МУГАЛИМ – ӨЗҮ УЛУК, КАДЫРЫ БИЙИК БОЛУУГА ТИЙИШ

Өмүрүн мектепке арнайм деген жаштар көп

 Ушул күндөрү жаш педагог Кайырбектин кубанычында чек жок. Ал бала кезинен бери эӊсеп келген кыялына 1-сентябрда жетип, алгачкы жолу чыныгы мугалим катары окуучуларга сабак өтүп, алгачкы жолу мугалим үчүн эӊ улуу “агай” деген сөздү укту.

Байтик уулу Кайырбек быйыл Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетин кызыл диплом менен бүтүп, эмгек жолун Бишкек шаарындагы №68 гимназиядан баштап отурат. Ал бала кезинен ата-энесинин, бир туугандарынын жолун жолдоп мугалим болом деп тилек кылып келген. Тандап алган кесибин сүйгөн жаш педагог алдыда кандай оор күндөр турса дагы эч качан мектепти таштап кетпейм деп өзүнө бекем сөз берди.

– Өзүм төрт миӊ сом төлөп батирде турам. Эмгек акым канча сом болоорун билбейм, ал жөнүндө ойлонгон дагы жокмун. Бош убактымда кошумча иштегенге аракет кылам. Буюрса, мен баштаган ишимди эч качан, кандай гана кыйынчылыктар болбосун таштабайм, – дейт Кайырбек.

Бишкектеги №89 мектептин башталгыч классынын мугалими Нурланбек кызы Айгерим болсо үч миӊ сом эмгек акы алганына карабай 1-сентябрда сүйүктүү окуучуларын кайрадан мектептен тосуп алды. Ал былтыр Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин башталгыч класстарды окутуу бөлүмүн аяктап, мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу №89 мектептен эмгек жолун баштаган. Өзү мектепке жакын жерде үч миӊ сом төлөп батирде турат. Алган эмгек акысынын бир тыйынын коротпой батирге төлөп берип, ата-энесинин колун карап отуруп калганына карабай, быйыл кайрадан сүйүктүү мектебинде ишин улантууда.

– Азырынча мени ата-энем багып жатат. Алган эмгек акым эч нерсеге жетпей жатса дагы башкаларга окшоп кесибимди таштап кетип кала алган жокмун. Анткени окуучуларымды жанымдан артык көрөм, жан дүйнөм балдар менен бирге, – дейт Айгерим.

Канча кадр жетишпейт

 Тилекке каршы, жыл сайын миӊдеген жаштар мугалимдик кесипти тандап алып, төрт, беш жыл жогорку окуу жайында билим алып, убактысын да, каражатын да короткону менен Айгерим менен Кайырбектей болуп мектепке барып иштегендердин саны аз. Быйыл республика боюнча жаӊы окуу жылына карата 2340 мугалим жетишпей жаткандыгын, бул кемтикти толтуруу үчүн  жогорку окуу жайын бүткөн 1884 жаш адис мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу мектептерге жөнөтүлгөндүгүн Билим берүү жана илим министрлиги маалымдоодо. Алардын канчасы иш ордуна баргандыгы 10-сентябрдан тарта тактала баштайт.

Жылдагыдай эле быйыл дагы эӊ көп мугалим жетишпеген аймак болуп Чүй облусу эсептелет. Былтыр бул облуска жалпы 759 мугалим жетишпесе, быйыл 574 мугалим жетишпейт. Андан кийинки орунда Жалал-Абад облусу турат. Бул аймакка дагы 457 адис жетишпейт. Бишкек шаарынын мектептеринде болсо 327 мугалимдик орун бош. Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук, кадрдык жана мамлекеттик кызмат башкармалыгынын адиси Мамбетакунова Нургүлдүн айтымында, негизинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда орус тилинде окуткан мектептерде мугалимдер жетишпейт, кыргыз мектептерде болсо мугалимдик бош орун жокко эсе.

Мектептерде эки миӊден ашуун мугалим жетишпей жатса, быйыл жогорку окуу жайын 4779 жаш педагог аяктады. Анын 2381 бюджеттик негизде, 2398 контракттык негизде окуган. Былтыр болсо жалпы 4406 студент бүтүп, анын 1977 мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу мектептерге жөнөтүлгөн. Бирок жыл сайын төрт миӊден ашуун жаш педагог окууну бүтүп, анын эки миӊге чукулу мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу жөнөтүлүп жатканы менен жетишсиз мугалимдердин орду толбой келет.  Былтыр республика боюнча жалпы 2476 мугалим жетишпесе, быйыл анын саны анчалык деле өзгөргөн эмес. Былтыр мамлекеттик бөлүштүрүү аркылуу жөнөтүлгөн бүтүрүүчүнүн 1435 гана иш ордуна барган. Быйылкы жолдомо алган жаш адистердин канчасы иш ордуна бараарын азырынча эч ким так айта албайт. Бирок быйыл бюджеттик негизде окуган студенттерди кайрадан мектепке тартуу үчүн Өкмөт атайын токтом кабыл алды. Ага ылайык мамлекеттик гранттын эсебинен окуган ар бир студент мектепте үч жыл иштеп берүүгө милдеттүү. Андан баш тарткандар мамлекет короткон акчаны кайра төлөп бериши керек. Бул жылы мамлекетке иштеп берүүдөн баш тарткандар ар бир окуу жылы үчүн 30 миӊ сомдон, орто кесиптик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү 28 миӊ сомдон төлөп берүүгө тийиш.

Супарасы курук болбошу керек

 Республикада педагогдор 12 жогорку жана төрт орто кесиптик окуу жайында дайындалат. 12 жогорку окуу жайдын төртөө гана борбордо жайгашса, калганы республиканын башка аймактарында. Бирок ар бир облуста экиден окуу жай педагогдорду даярдап жатканы менен мугалимдердин жетишсиздиги жоюлбай, билимдин сапаты жогорулабай жаткандыгы маселе жаратпай койгон жок. Билим берүүнүн сапаты жогорулашы үчүн ириде мугалимдер социалдык камкордукка алынышы керек экендигин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дагы Билим берүү кызматкерлеринин үчүнчү съездинде баса белгиледи. Анын айтымында, мектепке жаӊы барган жаш адис мамлекет тарабынан да, жергиликтүү бийлик тарабынан дагы камкордукка алынышы керек. Андыктан бул милдетти мамлекет башчысы Өкмөткө жүктөп, эӊ алгач мугалимдердин эс алуусуна жана ден соолугун чыӊдашына шарт түзүп берүүнү милдеттендирди. Агартуучулардын турак-жай маселесин чечүүүчүн ипотекалык негизде үй берүүнү колго алуу зарылдыгын дагы айтып, мугалимдерге карата камкордук программасын кайрадан карап чыгууну сунуштады. Мамлекет башчысы мугалимдер камкордукка алынганда гана билимдин сапаты жогорулаарына токтолуп, учурда квалификациялуу педагогдорду даярдоо маселеси орчундуу болуп жаткандыгын да баса белгиледи.

– Азыр биздин жарандар билимдин сапатына нааразы болуп жатышат.  Албетте, билимдин башатын мектеп, анын өзөгүн мугалим түзөт. Андыктан бизге жогорку билимдүү, ар тараптуу маалыматка сугарылган, чыгармачыл мугалимдер керек. Бир канча жыл мурун педагогикалык факультеттерди аяктаган студенттердин 17% гана мектепке барып иштесе, азыр бул көрсөткүч 30% өстү. Бирок бул дагы аз. Бул мугалимге социалдык колдоо начар болуп жаткандыгын айгинелеп турат, – дейт өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, заман талабына жооп берген педагогдорду даярдоо үчүн алгач мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл. Ал үчүн ишти бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдөн баштоо керек. Себеби жождор бюджеттин эсебинен мамлекетке кереги жок адистиктерди окутуп, мамлекеттин каражатын текке кетиришүүдө. Ошол эле учурда акыркы жылдары табигый илимдерди окуй турган адистиктерге жаштардын барбай жаткандыгын мамлекет башчысы дагы, съезддин катышуучулары дагы секциялык иштерде баса белгилешип, бир канча жылдан кийин химия, физика, математика сабактарын окута турган мугалимдер калбай калуу коркунучу бар экендигин айтышты.

Акыркы кездерде билим сапатынын төмөндөшүнө мектеп жогорку окуу жайын күнөөлөсө, жож мектепти күнөөлөп келет. Бирок тилекке каршы, эки тарап теӊ биргелешип иштөө аракетин көрбөй, керек болсо практикага барган студенттерди мектеп албай жаткандыгын, же аларга тийиштүү көӊүл бурбай жаткандыгын съезддин катышуучулары “Педагогикалык билим берүү” секциясында биринчи маселе катары карашты. Жогорку окуу жайларда бир күндү сөзсүз “Мектеп күнүнө” арнап, студенттин бир күнүн толук мектепте өткөрүү менен, анын теориялык алган билимин практика менен айкалыштырууну жолго коюу зарыл. Андан сырткары токтоосуз түрдө мугалимдерди жаӊы стандартка тууралап даярдоо зарыл. Билим берүүнүн жаӊы стандарты түзүлгөндүгүнө байланыштуу жождор дагы программаларын өзгөртүүгө тийиш. Себеби жождун программасы азыркы жаӊы стандартка туура келбейт.

– Тез арада  иш тобун түзүп, жождун билим берүү стандарттарын мектепке тууралап оӊдоп, же жаӊы стандарттарды даярдашыбыз керек. Себеби азыр билим берүүнүн философиясы өзгөрдү. Демек, ошого жараша студенттерди даярдашыбыз керек, – дейт Кыргыз билим берүү академиясынын Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясынын башчысы Кыргызбай Добаев.

          2015-2016-окуу жылына карата мугалимдердин жетишсиздиги

Область, шаар Мугалимдер жетишсиздиги
Ош облусу 301
Ош шаары 249
Талас облусу 63
Чүй облусу 574
Нарын облусу 28
Баткен облусу 164
Ысык-Көл облусу 177
Жалал-Абад облусу 457
Бишкек шаары 327
Республика боюнча 2340

 

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*