УЛУТ САЛАМАТТЫГЫ – КООПСУЗДУККА ТЕТЕ

Кийинки мезгилдерде бизде социалдык тармак активдүү реконструкцияланып, жаӊыра  баштаганы жаӊылык эмес. Ал жумуштар бюджеттин жана спонсордук каражаттардын эсебинен жүрүүдө. Беш жыл ичинде бюджеттин эсебинен  саламаттык сактоо тармагы боюнча 33 объект курулган, мындан тышкары жаӊыртылып-ремонт жасалгандарынын жарымы спонсордук каражаттардын эсебинен.

– Көк-Серек жергесинде аялдар кандай шартта төрөгөнүн көргөндөн кийин төбө чачым тик турду, – деди Жалал-Абаддагы Бозымчак кенин иштетип жаткан ишкананын жетекчиси  Ильяс Түлекеев, – Кен иштетип, али анын кирешесин көрө электе эле биз мындагы оорукананы оӊдоого жардам бердик.   Эми ал имарат жаркырап эле калды.  Кийинки жылдары “Ашар” коомдук бирикмеси кайрымдуулук марафонун өткөрүп, Ысык-Көлдөгү Теплоключенка айылындагы шал оору балдарды дарылаган санаторийге  жаӊы үч кабат корпусту эмерек жана медициналык жабдуулар менен жабдыдык. Ал имарат тээ совет мезгилинде эле курулуп баштап, көпкө берилбей турган, эми аны кайра ремонттош керек болду.  Алмазбек Атамбаев ал кезде премьер-министр болуп, ошол курулушту тезинен аягына чыгарып, пайдаланууга бериш керектигин айткан. Эми анын эмерек алып, медициналык жабдуу менен камсыздоо жагы ишке ашырылды. Корпус ишке киришти.

Албетте, бюджеттик каражаттар негизги ролду ойнойт.   2011-жылы Нарын областынын Миӊ-Булак, Орок, Таш-Башат жана Чоӊ-Дөбө айылдарында төрт фельдшердик-акушердик пункт иштей баштады.  Өткөн жылы Ысык-Көл областында  30 орундуу участкалык оорукана ачылды. 2013-жылы Папан айылында Ош аймактык ооруканасынын филиалы, Маӊгыт айылында врачтык  жардам берүү борбору ачылды. Өткөн жылы Чүй областынын Кемин районунда учук ооруканасы жаӊыртылып-оӊдолду.  Буга республикалык бюджеттен  дээрлик  8,5 миллион сом жумшалды. 2014-жылы  Жайыл аймактык ооруканасынын филиалы, Москва районунда ФАП, Васильевка айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Боом капчыгайында медициналык тез жардам пункту ачылды.  Ушул долбоор республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун эсебинен ишке ашууда. Беш жылда мамлекеттин казынасынан бул тармакка 501,816 миллион сом бөлүндү, гранттык каражаттардын суммасы 857,654 млн. сомду түздү.

Азыркы тапта аяктоо алдында турган негизги долбоорлор тууралуу бир ооз айта кетели: Баткенде жаӊы поликлиника курулуп жатат. Ал дээрлик   140 миллион сом турат, республикалык бюджеттен буга 13 млн. сом бөлүндү. Жалал-Абад областында Кан куюу борбору курулууда, ага  25,6 миллион сом бөлүнгөн. Ноокен районунда оорукананын реконструкциясы бүтүп калды. Ага 13,5 миллион сом каралган, жыл аягына чейин дагы 14,8 млн. сом бөлүнмөкчү.  Түптөгү аймактык оорукананын реконструкциясы жүрүп жатат. 2014-жылдын башынан бери бул максатта  10 млн. сом бөлүндү, долбоорду ишке ашыруу үчүн дагы 30 млн. сом бөлүнөт.

Баарынан арбын объекттер Ош областында курулууда, алардын жалпы суммасы 380 миллион сомдон ашык. Эми Ош шаарында поликлиника, Алайдагы аймактык ооруканада балдар бөлүмү, Араванда участкалык оорукана, Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын филиалы, Чоӊ-Алай районунда кеӊ профилдеги оорукана ж.б. объекттер курулган.

Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура агенттигинин турак-үй жана жарандык курулуш департаменти  бир катар саламаттык сактоо объекттеринин курулушуна конкурс жарыялады. Мисалы, Сузак районунда кардиология бөлүмү, Түптө төрөт ооруканасы, Таластын Аманбаев айылында аймактык оорукананын курулушу.

Албетте, дагы алдыда көп нерсени жасоого туура келет. Терек-Сайдагы ооруканада жылытуу системасы иштен чыгып калды, эми ал калыбына келтирилет, анткени  жакында ал жакта сурьма кени иштетиле баштайт.

Аукциондо ал кендин баасы 4 миллион доллардан ашты. Бул сумманын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бюджетке жумшалат, б.а. акча ооруканага да, башка курулуштарды курууга да жетет.

Бизде дагы тезинен ремонттой турган же жаӊысын кура турган башка ооруканалар да бар.  Алдыдагы 5 жылда муктаждарына жаӊы имарат куруп, эскилерин оӊдоп-түзөө максатыбыз бар. Бул колдон келет, бир гана саясий эрк жана колдоо керек. Анан да ушул маселелерди Жогорку Кеӊеш деӊгээлинде  чечиш үчүн депутат болуп шайланып барыш керек.

 

Айгүл Бакеева

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*