СТАМБУЛ ЖЕРДИН ЖҮРӨГҮНДӨЙ

 (Башталышы өткөн санда)

Мугалими менен дарыгерин  сыйлаган өлкө

 “Түркия аба жолдору” авиа компаниясы Кыргызстандан барган журналисттердин тобуна өз ишмердүүлүктөрүн көрсөтүп бүткөн соӊ, эртеси Стамбул шаарын атайын гид менен кыдыртып, бир катар маданий, тарыхый жерлерине алып барышты.

Бизди Стамбул боюнча тааныштырып жүргөн гид бир убакта Түркияда эӊ көп айлык  дарыгерлер менен мугалимдерге төлөнөт, дарыгерлер эки миӊ доллардан ары алса, мугалимдер миӊ доллар алат деп тамшана түштү. Мен чын эле ушундайбы деп тактап сурадым.

— Ооба, — деди ал сөзүн улап, айрым дарыгерлер керек болсо төрт миӊ долларга чейин айлык алышат. Ал эми орточо айлык 450 доллар. Андан аз маяна төлөгөн ишканага айып пул салынат, — дегенде биздин оозубуз ачыла түштү.

— Бизде, тескерисинче, эӊ аз айлыкты мугалимдер алышат, — дешти журналисттер кичине санааркай түшүшүп. Мугалими менен дарыгерин сыйлаган өлкө кантип өнүкпөсүн дедим ичимен.

 Стамбул Түркия боюнча өндүрүштүн эле эмес илим, билимдин, академиялардын да негизги борбору. Мында жүздөгөн окуу жайлар, илимий мекемелер иштейт. Айтылуу Стамбул университетинде эле 140 миӊ, Мармарада 55 миӊ студент окуйт. Мармара университети көп тилдүү окуу жайы болуп эсептелет. Мында айрым факультеттер англис, немис, француз тилинде билим алышат.

 Түркиянын жалпы салыгынын 40 пайызы ушул Стамбулда чогулат. Кийинки 20 жылдан ашуун мезгилде Стамбул болуп көрбөгөндөй өнүктү дешет. Анын оожалышына  азыркы президенти Эрдогандын чоӊ салымы бар экен. Ал Стамбулдун мэри болуп бир катар жылдар иштеген мезгилде шаар гүлдөп, экономикасы ай чапчыптыр. Ошондой опол тоодой эмгеги үчүн эл аны президент кылып шайлап алышты.

 Стамбулга 24 жыл мурун барган адам азыр барса адашат, өнүккөнүн көрүп калпагы жерге түшөт. Мына, өсөт, оӊолот деп ушуну айтат. Кыска аралыкта алар Босфордун жээгине эки асма көпүрө курушту. Көпүрө тургай деӊиздин эки жээгин туташтырган суу астындагы метротуннел салышты. “Түркия аба жолдору” авиа компаниясы дүйнөнүн чар тарабына учуп турат. Өнүгүүнүн баары мугалимге байланыштуу, алар мыкты окутат, ЖОЖдору кесипке татыктуу даярдайт. Бул билим айлампасындагы мыкты сапат Түркиянын бүгүнкүсүнөн көрүнүп турбайбы.

Туристтер каптаган шаар

 Стамбул Түркиядагы туристтер эӊ көп келген аймак. Орто эсеп менен бир жылда 12 миллиондон ашуун турист келет. Бул жагынан дүйнөдө бешинчи орунда турат. Туристтер үчүн аймактар дагы да болсо кеӊейүүнүн үстүндө. Мисалы, 2000-жылы келген туристтердин саны 2,4 млн. болсо, 2012-жылы 11,6 млн. болгон. Өсүү темпин салыштырып көрүӊүз. Туристтерди тартуу, аларды тейлөө, рекламалоо жагынан Стамбул дүйнөдө бешинчи орунда турат.

Шаарда 70 музей, 64 мечит, 49 эзелки чиркөөлөр бар. Байыркы чептер шаар ичинде дале бузулбай Константинополду (мурунку аты) эске салып, тарыхый ордунда айлантылып курулган боюнча турат. Топкапы сарайы, Ая-Софи эле бир жылда 30 млн. доллар таза киреше берет. Топкапыдан Мухаммед пайгамбардын кылычын, кесесин, буюмдарын көрдүк. Султан Ахмет мечитине барып, куран багыштадык. Стамбулда негизинен мусулмандар жашайт. Арак ичип, мас болгон кишини көрбөйсүӊ. Баары түрк чайын ичип олтурушат. Соода сатыктагы паритеттик ички дүӊ продукциясы 301.1 млрд. доллардан ашкан шаардын тургундары бизге токпейилдей көрүндү. Жулунган эч ким жок, жашоо жакшы. Стамбул миллиардерлердин да шаары. Айрым булактардын маалыматында шаарда 30дай миллиардерлер жашайт.

Биз Мрамор деӊизин бойлоп басып жүрүп, анын жээгинде эс алгандарды көп көрдүк. Самоор кайнатып, тамагын жайнатып, бир нукум жерин таштанды кылбай олтурушат. Мрамор деӊизин бойлото бетондолгон чоӊ жолдун аркы бети көк жайык. Ошол жерде атайын эс алыш үчүн отургучтар коюлган. Спорттук шаймандар да орнотулган. Тиги жагында деӊиздин боюндагы чоӊ аска таштардын арасында мышыктар балдарын ээрчитип жүрөт. Мышыкка алар тийбейт экен. Мынча келип, деӊизге түшпөй кетсек уят болот деген Адилет кесиптешимдин демилгесин колдоп, баарыбыз Мармара деӊизине чабак урдук. Туздуулугун айтпаӊыз. Ысык-Көлүбүз ага караганда булактын суусу болуп калат экен. Мармара деӊизи чалкып жатат. Бул да өзүнчө деӊиз транзити катары чоӊ роль ойнойт.

Стамбулда бизге салыштырмалуу кыш деле болбойт. Кышы биздин эрте жаздагы аба ырайындай. Мен муну мурда кыш мезгилинде барганымдан улам айтып жатам. Мекемелерде, үйлөрдө атайын ток жылыткычтар сайылып турат. Ошолор менен эле кыштан чыгып кетишет. Бирок кышында Мрамор деӊизи тараптан келген муздак шамал мээӊди чакчудай болот. Ошентсе да, Стамбулга кышта барсаӊыз өтө жылууланып тон кийбей эле койгонуӊуз оӊ. Үшүбөйсүз деле. Жайы өтө ысык эмес, 30 градустан ашпайт. Деӊиз курчап тургандыктанбы, абасы таза, ак көйнөктү жуубай бир жума кийсеӊиз болот.

Босфордогу бейиш

 Стамбул өзү калкынын саны жагынан Европадагы үчүнчү шаар. Бул жакта 15 миллионго чукул адам жашайт. Такталбаган маалыматтарда 20 миллион деп да жүрүшөт. Ушунча калк жашаган шаардын тазалыгын айтпаӊыз, гүлдөр жайнап көчөлөрү күзгүдөй көрүнөт. Түрк эли бири-бири менен көп араздашпаган эл. Бири-бирине жылуу мамиле кылышат. Жалпы Түркия дегенде жанын беришет. Стамбулду аралап жүрүп кыйкырып урушкан, машинесин туура эмес токтотуп корстон болгон, бир аз аярласаӊ сигнал берип шашкан, сөгүнгөн адам жокко эсе. Баары иш менен алек. Чоӊ, бензинди көп жеген жол тандабас машинелерди көчөдөн көргөн жокпуз. Эмнеге сейрек деп сурасак, бензин кымбат дешти. Чакан, жаӊы машинелер кыйма-чийме жолдордун көркү болуп берет. Эли байманасы ашып турса да сарамжалдуу жашаганга көнүшкөн.

“Түркия аба жолдорунун” өкүлү Селим бей бизди Босфорду көрсөткөнгө шашты. «Стамбулга келип, Босфорду көрбөй кетсеӊ анда бул жакка келбегендик болуп калат», — деди. Илгери орустун акыны Сергей Есенин Босфорго барам деп чамынгандай, биз да эртеӊки күндү күтүп, чамынып калдык. Босфор – Стамбулдун көрөр көзү, көкүрөгү. Кара деӊиз менен Жер ортолук деӊизди туташтырып, ортодо Босфор кызыгы аркылуу бир жылда 200 млн. тонна нефти ташылып өтүп турат. Хайдарпаша, Амбрали, Зейтинбурну портттору эӊ ирилерине кирет, майдаларын айтпай эле коелу. Биз ошол айтылуу Босфордо кемеде чайпалып, көп жүрдүк. Стамбулдун азия жана Европа тарабын байланыштырган Босфордогу эки асма көпүрө көз тайгылтат. Үчүнчү көпүрө да салынышы мүмкүн дешти.  Өндүрүшкө айланган деӊиздин чарчаар түрү жок. Кемелер байма-бай туристтерди ташып жатат. Деӊиз жээгиндеги үйлөрдүн баасы эӊ кымбат, миллион долларга чейин барат дешти. Бул жак Стамбулдагы эӊ кымбат райондорго кирет экен. Кечкисин ошол Босфордун жээгиндеги эӊ абройлуу ресторанында сый тамакка бардык. Түрк элинин ашканасы эӊ бай келет. Бир эле тамактын жүз түрү бар. Акчаӊ болсо тандап жей бер. Бул да болсо ашкана технологиясынын алдыга бара жатканын көрсөтүп турат. Кааласаӊ жээкке токтогон кораблдын ичинен түштөнсөӊ да болот. Ар жагында балыктын түрүн жейм десеӊ тез арада кууруп келе калчу атайын кафе иштеп турат. Биз алардан туристтерди кантип тейлеш керектигин барып үйрөнүшүбүз керек.

 Стамбулда чыгыш менен батыштын маданиятын теӊ көрөсүӊ. Ошон үчүн чыгышы да, батышы да деӊиздин куймасындай бир жерден жолугуп, жуурулушуп кете берет. Сиз ал жерден светтик жашоону да, диндик салтты да тереӊ байкайсыз.

 Туризм бешбармак деген тамак менен эле өнүкпөсүн турмуш өзү далилдеп жатпайбы. Алар миллиондогон туристтерди кабагым-кашым дебей, биздегидей кээде этке, чучукка уулантып ийбей тамагын берип, тейлеп жатышат. Тейлөө да эӊ сонун. Сен өзүӊдү кадырлуу кудаӊдын үйүндө конокто отургандай сезесиӊ. Тейлөөчүлөрдүн баары эркектер. Жашы да, орто жаштагысы да жүрөт. Биздегидей официант 20 жаштан ашпасын деген чектөө жок. Биз андан ары аягына чыксаӊ суй жыгылчудай болгон Гранд базарын да араладык. Байыркыдан бери келе жаткан Гранд базарынан алчу кийимиӊди кадимкидей соодалашып аласыӊ. Билбей барсаӊ бул жерден арзан оокатты эки эсе кымбат сатып алышыӊ да мүмкүн. Стамбулду бир дем менен айтып бүтө албайсыӊ. Анын ички духун тереӊ билиш үчүн жылдап жашаш керек.

Майрамбек Токторов,

“Кутбилим”, Бишкек — Стамбул — Бишкек      

P.S. Стамбулга карата уюштурган мындай журналисттердин пресс-туру үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине жана “Түркия аба жолдоруна” сөз кезегинде тереӊ ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Куш канаттуу  “Түркия аба жолдору”  менен учуӊуз

 “Түркия аба жолдору” авиа компаниясы өткөн саныбызда кабарлагандай дүйнө жүзүндө эӊ ишенимдүү, жогорку сапаттагы авиа компания катары таанылган. Бул бир эле аталган авиа компаниянын эмес, бүтүндөй Түркия Республикасынын ар намысы, мактанычы экендигин да айтпай кетүүгө болбос. Ошондуктан өткөн 2014-2015-жылдары  эл аралык каттамдагы жүргүнчүлөрдүн саны 6,8 пайызга өскөн. Ал бизнес-класста эле эмес, эконом-класста да бир нече ирээт эӊ мыкты компания деп табылган. Мындай дүйнөлүк аброй “Түркия аба жолдору” үчүн чек эмес. Алар дүйнөлүк “учуу космосунун” алдыӊкы гана сабында турууну көздөшөт. Дүйнөлүк коомчулук бүгүнкү күндө “Түркия аба жолдорунун” азыркы жетишкендигин танбайт жана дээрлик миллиондогон адамдар ишенимдүү болгондуктан бул компанияны тандап, алардын учактары менен беймарал учуп келишет. Эӊ негизгиси, борт инженерлери болгон учкучтардын, стюардессалардын кесиптик даярдыгы, тейлөөнүн мыктылыгы, учактардын жаӊылыгы, заманбап талаптардын бардыгына жооп берип тургандыгы эртеӊ  дүйнөнүн алыс тарабына, жердин наркы бетине барам дегендердин зор ишеним артышы бир эле бул “Түркия аба жолдору” авиа компаниясынын жетишкендиги эмес, жалпы эле адамзаттын жеӊиши катары бааланышы керектигин да айтпай кетпесек болбос. Ушундай дүйнөлүк эгедерлике жетише алган Түрк туугандарыбызга бир чети таӊ калып, бир чети тереӊ ыраазы болбой койбойсуз. Эмесе, миллиондогон элдерди аман-соо асманга учуруп, жай кондура бериӊиз, куш канаттуу “Түркия аба жолдору” компаниясы!

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*