МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН! 2015-2016-ОКУУ ЖЫЛДАРЫНДА ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ОРТО МЕКТЕПТЕРДИН 5-8-КЛАССТАРЫ ҮЧҮН 1-СЕНТЯБРДА ӨТҮЛҮҮЧҮ САБАКТАРДЫН БОЛЖОЛДУУ ҮЛГҮСҮ

Сабактын максаты:

– Окуучуларга Мекен – ар бир инсан үчүн ыйык экендигин; Ата мекен менен байланышкан баалуулуктардын бийиктигин; мамлекет – коомдогу негизги институт экендигин, Кыргызстанда жашаган бардык улуттар – мамлекеттин жарандары экендигин түрдүү маалыматтардан жеткирүү;

– Коом жана мамлекет ар бир кыргызстандык жарандын негизинде курала тургандыгын, ошондуктан жарандардын биримдиги, ынтымагы, бул коомдун биримдиги жана ынтымагы экендигин, мамлекеттин тынчтыгы экендигин туюндуруу;

– Окуучуларды Мекенди, мамлекеттин баалуулуктарын сыйлоого; ар бир жарандын жоопкерчилигин арттыруу жана милдеттерин аткаруунун зарылдыгына; жарандык иденттүүлүккө; өз оюн туура жана так айтууга, топтордо бирдикте иштөөгө тарбиялоо.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Жогорудагы максаттар ишке ашат, эгерде, окуучулар:

– Ата мекендин баалуулуктарын аңдап-түшүнсө;

– мамлекеттин тиреги болгон жарандардын коомду куруудагы ордун белгилесе;

– коомдун саясий турмушуна аралашууда жарандардын таасирин, ордун баалай алса;

–  улуттук каада-салттарыбызды, баалуулуктарыбызды сактоодогу мамлекеттин маанисин түшүнө алса;

– Кыргызстанда жашаган бардык улуттар өз каада-салттары бар мамлекеттин толук укуктуу жарандары экендигин түшүнсө;

– ар бир окуучу жаран катары өз милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүнсө;

– Мекенди тышкы душмандан сактоо үчүн ички биримдик керек экендигин түшүнө алса.

Сабакка колдонуучу каражаттар:

Доска, слайддарды көрсөтүүчү техникалык каражаттар (компьютер, проектор) ж.б. Эгерде техникалык каражаттар жок болсо досканы жана ватман кагаздарды колдонсо болот.

Сабакты өтүү боюнча методикалык сунуштар:

Теманын аталышынан келип чыгып, негизги басым Ата мекен жана мамлекетке жасалышы керек. Мекенге аныктама берүү менен мугалим сабактын негизги маселесин алып чыгат. «Кыргызстан» – аттуу видео аркылуу Кыргыз Республикасы жөнүндө маалыматтарды берип, атайын даярдалган слайддардын негизинде суроо-жооп уюштурат. «Чептен эрдин күчү бек» – аттуу видеоролик көрсөтүлгөндөн кийин, бул боюнча окуучулар менен суроо-жооп түрүндө, аңгемелешип, окуучулардын ой-пикирлерин билүүгө, аларга туура багыт берүүгө аракет кылат. Бул жерде негизги идея улуттар аралык биримдик, жарандык иденттүүлүк болушу керек. Сабактын акыркы этабындагы «Ата Журт» ыры окуучуларды патриоттуулукка үндөп, жагымдуу маанай тартуулашы үчүн тандалып алынды. Эгер техникалык каражаттар жок болсо, плакаттарды (Мамлекеттик символдор, белгилүү тарыхый инсандар) колдонууга, «Чептен эрдин күчү бек» (Ж.Бөкөнбаев) – поэмасын сахналаштырып, инсценировка аткарууга, «Ата Журт» (А.Осмонов) ырын көркөм окууга болот.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

Уюштуруу (2 мүнөт). Саламдашуу, жагымдуу маанай уюштуруу, сабакка даярдануу.

1-этап. Мекен – деген эмне? (5 мүнөт)

Мугалимдин кириш сөзү:

Мекен сөзү ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жакын жана түшүнүктүү. Мекен – бул биз төрөлгөн, биздин ата-энелерибиз жашаган жана ата-бабаларыбыз жашап өткөн жер. Балалыгыбыздан бул жерде бизди курчап турган дүйнө, үй-бүлө, досторубуз, жакындарыбыз баары тааныш. Мекен – деген эмне? Келгиле балдар, ар бирибиз өз оюбузду ортого салалы.

(Окуучулардын пикирин уккандан кийин, Мекен сөзүн мындан да тереңирээк түшүнүү үчүн доскага жазылган төмөнкү сөздөрдү  талкуулоо сунушталат).

Мугалим: Ар бир адам Мекенди өз көз карашына, дүйнө таанымына жараша түшүнөт. Мекен төмөнкүдөй аныкталышы мүмкүн:

Географиялык жактан: Кайсыл жерде жашасам, ошол – менин Мекеним!

Тил жана маданият боюнча: Менин тилимде сүйлөгөн жер – менин Мекеним!

Материалдык жетишкендик боюнча: Менин үйүм – менин Мекеним!

Туугандык байланыш боюнча: Жакындарым, досторум жашаган, ата-бабаларымдын сөөгү калган жер – менин Мекеним!

Мамлекеттик түзүлүш боюнча: Менин мекеним – Демократиялык Республика! (1-слайд).

2 – этап. Мекеним – Кыргызстан!

(Видео: 4.11. мүнөт, слайд менен суроо-жооп 4 мүнөт. Жалпы: 8.11. мүнөт).

Мугалим окуучуларды «Кыргызстан» (Кумар Асановдун аткаруусунда. Кыргызстандын картасы, Мамлекеттик символдор, жети областы) аттуу видеону көрүүгө чакырып, анын негизинде атайын даярдалган слайддар аркылуу суроо-жооп уюштурат.

3-этап. Чептен эрдин күчү бек. (15 мүнөт)

Доскадагы жазуу: «Биз ар түрдүүбүз, бирок биргебиз – бул биздин күчүбүз!»

Мугалим: Мекенибизде 80ден ашуун улуттар жашайт. Бардык улуттарды: тилинин, маданиятынын, көз караштарынын өзгөчөлүктөрүнө карабастан Мекен бириктирип турат. Анткени биз тилибиз, маданиятыбыз, ар түрдүү көз караштарыбызга, каада-салттарыбызга карабастан Кыргызстандын жарандарыбыз. Биз бир мамлекеттин чек арасында жашап, бири-бирибизди сыйлап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү үчүн күч-аракетибизди аябайбыз. Анткени  Кыргызстандын чек араларынын бекем болушу, өсүп-өнүгүүсү жарандарынын бекем ынтымагынан жана бирдиктүү максатынан, иш-аракетинен көз каранды. Келгиле балдар, сөзүбүздү Жоомарт Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» аттуу чыгармасынын негизинде тартылган видеороликтен кийин уланталы.

(Ж.Бөкөнбаевдин «Чептен эрдин күчү бек» – поэмасынын негизинде тартылган видеоролик көрсөтүлөт. Эгер видеороликти көргөзүү мүмкүнчүлүгү болбосо, 1-тиркемени колдонуп, сахналаштырып коюуу сунушталат).

– Эмне үчүн чеп улам эле урап калды?

– Чеп күчтүүбү же жигит күчтүүбү, эмне үчүн?

– Мамлекеттин чек арасынын бекемдиги эмнеден көз каранды?

– Ар түрдүү болгонубуз менен биздин күчүбүз эмнеде?

– Бир мамлекетте жашаган ар түрдүү улуттардын биримдиги эмнеге алып келет?

– Ынтымаксыздыгы эмнеге алып келет?

Мугалим талкууну жыйынтыктайт: Демек, биздин биримдигибиз, ынтымагыбыз Мекенибиздин тынчтыкта, байкерчиликте жашоосуна, чек араларыбыздын бекем болуусуна, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө шарт түзөт.

4 – этап. «Ата Журт». («Ата Журт» – 4.18. мүнөт, жыйынтыктоочу талкуу: 4 мүнөт. Жалпы: 8.18. мүнөт)

Мугалим: Сабакты акын     Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган «Ата Журт» аттуу ыр менен жыйынтыктоону сунуштаймын.

«Ата Журт» (А.Осмонов) клиби көрсөтүлөт.

Мугалим окуучулардын ой-пикирин угуп, талкууну жыйынтыктайт: «Сен ооруба, мен ооруйун Ата Журт!». Кандай керемет сөздөр! Жогорудагы мамлекет үчүн өмүрүн берген улуу тарыхый инсандарыбыз дал ушул сөздөрдү айтып жаткандай. Алар бизге Ата журтту мурас калтырып, көзүңөрдүн карегиндей сактап алгыла деп осуят калтыргандай сезилди мага! Келгиле балдар, Ата журт үчүн, Ата мекен үчүн өмүрүбүздү арнап, анын гүлдөп өнүгүүсү үчүн бүт күчүбүздү жумшайлы.

Жыйынтыктоо (2 мүнөт).

Үйгө тапшырма. «Мекеним – Кыргызстан!» аттуу темада, Кыргызстандын келечегин чагылдырган сүрөт тартуу же ыр жазып келүү.

 Даярдаган: Б.Козубаева, КББАнын ага илимий кызматкери;

К.Курманалиев, И.Арабаев ат. КМУнун ага окутуучусу;

З.Сураганова,  КББАнын илимий кызматкери

 11303

ЭЛ ДОСТУГУ – МЕКЕН ТИРЕГИ

Сабактын жабдылышы: Кыргызстанда жашаган  улуттардын музыкасы жазылган кассеталар, кийимдердин сүрөттөрү, ак барактар, ватман кагаздар (ар бир топко бирден), фломастер (ар бир топко 3-4төн), “Мекен таануу” окуу китеби.

Сабактагы негизги иш-аракеттер эл достугу тууралуу ой бөлүшүү, сүрөт тартуу, окуяларды айтып, мисал келтирүү.

Сабактын жүрүшү:            1. Уюштуруу, жагымдуу маанай түзүү. Окуучулар ордунан туруп,  Гимнди  ырдашат.

Мугалим сабактын максатын түшүндүрөт: Биз бүгүнкү сабакта “Эл достугу – мекенибиздин тиреги аттуу темада сабак өтөбүз. Эл достугу деген  эмне? Ушул темада аңгемелешебиз?

Окуучулар өз алдынча иштеп, кандай улуттагы адамдар менен тааныш экенин жазышат. Окуучулар дагы кандай улуттар жөнүндө билерин айтып  беришет. Кайсы улуттан кошунасы бар, кайсы улуттан досу бар экенин айтышат.

Жуптарда иштөө. Окуучулар бири-бирине  өз достору, кошуналары  жөнүндө айтып беришет

Мугалим:  Кайсы улуттагы элдерди билесиңер? Кыргызстанда кайсы улуттагы элдер жашайт? Кайсы тилдерде сүйлөй  аласыңар? Кайсы тилдерде ырдай аласыңар?? Кайсы элдердин музыкалык аспаптарын билесиңер? Кайсы элдин бийин  бийлей аласыңар?

Окуучулар топторго бөлүнүп иштеп, ар бир топ  сценарий даярдайт.  Ыр, бий, күү, аңгеме тобу болуп бөлүнөт. Бир топ.

Мугалим: Күнөстүү Кыргызстанда ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Кыргыз эли байыркы замандан бери  башка улуттар менен аралаш жашап келген. Кыргызстанда кыргыздар, орустар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, казактар, тажиктер, азербайжандар, түрктөр, курддар, кытай, корей, украиндер, татарлар, немистер жана башка ар түрдүү улуттун өкүлдөрү жашайт. Кыргызстанда жашаган  элдер өз тилин жана салтын сакташат.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*