ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ КОЛДОО – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

 Окутуунун, тарбиялоонун жаңы ыкмаларын пайдалануу менен келечек муундарга татыктуу тарбия, каныккан билим берүү максатында күнүүнү тыным билбей, билим берүүгө баа жеткис салымын кошуп келе жаткан Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бүгүнкү күндө көптөгөн ийгиликтерди жаратып, билим очогу күндөн-күнгөөнүгүү сапарына кадам таштап келе жатат.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы өзүнүн көп жылдык тарыхында билим кемесин алга сүйрөп, келечек ээлери болгон жаштарыбызга ар тараптуу таалим-тарбия берүүнүн жолдорун издеп, заман талабына жооп берген, илим-техника өнүккөн заманда мезгилден  артта калбай, татыктуу жана арыштуу кадам менен эмгектенип келүүдө. Билим сапарындагы жагымдуу саамалыктар жөнүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек КИМСАНОВ  өз ойлорун ортого салат.

kim

  Мектеп формасы – теңсиздикти жоет

Ош шаарындагы №21 А.С.Пушкин атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин демилгесин кош колдоп колдоого алууда. Анткени бирдиктүү мектеп формасы – дыйкан дың жерди бузуп ишке киргизгендей эле, жалпы журттун колдоосуна ээ болду. Балдарыбызды туура тарбияга багыттоодо көпүрө болуп берүүчү, заман агымында улуттук баалуулуктарыбызды сактап, тарбия жараянын жандандырууда зор өбөлгө түзүүчү бурулуштун бири десем жарашат. Анткени баарыбызга маалым болгондой, акыркы жылдары билим менен эмес, кийим менен атаандашуу күчөп жаткан эле. Айтор, мектеп формасынын коомубуздагы кенемтени толтурууда ролу чоң.

Мектеп формасы – окуучуларыбызды өздөрүнүн окуучулук курагында окуучу формасын кийүү бактысына ээ кылды.

Мектеп формасы – окуучулар ортосундагы туура эмес атаандаштыкты жоюуга жол ачты. Анткени ачуу чындык, өз билимин балдарга жеткирип, терең билим берүүгө далалат жасаган мугалим да кээ бир окуучулардын жанында жупуну, жарды эле. Ата-энесин ар түрдүү кыйноолор менен, коркутуулар менен болсо да кымбат кийим сатып алып берүүгө мажбур кылган учурлар аз эмес болчу. “Баламдын шагы сынбасын, досторунун жанында кысынбасын, эптеп сатып берем” деген ата-энелердин жоон тобун ойлондурган кенемте толду.

Окуучуларыбыз билимдүү да, тарбиялуу да болсун

Бүгүн дүйнөдө билимдүү жаштар көп, бирок тарбиялуу жаштар аз. Балдарыбыз билимдүү да, тарбиялуу да болсун. Учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жапа тырмак балдарыбызга биринчи кезекте туура тарбия берүү максатын алдыга коюп келебиз. Анткени окуучуларыбыздын жүрөгүнө ыйман, адеп үлгүлөрүн сыйдыруу менен тарбиялуу коомду курган болор элек. Балдарыбызга турмушта биринчи кезекте тарбиялуу болуу зарыл экенин жеткирүү биздин мугалимдердин милдети деп билемин. Себеби баланын жан дүйнөсүндө жакшылык жасоо, боорукердик, ыйман, адеп жашабаса, алган билимин кайда жумшайт, кандай жумшайт? Биз балдарыбызды окуп, билим алып эс ала турган деңгээлге көндүрүшүбүз керек. Адеп менен ыймандын үрөнүн өстүрө турган коомдо тарбиялана турган балдар болмоюн биз алардын ортосундагы достукту, биримдикти чыңдашыбыз кыйын. Мектептердин ортосундагы, балдар арасындагы тирешүүлөрдүн келип чыгышы да алардын тарбия деңгээлинин төмөндүгүнөн болот. Ал эми тарбиянын деңгээлин бир гана мектеп мугалимдери эмес, ата-эне, коомчулук биргеликте жасаш керек. Мисалы, бүгүнкү күндүн илдети – тамеки тартуу бара-бара көндүм көрүнүшкө айланып барууда. Көчөлөрдө, коомдук жайларда жаштардын тамеки тартып жатканы учурда кадимкидей эле көрүнүш болуп калды. Тамеки тартууга каршы күрөштү биз мугалимдер мектептен баштап, анын зыяндуулугун жеткиришибиз зарыл.

Коңгуроонун ордуна кыргыз күүлөрү жаңыра баштады

 Туура багыт, татыктуу билим берүү – улуттук маданиятыбызды аздектеп, аң-сезимибизде патриоттук сезимдерди ойготуп, Ата журтка ак кызмат кылуунун үлгүлөрүн жаштарыбызга жеткирүүдө турат. Бул багытта  Ош шаарындагы мектептерде коңгуроонун ордуна комуз күүлөрү, патриоттук кыргыз ырлары жаңыра баштады. Бул, албетте, колдоого ала турган жаңы демилге. Анткени ар бир тарбияланып жаткан окуучуларыбыздын ар бир күнү улуттук музыка, улуттук ыр-күүлөрдү угуу менен коштолуп, алардын жан дүйнөсүндө тарбия багытында идеялардын жаралышына, билим алуусуна, мекен үчүн кызмат кылууга өбөлгө болуп, стимул жаратууга  жардам берет.

Олимпиадалар электрондук системада жүргүзүлөт

 Окуучуларыбыздын билимин так, туура, калыс баалоо, убакытты пайдалана билүү максатында быйылкы окуу жылынын жаңы багыттарынын бири болуп – олимпиадаларды электрондук система аркылуу өткөрдүк. Бул процессте окуучу өзү да, ата-энеси да, окуткан мугалимдери да чоң экрандан баласынын канча балл алгандыгын, жыйынтыгын так, туура, калыс көрүп турду. Паракорлуктун алдын алуу максатында уюштурулган бул система – балдарыбыздын чыныгы билимин аныктоодо эң мыкты жөрөлгө болуп берди.

Текчелерибиз китепке толсун

Учурда көп эле үйлөрдө тутандырыкка айланып кетип жаткан китептердин өмүрүн сактап калуу, мектептерибиздин китеп текчелеринде ар түрдүү пайдалуу, баалуу китептердин санын байытуу, китеп фондун колдоо максатында уюштурулган “Китеп камкордугу” акциясы өз жемишин берди. Бул акциянын алкагында бардык мектептер  ар түрдүү китептер менен камсыз болду жана жетишпеген китептерге болгон муктаждыктарды  бир аз болсо да жеңилдете алдык. Акциянын жыйынтыгында 5012 даана окуу китеби, 12012 даана адабий китеп жыйналды.  №2 Карл Маркс атындагы мектеп гимназиясы эң көп китеп чогултуп, башкармалык тарабынан букридер (электрондук китепче) менен сыйланды. Ошондой эле №16 мектеп-гимназиясынын ата-энелер комитети тарабынан 40 000 сом акча каражаты топтолуп, 180 даана окуу китептери сатылып алынды.

Долбоорлор менен иштөө – ийгиликтердин башталышы

Ош шаарындагы бир топ мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери “Бирге окуйбуз” долбоорунун негизинде атайын курстан өтүштү. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен АКШнын Эл аралык агенттигинин ортосунда түзүлгөн меморандум кабыл алынгандан баштап расмий түрдө иштеп келе жатат. Мындан сырткары, №51 Ж.Баласагын атындагы орто мектебинин жамааты тарабынан 2014-окуу жылында 1 млн.147 миң сомдон ашуун инвестициялык долбоорлор тартылган. Аталган мектеп “Мерсико” долбоору, Борбор Азиядагы Евразия фонду менен жакындан кызматташып, бир топ билим берүү тармагында ийгиликтерди жаратып келүүдө. Ошондой эле №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясы GIZтин “Борбор Азияда билим берүү системасын реформалоо” программасынын негизинде билим берүү мекемелеринин жетекчилерине “Улуттук билим берүү тармагын түзүү” деген аталыштагы регионалдык форум өткөрүлдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, “Менин таза шаарым” долбоорунун алкагында Ош шаарыбыздан 12 мектеп 1,5 тонна таштанды чогултту. Бул да болсо шаарыбыздын тазалыгына, гүлдөп-өнүгүшүнө жаштарыбыздын кайдигер эместигин далилдейт.

Сыйлык – сыймык

riv

Казакстандын Алма-Ата калаасында өткөн математика, физика жана информатика предметтери боюнча эл аралык О.Жаутыков атындагы олимпиадада төрт окуучубуз алдыңкы орундарды ээледи.  15 өлкөдөн келген 60 команда катышкан олимпиадада “Сема” лицейинин 11-классынын окуучулары Темирлан Улукбек уулу физикадан коло медаль, Кадырбек Нарматов информатика предметинен коло медаль, Зарлык Жусубалиев  информатика предметинен коло медалды багындырып келишти.

Жаштарыбыздын ар тараптуу билим алуусуна жигердүү салымын кошуп келе жаткан жетекчи айымдарыбыздын эмгеги бааланып, “Датка айым” медалы менен Ош шаарындагы билим берүү башкармалыгына караштуу мектеп жана бала бакча директорлору сыйланышты.

Ал эми каратэ-до боюнча Түркияда өткөн мелдеште 38 мамлекеттин ичинен II орунду Ош шаарыбыздагы №24 М.Фрунзе атындагы орто мектебинин 23 жаштагы география мугалими Ташполот уулу Далымбек ээледи.

Быйыл  10-11-класстардын окуучуларынан 38 окуучу республикалык турга жолдомо алып, жети окуучу – I  орунга, төрт окуучу – II  орунга, эки окуучу – III орунга ээ болуп, Ош шаарынын окуучулары командалык эсепте Бишкек шаарынан кийинки 2-орунга чыгышты.

Ал эми шаарыбыздагы окуу-тарбия процессин мыкты уюштурган 12 мектеп жамаатын шаар мэриясы интерактивдүү доскалар менен сыйлады. Учурда  24 мектепте окуучулар интерактивдүү доскалар менен билим алышууда.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*