ТӨРТҮНЧҮ МУГАЛИМГЕ МОСКВАГА ЖОЛ АЧЫЛДЫ

Cанжарбек Данияровдун фонду тарабынан Чүй облусунун башталгыч класстарынын мугалимдери арасында өткөрүлгөн “Биринчи мугалим” конкурсунда башкы сыйлыкты Ортоӊку-Чүй айылынын №1 орто мектебинин мугалими Уланова Наталья жеӊип, Москва шаарына он күндүк саякатка жолдомо утуп алды.  

Сынактын экинчи туру 5-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУда өтүп, биринчи турдан тандалып алынган үч конкурсант: Сокулук районуна караштуу Средне-Чуйск айылынын №1 орто мектебинин мугалими Уланова Наталья, Кемин районундагы Чым-Коргон айылынын А.Казакбаев атындагы орто мектебинин мугалими Абдразакова Бактыгүл жана Панфилов районундагы  К.Жуматаев атындагы орто мектептин мугалими Мырзабекова Нагызгуль баш байге үчүн ат салышышты.

Сынактын биринчи турунда Чүй облусунун башталгыч класстарынын мугалимдери “Үйүндө китеби жок балдарды көркөм адабият окууга кантип үйрөтсө болот” деген темада дилбаян жазып жөнөтүшкөн.  Андан эӊ мыкты жазылган үч дилбаян калыстар тобу тарабынан тандалып алынган. 1-турдун жеӊүүчүлөрү окуучулары менен биргеликте Бишкек шаарына экскурсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал эми сынакка катышуу үчүн дилбаян жазып жиберген мугалимдердин баардыгы жыйынтыктоочу экинчи турга чакырылып, алар дагы “10 жашка чейинки балдар үчүн менин сүйүктүү китептерим” деген сынакта ат салышып, ар кандай суроолорго жооп беришти.

– Экинчи турдун программасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кызыктуу болду. Калыстар тобу, катышуучулар, сүрөөнчүлөр жана коноктор активдүү талкуу жүргүзүшүп, баалоо критерийлери алдын ала айтылып, ар бир сынакка упайлар өз учурунда берилип турду. Мугалимдерге кызыктуу болушу үчүн атайын Токтогулдан жазуучу Турусбек Мадылбайды чакырганбыз. Ал мугалимдер менен тажрыйба бөлүшүп, балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруунун жолдорун айтып берди. Ал 32 тилде эркин сүйлөйт жана үч тилде китеп жазат. Андан сырткары англис тилиндеги мыкты дүйнөлүк китептерди кыргыз тилине которуп чыккан. Андан сырткары кыргызстандык жазуучу Олег Бондаренко мугалимдерге өздөрү түзгөн сайт тууралуу айтып берди. Сайттан акыркы жылдардагы жазуучулардын чыгармалары, чыгармачылыгы жана башка көптөгөн чыгармаларды орус, кыргыз тилинде тапса болоорун жана жаш окурмандар “Том Сойердин жоруктарынын” кыргыз тилиндеги вариантын көчүрүп алса болоорун билдирди, – дейт фонддун жетекчиси Асель Даниярова.

Баш байгени утуп алган Уланова Наталья жакын арада фонддун жетекчиси Асель Даниярова жана конкурстун 2013-жылдагы жеӊүүчүсү Шабдан орто метебинин мугалими Акматканова Алмагүл менен биргеликте Москва шаарына он күндүк саякатка жөнөп кетет.

– Быйыл эки жеӊүүчүнү алып кетип жатам. Себеби 2013-жылдагы сынактын жеӊүүчүсүүй-бүлөлүк шартына байланыштуу бара албай калган. Алар менен мен 24 саат бою чогуу болуп, менин Москвадагы үйүмдө жашайбыз. Жылына бир жолу айыл жергесинде жашап, эмгектенген мугалимди Москва шаарын кыдыртсам неге болбосун деген ойго токтолдум. Албетте, каржы жагынан мүмкүнчүлүгүбүз биз каалагандай болбогондуктан, конкурс жарыялап, анын жеӊүүчүсүнө ушундай мүмкүнчүлүктү тартуулоону чечтик. Жылына бир мугалимди Москвага алып барып, маданий шедеврлер менен жакындан тааныштырып турсак, ал келип, көрүп-билгендерин окуучуларына айтып берсе бир топ эле пайдалуу болоору бышык.

Бул конкурс эмне үчүн башталгыч класстын мугалимине арналганын жана эмне үчүн айылдык мугалимге гана басым жасалаары эми түшүнүктүү болсо керек деп ойлойм. Ал эми биз азыр Чүй облусунун мектептери менен гана чектелип жаткандыгыбыз – каржылык камсыздоого байланыштуу. Жакынкы келечекте конкурсту кеӊейтебиз деген ишеничтемин, – дейт А.Даниярова.

Билимди, маданиятты жогорулатууга, сак саламаттыкты жана айлана-чөйрөнү сактоого салым кошууну максат кылган Санжарбек Данияровдун фонду 2010-жылы түзүлгөн. Бул фонд каттоодон өткөндө кыйла жыл Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ректору болуп иштеген, заманынын белдүү инсаны, белгилүү академик өзүнүн ысмын ыйгарган.

Чолпон Кийизбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*