Сабийра ЧЕЛПАКОВА: “Кытай мамлекети мектептен тышкаркы билим берүүгө өзгөчө көӊүл бурат экен”

 «Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду Кытай Республикасынын билим берүү системасы менен тааныштыруу, тажрыйба алмашуу максатында Гуанчжоудагы Түштүк-Кытай университетине Кыргыз Республикасынын мектептеринин, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин директорлорун, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын алып барып келди. Бул сапар тууралуу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакова айтып берди.

– Сабийра Муслимовна,  кытай билим берүү системасынын өзгөчөлүгү эмнеде экен? Сизди  эмнелер кызыктырды?

– Кытайдагы университеттердин алдында өзүнүн бала бакчасы, башталгыч, орто билим берүү мектептери, ошондой эле кошумча билим берүүсү да бар экен. Ар бир мектепте, бала бакчада, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде  башталгыч класстын окуучулары үчүн өзүнчө, студенттер үчүн өзүнчө бөлүнгөн абдан чоӊ китепканалары бар экенин көрүп таӊ калдым. Менин баамымда, Кытайда китеп окуганга өзгөчө көӊүл бурулуп, кичинекей балдардан бакыйган профессорлорго чейин китеп окуп отургандарын көрөсүӊ. Керек болсо, бала бакчага келген ата-энелер дагы балдарын бекер күтүп отурбастан китеп окуп отурушат. Бардык билим берүү тармактары акыркы муундагы техникалар менен камсыздалган, бирок кытайлыктар электрондук китепканаларга чек коюшуптур. Бизде болсо, тескерисинче, китепке маани  бербей,  мейли чоӊдор болсун, мейли окуучулар болсун, мейли студенттер болсун жалаӊ гана компьютерди теше тиктеп отуруп алып китептерди окуп, рефераттарды көчүрүп, оюндарды ойноп отурат эмеспи. Биз дагы Кытайдан үлгү алышыбыз керек экен.

Кытайда мектептен тышкаркы билим берүүдө советтик мезгилдеги талаптар ошол бойдон калыптыр. Маселен, ар бир окуучу өзү тандаган ийримден билим алат. Эгер жакса 2-3 ийримдерге бир учурда эле катышканга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Кытайда өзгөчө каллиграфияга маани бурулат. Ошондуктан атайын курстарда баары каллиграфияны окушат. Мындан сырткары, 2-3 жаштагы балдар эки дөӊгөлөктүү велосипедде төрт бурчтукту, тегеректи айланып тебишет.  4-5 жашка келгенде эч нерседен коркуп-үркпөй эле велосипедди эркин тээп калышат. Ошондой эле техникалык ийримдерге да чоӊ маани бурулат экен. Өзгөчө балдар авиамодель ийримине көп жазылышат. Баса, бизде, мисалы, ыр, аскерге даярдоо сабактарынын сааттары кыскартылып жатса, Кытайда, тескерисинче, так ушул предметтерге көп саат каралган.

– Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине мамлекет тарабынан кандай көӊүл бурулат экен?

– Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине мамлекет өзгөчө маани бурат. Бул тармактын башын бириктирген ассоциация да бар экен. Ар бир райондо балдардын борборлору иштешет. Мисалы, Пекин шаарында республикалык деӊгээлде тажрыйба алмашуу боюнча чоӊ иш-чаралар өткөрүлүп тураарын кытай педагогдору айтып беришти. Кошумча билим берүү мекемелери мектептер, институттар менен тыгыз иштешет. Мага жакканы республикалык иш-чараларга мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери волонтерлорун жиберип, алар айылдан келгендерге  бийлегенди, ушунун, таэквондонун  ыкмаларын үйрөтүшөт. Бул деген шаар менен айылдын деӊгээлин теӊөөгө көрүлгөн камкордук деп түшүнсөк болот.

Кытайда мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин педагогдору мектеп мугалимдеринин айлыгындай эле алышат экен. Анткени айлык акыга педагогдун категориясы, окуучусу берген баасы да таасир этет.  Ошондуктан педагогдор окуучу көбүрөөк билим алышына кызыкдар жана анын ийримде калышына бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт.

– Ийримдерге кирүүүчүн акы төлөшөт бекен?

– Жок. Баары бекер, мамлекет камсыздайт.

– Сиздер барган учурда кандайдыр бир иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк болдубу?

– Мектептеринин айлана-чөйрөсү темир менен тосулган, коопсуздук кызматы көзөмөлдөп турат. Чоочун адамдар кире албайт. Мага жакканы иш-чарага келген ата-энелер баары мектептин талабы боюнча окшош жашыл түстөгү футболка кийишсе, окуучулар сары, мугалимдер кызгылт футболка кийишет экен. Ал эми мектепке келген конокторго бейжиктер таратылат. Ар бир мектептин алдында бала бакчалар бар. Биз ошол бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнүн кечесине катыштык. Балдар сахнада ырдап, бийлеп жатышты. Ошол эле кезде экранда бир баланы көрсөтүп, отурган ата-энелерден, балдардан бул ким деп сурашканда, алар баары баланын аты-жөнүн айтышат. Бул деген бири-бирин жакшы билээрин, бир команда экенин билдирет. Иш-чаранын аягында ар бир бала ата-энесине ыраазычылыгын билдирүү максатында стаканда куюлган чайды берет.

Ал эми залдарынын баары теӊ айнектен жасалган, ошондуктан сырттан эле балдар, педагогдор эмне кылып жатышканы даана көрүнүп турат.

– Башка мамлекетке барып кайткандан кийин ар бир инсан топтогон тажрыйбасын ишке ашыргысы келет эмеспи…

– Кытайдагы бардык жакшы нерселерди көргөндөн кийин сөзсүз ошолорго теӊеле албасак да, имаратыбызды капиталдык ремонттон өткөрөлү дедик. Негизинен буга жети жылдан бери эле даярданып келатканбыз. Анткени бул имарат биздин колубузга 1992-жылы өткөрүлүп берилген. Имарат тарыхый жана архитектуралык эстеликке кирет жана мамлекеттин коргоосунда турат. Ошондуктан эскилиги жеткен архитектуралык эстеликти сактап калуу үчүн  Кытайдан келгенден кийин Билим берүү жана илим министрлигине  кайрылып, 7,5  млн. сомго смета жазганбыз, алар бизге 490 миӊ сом ремонтко бөлүп берди. Ал каражат эмнеге жетет? Караӊызчы, концерт койгон залды оӊдоо үчүн эле 3 млн. сом керек, кире беришке 1 млн. сом ж.б.у.с. ремонтко муктаж көп нерселер бар. Абалдан чыгуу үчүн ата-энелерге кайрылып, 600 миӊ сомдой каражат чогултулуп, жаӊы окуу жылына жаркыраган имаратта балдарыбызды тосуп алдык. Айтмакчы, «Юрфа» кампаниясынын жетекчиси А.А.Кимсанов өзүнүн эсебинен 100 миӊ сом которуп, имараттын ремонтуна демөөрчү болуп берди.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

6 Комментарии

  1. Exactly, it’s same thing as HH only not in a book (pictures, hand written lyrics) BUT with their individual thoughts!!! It’s VERY creative! I think Andy did a super job. And I feel that DVD will be just as good (or better) than Building a hurricane cause we’ll get to see the journey “a day in the life”: does no one else think we’ll see actual “recording” session?

  2. I was wondering if you ever thought of changing the
    page layout of your blog? Its very well written; I love what youve got to say.
    But maybe you could a little more in the way of content so people
    could connect with it better. Youve got an awful lot of text for only having one or 2 images.
    Maybe you could space it out better?

  3. I’m impressed, I have to admit. Rarely do I come across a blog that’s both educative
    and amusing, and let me tell you, you’ve hit the nail on the head.

    The issue is an issue that too few men and women are speaking
    intelligently about. Now i’m very happy that I came
    across this in my hunt for something relating to this.

Добавить комментарий для Melissa Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*