ТАРБИЯ ЖҮГҮН ЖАБЫЛА КӨТӨРӨЛҮ

Кыргызстан мугалимдеринин үчүнчү курултайында ар кайсы темалар боюнча секциялар иштеп, мазмундуу талкуу болгон эле. Бул ирет сиздердин көӊүлдү «Баланы тарбиялоодогу мектептин, ата-эненин, коомчулуктун өнөктөштүгү» секциясында айтылган урунттуу ойлорго бурабыз. Талкууну профессор, ф.и.д., Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы билим берүү боюнча эксперттик кеӊештин мүчөсү Замира Дербишева алып барды.

«Эскиден» баш тартып…

 Замира Дербишева:

– Эки-үч жылдай мурун Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү боюнча коомдук эксперттик кеӊеш менен жолугушканда тарбия иштерине өзгөчө көӊүл бурган эле. Президент билим берүү тармагынын ар кайсы (мектепке чейинки, мектептеги, жогорку) деӊгээлдеринен шайланган кеӊеш мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин угуп, республикада тарбия маселелери ойдогудай чечилбей жаткандыгына тынчсызданган болчу. Өлкө башчынын талабы боюнча иштелип чыккан «Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясынын» өзөгү даяр, ал толук бүтүрүлүп кайрадан бекитүүгө сунуштала элек. Бул документти иштеп чыгууга бала бакча тарбиячылары, мектеп мугалимдери, жетекчилери, Кыргыз билим берүү академиясынын адистери жана башка педагогдор катышкан. Сиздер бул жаатта өз оюӊуздарды ортого салыӊыздар – концепцияны толуктап, өркүндөтүү керек. Сунуштар, идеялар канчалык көп болсо, алардан эӊ алгылыктууларын иргеп алуу ошончолук оӊой болот.

 …: (тилекке каршы, диктофондо бүдөмүк жазылып калгандыктан айрым катышуучулардын аты-жөнү такталбай калды):

– Биз былтыр 22-июлда Билим берүү жана илим министрлиги бул Концепцияны бекиткенден кийин Ысык-Көл облусунда август кеӊешмесинде бул жаатта иштегенбиз. Бул документте жети багыт белгиленсе, биз тогуз багыт менен ишти баштаганбыз. Мекенчилдикке тарбиялоо, үй-бүлөлүк таалим, сергек жашоо мүнөзү жана башка багыттар боюнча иштеп жатабыз.

Екатерина Сухорукова, Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр ш., №1 мектептен:

– Эгер азыр сунушталып жаткандай ата-энелерден белгилүү өлчөмдө алынуучу жардам акчаны мыйзамдаштырып койсо, анда көп балалуу, толук эмес, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке такыр эле келе албай калат, анткени алар мындай салымды эл катары кошо албайт.

Галина Богомолова,  Ош шаары №4 о.м.:

– Мен концепция боюнча азыркы окулган тексттен бир гана чогуу каржылоону мыйзамдаштыруу жөнүндөгү жаӊылыкты байкадым, калган баары буга чейин болуп келген. Биз буга чейинки жакшы жетишкендиктерибизди унутпашыбыз керек. Мен кырк беш жыл мектепте иштедим, кандай өзгөрүүлөр болсо, баарын баштан өткөрдүм. Азыр Америка менен Англиянын мектептеринде биздеги болгон эӊ мыкты табылгаларды колдонуп жатышат. Күн сайын радиодон угам – Макаренконун «Педагогикалык поэмасын», Сухомлинскийдин «Павлыштагы кубаныч мектебин» колдонууга алып жатышыптыр. Менин сунушум: келгиле, шефтик ишти кайрадан киргизели. Ишкананын алдыӊкы жумушчулары тарбиясы начар балдар менен кандай жакшы иштешчү эле? Илгери октябрят, пионер, комсомол уюмдары окуучуларды кандай тарбиялачу эле? Жеке мугалимдин сындаганы өзүнчө, бирок баланын туура эмес жосундарын теӊтуштары, бүтүндөй класс, мектеп жактырбай турганы сезилсип турса, мунун таасири алда канча чоӊ эмеспи? Жамааттагы тарбия, шефке алуу иши жаштарга абдан туура багыт берет. Илгери шахтер бригадасы менен иштешкенибизде окуучуларды шахтага алып түшкөнбүз. Ошондогу балдардын алган таасирин сөз менен айтып бүтүүгө болбойт. Ынтымак, түшүнүшүү, өз ара сый-урмат, биримдик, камкордук канчалык зарыл экенин баары сезип, тереӊ түшүнүшкөн ошондо.

Мына азыр диний экстремизм деп какшап жүрүшөт. Бул балээ каяктан чыгып жатат? Албетте, тийиштүү тарбиянын жоктугунан. Азыр бир хиджап салынып келген кыздардан мектеп формасын кийүүнү талап кыла албай отурабыз. Мейли, хиджап деле салынсын үйүндө, бирок мектепте окуучулук формасы менен жүрсүн – диний эмес мамлекеттин мыйзамдарын сыйлоого ар бир жаран милдеттүү. Муну сүездде Президент да баса белгиледи го.

Ата-эненин жоопкерчилигин мыйзам чегинде аныктап, бекемдеш керек. Мисалы, окуусу начарлап кеткен баланын атасы же энеси иштеген жерге мектептен телефон чалса, аерде ата-энени жетекчи чакырып, маселенин чоо-жайын сурап, балага жакшы көӊүл бурушу үчүн кызматын төмөндөтсө, башка нөөмөткө которсо, алардан үй-бүлөдөгү милдетин так аткарууну талап кылса жакшы болор эле. Менин окуучуларымдын биринин атасы шахтер эле, баласынын окуусуна көӊүл бөлүшү үчүн жетекчисинин талабы боюнча нөөмөтүн алмаштырып, сабакка да келип катышып жүргөн. Ошол бала мыкты адис болуп, азыр башкарылма учуучу аппараттарды иштеп чыгууда. Эгер ошо кезде атасына жетекчиси мындай талап койбогондо, баласы ким болуп өсөт эле?

Азыр мамлекеттик ишканалар аз, көпчүлүк ата-энелер жеке менчик сектордо иштейт дешет. Жеке менчик болсо эмне экен – алар да Кыргызстандын аймагында иш жүргүзөт, демек, мамлекеттин мыйзамдарына баш ийүүгө милдеттүү. Президент айтпадыбы, «балдар – биздин келечек» деп. Балдарыбыз эмгекчил же жалкоо болобу, жакшы адам болуп өсөбү же башыбызга балээ болобу – мунун баары биздин бактылуу же бактысыз карылыгыбыз эмеспи.

Эски деп көп нерседен эчак эле баш тартып койсок да, жаӊы эч нерсе иштеп чыккан жокпуз. Жакында Н.Носовдун совет мезгилинде жарык көргөн «Билбесбек Айга чыкканда» китебин кайра окуп чыктым. Биздин бүгүнкү турмуш чагылдырылган! Баарыбызды кыжаалат кылган рэкет, кылмышкерлер! Ушунун баарын Н.Носов бул жомокто алдын ала айтып койгон экен, а биз көӊүл бурбаптырбыз, түшүнбөптүрбүз. Президент өзүбүздүн өлкө үчүн кадрларды өстүрөлү деди кечээ – абдан туура, балдарыбыз чет жакка кетип калбай, өз жерин гүлдөткөн намыстуу жарандардан болушу үчүн баарыбыз бирлегикте иштешибиз керек.

Сабак жандуу болсо

 Бегайым Курманалиева, Чүй облусу, Ысык-Ата районундагы Юрьевка о.м.:

– Хиджаб салынып келген кыздардын ата-энелерин чакырып, катуу эле эскертип жатабыз. Кыргыз Республикасында жашагандан кийин, биздин мамлекеттин мыйзамдарын сыйлагыла, мектепке балдарыӊар талаптагыдай форма менен келсин. Эгер бул жакпаса, анда башка өлкөгө көчүп кеткиле дегенге чейин бардык. Үч жылдан бери ушундай талап коюп келдик, азыр бизде окуучулар хиджаб салынып келбейт мектепке. Ата-энелер менен социалдык педагогдор эле эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – айыл өкмөтү да жакындан иштешип, үй-бүлөдөгү тарбия үчүн жоопкерчиликти биргелешип күчөтүү зарыл деп ойлойм. Бул максатта атайын телеберүүлөрдү чыгарып турса жакшы болор эле.

Мария Узденова, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач орто мектебинен:

– Жалгыз уюштуруучунун убактысы, күчү жетпейт, класс жетекчилик ишти колдоого алуу зарыл. Хиджабка байланыштуу мектеп жетекчилиги, мугалимдер ата-энелер менен абдан кылдат, акыл-эстүү иштеши керек. Мисалы, хиджаб диний кийим эмес, араптардын улуттук кийими экендигин, ошол жактагы климатка ылайык келерин, бизде өзүбүздүн улуттук кийимдерибизди кийишибиз керектигин түшүндүрөлү.

Кайратбек Калыкеев, Ош облусунун Кара-Кулжа району, Бегиев орто мектебинен тарых мугалими:

– Балаӊыз тентек десек, ата-энеси жаман көрөт, анткени карга да баласын аппагым дейт эмеспи. Бирок таалим-тарбия үчүн жоопкерчиликти бир гана мугалимге жүктөп койгон жарабайт. Ата-эненин милдеттерин мыйзамду түрдө баса белгилеп, тийиштүү административдик чараларды көрүш керек, мисалы, баласынын тарбиясына, окуусуна такыр көӊүл бурбай койгондорго кандайдыр бир өлчөмдө айып салса болот. Ырас, бизден да кемчилик кетет. Сабак жандуу, мазмундуу, баланы дилгирленткидей кызыктуу өтпөсө, тынчы жок балдар жакшы кулак салбай, ар нерсеге алаксый баштайт эмеспи. Ошондо суроого жооп бере албай калгандарды басынткан сөздөрдү айтпаш керек. Жообунан жаӊылса да, аракеттенгени үчүн дем берип, көӊүлүн көтөрүү зарыл: «Колуӊдан келет, азаматсыӊ!» – деп.

Анан мугалимдердин жеке өрнөгүн эч качан унутпаш керек. Танапис учурунда тамеки тарткан же ичимдик жыттанып класска кирген агайдын, эжейдин окуучуларга кандай таасир тийгизери түшүнүктүү эмеспи.

Бала үчүн ким жооптуу?

…:

– Эмгек мигранттары четке кетерде калтырылган балдары үчүн ким жооптуу болорун юридикалык жактан тактап алуу керек. Убактылуу болсо да камкорчуну аныктап, тийиштүү документтерди ырасташ керек. Көбүнчө жумуш издеп чет өлкөгө кеткендердин балдары үчүн эч ким жооп бербей калат – камкорчусу аныкталбаган.

…: Аламүдүн району:

– Окуужылыбашталгандаата-энелермененчогулушөткөрөбүз. Ошондобаарынаэскертип, четкекетүүчүлөрбалдарынубактылуукамкорчугаишенимкаттариздепөткөрүпберүүгөмилдеттүүэкендигинэскертүүзарыл. Анткениичкииштербөлүмүнөн, башкаоргандарданкелгентекшерүүчүлөрэӊоболуата-энесиалыстажүргөнбаланынкамкорчусукимдепдокументталапкылат. Бул туура талап, мунусуз жоопкерчилик болбойт.

– Ушундай практика барбы азыр?

– Ооба, бар, ушундай иштеп жатабыз. Биздин социалдык педагогдор үй-бүлөлөрдү кыдырып, четке кетип жаткандардын жашоо шартын иликтейт, калып жаткан балдарга убактылуу камкорчулукту тариздешет. Камкорчу бала үчүн толугу менен жооптуу болот. Ата-энеси эле эмес, туугандары деле түзүктөп карабаган балдар боюнча административдик чара көрүүгө туура келет. Мыйзам ушуну талап кылат. Бизде Конституция, Үй-бүлөлүк кодекс, Административдик кодекс ж.б. мыйзамдарда баары такталган, ата-эненин милдеттери, жоопкерчилиги белгиленген.

Г.Сыдыкова,  Жалал-Абад облусу Сузак району, Манас о.м.:

– Биздин секциянын темасы «Баланы тарбиялоодогу мектептин, ата-эненин, коомчулуктун өнөктөштүгү» деп аталыптыр. Бизде өзбек улутундагы балдар, кыздар ар бир мааледе ачылган медреселерге көп барат, мектептеги окуу программасы экинчи планда калууда. Буга карабастан мектепте формалдуу тарбиялык иш-чаралар өтө көп өткөрүлүп жатат: бир күнү тил майрамы, дагы бир күнү мода көргөзмөсү, МАИ сунуштап, бирок мугалимдерге жүктөп койгон өзүнчө иш-чаралар, анан да ар кандай расмий конокторду тосуп алганга окуучулар «дорожка» тизип коюлат. Ушунун баары окуу процессине тоскоол болот. Булардын санын кыскартып, эӊ алгылыктууларын, керектүүлөрүн гана жакшы уюштуруу керек. Окутуу сапатына өзгөчө көӊүл буруу зарыл. Айрым мугалимдер эмнени окутарын өздөрү билбейт.

…:

– Тарбиянын башаты үй-бүлө болсо, эӊ алгачкы таалимди ата-эне берет балага. Эгер үй-бүлөдөн эле туура эмес багыт алса, аны мектеп оӊдошу өтө кыйын болот эмеспи. Ошондуктан мугалим, ата-эне жана жашы жете электер менен иштөөчү инспектор чогуу, мазмуну, усулдары макулдашылган бирдиктүү план менен ырааттуу иштеши зарыл.

Жолдош Турдубаев

Ата-энелерге

Оо жараткан теӊирим!

Келтиргинчи эсине

Баарын ата-эненин

Акча жок деп мостойгон –

Жүз сом аяп китепке,

Сатып берет балдарга,

Он миӊ сомдук телефон.

 

Кагылайын ата-эне,

Он миӊ эмес, жүз сомго,

Китеп сатып берсеӊер

Окуп жүргөн балдарга,

Түбөлүк байлык болот го!

Шаангүл Боронова,

Ысык-Ата району, Ивановка кыштагындагы №1 орто мектебинин мугалими

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*