МУГАЛИМ ДАЯРДООДОГУ ӨКСҮКТӨРДҮН ЧЫНЫГЫ СЕБЕПТЕРИ

Мугалимдерди жетиштүү санда даярдап чыгаруу оңой көрүнгөнү  менен аларды тиешелүү сапаттык деңгээлде даярдоо иши  кыйын маселе экени талашсыз.  Бул маселени чечүүгө жолтоо болгон бир топ себептер бар экени коомчулукта кызуу талкууланып келе жатат.  Тилекке каршы, акыркы учурларда  “универсал” эксперттер, маселени түпкүлүгүндө түшүнө элек айрым окумуштуулар жана дилетант саясатчылар  бул себептердин эң негизгиси катары  Кыргызстанда бир дагы  педагогикалык жогорку окуу жайы калбай калгандыгын, республика боюнча методикалык кафедралардын баарынын жоюлуп кеткендигин   айтып жүрүшөт.  Мындай пикир профессионалдык деңгээлдеги илимий-академиялык акыйкаттыкка эле  эмес, жөнөкөй  эле “көчө” чындыгына  дагы туура келбейт. Анткени, биринчиден, формалдуу түрдө Кыргызстандын 7-8 жогорку окуу жайына кайрадан “педагогикалык” деген статусту кайтарып бере салса эле педагогикалык билим берүүнүн сапаты жана мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу маселелери дароо чечиле калбайт. Экинчиден, оор кризистин жылдарында рентабелдүүлүгү төмөн болгондуктан өксүп бара жаткан  педагогикалык кесиптерди сактап калыш үчүн педагогикалык институттарды кеңири профилдүү университеттерге айландырып, ал жерлерде рентабелдүүлүгү жогору болгон педагогикалык эмес кесиптерди ачып, алардын коммерциялык каражаттарынын эсебинен  мугалимдерди даярдоо мүмкүнчүлүгүн  сактап калуу максатында педагогикалык институттарды  кеңири профилдүү университеттерге өзгөртүп койгондон алардын миссиясы менен статусу өзгөрүп кеткен эмес. Негизинен алар өлкө менен өлкөнүн чөлкөмдөрү  алдындагы өзүлөрүнүн башкы миссиялары болгон педагогдорду даярдоо ишин мурдакыдай эле деңгээлде аткарып келишкен.

Мисалы, И.Арабаев атындагы  КМУну өнүгүүнүн жаңы жана жогорку деңгээлине алып чыгыш үчүн  2000-жылдардын башында  анын статусу кеңейтилип, ага кошумча мүмкүнчүлүктөр берилген. Натыйжада,  студенттер курамынын 67% педагогикалык кесиптер боюнча билим алып жаткандар түзгөнү менен алардын окуу акысынан түшкөн акчалар университеттин атайын эсептеги каражаттарынын 39% гана болуп калган.  Демек, университеттин атайын эсебиндеги  каражаттардын 61% педагогикалык эмес кесиптерде окуган студенттердин окуу акысы түзгөн. Алар окуу жайдын студенттеринин  33% гана болчу.  Албетте, университеттеги   бул катнаштар азыркы учурда өзгөрүп, университеттин атайын эсебиндеги каражаттардын 58,1% педагогикалык кесиптер камсыз кылса, педагогикалык эмес кесиптердин үлүшү 41,9% болуп калды.  Мындан улам, И. Арабаев атындагы КМУда педагогикалык кесиптердин рейтинги жогорулап, алардын рентабелдүүлүгүөсүп бара жатканын айтууга болот.

Эң негизгиси, университет өзүнүн педагогикалык жогорку окуу жай катарындагы  миссиясын сактап, тескерисинче, бекемдөө   менен татыктуу аткарууда. Бул үчүн, эң оболу, университетте педагогика адистиги боюнча сапаттуу илимий-педагогикалык эмгек жамааты куралган. Педагогика илимдеринин докторлору менен кандидаттарынын,  профессорлору менен доценттеринин саны боюнча   КМУ Кыргызстан боюнча алдыңкы орунда турат. Университет Кыргызстандагы педагогика боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоочу атайын эки  кеңештин  теңтүзүүчүсү болууга жетишти. Университетте Кыргызстандагы педагогикалык билим берүү программаларынын бардык деңгээлдери (педколледж, бакалавриат, магистратура, аспирантура, докторантура) иштеп жатат. Университеттин алдындагы окуу-методикалык бирикме бүтүндөй Кыргызстанда колдонула турган  педагогика боюнча бакалаврлык  багыттар менен магистрлик программалардын Мамлекеттик стандарттарын дайыма даярдайт. Ал гана эмес, Билим берүүдөгү менеджмент боюнча магистратуранын  университет даярдаган Мамлекеттик стандарты ТЕМПУС проектиси  тарабынан Кыргызстан эле эмес бүтүндөй  Борбордук Азия өлкөлөрүүчүн моделдик стандарт катары сунушталган. Окуу жайда мугалимдик кесипке даярдоочу 17 методикалык  кафедра  иш алып барып, алар 34 педагогикалык кесип, алты бакалаврлык багыт жана 12 магистрлик  программа боюнча адистерди даярдайт. Университеттин алдындагы М.Рахимова атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту педагогикалык 15 кесип, төрт бакалаврдык  багыт жана  магистрлик эки программа боюнча жогорку кесиптүү педагогдорду кайра даярдап чыгарат. Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, биринчиден, педагогикалык кесиптерге кайра даярдоо программалары боюнча билим алып  жаткандардын 78% мугалимдик кесип менен эмгектенип жаткандыгы. Экинчиден,  дүйнөлүк жана ата мекендик тажрыйба боюнча мындай ыкма менен педагог-адистерди кайра даярдоо адис-педагогду бакалаврдык багыттар боюнча төрт жыл окутуп даярдоого караганда экономикалык жактан пайдалуу.  Бул институтта акыркы жылдары орто эсеп менен жылына  1 миңге жакын киши квалификациясын жогорулатууда.

Айтор, жогоруда айтылган жана айтылбай калган артыкчылыктар менен мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде, биринчиден, И.Арабаев атындагы КМУ Кыргызстандын дээрлик бардык жогорку окуу жайлары бир жыл ичинде бүтүрүп чыгарган адис педагогдордун 40 пайызга жакынын  даярдайт. Экинчиден, Кыргызстандын дээрлик бардык райондору менен шаарлары үчүн педагог-адистерди даярдай турган жападан-жалгыз жана флагмандык педагогикалык университет экендигин татыктуу көрсөтүп келе жатат. Мисалы, ЖРТнын 2013-2014-жылкы жыйынтыгы боюнча  гранттык орундарга кабыл алуунун жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык кесиптерин  өлкөнүн  тогуз шаары жана 38 районунун бүтүрүүчү-өкүлдөрү тандап алышкан ( 2015-жылы бул көрсөткүчтөр жети жана 39 болду). Демек, университет болжол менен ушунча жактар үчүн педагог-адистерди даярдайт десе болот. Салыштыруу үчүн айтсак, бул көрсөткүчтөр ОшМУда – 3 жана 19, ОшМПИде – 3 жана 17, ЖАМУда – 5 жана 10,  БатМУда – 2 жана 7, НМУда – 2 жана 7, ЫМУда – 1 жана 6, ТалМУда – 1 жана 5 экен. Натыйжада, 2014-жылы педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына тапшыруунун жыйынтыгын карасак, И. Арабаев атындагы КМУ дээрлик бүтүндөй Кыргызстан үчүн кадрларды даярдаганын көрүүгө болот. Мисалы, бул университетке педагогикалык багыттар боюнча бөлүнгөн 2014-жылкы гранттык орундарды тандап алгандар Кыргызстандын райондорунун 95% нан  келишкен абитуриенттер  болгон.

Албетте,  педагогдорду даярдап жаткан жогорку  окуу жайлар дарегине айтылып келе жаткан дооматтардын негиздүүлөрү дагы бар. Мисалы, акыркы жылдары педагог-студенттерди жаңы жана эффективдүү окуу-методикалык жаатта такшалтуу ишинин солгундоосу, педагог-адистерди даярдоо программаларынын эскирип кетиши, мектептер жана мектепке чейинки билим берүүчү окуу жайлар менен ишкердүү байланыштын  начарлап баратышы сыяктуу проблемалар бар. Бирок заман талабына татыктуу мугалимдерди даярдоодогу постсоветтик Кыргызстанда орун алып келген  негизги проблема – педагог-адистерди даярдап жаткан өлкөнүн жогорку окуу жайларын алардын потенциалына, шартына, ыгына, чөлкөмдүк өзгөчөлүгүнө жана мамлекеттин кызыкчылыгына ылайыктуу рационалдуу жана эффективдүү башкарып, пайдалануудагы  мамлекеттик менеджменттин солгундугунда. Кесиптердин кесиби болгон педагогика кесибине даярдоо ишине өзгөчө көңүл буруу менен аларга өзгөчө мамиле кылып, өзгөчөлөнтүп каржылап, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселесин өз учурунда жана сапаттуу жүргүзүү дагы мектептеги адам ресурстарын башкаруу менеджментинин жакшы аткарылбай келген орчундуу маселелеринен. Болбосо, кемчилик-жетишкендиктери жана өйдө-төмөнүн эске алган күндө  дагы Кыргызстандын мектептери үчүн педагог-адистерди даярдоо ишинде мамлекеттин жакшы эле  потенциалы бар.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети педагогикалык адистердин дээрлик 40% даярдайт.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети педагогикалык адистердин дээрлик 40% даярдайт.

Мугалимдер ишин уюштуруудагы парадокстор

Даярдап чыгарган адис-педагогдорду ишке оптималдуу жайгаштырып, аларды мыкты башкарып жана натыйжалуу пайдалана билүү мектептеги адам ресурстарынын менеджментинин жакшы жолго коюлбай келе жаткан  өтө орчундуу маселеси. Ушундай жагдайдан улам, Кыргызстандын жалпы орто билим берүү сегментин мугалимдер менен камсыз кылууда абдан парадоксалдуу кырдаал түзүлүп, бул кырдаал мектептик билим берүүнүн сапатына өтө катуу залалын тийгизүүдө. Кырдаал төмөнкүчө:

Биринчиден, Кыргызстанда педагогдорду даярдай турган жогорку окуу жайлар менен колледждердин саны, педагогдорду даярдоо боюнча кесиптер, бакалавр жана магистрлик багыттар, педагогдорду даярдоо боюнча мамлекеттик гранттар менен контракттык  орундардын көлөмү бир топ эле көп. Эң негизгиси, педагогика кесиптери боюнча билим алып жаткан студенттердин үлүшү (жалпы студенттердин 25%)  жана өлкөнүн жогорку окуу жайларынын  бүтүрүүчүлөрүнүн ичиндеги  алардын саны (4-5 миң бүтүрүүчү) көп экени талашсыз.

Экинчиден,  жогоркудай  шарттардан улам эмгек рыногунда мугалимдердин саны арбын эле. Ошондуктан, мугалимдик жумуш таппай, мугалимдик жумушка орношо албай жүргөндөрдүн саны көптүк кылат. Мисалы, Эмгек, жумушка жайгаштыруу жана миграция министрлигинин тиешелүү кызматтарына 2009- жана 2010-жылдары жумуш издеп кайрылгандардын ичинен эң көбү мугалимдер  болуп, 2009-жылы алар 4418 киши болсо, 2010-жылы 4030 кишиге жеткен. Мугалимдерден кийинки орундарда айдоочулар (5870 жана 3568), бухгалтерлер (1744 жана 1762), врачтар (1723 жана 1499), тарбиячылар (1105 жана 1298) жана башкалар турушкан.  Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматтары боюнча өлкөдө өз кесиптери боюнча ылайыктуу жумуш таап, орношо албай жүргөн мугалимдердин  саны 36 миң адамды түзөт.

Үчүнчүдөн,  жогорудагыдай жагдайларга карабастан, Кыргызстандын мектептеринде парадоксалдуу кырдаал пайда болуп,  мектеп мугалимдеринин жетишсиздиги сыяктуу проблема жылдан-жылга  сакталып келе жатат. Жогоруда белгилеп өткөндөй,  2009-2010-жылдарда Кыргызстанда 4000-4500 педагог  мугалимдик жумушту издеп жүрүшсө,  расмий маалыматтарга караганда, ошол учурда өлкөнүн мектептерине 3000-4000 мугалим жетишпей келген. Акыркы расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын мектептерине жетишпеген мугалимдердин саны 2015-жылы 1409 кишини түзүп,  республиканын  мектептеринин 56,6% мугалимдер менен толук камсыз болгон эмес.

Төртүнчүдөн,  Кыргызстандын мектептериндеги мугалимдердин жетишсиздиги тууралуу айтылып жүргөн расмий маалыматтар чындыкка дал келбейт. Мектептердеги көмүскөлөнүп келген бош орундар расмий маалыматтарга караганда арбын болуп, мындай жат көрүнүш мектептик билим берүүнүн сапатына өзгөчө терс таасир этүүдө. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын мектептеринин мугалимдер менен камсыз болушу 96%  болгону менен ЮНИСЕФтин эксперттеринин изилдөөлөрү боюнча өлкөнүн мектептери мугалимдер менен 77% гана толукталган.   Ал эми мугалимдер менен толук камсыз болбогон  мектептер расмий маалыматтар белгилегендей, өлкөдөгү жалпы мектептердин 56,6% эмес 95-100% түзөт. Көмүскөлөнүп келген бош орундарды бир нече сабактарды өтүп кошумча ставка менен иштеген  мугалимдер, сырттан окуган студенттер, пенсионер мугалимдер, башка мектептерден келип иштеп жаткан мугалимдер,  “көрүнчү” (призрак”) сабактарды өтүп жүргөн  “көрүнчү ” мугалимдер жана тиешелүү профилдеги жогорку билими жок мугалимдер жымсалдап-жаап келишет. Жалпысынан Кыргызстандын мектеп мугалимдерине мугалимдик ишти мугалимдик дагы бир ставка же башка жумуш менен  кошумча айкалыштыра иштеген мүнөздүү көрүнүш болуп калган. Ошондуктан алардын окуу жүктөмдөрү норматив боюнча жумасына 16-18 саат болгону менен көпчүлүгү иш жүзүңдө 35 саат  жана андан көп сааттар менен иштеп келишкен.  Мугалимдердин көбү мугалимдик ишти чарба, соода, коммерция сыяктуу башка жумуштар менен дагы айкалыштырып жүрүшөт.  Албетте, “жоктон көрө жогору” принциби менен карап, мындай абалга көз жуумп койсо болчудай. Бирок мындай көрүнүштөн мектептик  билим берүүнүн сапаты зыян тартууда.

 Т.Абдырахманов,

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*