МУГАЛИМГЕ СОЦИАЛДЫК КАМКОРДУК: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕГИ САЛЫМДАР

Билим берүүнүн сапаты үчүн күрөшкөн балыкчылыктар. Балыкчы ШБББнын башчысы Нургүл Мамбетова (оңдо), "жыл мугалими" шаардык сынагынын жеңүүчүсү, №8 Л.Толстой атындагы гимназия мектебинин англис тили мугалими Светлана Каденова (ортодо) жана ШБББнын жетектөөчү адиси Майрамбүбү Алиева.

Мугалимдерди мамлекеттик камкордукка алуу жана социалдык колдоо көрсөтүү чаралары бир катар мыйзамдарда жана мамлекеттик өнүгүү программаларында каралган. Бирок жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын мугалимдерге көрүп жаткан камкордук чаралары көп жагынан көңүл жылытпайт. Мугалимдердин эмгек акысына кошумча төлөп же отун-суудан каралашып жаткан мисалдар бирин-серин гана.  Ошондуктан мектеп активисттери мугалимге камкордукту күчөтүү боюнча борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин активдештирүүнү караган мыйзамдык же башка эффективдүү чараларды көрүү маселелерин мугалимдердин курултайында сөзсүз талкуулоо керек деп жатышат.

Мыйзамдын аткарылышы чеке жылытпайт

“Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамда мугалимдердин эмгек акысына жергиликтүү бюджеттен кошумча төлөмдөрдү карайт, бийик тоолуу жана алыскы райондордо иштеген мугалимдерге жеңилдиктерди берет, үй курууга жер участокторун, шаарда иштеген мугалимдерге үйдү кезексиз куруу жана дача участогун бөлөт, жаш адистерге отун-суунун акысын төлөөдө жеңилдиктерди  берет же үй куруу үчүн процентсиз ссудалардан каралашат деп жазылган.

Мыйзамдын аталган талаптары кандай аткарылып жатканын артынан сая түшүп, толук талдап чыккан бир дагы мамлекеттик маанидеги документ кезиктире албадык. Аталган мыйзамдын аткарылышы жөнүндө маселе Жогорку Кеңештин Билим берүү жана илим иштери боюнча комитетинин жыйынында 2012-жылы июль айында, андан кийинки жылдары да каралып, мыйзам жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат деген тыянак чыккан.

“Мугалимдерди социалдык коргоо чаралары жөнүндө” мыйзамда каралган жоболор жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатканы жөнүндө учурунда Өкмөткө, жергиликтүү бийлик органдарына, Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү тапшырмаларды бергенбиз. Бирок андан кийин чеке жылыткан жылыштар болду деп айтуудан алысмын”, – деди ЖКнын Билим берүү жана илим комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Чынында эле жер-жерлерге байланышып, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан мугалимдерге кандай социалдык камкордук көрүлүп жатканын иликтегенибизде, тилекке каршы, көңүл көтөргөн жакшы мисалдар абдан аз болду. Кээ бир региондордо ырымга көрсөтүүгө бир да мисал жок.

 Ош менен Балыкчынын өрнөгү

Мугалимдерди камкордукка алуунун жакшы өрнөгүн Ош шаары көрсөтүп жатат десек болот. Түштүк борбордун жетекчилери шаардык бюджеттин эсебинен эки жылдан бери мугалимдерге отун-суу акысын төлөп берип жатышат.

“Мугалимдердин отун-суу акысын төлөөгө колдоо катары 2014-жылы 9 млн. 379 450 сом жумшалды. 2015-жылдын январь айынан август айына чейин  5 млн. 653 миң сом  бөлүндү. Ар бир мугалимге 2400 сомдон туура келди”, – дейт Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов.

Башка мисалдарга кайрылсак, Ноокат районунда Кулатов атындагы айыл аймагына караштуу Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалими Абдисадир уулу Улукбекке айыл аймагы тарабынан турак жай салуу үчүн жер участогу берилген.  Аламүдүн районунда мугалимдер үчүн сегиз үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык үй курулуп бүтүп калды. Балыкчы шаарында жаш мугалимдердин эмгек акысына миң сомдон кошумча төлөнүп берилүүдө.

«Балыкчы шаарынын мэриясы мугалимдердин коммуналдык чыгымдарын төлөгөнгө жардам берип келатат. Ал эми көл жээгиндеги райондордо жер бөлүп берүү жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көптөн бери колдоого алынбай калды. Анткени жер бөлдүрүп алгандан кийин мугалимдердин мектептен кетип калган учурлары да болгон. Ошондуктан мугалим жергиликтүү тургун болсо гана жер берилиши мүмкүн. Албетте, мугалимдерге камкордук көргөн жерде сөзсүз жакшы натыйжалар болбой койбойт. Мисалы, Балыкчы шаарынын бийлиги мугалимдерге каралашып жаткан үчүн ушул жылы балыкчылык эки бүтүрүүчү ЖРТнын жыйынтыгы боюнча алтын сертификатка ээ болду. Ошондой эле дагы төрт окуучу мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктады», – дейт Ысык-Көл областынын вице-мэри Рита Борбукеева.

Башка региондорго салыштырмалуу өнүккөн Ысык-Көл областындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мугалимдерге эле эмес мектептердин көмөкчү чарбасын өнүктүргөнгө жер участокторун аяп жатканы өкүнүчтүү. Берилсе дагы эчтеке чыкпаган таштак, берекесиз жер болуп жатканын мектеп жетекчилери өздөрү айтып жатышат.

Балыкчыда мугалимдерге жана тарбиячыларга, техникалык кызматкерлерге баарына жылына коммуналдык чыгымдарга бир миң эки жүз сомдон бөлүнөт. Ошондой эле мектепте жаңы иштеп жаткан жаш мугалимдерге эмгек акысына миң сомдон кошумча төлөнүүдө. Андан сырткары алдыңкы мугалимдерге жылына бир жолу акчалай сыйлыктар, стипендиялар берилүүдө.

Жер-жерлерде мугалимдерди колдогон, камкордукка бөлөгөн мисалдарды дагы улантсак болот эле, бирок жазарга эчтеке жок. Өлкөнүн көптөгөн райондору, айыл-кыштактары дотацияда тургандыктан, мугалимдерге кошумча эмгек акы төлөгөнгө каражаты жок экенин жүйөө тартышат. Бирок ошол эле учурда мугалимдерге үй курууга жер участкаларын бөлүп берүүгө, отун-суудан каралашууга эмне тоскоол болуп жатканы түшүнүксүз.

Борбор шаардын колдоосу сезилбейт

Ошол эле учурда дотацияда отурган региондорго салыштырмалуу толтура акча булактарынын кулагында отурган Бишкек шаары мугалимдер үчүн жергиликтүү бюджеттен миң сом өлчөмүндө төлөп бергенге гана жарап жатат. Андан башка кымбатчылыктын кыйынчылыгын тартып жаткан баш калаадагы мугалимдер үчүн шаардык бийликтин колдоосу дээрлик сезилбейт. Мугалимдерге жергиликтүү бийлик тарабынан үй бөлүнүп берилди деген кубанычтуу кабарды коомчулуктун кулагы чалбаганы көп жыл болду. Ошондуктан шаардын мектептеринде мугалимдер жетишпей, жаш адистер токтобой жатат.

– Бир миллиондон ашык балдарды тарбиялап жаткан мугалимдер социалдык жактан корголушу керек. Жергиликтүү бийлик органдары мугалимдин социалдык абалына багытталган жаңы долбоорлорду ойлоп чыкса.  Мисалы, бизнес-структуралар менен биргеликте биринчи төлөмү жок социалдык үйлөрдү куруп, узак мөөнөткө берүүнү эмне үчүн караса болбойт. Ошондой эле электр энергия, газ, жол кире сыяктуу нерселер үчүн төлөмдөрдөгү жеңилдиктер ойлонуштурулса. Ушуларды аткарууга белсенген мыкты адамдар болсо деген тилек. Аракет кылса эле айтылгандар ишке ашпай койбойт. Мисалы, ата-энелердин мектепке жардам берген каражаттарынын эсебинен биз мугалимдерге, техникалык кызматкерлерге кошумча акы төлөп жатабыз. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы мугалимдерге 1000 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөп берет, – дейт Бишкек шаарындагы №68 мектептин директору Канымжан Омурова.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Төлөбек Абдырахманов,

профессор:

– Постсоветтик Кыргызстанда мугалимдердин социалдык статусун сактоого  тиешелүү маани берилбегендиктен алардын абалы канчалык төмөндөп кеткенин  баалаш үчүн төмөнкү салыштырууга кайрылсак.  Совет доорунда мугалимдерге карата жогорку ишеним, мамлекеттик камкордук жана ошого жараша коюлган талаптар  таптакыр башкача болгон. Мисалы, Совет доорунда кыргызстандык 4118 мугалим СССРдин ар кандай орден, медалдары сыяктуу сыйлыктарды алган, 13 мугалим Н.К.Крупская атындагы медаль менен сыйланган, 4694 мугалим СССРдин эл агартуусунун отличниги болгон. 29 мугалим СССР Жогорку Советине депутат болуп, бир мугалим Социалисттик эмгектин баатыры болгон. Муну менен катар  эле, өлкөнүн 356 мугалими Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, 1769 мугалим жергиликтүү кеңештерге  жана  350 мугалим Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланышкан  (республиканын парламентинин ар бир чакырылышында 6-7 мугалим шайланып турган), 131 мугалим Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 8857 мугалим Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги болгон.

Өлкөнүн мугалимдери учурунда ден соолугун чыңап, жакшы эс алып мугалимдик кесиби боюнча чыгармачылык жигер жана  кесиптик чеберчилик  менен иштеп турушуна шарт түзүү максатында  алар үчүн Кыргызстандын, ал гана эмес СССРдин эң мыкты эс алуу жайлары, пансионаттары менен санаторийлеринен дайыма орун берилип турган. Мугалимдердин  квалификациясын дайыма жана системалуу түрдө жогорулатып, Союздун башка аймактарындагы алдыңкы тажрыйба менен алмашып турушу үчүн эң мыкты шарттар түзүлгөн.

Тилекке каршы,  советтик системанын мындай өзгөчөлүктөрүнө салыштырмалуу постсоветтик Кыргызстанда акыркы жылдарга чейин бул багытта  дээрлик эч нерсе жасалган эмес. Чындыгында,  экономикалык кошумча чыгымдарды көп талап кылбаган, бирок натыйжалуулугу жана таасирдүүлүгү абдан күчтүү болуп, моралдык факторлорго көбүрөөк негизделген айрым маселелерди чечүү менен бул жаатта жакшы иштерди жасап койсо болмок.

Кантсе дагы, азыркы бийлик мугалимдердин материалдык жана моралдык абалын жакшыртып, алардын социалдык статусун көтөрүү боюнча айрым жакшы кадамдарды баштоодо.  Келечекте булар комплекстүү жана системалуу мүнөзгө ээ болуп, ырааттуу түрдө ишке ашырууга тийиш:

  • мугалимдер үчүн жер, суу, турак жай, жайлоо, унаа, малга төлөнүүчү салыктар сыяктуу мамлекеттик жана жергиликтүү салыктарды төлөөдөгү жеңилдиктер системасы караштырылып, оптималдуу чечип берүү;
  • үй ижарасы, электр энергиясы, отун-суу сыяктуу нерселер үчүн төлөмдөрдөгү жеңилдиктер ойлонуштурулуп, ишке ашыруу;

• мугалимдердин коомдогу социалдык статусун төмөндөтүп, алардын кадыр-баркын түшүрө турган нерсе катары   мамлекеттик жана жергиликтүү шайлоолордо мугалимдерди административдик ресурс катары  ыгы жок пайдаланууну чектөө, мугалимдердин ишине түздөн-түз тиешелүү болбогон айрым пайдасыз массалык иштерге жумшоону токтотуу;

• мектеп үчүн  расмий жана расмий эмес акча каражаттарын  чогултуу, мектептин миссиясына жана мугалимдердин моралдык-этикалык табиятына туура келбеген иш-чараларды (кечелер, юбилейлер сыяктуулар) уюштуруу   сыяктуу  иштерге мугалимдерди пайдаланууга тыюу салуу;

• мугалимдердин ден соолугун чыңдап, эс алуулары үчүн ар кандай шарттарды жана ыңгайлуу жайларды уюштуруу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ар түркүн мүмкүнчүлүктөрдү караштыруу;

• келечекте “Жогорку  жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндөгү” Мыйзамга өзгөртүү киргизип, партиялык тизмелерге жаштар, аялдар жана этникалык топтор менен катар эле  белгилүү өлчөмдөгү мектеп мугалимдеринин квотасын дагы  киргизүү;

• мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү  үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга өтүп жатканда  ЖРТнын жыйынтыгы менен бирге аттестаттын коэффициенти жана бүтүрүү экзамендеринин бааларын эске алуу сыяктуу маселелердин камтылышы күтүлүүдө.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*