ЧЫГААН ПЕДАГОГ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ

Биз  бүгүнкү сөз  кыла  турган  каарманыбыз  жигердүү  эмгеги, өз  ишине  болгон   жоопкерчиликтүү  мамилеси,  иштермандыгы,  иштин  көзүн  алдын  ала  көрө   билгендиги,  уюштуруучулугу,  билиминин  тереӊдиги  менен  элдин  ишенимине   кирип,  отуз  жылдан  ашуун   билим берүү  тармагынын  ысыгына  күйүп,  суугуна  тоӊуп,   жакшысын  татып,  жаманына  ооз  күйгүзүп,  дайыма  так  жүрүп,  туура  сүйлөп,  ишке  таза  мамиле  жасап, өз  орду  менен  кадыр-барк  күтүп,  билим  жана  тарбия   жаатында  опол  тоодой  эмгек  калтырып,  элүү  беш  жаш  курактын  астанасын  аттап,  кубанычтуулук  менен  тосуп  турган  чагы.

Абдыкадыров  Акылбек  Кунаевич  1960-жылы  25-августта Алай  районуна  караштуу  Аскалы  айылында  туулган. 1967-1975-жылдары  айылындагы   Ленин  атындагы  сегиз  жылдык  мектепте  окуп,  1975-1977-жылдары  Гүлчө  айылындагы   С.Макаренко  (азыркы Т.Отунчиев)  атындагы  орто  мектепти  бүтүргөн.  1979-1984-жылдары  Ош  мамлекеттик  педагогикалык  институтунун    биология,  химия бөлүмүндө  окуп,  педагогикалык  эмгек  жолун  Алай  районундагы  В.Т.Костря  (азыркы  С.Карыев) атындагы  орто  мектепте  биология мугалими  болуп  иштөө  менен  баштаган.

1985-1995-жылдары  Алай районундагы С.Макаренко  (азыркы  Т.Отунчиев),  Чоӊ-Алай  районундагы  Кызыл эшме,  Алай районундагы       Коммунизм (азыркы  С.Торошев),  Парманас атындагы  орто  мектептеринде,  Кадырмамат уулу  Абдыразак  атындагы  лицей  жатак-мектебинде  окуу  бөлүмүнүн  башчысы,  директор  болуп  иштеп,  иштеген  жерлеринде  окуучулардын  билим  сапатын  бекемдеп,  жогорку маданияттуулукка  үйрөтүп,  мугалимдерди  келечек  ээлерин  тарбиялоодо  жоопкерчиликтүү  мамиле  жасап,  өз  элин,  жерин  сүйгөн  азаматтарды  тарбиялоого  үндөп,  ошонун  үстүндө  талбай  иштеп,  топтолгон  алдыӊкы тажрыйбаларды, ыкмаларды башка  мектептерге  жайылтуу  максатында  райондук,  облустук  бир  катар  семинарларды  уюштуруп,  мектептердин  материалдык-техникалык  базаларынын  чыӊдалышына  зор  эмгек  сиӊирген.

Ушундай эмгектери  менен  көзгө  көрүнгөн  жаш  адисти  райондун  жетекчилери  Алай  райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  усулдук  борборунун  башчысына  1996-жылы  которуп  алышат.

Ал  бул  кызматта  2008-жылга  чейин  иштеп,  райондун  мектептеринде  окуучуларды  окутуп,  тарбиялоого  жаӊыча  мамиле  жасап,  окутууну  мезгилдин  талабына  жараша  инновациялык  технологияларды  киргизүү  менен  билим  сапатын  бекемдеп  жана  жогорлатууга,  ошону менен  бирге  мугалимдердин  өз  билимин  өркүндөтүү  аркылуу  билим сапатын  көтөрүүгө  багыттап,  алардын  материалдык  чеберчилигин  арттырууга  көп  күчүн  жумшап, райондук  билим берүү  кызматкерлеринин  айына  эки  жолу  чыгуучу  илимий  усулдук  басылмасы  болгон  «Билим шамы»  газетасын  негиздеп  чыгарды.  2009-2014-жылдары  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  жетектөөчү  адиси  болуп  иштеп,  2014-жылдын  ноябрь  айынан  баштап, билим берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы  болуп  иштеп  келе  жатат.  Акылбек  Кунаевич райондун  коомдук  иштерине  да  активдүү  катышып  келет.  Райондук  мамлекеттик  тил  комиссиясынын  мүчөсү  катары  көп  жылдык  талыкпас  эмгеги  үчүн  райондук,  областык  билим берүү  бөлүмдөрүнөн  жана  билим берүү  министрлигинин,  мамлекеттик  администрацияларынын  бир нече  жолку  Ардак  грамоталары  менен  сыйланууга  татыктуу  болгон.  Кыргыз  тилин  өркүндөтүүгө  кошкон  салымы  үчүн  Кыргыз  Республикасынын  Президентине  караштуу  мамлекеттик  тил  комиссиясынын   «Кыргыз тили»  төш  белгисинин  жана  «Билим  берүүнүн мыктысы»,  Билим,  илим  кызматкерлеринин профсоюздарынын  Республикалык VI съездинин  делегаты  наамдарынын жана  көптөгөн  дипломдорунун  ээси.  «Мугалимдер дүйнөсүнүн»,  «Классташ»  газеталарынын  райондогу  кабарчысы.

Өмүрлүк  жолунда  «Өйдөдө  өбөк,  ылдыйда  жөлөк»  болуп  келе  жаткан  өмүрлүк  жолдошу  Мадышева Асылбу  врач-стоматолог ал  экөө  бир уул, беш кызды  тарбиялап  эрежеге  жеткиришти.  Балдарынын  баары  жогорку  билимге   ээ  болушуп,  азыркы  мезгилде  түрдүү  тармактарда   эмгектенип  жатышат.

Урматтуу  Акылбек  Кунаевич!  55 жаш  куракка  чоӊ  ийгилик,  жигердүү  жетишкендик  менен  келдиӊиз.  Аткара  турган  иштериӊиз  дагы  алдыда, ошондуктан  мындай  жаштын  дагы  бирин  жашап,  мындан  ары  дагы  ишмердүүлүгүӊүз  жемиштүү болуп,  татыктуу турмушта   жашап,  дагы  элге  ак  кызмат өтөп,  бараандуу  эмгегиӊиздин  бай  түшүмүн  көрө  беришиӊизге  тилектешбиз.

Бирге  иштегендер  бир  ооздон  айтышат

 Келдибай  Жумаев, С.Жаанбаев  атындагы  орто  мектебинин  директору:

– Акылбек  Кунаевичэкөөбүз  институтта   бирге  окуп,  1984-жылдан  бери  билимберүү  тармагында  бирге  иштешип  келе  жатам.  Институтта  окуп  жүргөндө  эле  сабактарын  эӊ  жакшы   окуп, группанынстаростасы, жаймезгилинде   ар  кандайиш-чараларды  уюштуруп,   зор  кадыр-барка  ээ  болгон.

Жөнөкөй  мугалим  болуп  иштеп  жүргөндө  эле  тандап  алган  кесибине  берилип,  жаш  жеткинчектерди  келечекте  өз  ордун  тапкан,  мекенчил  инсандардан  болууга  тарбиялоого  умтулду.  Мектепжетекчиси  болуп  иштеген  жерлеринде  жамаатын  бекем,  ынтымактуу  коллективге  жеткирип,   билим  берүүнүнсапаттык  көрсөткүчтөрүнжогорулатууну  негизги  максатым  деп  эсептепкелет.

Б.Паскалдынтөмөнкү  айткан  сөзүн  эске  алалы:

«Адамөзү   канчалык  акылдуу  жана  кеӊпейилболсо,  ошончолук  башка  адамдардагы  кеӊпейилдүүлүктү  байкайалат»,  дегендей  билим  берүү  бөлүмүнүн  бардык  баскычтарын  басып  өтүп,  иштешкен  ар  бир  адамдын  ишин  туура   баалап  келе  жатат.  Акылбектин  мүнөзүндө  кеӊ  пейилдүүлүк,  калыстык,  сабырдуулук,  мээримдүлүк,  жөнөкөйлүк  сыяктуу  мыкты  сапаттары  бар.

Көп  изденип,  ишти  туура  баалап,  патриоттук  идеялары  менен  өзгөчөлөнгөн  райондогу  белгилүү  инсандардын  бири.  Мезгил  өтүп, 55 жаштын  кырына  келип  олтурат, мен  дагы  мындан  аркы  ишине  ийгиликкаалап,  мындайжаштан  дагы  жашап,  кыргыздын  чыгаан  уулдарынын  катарын  толуктап  жүрүшүнө  тилектешмин.

Бектемир  Айдаркулов,  С.Карыев  атындагы  орто  мектебинин  профсоюз  уюмунун  төрагасы,  билим  берүүнүн  мыктысы:

– Акылбек  Кунаевич  өз  ишине  ушунчалык  берилип  иштейт.  Көп  жылдан  бери  билим  берүү  тармагында  чогуу  иштеген  замандашы  катары  билем.  С.Карыев  атындагы  орто  мектебинде  чогуу  иштегенбиз.  Иштеген  ишинин  жыйынтыгынан  бирин  эле  мисал  кылып  кетейин:  «Жылдын  мыкты  мугалими – 1993»  жылдагы  сынакта  райондо  Гран-при  сыйлыгын  алып,  облуста  байгелүү  орунду  ээлеп,  ошол эле  жылы  Пишпекте  (азыркы  Бишкекте)  өткөрүлгөн  мугалимдердин  слётунда  Президенттин  алтын  кол  саатына  татыктуу  болгон.  Мындай  жетишкен  ийгиликтери  айта  берсек  көп.  31  жыл  эмгектенген  билим  берүү  тармагында,  анын  29  жылы  билим  берүү  мекемелеринин  жетекчилик кызматында  иштеп,  өз  ишин  тыӊ  билген,   билим  системасын  мыкты  түшүнгөн  жөндөмдүү  жетекчи  десем  жаӊылышпайм.   Билим  берүү  тармагынын  кайсы жеринде  болбосун  өз  кесибине  берилип  иштеп,  билиминин  тереӊдиги,   рухий  дүйнөсүнүн  бийиктиги,  адамдарга  жасаган  калыс,  адилет  мамилеси  менен  зор  кадыр барк  күтүп  келди.  Аткарган  иштери  аркылуу   замандаштарына  үлгү  болуп  келе  жатат.  Мен  дагы  билим  берүү  тармагында  бардык  күч  аракетин  жумшап,  мугалимдердин  колуна  кол,  бутуна  бут болуп,  жеӊилин  жерден,  орун  колдон  ала  билген  жетекчиге  55  жашка  чыгышы менен  куттуктап,  мындан  ары  дагы  иштериӊиздеги  жөндөмдүлүгүӊүз  өрчүп,  уюштуруучулугуӊуз  менен  элдин  ишеничине  кирип,  элиӊизге  ак  кызмат  өтөй  бериӊиз,  үй-бүлөӊүз  менен   аман  болуп,  ийгиликтин  баары  сиз  жактан  көрүнүп  турсун.

  Улан Касыев:  

 – Мен  агайдын  окуучусумун,  агай менин  устатым,  агай менен  дайыма  сыймыктанам.   Ал  иш  стилинде  көптөгөн  сапаттарды  өзүнүн  интеллектуалдык   жогорку  деӊгээлинде көргөзүп,  бизге  үйрөтүп,  чоӊ  таасир  тийгизип,  биздин  өнүгүшүбүзгө  туура багыт  берип,  адамга,  элге  кылган  мамлилесинин  жөнөкөйлүгү,  сөзүнүн  жугумдуулугу,  иш  билгилиги,  баамчылдыгы  менен  бизге  үлгү  болуп,  биздин  өнүгүшүбүзгө  туура  багыт  берип  келе  жатат.   Кыскасы  биз  агайдын  көптөгөн  жакшы  нерселерди  алып,  өзүбүзгө  сиӊирип,  жакшы  сөзүн,  кеп-кеӊештерин  угуп иштеп  жатабыз.

Акылбек  Кунаевич!  Мугалимдер сиздин  ишиӊизге  ар дайым суктанат. Мен  сиздин  55 жашка  чыгышыӊызды  чын  жүрөктөн  куттуктайм.  Ылайым  эле  жамандыктан  алыс болуп,  мындан  ары  дагы бараандуу  эмгектериӊиздин бай  түшүмүн  көрүп, көп  жашаӊыз.  Сизди  тереӊ  урматтап  таазим  кылам.

                Сыдык Мамыров,

 №35  С.Карыев  атындагы  орто  мектебинин  кыргыз тили жана  адабияты  мугалими

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*