ГАПЫР АГАЙДАЙ МУГАЛИМ БОЛГОН ҮЧҮН ДҮЙНӨ ЖАРЫК

Дың жерди айдаган сымал, жаңы ысымды окурмандарга тааныштыруу ары кызыктуу, ары жеңил. Ал эми Гапыр Мадаминовдой бүтүндөй эл-журтка таанымал инсан тууралуу баян этүүнүн түйшүгү оңой эмес. Ошентсе да, Гапыр агайды жана анын педагогикалык табылгасын жакындан билген журналист катары, элеттик таланттуу педагогду жаңы өңүттө алып чыгууга аракет кылып көрөйүн…

Алатоолук Данко

Кебелбес союз урап, эңсеген эгемендүүлүккө эми жетип, шатырата кол чапкан 90-жылдар көбүбүздүн эсибизде. Алган айлыгыбыз 20-30 сомго араң жетип, тамак-аш сатып алайын десең, дүкөндөрдүн баары аңгырап бош турду. Ушундай шартта,   далай келечегинен көптү үмүттөндүргөн мугалимдер соодага аралашып кетти. Эми алардын канчасы өз мектебине кайтып келди, канчасы чоң соодагер болду, аны так айта албайм, бирок бир билгеним, ушу болду Гапыр Мадаминов, педагогдук кесибин бир саатка, бир күнгө да башкага алмаштырган жок. Башында мектепке кандай жалындап келсе, бүгүн да балага болгон сүйүүсү, ишеними кемип, өчүп калбай, тескерисинче, улам күч алып, теребелге жарык нурун тегиз чачып, педагогикалык идеялары күн санап бекемделип, электен өтүп, карапайым элдин, агартуучу журттун, ак пейил окуучуларынын татыктуу баасына татып турган кези…  Азыр ойлосом, тээ 90-жылдары элибизге Гапыр Мадаминовдой өз кесибине ашкере берилген мугалим керек болуптур. Гапыр агай мына ошол тарыхый вазийпасын өзүнө таандык ак жүрөктүк менен аткара алды деп ойлойм. Ал Данко сымал жүрөгүн элге арнап, билимдин түбөлүктүүлүгүнө ишенип-ишенбей турган кыргыз коомуна өзүнүн өнөрканасынан жаралган педагогикалык табылгасын тартуу кылды.

Кеч күүгүмдөгү жолугушуу

Гапыр агай менен 90-жылдардан бери таанышмын. Министрликке көп каттачу. «Билимди баалаган адамдар азайып баратат. Баары көр-тиричилик, акча дешет. Мектепке маани берген эч ким жок. Айыл жерине гимназия ачып, билимдин баалуулугун элге-журтка көрсөтсөм дейм», –  дегени азыр да эсимде. Мага ошондо Гапыр агай Сервантестин Дон Кихотундай адилеттүүлүк үчүн күрөшкө чыккандай сезилген. Бирок ал көздөгөн максатынан кайткан жок. Көптөгөн кабинеттерге кирип, эчен аткаминерлерди өз идеясына ишендирди. Ата-энелерди да унуткан жок. Аларды да балдардын билим алуусуна көңүл бурууга чакырды. Далай азап, далай түйшүк менен азыркы эксперименталдык гимназиясын түптөдү. Мен ошол гимназияда  2013-жылы март айында болдум.  Лейлек районунда Тайир Аширбайдын демилгеси менен «Кутбилим» гезитинин 60 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтмөк. Жанымда республикабыздын туш тарабынан келишкен «Кутбилим-Сабактын» активдүү авторлору бар. Бишкектен бери 1200 чакырым жол басып, чарчап-чаалыгып турганбыз. Мейманканага жайгашкан соң, уюштуруучулар «Сиздерди Гапыр агайдын гимназиясында күтүп жатышат. Барбасаңар болбойт», – дешти. Күн батып калган. Баарыбыз болбосо да, бир-экөөбүз гимназияны көрүп келүүнү чечтик. Ошентип, топтун жетекчиси катары мен жана акталаалык чыгармачыл мугалим Айна Осмонова бармай болуп, райакимдин орун басары Марипат Жалиловнанын кызмат машинасына олтуруп, №3 эксперименталдык гимназия жайгашкан Арканы көздөй жөнөдүк. Мобул жерде дегени 90 чакырым болуп чыкты. Чек ара өтмөгүнөн өтүп, жыйырма чакырымдай жолдогу тажик  кыштагын артка калтырып, кайрадан кыргыздарга таандык Арка өрөөнүндөгү айтылуу №3 эксперименталдык гимназияга келдик. Күн уясына эбак батып, кеч күүгүм тартып турган. Эки кабат гимназиянын бардык окуу бөлмөлөрүнөн түшкөн жарык айланага өзгөчө шаң бергендей. Бизди эшик алдынан Гапыр агай баш болгон мугалимдер, жогорку класстын окуучулары жылуу тосуп алышты. Анан экинчи кабатка көтөрүлдүк. Биз үчүн жаңы дүйнө башталды… Адатта мектеп жетекчилери, айрым жерлерде алдыңкы мугалимдер келген конокторго мектептерде аткарылып жаткан иштер менен тааныштырганын көрүп жүрчүмүн. Таң калганым, бул жерде гимназиядагы жетишилген ийгиликтер менен бизди жогорку класстын окуучулары тааныштырды. Алардын оюнун тактыгы, адабий тилдеги кыска-нуска баяндоосу, баяндоонун орундуу тизмеги алыстан ат арытып келген биздин көзгө дароо илинди. Дагы бир өзгөчөлүгү – балдар-кыздар мунун баарын мурдатан жаттап алгандай кылып айтпастан, өзүнүн да мына ушул жетишкендиктерге тиешеси бардыгын туйдуруп, чың көңүлдөн баяндап жатышты. Мен бул гимназияда окуучулар менен окутуучулар, көп мектептерде учурап жүргөндөй  түбөлүк каршылашуудагы эки башка антогонисттик лагердин өкүлдөрү эмес, окуу ишинде алар такай бири-бирине жардамга келген, бир пикирлеш устат менен шакирттей экенин, Гапыр агайдын гимназисттерде акыл эмгегинин маданиятын калыптандыруу аракети өз жемишин берип жатканын көрүп, сезип, туюп турдум. Өзүңүз калыс болуңуз, гимназия түптөлгөн 1996-жылдан бери гимназисттер райондо, облуста, республикада бир топ предметтер боюнча мектеп олимпиадаларында байгелүү орундардан калышпай келет. Жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык тестирлөөдөгү  бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктары да көңүл кубанарлык. Мисалы, 2011-2012-окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн он төртү бюджеттик негизде билим алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өтүшкөн. Мындай ийгилик албетте, чымырканган эмгек, талбаган аракет аркылуу жаралат. Биз, ийгиликтердин башаты адегенде ой, идея түрүндө жаралып, анан бардык мугалимдер, окуучулар тарабынан колдоого алынган өнөрканада турдук. Бул ыйык жер, адам, инсан жаратуу өнөрканасы – Гапыр Мадаминовдун гимназиядагы иш бөлмөсү. Аны иш бөлмө эмес эле, китепкана, илимий лаборатория десе болчудай. Кайда караба кыдырата тизилген китептер. Психология, философия, педагогика, деги койчу адам баласын ар тараптан окуп-үйрөнүүгө багытталган эчен-эчен зор китептер, энциклопедиялар, сөздүктөр, жооп алгыч китептер жайнайт. Көзүмө урунганы бөлмөнүн орто чениндеги Гапыр агайдын иш столу болду. Анда үйүлүп жаткан китеп, дептер, гезиттер, жарык берүүчү лампа, Гапыр агайдын бешене терин төккөн мээнеткечтигинен кабар бергенсийт. Өзүмчө мектеп директорунун иш бөлмөсүнө эмес эле, илимпоздун иш бөлмөсүнө киргендей болдум. Башкысы, бул жерде биздин жашообузда орун алып келген – көргөзмөлүүлүк, жасалмалуулук деген жок. Баары кандай болсо, ошондой! Мына ушундай жөнөкөйлүктү биз Энелер каанасынан да көрө алдык. Жерде кадимки байбичелердин колунан чыккан жер төшөктөр. Төрдө туш кийиз. Ушул жерден даам таттык. Гапыр агайдын «Энелер мектеби» курсунан өткөн энелер ушунда чогулуп, алдыда турган иш-чаралардын максат-милдеттерин тарбиячылар менен чогуу-чараан аныкташат экен.

Элеттик мугалимдин педагогикадагы табылгалары

Гапыр Мадаминовдун педагогикадагы табылгасы бул, албетте, анын – Акыл эмгегинин маданияты деп аталган автордук сабагы, программасы. Элеттик мугалим эчен жылдар бою улуу педагогдордун кыял-чабыттарында, изилдөөлөрүндө, бараандуу эмгектеринде жазылып, айтылып келген окуучулардын акыл эмгегинин маданиятын калыптандыруу идеясын чыгармачылык менен пайдаланып, кыргыз кыртышына жепжеңил которду. Ал гана эмес, чыгармачыл мугалим, бул идеяны «Билим баалуулугу», «Окуу ишмердүүлүгү», «Бизди кыймылга келтирүүчү механизмдер», «Биздин өсүүбүзгө, кыймылыбызга тоскоолдуктар», «Сенин жакшы окууңдун өбөлгөсү», «Гимназия окуучусу», «Билим-тарбия сапатын жакшыртуу үчүн аткарылуучу иштер системасы», «Жаңы шарттарда тарбиялоонун формалары жана каражаттары», «Проблемалуу сабактар», «Проблемалык лаборатория», «Проблемалуу окуучулар менен иштөө»,«Шыктандырып сабак өтүү» деп аталган өз табылгалары менен байытты. Залкар педагогдун мектеп окуучуларынын энелерине арналган «Энелер мектеби» лекциялык-практикалык курсу, «Үлгүлүү үй-бүлө», «Мыкты эне», «Мыкты сабак даярдоочу бөлмө», «Эң көп билген окурман», «Билим-ринг», «Кругозор-ринг» сынактары, Инсан таануу сабактары, мектеп олимпиадасына жана Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо топтору көптөгөн чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин кызыгуусун жаратууда. Учурда Гапыр агай жетектеген Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназия кезинде атактуу педагог В.А.Сухомлинскийдин Павлыш орто мектебине айланды. коңшулаш Тажикстандын Хожент облусунан жүздөй мектеп директору мындагы ачылыштар менен жакындан таанышып кетишти. Үйрөнөм дегендердин саны күн санап арбып барат. Гапыр агай өзү да жөн жатпастан, табылгасы менен ар дайым бөлүшүп келет. Өткөн жылы билим сапары менен Ош облусунун Чоң-Алай районунда болду. Өзүнүн көп жылдык педагогикалык изденүүлөрүнө таянып «Билим баалуулугу», «Билимге сапар», «Ата-энелер, сиздер үчүн», «Акыл эмгегинин маданияты», «Устаттык өнөрү» сыяктуу китептерди жарыкка чыгарса, тарыхчы мугалим катары «Лейлек жана лейлектиктер тарыхы», «Сүлүктү шаарынын кыскача тарыхы», «Исхак Раззаков», «Кесектин кыскача тарыхы жана санжырасы» аттуу эмгектерди окурмандарга тартуу кылды. Билим артынан түшүп, Исак Бекбоев, Сулайман Рысбаев, Жамалидин Джанибеков өңдүү устаттарды, Батма Абдухамидова, Чынара Токтоназарова, Кочкор Батыров сыяктуу шакирттерди, жүздөгөн пикирлештерди тапты. Ал эми Гапыр агайдан билим-тарбия, багыт, сунуш алып, жакшы кебин угуп, ак батасын алган окуучуларына эсеп жетпейт. Алардын баары Гапыр агайына, өздөрү билим алган гимназияга, мугалимдерине чексиз ыраазы. Биз да залкар педагогго мындан аркы иштеринде ийгилик каалоо менен “Эч арыбаңыз, элеттик Данко!” – демекчибиз…

А.Алибеков, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*