берип, адам кылуудан артык ыйык иш болбосо керек. Бул иш канчалык татаал экендигин бир эле педагогика тармагынын адистери тургай ар бир ата-эне да ырастай алган заманда жашап жатабыз. Бекеринен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов «Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу» дебесе керек. Адам болуу адис болуудан да кыйын. Адис болуу андан оңой. Ушул өңүттөн алып карасак, кишини адам кылууга далалат жасап, ага бүт өмүрүн жумшаган инсандарга не деген ыраазычылыктарды айткың келет. Эмне үчүн чыныгы адамдарды, баатырларды тарбиялаган адамдар өздөрү ошондой ыйык наамга татыктуу болбой келет деген ой коомчулукта байма-бай айтылып, талкууланып да келе жатат. Албетте, баары эмес, арасында чыныгы баатырлык атка татыган мугалимдерибиз бар. Алар: Бектур Исаков жана Мукаш Базаркулов. Бул эки ысымсыз Кыргыз педагогикасын элестетүү кыйын. Экөө тең улуттун уңгусун улаган инсандар. Биз ошол агартуу тармагынын эки корифейи Кыргыз Эл баатыры аттуу мамлекеттик бийик наамга көрсөтүлүп жатышын кош колдоп кубаттап, агайларыбыз туурасында азыноолак сөз кылалы дедик.

Базаркулов

Мукаш агай чапкан жол келечекти кеңейтти

Кыргыз Эл мугалими Мукаш Базаркуловдун “Кутбилим” менен  байланышы бекем десем жаңылышпас элем. Агай редакциябызга кээде макала алып келет, кээде суроо жооп маек уюштурабыз. Эч бир өтүнүчүбүзгө “жок” дегенин көргөнүм жок. Салмактуу сүйлөп, наркын сактаган бул адам билим тармагынын корифейи, өмүрү легендага айланган десе аша чапкандык болбос.

СССРдин убагында он үч жылга чукул билим берүү министри болуп иштеп турганынын өзү эле көп нерсени айтып турат. Агай азыр да 80 жашына карабай табында, карып калдым дебей коомчулукта, билим тармагында болуп жаткан окуяларга, көйгөйлөргө байма-бай көңүл буруп, өз позициясын айтып, иш-чараларга активдүү катышып келет. Ал КРнын мамлекеттик билим берүү комиссиясынын да мүчөсү. Убагында замандын шары менен “ураалап” кете бербей, улуттун келечегин тымызын ойлоп тим болбой, ал кездеги саясаттын курулай жемине айланбай, маселени жогору жактагыларга туура кое билгени үчүн балдарды кыргыз тилинде окутуу маселелерин, мугалимдердин деңгээлин көтөрүү багытындагы аракеттери иш жүзүндө ырааттуу ашырылганы анын мыкты жетекчи тургай алысты көрө билген, улуттун сыймыгы болгудай адам экендигин далилдеп турат. Бул курулай мактоо эмес. СССРдин учурунда узак убакыт билим тармагын жетектөө вазыйпасы Мукаш агайга жөн эле келе калган эмес. Ал мектептен тартып, жогорку партиялык тепкичке көтөрүлүп, нечендеген “партбосторду” артка калтырып, элдик зор ишенимге ээ болуп келген адам. Акыйкатта, агай бул жогорку кызматты жеке кызыкчылыктарга эмес, жалпы элдин максат-мүдөөсүнө пайдаланганы үчүн бүгүнкү күндө коомчулуктун сый-урматына арзып олтиурат.

Агайдын ишмердүүлүгүнө кылчайсак, 1974-жылы КПСС Борбордук Комитетинин Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн экен. 1962-жылдан 1965-жылга чейин  Ак-Талаа районундагы 1-Май орто мектебинде мугалим, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору жана башчысы болуп эмгектениптир. 1965-жылдан 1968-жылга чейин Ак-Талаа райондук партия комитетинин уюмдаштыруу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин инспектору болуп иштеген. 1971-1979-жылдары Талас райондук партия комитетинин биринчи секретары болуп эмгектенген. 1979-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри кызматын аркалаган.

1984-жылы ССР Союзундагы новатор-педагогдор И.Шаталиндин, В.Ильиндин, С.Гузикдин, А.Амонашвилинин иш-тажрыйбалары боюнча басмадан чыккан «Педагогические поиски» деген китеп кыргыз тилине которулуп, бардык мектептерге таратылган. Анын натыйжасында мектептерде тажрыйбалуу алдыңкы мугалимдердин армиясы  пайда болгон. Жыл сайын райондордо, шаарларда чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин слету өткөрүлүп, жыйынтыгы жеңүүчүлөрдүн республикалык слетунда чыгарылчу.

1986-жылы М.Базаркуловдун жооптуу редакторлугу менен Москвадагы  СССР Педагогика илимдер академиясынын «Педагогика» басмаканасынан «Антология педагогической мысли в Киргизской ССР» аталышында китеп болуп басылып чыккан. Оригиналдуу окуу китептеринин сапатын жакшыртууга көп көңүл бурулган. Кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн Кыргыз тили, Кыргыз адабияты, чет тили, музыка боюнча окуу китептери конкурстук негизде чыгарылган.

Республика боюнча 70 пайыздан ашык мектептин спорттук залы жок болгондуктан бардык мектептердин спорт аянтчаларына металлдан жасалган спорттук жабдуулар коюлган. Бул аянтчалар азыр да сакталып калды.

Мектеп директорлорун, мектеп-интернаттардын директорлорун дайындоо жана аларды иштен бошотуу министрлик аркылуу гана жүргүзүлгөн, алар министрликтин номенклатурасына алынган. Агайдын кийлигишүүсү менен мугалимдерди жайкы дем алуу учурунда, окуучуларды окуп жаткан мезгилде башка чарбалык жумуштарга пайдаланууну чектөө боюнча Министрлер Советинин токтому кабыл алынган. Ошентип,1990-жылы мугалимдердин 74 пайызы жогорку билимдүүлөр болгон. Бала бакчалардын  тарбиячыларынын 22 пайызы жогорку билимдүүлөр, 62 пайызы атайын орто билимдүүлөр болушкан.

Кыргыз мамлекеттик университети баш болгон 13 жогорку окуу жайынын алтоо педагогикалык кадрларды даярдашкан. Улуттун келечегин көздөп Фрунзе шаарында кыргыз мектептерин, кыргызча бала бакчаларды куруу иши башталган.

М.Базаркулов 1989-жылы «Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын» кабыл алынышына активдүү катышкан. Министрдин буйругу менен 1990-1991-окуу жылында орусча окуган мектептерде кыргыз тилин окутуу киргизилген.

Жогорку жана атайын орто билим берүүгө айрыкча көңүл бурулган. 1990-жылы республикадагы эл чарбасында иштеген миң адамга эсептегенде жогорку жана атайын орто билими бар 350 адис туура келген, анын ичинен 163 адам  жогорку билимдүүлөр болгон. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1985-жылы 11 жылдык окууга өтүү толук аяктады. 1990-жылы 8-классты бүтүргөндөрдүн 97 пайызы толук орто билим алууга жетишти.

М.Базаркулов министр болуп иштеген 1979-1991-жылдары республика боюнча 448 миң окуучу орундук 552 мектеп, 64 миң орундук 379 бала бакча курулган. Ата-энесиз жетим калган балдар үчүн 17 мектеп-интернаты курулуп, пайдаланууга берилген. 1984-жылы Союзда биринчилерден болуп Фрунзеде балдарды аскердик жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдай турган 650 орундук атайын мектеп-интернаты ачылган.

Жогорку Кеңештин депутаты жана Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын кабыл алышына активдүү катышкан. Ал ак эмгеги үчүн учурунда мамлекеттик, өкмөттүк эң жогорку сыйлыктар менен сыйланганын да айта кеткенибиз жөндүр.

М.Базаркулов эгемендүүлүк жылдарында да тынбай билим берүү тармагында иштеди. Атап айтканда, 1992-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармасынын башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген.

Агайдын жасаган иши, өмүрү агартуу тармагындагыларга ушул күнгө чейин үлгү катары көрсөтүлүп, айткан-дегени аңыз кеп болуп, билим рухун бийиктетип келе жатат.

Кыргыз Республикасынын билим тармагынын өнүгүшүн агайдын ысымысыз эскерүү мүмкүн эмес. Себеби бул тармактын тагдырлашы болуп, даңкын да, азабын да, жеңишин да бирге көтөрө алды. Агайдын баштаган ишинин арты менен Кыргыз Республикасында жогорку жана орто кесиптик билими бар атуулдардын катары өсүп, алар мамлекеттин андан ары өнүгүп-өсүшүнө бүгүнкү күндө зор салымын кошуп келишет. Арасында агай окуткан Эл баатырлары да бар. Эми ошол эл баатырларына чейин окуткан агайыбыз өзү да Эл баатыры наамына татыса, акыйкат чечим болмок. Анан да мугалимдердин коомдук аброюнун өсүшүнө жакшы таасирин тийгизиши толук ыктымал эмеспи.

Bektur agai2

Сабагы да, өзү да дастанга айланган педагог

Бектур агай менен бир ирээт маектешип калганымда айтып берди эле. Ал мындай:

 – Автобус күтүп аялдамада турсам, чоң жүк ташыган бир машине өтүп барып токтоп, кайра артка айдап калды. – Кайда барасыз агай? Олтуруңуз жеткирип коем, – деди. Түшүп алдым. Келатабыз. Шопурду тааныбайт деле экенмин. Карап коем. Болду болбоду өзүм окуткан балдар го, болбосо эмнеге агай демек эле дедим ичимден.

– Бектур агай, сиз мени тааныган жоксуз. Мен сиздин окуучуңуз болом. Убагында  бир эле кебиңиз, тарбияңыз менен мени адамдык жолго бургансыз. Эгерде ошондо сиз болбогондо мен башка жол менен кетмекмин. Сизге миң мертебе ыракмат. Мына азыр үй-бүлөм, бала-чакам, жумушум бар. Адамча жашап жатам, – деп чын дилден агынан жарылып, барчу жериме жеткизип, кучактап бетимен өөп кете берди. Мен таңкалган бойдон калдым. Эч нерсесин эстей да алганым жок. Демек, бул балага менин Адам болууга чоң таасирим тийген экен деп аябай кубанып бараттым. Менде ишимдеги мындан өткөн натыйжалуулуктун кереги жоктой сезим уялап, ыраазы болуп турдум, – дейт агай кубанып.

Бул көрүнүш анын турмушундагы бир көз ирмеми эле. Мындай учурлар көп болсо керек. Мен агай туурасында окуучуларынын ыраазылык каттарын да гезиттерден окуп калган жайым бар. Кээде анын колунан окугандарына кез келип калсам, мугалим маселеси жөнүндө кеп учугу уланганда Бектур агайдын тарбиясын айтпай койбойт. “Андай мугалимдер көп болсо гана”, – деп калышат. Акыйкатта, агай ар бир мектепке барып, ар бир мугалимге жолуга албайт дечи. Бирок анын жазган эмгектери, педагогикалык табылгалары, окутуу жаатындагы усулдук материалдары камтылган китептери, новатордук тажрыйбалары бүтүндөй аймактагы мектептердин ар бирине эшик ачып кирип, агартуунун түйшүктүү ишине зор көмөгүн көрсөтүп, татыктуу жардам берип келе жаткандыгын эч ким тана албас дейм.

 Бектур агай  2013-жылы “Кутбилим” гезити аркылуу натыйжалуу окутууну сунуштап, өлкө жетекчилерине ачык кат жазды. Агай: “Натыйжасы көрүнбөгөн, бирок ооз толтура кеп кылынган, артыкчылыгы басма сөздө байма-бай жарыяланып турган реформалардын, илимий теориялардын, жоболордун, оболу дүйнөлүк билим берүү стандарты делип, жогору бааланган, аздектелген окутуулардын да эгер артында из калбаса, окуучунун аң-сезиминде, жан дүйнөсүндө билим куту болуп орноп калууга орун таппаса, анда алардын баасы нөлгө барабар. Билим берүүнүн борборунда турган балага тикеден-тике кызмат кылбай, аны айланып өтүп кеткен натыйжасыз жана сапатсыз окутуунун, реформанын кимге кереги бар”, – дейт.

Агай биздин турмушта, өзгөчө билим-тарбия багытында болуп жаткан көрүнүштөрдү терең анализге алып, жылаңач чындыкты коркпой, жашырбай айтып келе жатат. Ал СССРдин убагында деле ушундай болчу, эгемен мезгилде да эки эсе эргип иштеп, агартууну жаңы жүз менен аңтарып чыкты.

Бектур агай класстагы арткы партада жашынып, уяңдыгынан жерге кирип кете жаздап кызыл жүз каптаган начар окуучуну алдыңкы партага сүрөп жеткизген, тарбиясы начар, өксүгү көп билимсизге канат салган, сабырсыз мугалимге гумандуу көмөк берип, талантын, шык-жөндөмүн ойготкон, көкүрөгүн ачкан улуу устат-педагог. Анын бир эле сабагы өзүнчө бир дастанга айланып кетет. Бир эле сабактын мисалында ал бүтүндөй бир доорду айта алат. Буга агайдын “Манас” эпосун жана “Буудайык” дастанын окутууга арналган дискуссия-сабактары күбө өтө алат.

Дегинкиси, сабак ал үчүн баары – адам кылуунун, рухий бийиктикке көтөрүлүүнүн, талаптагыдай заманбап билимге эгедер болуунун, анан да өз элинин, жеринин патриоту болуунун алмаштыргыс мүмкүнчүлүгү. Муну колдон чыгарып, үстүрт окутуп, эптеп темадан алыс качып, жондотуп убакыт өткөрмөй деген педагогикага жат көрүнүштөрдү агай чыркырап, кургак чакырык менен өзүн көргөзүп калуу үчүн айтпай, шакирттерине, жалпы эле өз кесиптештерине предметтүү кез келип, андай кош көңүлдүүлүктөн качуунун жолун өз усулдук эмгектеринин аркасында ишенимдүү, таасирдүү кеби аркылуу, акырын билгизбей арбап алчу чечен тексттери менен кирет да мугалимге дем-күч, кеңеш берип жатып арбап алат. Мына ушунун өзү абдан жугумдуу. Ошон үчүн Бектур Исаковду мугалимдер жакшы көрөт. Ошон үчүн миңдеген окуучулар агайдын сабагын самашат. Ал натыйжасыз эмгекти жек көрөт. Натыйжасыз эмгек дыйкандын талаасын сел алганга барабар. Мугалимдин талаасы ар дайым көктөп турууга тийиш. Аны селге алдыруу – келечекти жок кылууга тете иш.

Каарманыбыздын педагогикасы Айтматов айткандай, кантип адам кылуу педагогикасы. Өзгөчө ал “Манас” эпосун, андан ары жалпы үчилтикти окутуунун маңызын терең ачып берди. Буга чейин “Манасты” мектепте окутууну Бектур агайдай терең анализге алган адис болгон эместир. Мынчалык терең, ийне жибине чейин эч ким кире албаса керек. Мына ушундан эле анын мекенчилдигин, баатырдыгын көрсөңүз болот.

Чейрек кылымдык эмгегинде 40тан ашуун китеп жазды. Андан тышкары эки окуу китебин: 5-класстын “Биздин адабиятын”, 8-класстын “Кыргыз адабиятын” окутуу колдонмолору менен кошо жазды. Кийин 5-6, 7-9, 10-11-класстар үчүн “Кыргыз тилин” жазды. 3-11-класстар үчүн “Манас сабагы”, “Манас наама” окуу куралы, “Манастын жети осуяты” колдонмосу, “Манас чежиреси” аталышындагы 1-11-класстар үчүн окуу программасын түздү. Кеңири багыттагы көлөмдүү методикалык колдонмолору чыкты, 300гө чукул макалаларды жарыялады.

Агайдын аракети менен Элеттик мектеп академиясы, мугалимдерге арналган атайын илимий-методикалык борбор ачылды. Таласта “Бектур агай жылы” аттуу жылдык иш-чара жарыяланып, Кыргыз тили, адабиятын окутуунун эң үлгүлүү усулдары иштелип чыгып, алдыңкы мугалимдер чоң акчалай сыйлыктарга ээ болгону да эсибизде. Белгилүү окумуштуу, публицист С.Байгазиев Б.Исаковду бекеринен Кыргыз тилин окутууда мектепте төңкөрүш жасаган улуу педагог деп атабаса керек. Аттиң, ар бир предмет үчүн төңкөрүш жасаган Бектур агайдай мугалимдер болсо кана деген ой да кетпей койбойт.

Агайдын аты аталганга чейинки айтыла турган сыйлыктарын, наамдарын тизмектесең эле бир топ кагазды алчудай. Анын баарын кайталабай койгонубуз оңдур. Эң башкысы ал чыныгы Эл мугалими. Андан кийинки сыйлыктар бул наамды коштоп ээрчип жүрөт дээр элек. Эл мугалими деген ыйык ат. Мындай элдик адамдар Эл баатыры деген наамга түздөн-түз маанисинде эмес, кенен, терең философиясында элдик деген улуу наркына төп келип, жалпы педагогиканын сыймыгы, Бакайы деген маанисинде  татыктуу болуп турганында шек жок.

Майрамбек Токторов,“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*