КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМДИН КЕЛЕЧЕГИ КЕӉ

Элдин баары шайлоо деп шайы ооп жаткан кезде деле утурумдук уу-дууга катышы жок, улут келечегине таасири зор иштер өз нугу менен жүрө берери анык. Ушундай иштердин бири катары Кыргызстанда жайылтыла баштаган көп тилдүү билим берүү программаларын айтар элем. Социалдык интеграция борборунун колдоосу менен Чүйдүн Новопавловкасында Ч.Айтматов атындагы №1 мектептин мугалимдери Алматыдан келген мугалимдер менен биргеликте өтө мазмундуу, пайдалуу семинар өткөрүштү. Ишембиде аяктаган төрт күндүк жыйындан Чүй эле эмес, Нарындан, Ысык-Көлдөн да келип катышкан агай-эжейлер да зор канагат алышты. Адистер өткөргөн ачык сабактар, устаттык нускоо эӊ кызыктуу болду. Айтмакчы, бул күндөрү Жалал-Абад шаарында жана Оштун Кара-Суу районунда да дал ушундай багыттагы семинар уюштурулуп, ага түштүк райондордун мугалимдери катышты.

Көп тилдүү билим берүү деген эмне? Бул жаӊылык канчалык мааниге ээ? Ушул багытта иш баштаган мектептердин ийгилиги кандай болууда? Эмесе, бул иштин чордонунда жүргөн мугалим, Новопавловкадагы №1 окутуу-билим берүү комплекс-лицейинин деректиринин илимий-усулдук иштер боюнча орун басары Гүлнара УМАРАЛИЕВАга сөз берели:

– Бул жаӊылыктын негизги өзгөчөлүгү сабактар эки же андан ашуун тилде окутулгандыгында. Мисалы, математикада жаӊы тема окуучулардын негизги тилинде түшүндүрүлөт да, сабактын бышыктоо, суроо-жооп сыяктуу калган бөлүктөрү экинчи тилде өткөрүлөт. Азыр Европадагы жана башка континенттердеги көп  өлкөлөрдө окутуунун ушул үлгүсү кеӊири жайылып жатат. Анткени эки же андан ашуун тилдерди жакшы өздөштүрүп, ошол тилдерде билим алуусун уланта билген, иштей алган адамдар адис катары да, өзү жашаган өлкөнүн жараны катары да чоӊ артыкчылыктарга ээ болот.

Көп тилдүү билим берүүнү киргизе баштаардан мурун биз социолингвистикалык кырдаалга талдоо жүргүзүп, азыркы заманда биздин бүтүрүүчүлөр үч тилди эркин колдоно билиши керектигин аныктадык. Доордун бул талабы ата-энелердин каалоосу жана мектептин демилгеси менен дал келип жатат. Анткени жеке адамдар эле эмес, өлкөбүз да дүйнөлүк экономикалык мейкиндикке аралашуусу зарыл. Ошентип, биздин бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жалпы билим стандарттарын үч тилде (кыргыз, орус, англис тилдеринде) өздөштүрүп чыгууга тийиш. Биздин балдар мектептен кийин чет өлкөдө билим алуусун улантууда, иштөөдө тил билүү жагынан тоскоолдукка кабылбашы керек. Жаштарыбыз өз маданиятын да, жанаша жашаган элдин да маданиятын сыйлап, өздөрүн эч кимден кем санабай, башкалар менен өз ара сый мамиледе жашай билиши кажет.

Замандын бул талабын айрыкча бүтүрүүчүлөрүбүздүн жергиликтүү ЖОЖдор менен чектелбей, жакынкы чет өлкөлөрдүн (Россиянын, Казакстандын ж.б.) жана алыскы чет өлкөлөрдүн мыкты окуу жайларына өтүп окуй баштагандыгы даана көрсөттү. Ырас, азырынча Түркиядан башка алыскы чет өлкөлөрдүн университеттерине жете элекпиз, бирок жакын арада бул мейкиндик кеӊейерине көзүбүз жетип турат.

Көп тилдүү билим берүүнү киргизүүдөн күткөнүбүз эмне? Эӊ оболу – билим сапаты жогорулашы керек. Бүтүрүүчүлөрүбүз көп тилдүү, көп маданияттуу, башкалар менен толеранттуу мамиле түзгөнгө даяр болуп чыгат. Албетте, мугалимдерибиз да жаӊыча иштегенге үйрөнөт.

Мектеп жамаатын бул жаӊылыкка шыктандырып, ынтымакты, биримдикти бекемдөө, келечеги кеӊ бул ишти жалпы уюштуруу, айыл өкмөтү, жергиликтүү бийликтин башка органдары менен кызматташуу жагынан деректирибиз Диляра Абдуллаеванын эмгеги чоӊ.

Биз бул багытта өнүгүү стратегиябызды иштеп чыктык. Биринчи этапта казакстандык кесиптештердин тажрыйбасын үйрөндүк, Россиядагы, Эстониядагы, Латвиядагы ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштык, биздеги социомаданий кырдаалды иликтедик. Ошентип, өзүбүздүн көп тилдүү билим берүүүлгүбүздү иштеп чыктык. Быйыл январда мектепке чейинки билим берүү бөлүмүндө көп тилдүү билим берүүнү киргизүүнүн ыӊгайлаштырылган үлгүсүн түзүп, энелер мектебин уюштурдук. Ата-энелердин каалоосу менен ортоӊку топто орус тилдүү балдарга айлана -чөйрөнү таануу предметин мамлекеттик тилде окуттук.  Англис тилин да киргиздик.

Кийинки этап – башталгыч мектеп. Көп тилдүү билим берүүнү биринчи эмес, экинчи класстан, айрым учурларда 1-класста экинчи жарым жылдыктан баштадык. Анткени балдар адегенде мектепке көнүгүшү керек. Анан жыл сайын гуманитардык-эстетикалык багыттагы предметтерден бирден көп тилдүү окутууга кошуп отурабыз.

Үчүнчү этап – окутуунун ортоӊку тогошу, 5-8-класстар. Мында да жыл сайын предметтер кошула берет. Үчүнчү этапта – 9-11-класстарда – кош тилдүүлүк менен чектелбей, үч тилдүү окутууга өтөбүз да, мамлекеттик жана расмий тилдерден тышкары англис тилинде да сабактар (жарантаануу, экономика жана информатика) окутула баштайт.

Ишибиздин алгачкы жыйынтыгы 2021-жылы чыгарылат. Андан соӊ программабызды дагы да өркүндөтө бермекчибиз.

Ата-энелер, жергиликтүү коомчулук, өз алдынча башкаруу органдары менен иштеше баштадык. Мугалимдерибизге көп тилдүү билим берүү методикасын окутуп-үйрөтүүгө кириштик. Социалдык интеграция борбору Казакстанга окутуу курсуна баруучулардын сапарын уюштурду.

Адегенде ишти эки класс менен баштаган элек, азыр 20 класста көп тилдүү билим берилип жатат. Башында жумушчу топто беш мугалим бар эле, азыр 20га жетти. Бир гана башталгыч класстар менен чектелген жарабайт деп, быйыл «кечирээк аралаштыруу» үлгүсүн колго алдык, эми 5-6-класстарда да жаӊыча окута баштадык. Гуманитардык-эстетикалык багыттагы он бир сабак көп тилдүү негизде окутулат. Мугалимдерди да экинчи тил боюнча кошумча даярдыктан өткөрүп жатабыз. Методикалык камылгасын да улам бекемдей беребиз. Мисалы, былтыр Алматыдагы         №153 мектеп-гимназия менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон элек, быйыл март айында биздин мугалимдер бул мектепте өткөрүлгөн окутуу семинарына катышып, алматылык кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнүп келишти.

Төрт жылдан кийин көп тилдүү билим берүү программасына англис тилин да кошобуз. Бул максатта англис тилин, мамлекеттик тилди жана экинчи тилди окутуу методикасын күчөтүп жатабыз. Биздин мектеп куррикулум боюнча таяныч база болуп саналат, ошондуктан кыргыз жана орус тилдерин экинчи тил катары окутуу методикасы жаӊыланууда. Англис тилчи эки мугалимибиз жаӊы методика боюнча окутуудан өтүп, артыкчылыктуу сертификат алышты. Азыр дагы үч мугалим окуп жатат. Ноябрь-декабрь айларында экономика, жарантаануу, информатика мугалимдерин англис тили боюнча курска жиберебиз. Алар сертификат алып, өз предметтерин англис тилинде да окутууга даяр болушат.

Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктары боюнча Чүйдө биринчибиз. Быйыл эӊ жогорку көрсөткүчкө жеткен кызыбыз 211 балл топтоду. Орточо балл – 178. Биздин мугалимдер сабак сапатын жогорулатууга бар күчүн жумшап, окуучуларды тестке да атайын даярдашат. Бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик баары бюджеттик орундарга өтүшөт. Үч жылдан бери бизден берилген артыкчылык аттестаттар толугу менен тастыкталып келет.

 Казакстандан педагогдор келди

Сентябрдын 14үнөн 19уна чейин билим берүү чөйрөсүндөгүөтө орчундуу жаӊылыкка байланышкан жакшы иш болду.  Көп тилдүү билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында Алматы шаарындагы А.Розыбакиев атындагы №153 мектеп гимназиянын жана Чимкент шаарындагы №107 мектеп-лицейдин усулчу мугалимдери келип, биздеги пилоттук мектептерде өткөн семинар-талкууга катышты.

Оштун Кара-Суу районундагы Ч.Айтматов атындагы №69 билим берүү комплексине жана Жалал-Абад шаарындагы №13 орто мектепке түштүктөгү педагогдор, ал эми Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы Ч.Айтматов атындагы  №1 окуу-билим берүү комплекс лицейине жана Бишкектеги №28 мектеп-лицейге түндүк райондордогу мектептерден чогулушту. Көп тилдүү билим берүү жаатында иштеп жаткан райББ адистери, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу борборлорунун усулчулары, ЖОЖ окутуучулары катышкан бул иш-чаранын максаты – көп тилдүү билим берүүнү республикада жайылтуучу ресурстук борборлордун дареметин арттыруу, пилоттук мектептерди өнүктүрүү. Бул семинардын жүрүшүндө жаӊыча уюштурулган ачык сабактар, тегерек столдор, тил менен предметти жуурулуштура окутуу боюнча кеп-кеӊештер өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Социалдык интеграция борбору менен биргеликте, ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын, ЮНИСЕФтин жана Тынчтык орнотуу фондунун колдоосунда уюштурду.

Тил билгилик –эӊ зарыл таалим

«Тил билбеген муштуму менен коркутат» дегендей, улут аралык чыр-чатактардын негизги себеби өз ара баарлашпай, бири-биринен обочолоно берген жаман адат экендигин элдин баары эле түшүнө бербейт. Кошуна Казакстанда элдин ынтымагын бекемдеген шарттардын бири – мамлекеттик тилди жана улуттук азчылыктардын тилин, маданиятын урматтаган саясат.

Алматы шаарындагы А.Розыбакиев атындагы №153 мектеп гимназиянын деректиринин орун басарлары, тарых мугалимдери А.Аскарова менен Г.Ражапова, информатика мугалими, CLIL методикасы боюнча чыгармачыл топтун жетекчиси А.Сайпутулина биздин Новопавловкадагы мектепте кыргыз класстарда абдан кызыктуу сабактарды өткөрүп, балдар менен өтө оӊой тил табышып кеткени таӊ калтырды. Алматыдагы №153 мектепте негизинен уйгур улутундагы окуучулар өз эне тилинен тышкары сабактарды казак, орус жана англис тилдеринде да окушат экен.

 

Маектешкен

Жолдош Турдубаев

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*