МЕКЕНЧИЛ КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАР

Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филология факультетинин 12 студенти профессор-окутуучулары менен Кытай мамлекетинин Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу областына өз ара маданий саякат, кесиптик практика өткөрүү боюнча түзүлгөн келишимге ылайык барып келишти.

Бул келишим тээ 2013-жылы Кытай Шинжаӊ педогогикалык университеттин ректору, профессор Вали Барат менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин ошол кездеги ректору, профессор Искендер Исамидиновдун ортосунда эки мамлекеттин студенттери, профессор-окутуучулары  өз ара  маданий саякат, кесиптик практика өткөрүү боюнча түзүлгөн болчу.  Бул салттуу кабыл алынып калган сапарды КУУнун азыркы ректору Чынара Адамкулова да колдоп, жол киребизди университеттин каражатынан төлөп берди.

Бизди Торугарт чек арасынан кытайлык кыргыз Шинжаӊ педогогикалык университетинин «Манастаануу» бөлүмүнүн мүдүрү, профессор Мамбеттурду Мамбетакун агай жана Улуучат ооданынын кадрлар бөлүмүнүн секретары, жазуучу Толкун Ады жылуу тосуп алып, Кытай жергесине болгон сапарыбызды коштоп жүрүштү. Алгачкы бизди таӊ калдырганы, бир чети кубандырганы, Тоюн айылынын дүкөндөрүнүн дубалдарында Токтогул Сатылганов баштаган кыргыз элинин улуу ырчыларынан тартып, бүгүнкү заманбап ырчылары: Гүлнур  Сатылганова, Бек Борбиев, Урмат Усенов ж.б. сүрөттөрүн катар-катар илип, кыргыз ырларын жаӊыртып койгону болду. Кытайлык туугандарыбыздын элибизге болгон сый-урматы жүрөгүбүздү жылытып, аларга болгон туугандык сезимибиз ойгонду десем жаӊылышпайм.

Улуу Чат ооданына келгенде аким Сыяр Кален агай менен жүз көрүштүк. Ал жерде да кыргыз элинин ырларын сыймыктануу менен ырдап, көӊүлүбүздү көтөрүштү. Айтмакчы, аким Сыяр Календин  патриоттуулугу менен дүйнөдөгү  эӊ чоӊ  төрт этаж боз үйүн курдуруптур.  Ошондой эле  Манас айылынын бакчасына  узундугу 13 метр, салмагы тогуз тонна болгон комузду орнотуптур.  Бир бетинен караса комуз, экинчи бетинен караса ачкыч болуп көрүнөт экен. Ачкычтай көрүнгөн бетинин ортосуна  Кызыл-Суу автономиялуу областынын картасы түшүрүлүптүр.

Сыяр Кален агай комузду дайым жөлөп койчу экен, анан бир күнү уктап кетип көзүн ачса көзүнө ачкыч көрүнөт, жакшылап караса комуз. Ошентип алты ай дегенде бул көрүнүштү ал ишке ашырган экен. Ушундай эле өзгөчөлөнгөн 7 метр, салмагы алты тонна болгон ооз комуз да бар экен. Ошондой эле Кыргызстанда жок бир канча Манас баатырга арналган көлөмдүү эстеликтерге да күбө болдук.  Ал эми көчөлөрүндө элдер отурчу отургучтар ар түстөгү ата-бабаларыбыз ордо, упай оюндарын ойногон  чүкөлөрдүн формасында экен. Аким өз сөзүндө:  «Отургучту башкача деле кылып жазап койсок болмок, бирок чүкө кылып жасатып койгонубуздун себеби, жаш муундарыбыз улуттук оюн катары ордо, упай ойнолуп келген чүкөнү көрүп таанып, билип өссүшсүн», – деп бизди таӊ калтырган жооп айтты.

Андан соӊ,  «Ажайыпкана» деген музейге бардык. Бул жерден кыргыз элине таандык бардык тиричилик да, аял-заттык да ж.б. көптөгөн ата-бабалардан бери сакталып келе жаткан буюмдар бар экен. Мисалы, шырдак жасап жаткан аял-заты, жайлоонун көрүнүшүн ж.б.у.с. кыргыз жашоосун чагылдырган көрүнүштөрдү көрө алдык. Ошону менен бирге жайлоо, анда төрт түлүк кыргыз малын жайлатып, жанына топозду абышкага карматып койгон көрүнүштү  аким Сыяр Кален: «Жаштардын жалкоо болуп, бардык жумушту карылар аткарып жаткандыгы тарбия болсун, жаштар ойлонсун деп топозду абышкага башкартып койдук» деп түшүндүрдү. Биз бул жерден Манас ата,  анын чоролоруна арналган айкелдерин көрдүк. Ушул жерден Сыяр Кален кыргыздын маданиятына, манасына ылайык келбеген көрүнүш бар деп сөз баштады: «Биз 2011-жылы “Манас” эларалык саясат майрамын өткөргөнбүз. Ал жерде миӊ адам манас айтты, миӊ адам комуз чертти, миӊ адам ооз комузда ойноду. Кийин Кыргызстандан келген кээ бир адамдар “Манас” эпосун  миӊ адам айтпайт, бир адам айтат” дешти. Кийин мен ал адамдарга кайрылдым. “Бизге андай мамиле жасабаӊыздар. Биз келечекте билбей калыштан коркуп, миӊ адам биригип сендей адамга айтып жатыпбыз” дедим. Миӊ адам айтып бир адам угуп жатса манасты билбейт экен дегендик туурабы?»  деп таарынычын ортого салды.

Акимдин жаштардын келечеги үчүн жасаган иштерине, патриоттук сезимине ыраазы болуп, андан ары жол тарттык. Бул жолу биз улуу манасчы Жусуп Мамайдын ашына туш келгенибиз – биз үчүн чоӊ ийгилик болду. Ашта аялы да, эркеги да улуттук кийимдерди кийип жүргөндөрү бизди  кубандырбай койгон жок. Кытайлык боордош кыргыз туугандарыбыздын  жан-дүйнөлөрү да «кыргызбыз» деп согуп турат экен. Алар менен маектешкенде ар бир адамдын жүрөгүндө Кыргызстанды тирүүмдө көрсөм экен деген тилеги турса, көздөрүнөн алар «бейиш» деп атаган кыргыз жерине болгон сагынычы байкалып турду.

“Биз Кыргызстанда жашабасак дагы ар дайым ал жакта болгон жаӊылыктар менен кабардар болуп, кубанса кубанабыз, кайгырса кайгырабыз” деп мекен, сагыныч ырларын ырдашканда көзүбүзгө жаш тегеренип кетти.

Бизге бул сапар кытайлык кыргыздардын элдик фольклорун гана изилдеп чогултуп келүү менен чектелбестен, бул сапар бизге чоӊөзгөрүү жаратты.  Көргөн, укканыбыздын баары биздин жүрөгүбүздөгү мекенге болгон сүйүүбуз да, ар намысыбыз да  күчөдү десек ашыкча болбостур.

Эмне үчүн жерибиздин тунук кашка суусун ичип, жерин тепсеп, абасынан дем алып туруп Кытайдагы кыргыздардай даназалай, барктай албайбыз? Кыргызстан бейиш эендигин жаштарга айтуу менен бирге аны коргоого, улуттук каада-салттарыбызды сактоого,  патриоттуулукка чакырар элем.

Салтанат Анарбек кызы,

Жусуп Баласагын  атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинин 3-курсунун студенти

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*