“КЫРГЫЗТЕСТ” ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТКА ШАЙКЕШ ИШТЕЛДИ

Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору КЫРГЫЗТЕСТ системасынын компьютердик программасын  ишке киргизүүнү дээрлик аяктап калганын билдирүүдө. Аталган программа боюнча бир катар министрликтер жана мекемелердин кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин сынап көрүштү. Бул программа менен кошо кыргыз тилинин жыштык сөздүгү да түзүлүп жатат. Ошол эле учурда КЫРГЫЗТЕСТте орус тилин расмий тил катары билүү деңгээлин аныктоочу тесттик программанын үстүндө да иштер жүрүп жатат. Аткарылган иштер жөнүндө “Кутбилимге” КЫРГЫЗТЕСТ жетекчиси Батма Топоева-Ставинская ой-пикир бөлүштү.

– 2013-жылы КЫРГЫЗТЕСТ алгач кыргызстандык жана чет элдик жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу система катары түзүлгөн эле. Ал эми “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө” Улуттук программа кабыл алынгандан бери  андагы коюлган талаптар боюнча учурда КЫРГЫЗТЕСТ системасы бир гана кыргыз тилди мамлекеттик тил катары эмес, ошондой эле  орус тилди расмий тил катары билүү деңгээлин аныктоочу мамлекеттик расмий тест системасы катары ишин улантып жатат.

2017-2018-жылдан баштап КЫРГЫЗТЕСТ системасында мамлекеттик жана расмий тилдер боюнча кыргызстандыктар үчүн жалпы багыттагы тест жана тармактык багыттагы кесиптик тесттер өткөрүлүп, тастыктама берилип турмакчы.

Ошондой эле атайын түзүлүүчү “мигранттар тести” аркылуу Кыргызстанга окууга, иштөөгө же жашоого келген чет элдиктердин кыргыз тил курстарынан окуп үйрөнгөндөн кийинки деңгээли аныкталып тастыктама берилип турат.

КЫРГЫЗТЕСТте мамлекеттик да, расмий да тил деңгээлдери жалпы Европа стандартына шайкеш келип, алты деңгээлден турат.  Буларды баскычтар боюнча айтсак, анда баштапкы деңгээл, ортоңку жана жогорку деңгээл деп бөлүнүшөт. Баштапкысы – А1, А2. Ортоңкусу  – В1, В2 жана жогорку деңгээлдери – С1, С2.

Баштапкы А1, А2 деңгээлдери бул кыргыз тили эне тил болбогон жарандардын, ошондой эле окутуу башка тилдерде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч жана ортоңку класстарын бүтүрүүчүлөрдүн деңгээли.

Ортоңку деңгээлдин биринчи баскычы (В1).  Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө Улуттук Программада “2017-жылдан баштап мектеп бүтүрүүчүлөрү В1 деңгээли менен  жогорку окуу жайына кирип, жогорку окуу жайын В2, кесиптик деңгээлинде бүтүрүп, ушул В2 деңгээли менен кызматка кире алышат” деп белгиленген.

Бүгүнкү күнү А1ден С1ге чейинки деңгээлдерге коюлган талаптар жана тесттер иштелип чыгып, учурда көнүгүү тести катары сыноодон да, экспертизадан да өтүп жатат. Тилди билүү деңгээлдери боюнча лексикалык, грамматикалык минимумдар да иштелүүдө.

– 16 министрликтен, эки мекемеден кызматкерлер тест тапшырып, өздөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин сынап көрүшүптүр. Эми тест тапшыруу мамлекеттик кызматкерлер үчүн качан милдеттүү түрдө талап кылынат?

– 2018-жылдан “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө Улуттук Программа” күчүнө кире баштайт. Ошол программадагы коюлган талаптар боюнча аткарган ишине жараша мамлекеттик тилди кыргыз тили эне тил болгон кызматкерлер  С1 деңгээлинде, ал эми кыргыз тили эне тил болбогон мамлекеттик кызматкерлер  В1 деңгээлинде билүүсү талап кылына баштайт.

– Мамлекеттик тил боюнча көнүгүү тестин тапшырган кызматкерлер кандай жыйынтык көрсөтүштү?

– Улуттук комиссиянын, Каржы министрлигинин жана  Адилет министрлигинин кызматкерлери эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту. Деги эле ар бир мекемеден адабий тилде жаза да, сүйлөй да билген сабаттуу, маданияттуу адамдар өзүнүн мукамдуу, терең маанилүү аңгемелери менен кубанткан учурлары да көп болуп жатты.

Азыр мындай мекендештерибиздин жазуу иштерин КЫРГЫЗТЕСТ сайтына жайгаштырып турууну ойлоп жатабыз. Мамлекеттик тилде мыкты сүйлөй билген, жаза билген адамдарды өрнөк катары даңазалагыбыз келет.

– “Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүнүн” түзүлгөнү жалпы коомчулук үчүн чоң жаңылык болду. Ушул сөздүктүн маанисин жана көлөмүн айта кетсеңиз.

– Дүйнөлүк практикада  кайсы өлкөдө болбосун, деги эле тилди экинчи тил же чет тил катары үйрөтүүдө ар бир деңгээл боюнча талаптар иштелип чыгып, кайсы деңгээлде канча жана кайсы сөздөрдү берүү керектиги аныкталып чыгып, ошол деңгээлдер боюнча чектелген Лексикалык жана Грамматикалык минимумдар түзүлөт. Тилди билүү деңгээлдерин аныктоочу тест тапшырмалары да ошол көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.

Лексикалык минимумду түзүү да абдан жоопкерчиликтүү иш болгондуктан, аткарган ишибизди илимий жактан негиздөөчү – статистикалык принципти ишке ашырыш үчүн ыкчам нукта КЫРГЫЗТЕСТтин планында мурда каралбаган “Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүн” түзүүгө туура келди. Анткени кыргыз тилинде кайсы сөздүн канчалык жыш колдонуларын билбей туруп, Лексикалык минимумду берүү туура эмес кадам болмок. Албетте, мындай чоң ишти аткаруу демилгеси мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилер жана сөздүктү түзүүгө тиешеси бар мекемелер тарабынан колдоого  алынбаса, жүзөгө ашырылмак эмес. Ошондуктан иштин жагдайын, зарылчылыгын туура түшүнүп, каржылоо маселесин чечип берген Президент аппаратынын жетекчилерине, демилгебизге колдоо көрсөтүү менен бирге демибизге дем кошуп, сөздүктү түзүүгө катышкан кесипкөй адистерге абдан ыраазыбыз.

“Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүн” түзүүнү 2014-жылдын декабрында баштаганбыз. Алты миллион сөздөн турган тексттик базаны чогулттук. Ал материал ылгалгандан кийин беш миллиону атайын компьютердик программага жүктөлгөн. КЫРГЫЗТЕСТ демилгеси менен иштелип чыккан “Кыргыз тилинин жыштык сөздүгү” 36 миң сөздөн турат. Учурда сөздүк эксперттик кароого даяр болду.

– Кыргызстанда жарандардын орус тилди расмий тил катары билүү деңгээлин аныктай турган дагы тест программасынын иштелип чыгышы дагы чоң жаңылык болуп жатат.

– “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргызстанда тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө” Улуттук  Программадагы талаптар боюнча, орус тилин расмий тил катары билүү деңгээлин аныктоо да  КЫРГЫЗТЕСТке жүктөлгөн. Бул КЫРГЫЗТЕСТке көрсөтүлгөн чоң ишеним жана кыргызстандыктардын ынтымактуулугун чыңдоо менен бирге өлкөбүздү келечекте өнүгүүгө багыттаган,  маанилүү иш катары кабыл алып, бул тапшырманы да Президенттин Жарлыгында көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарууга аракеттендик.

Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы ММУ менен келишим түзүп, ушул жылдын февраль айында ишти баштаган болчубуз. Бүгүнкү күнгө Орус Федерациясынын ТРКИ (тестирование русского как иностранного) системасын негиздеген окумуштуулар, адистер келишимдин негизинде Улуттук тест жүргүзүү борбору менен кызматташып, дистанттык нукта “Орус тилин расмий тил катары  билүүнүн А1 деңгээлине коюлган талаптар” жана Типтүү тесттердин А1-А2 деңгээлдери иштелип чыкты. Чет элдиктердин орус тилин билүү деңгээлин баалаган орус системасы “ТРКИ” деп аталса, бизде аны орус тилин  расмий тил катары баалоо тести (ТРКО) деп атап, ТРКИнин даяр системасын биздин салт-санаабызга, менталитетибизге ылайыкташтырып жатабыз. ТРКИнин тарыхында тест системасынын башка өлкөдө ылайыкташтырылып колдонушу биринчи жолу болуп жатат.

Кыргызстанда расмий тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча биринчи компьютердик көнүгүү тести ноябрь айында даяр болуп, колдонууга кире баштайт.

Эгерде буга чейин айрым кыргызстандык жарандар мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилди билүүсүнө коюлган талаптарды “бизге кысым жасалып жатат” деген мааниде туура эмес кабыл алышкан болсо, расмий тилди билүү талабы да коюлгандан кийин андай ойдон алыс болушат деген үмүттөбүз. Анткени ар бир кыргызстандык жарандын  өнүгүүсүнө бирдей талап коюлуп жатат. Дегеле мамлекетибизде ар кимибиз өзүбүздүн эне тилибизди билүү менен бирге бир мамлекеттин жарандары катары биримдикте жашап, бири-бирибизди сыйлоого, түшүнүүгө аракеттенсек, ынтымагыбыз ырыс-дөөлөткө жеткирер.

– Окуучулар, студенттер да мамлекеттик жана расмий тилдер боюнча мамлекеттик тест сынагынан өтүүгө тийиш болобу?

– Ооба, жогоруда аталган программада “2017-жылдан баштап окуу башка тилдерде жүргүзүлгөн мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли В1 деңгээлине,  ал эми башталгыч, орто кесиптик жана жогорку билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн билүү деңгээли  В2 деңгээлине дал келиши керек. Аталган тил билүү деңгээлдери КЫРГЫЗТЕСТ  сертификатынын негизинде белгиленет” деп айтылган. Б ул абдан чоң жана маанилүү маселе жана буларды өткөрүүнүн тартиби, жол-жобосу мамлекеттик деңгээлде макулдашылат. Ал эми КЫРГЫЗТЕСТ техникалык жактан ишти аткарууну камсыз кылып турмакчы.

Маектешкен К.ЧЕКИРОВ, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*