КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН КОРИФЕЙИ, УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНЫН ПАТРИАРХЫ

КРнын Эл мугалими, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору Исак Бекбоев 85 жашта

«Педагогика» деген илим түпкүлүгүндө бардык илим-билимдердин башатында турууга тийиш, анткени ошол илимдин таасири менен адамдар макулуктан – адамга, болгондо да инсанга айланат. Бул илим улутка кызмат кылат: тескери кетсе улуттун жок болушуна алып барат, оӊ болсо улуттун өсүшүн камсыздайт. Дүйнөлүк тарых жер бетинен жок болуп кеткен урууларды, улуттарды айтып жүрөт, ошолордун жоголушунда сөзсүз түрдө элдикпи же илимийби, айтор, педагогикасынын орду болгон. Ал эми улуттук педагогиканы улуу гуманисттер, сөздүн оӊ маанисиндеги улутчул, мекенчил атуулдар жаратат.

Бизде, Кыргызстанда, ушул илимдин туу башында жарым кылымдан ашык убакыттан бери улуттун уюткусу болуп Исак Бекбоев келе жатат. Бул – анын өмүр ишмердүүлүгүнүн бир жагы.

Экинчи жагы – бир чети жогорудагы педагогика илими менен байланышкан, бирок ошол эле кезде андан башкача, андан кандайдыр бир деӊгээлде айырмаланып да турган тармак – билим берүү тармагы. Кээ бирөөлөр педагогика илими менен билим берүү тармагын бир эле нерсе деп карашы мүмкүн. Андай эмес: не бир мыкты педагог аалымдар өткөн, бирок алардын баары эле билим берүү тармагында өздөрүн көрсөтө алган эмес, же тескерисинче, билим берүү тармагынын не бир билермандары, кыйын чыкмалары болсо да, алар педагогика деген илимде изсиз калган.

Ал эми Исак Бекбоев мына ушул эки тармактын теӊ – педагогика илиминин да, билим берүү тармагынын да корифейине, патриархына чейин жетти. Сөздүн толук маанисинде бул эки ири чокуну альпинисттердин термини менен айтканда «толук багындырды». Мындай дегенибиз педагогика илиминде: илимдин кандидаты – доктору – профессору, илим жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ал эми билим берүү тармагында: Ат-Башыда айылдык мектептин мугалиминен  мугалимдер үчүн илимий-методикалык жардам берүүчү сектордун кызматкери, бөлүм башчысы, директордун орун басары, директору, мугалимдердин билимин өркүндөтүү факультетинин деканы, анан Эл мугалими. Демек, бул киши менен бир эле киши эмес, жок дегенде эки киши келе жаткансыйт. Эми педагогикадан жана билим берүү тармагынан чыгып, жалпы өлкөнүн чен-өлчөмү менен каралуучу бир гана сый-ургал Кыргыз Республикасынын Баатыры деген жогорку наам гана калды. Буюрса, баатырлык да тургандыр… Дегеним, Исак агай өзүнүн илим жана билим берүү деп аталган эки фронтунда теӊ ала турган сыйлык-наамдардын баарын алды, эки фронттун теӊ баатыры болду.

А бул баатырлык жөн эле келе калган жок, жалаӊ эле кудайдын буйругу, же бешенеге жазылып эле калган нерсе эмес. Ал деген бул кишинин тубаса акыл-көрөӊгөсүнүн тунуктугу, феноменалдык эске тутуусу, кызылдай мээнеткечтиги, жогорку адамдык бийик сапаты менен келди.

Исак Бекбоев деген ысымды кыргыз коомчулугу, өзгөчө, педагогикалык коомчулук жакшы билет. Ырасын айтканда, жакшы билүү менен гана чектелбейт, бул ысым менен өздөрүн байланыштырган сайын «Исак агай бизди директорлордун курсунда окуткан», «Сабагыма Бекбоев өзү катышып, талдоо берген», «Мен бул сабагыма Исак Бекбоевичтин китебин пайдаланып даярдандым», «Мен Исак Бекбоевичтин шакиртимин» ж.б. ушундай сыймыктуу сөздөрдү айтып, өздөрүн бийикке бир көтөрүп алат. Мына ушундай сөздөрдү айткандар да башкалардын алдында барктуу болуп, бөлөктөрдөн кыйла өзгөчөлөнүп тургансыйт. Алардын ичинде мен да бармын. Тагдыр бизди – Исак Бекбоев экөөбүздү 1985-жылы жолуктурду. Ушул жылдын апрелинде, биз жолуккан кезде, Москвада горбачевдук кайра куруу пленуму өтүп, тоталитаризмдин чынжыры ыдырап, улуттук аӊ-сезим, эне тили, эгемендүүлүк, тарыхты жаӊыча кароо маселелери алдыӊкы планга чыга келди. Жазып жүргөндөрүмдү карап, сынчы Советбек Байгазиев айылдан «таап келип», агайдын иш бөлмөсүнө ээрчитип кирди. Ошондо ал киши мени ушунчалык муютту, тим эле мен билген, мен күндө кайнап жаткан мектепти өтө тереӊден гана эмес, кенен жана бүт республикалык масштабга салып ичкериден билет экен. Кыргыз тили, адабияты программаларынын, китептеринин абалы, тилчилердин жаат-жаат бөлүнүп алып, илимден четтеп кеткени, педагогика илимине жаштардын келбей жаткандыгы, бул тармакка кошулуп жаткандар болсо да алар мектепти билбестиги, жаӊыча көз караш менен бүтүндөй билим берүүнүн мазмунун жаӊылап чыгуу зарылдыгы тууралуу жан күйө кеп кылды. Агай математик болсо да ал тил, адабият проблемаларын ар кандай тилчи-адабиятчыдан кем билбей сүйлөп жатканы мени – элеттик баёо мугалимди аябай таӊ калтырды. Ошон үчүн ал кезде өзү директорлук кылган Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда кыргыз тили жана адабиятын окутуу боюнча тарыхта биринчи жолу секторду бөлүм деӊгээлине жеткирди да, ал бөлүмгө кошумча бөтөн тилдүүлөргө кыргыз тилин окутууну үйрөтүү менен алектенчү топ түздү. Кыргыз тилин мамлекеттик тил деӊгээлине жеткизебиз, башкаларга үйрөтөбүз деп куру кыйкырык менен чыккан «кымыз патриоттор» бийик трибунадан күпүлдөп жатканда пил көтөргүс оор жүктү – бардык практикалык ишти ушул топ көтөрдү. Күн сайын талап кылып, каалагандай шарт түзүп берген Исак агай болбогондо, «кыйкырчаак» кыргыздарга ишенип отура бергенде башкаларга мыш болмокпуз, ошол кезде аз да болсо абалдан чыга алдык.

Сексенинчи жылдардын аягында илимий-методикалык жардам беребиз деп бут жеткен жердин баарын түрө кыдырдык, жылына жок дегенде алты-жети районго жалпы институт боюнча, же предметтер боюнча жөнөп калар элек. Агай атайын алыска, эӊ жардамга муктаж, көпчүлүк борбордук кызматкерлер жетпеген түпкүрлөргө жиберчү. Анан биз барган мектеп кайдан келгенибизди билер менен сөзсүз Исак Бекбоевичти сурайт. «Агай кандай жүрөт?» дейт. Биз «жакшы» дейбиз. «Директорлордун курсунда окуткан эле» деп коюшат, анан бизге агайдын институтунан болгон үчүн ишеним менен карашып, мугалимдер топтолуп келип, билбегендерин сурашып, сабактарына ээрчитип кирип, балдары менен аӊгемелештирип, ички сырларын козгошуп, чыныгы майрамга айланып калчу, биз, илимпоздор да, алар, мугалимдер да, көп нерсеге жетишер элек, мындай жолугушууларда. Анан бүт мектеп ыраазы боло «агайга салам айта баргыла» деп коштошуп калчу.

Агайдын кесиптик башаты математик мугалими, ошол предметти мектепте окутуу боюнча адис. Бирок таланттуу инсан бир жактуу болбойт, ал киши педагогиканын бир тармагы бар, дидактика деген, ошол тармакта эчен муун мугалимдерге дарс окуган, китеп жазган, балким Москвада жашаса, же кыргызды кыргыз көтөрмөлөй билчү жакшы жагыбыз болсо, илгеркиче айтканда, бүткүл союздук маанидеги ири дидакт болмок, баарына бирдей окуу китебин орусча тамшандыра жазмак…

Соӊку жылдарда ал кишинин жетекчилигинде жана түздөн-түз катыштыгы менен кыргыз мектептери үчүн математика окуулуктары жазылып келатат, булардын бир артыкчылыгы – «кыргыз математикасы» түзүлгөндүгүндө, б.а. маселе-мисалдарга аймактык, кыргыздык өзгөчөлүктөр киргизилип, дүйнөлүк математикага «ала-тоолук», «кыргыздык» калпак кийгизгендикте. Бул китептерин Казакстан да үлгү кылып алып, агай ал өлкөдө да орус, казак, уйгур, өзбек тилинде чыккан математика окуу китептеринин негизги автору.

Исак Бекбоевдин китептери жөн гана типографиядан басылып чыккан кагаз продукциялары эмес, алар мугалимдердин руханий керектөөсүн канааттандыруучу азыктар, андыктан ал эмгектерге керектөөчүлөр тарабынан суроо жогору, көчө сөзү менен айтканда, мугалимдер «канын жерге тамызбай» алып турушат. Мындай китептердин ичинен өзгөчө «Педагогикалык процесс: эски көнүмүштөр жана жаӊыча көз караштар», үч жолу басылып чыккан «Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери», профессор А.Алимбеков менен чогуу жазган «Азыркы сабакты даярдап өткөрүүнүн технологиясы» аттуу эмгектерин белгилеп кетүүгө тийишпиз.

Агайдын адамдык сапаттары анын аалымдык даражасын дагы да бийиктетет. Сыртынан караганда сүрдүү, атүгүл каардуудай көрүнгөнү менен ички дүйнөсүндө ушунчалык кишини түшүнө билген, бала кыял, адамга жакшылык кылсам деген ниети сезилип турат. Сөз үстүндө жөн гана отургандарга таштап койгон репликалары ушунча бир жумшак юморлуу да, ошол эле кезде күйдүргүлүү да болуп кетет. Дагы бир касиети – жакшы, өсө турган адамбы, аны анжиандык-аркалык, сарыбагыш-бугу, тигиники-мунуку ж.б. деп отурбайт, “болду,  ушундан бир нерсе чыгат” дейт да, колунан кандай жардам келсе аябайт. Мен агайдын ушундай жардамын көрүп, бирок кийин башка тармактарга ооп кеткен «эчен балдарына» байыркылардын уруу аксакалдарындай кейип отурганын көп байкадым. Кадимкидей жүрөгүн оорутат.

Исак Бекбоевич менен бирге иштешип жүрүп, анын эмгекчилдигине, уюштургучтугуна абдан таӊ калган жайым бар. 2004-жылы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору мектепте окутулуучу предметтер жана илимдин тармактары боюнча 19 наамдагы энциклопедиялык окуу куралын чыгарабыз деп калды. Убакыт чукул, мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдыгына карата чыгып калышы керек. Анын бири «Кыргыз педагогикасы» деп аталат. Мында дүйнөлүк педагогикалык илим менен кыргыз этнопедагогикасы, Кыргызстанда кеӊири колдонулган педагогикалык терминдер менен түшүнүктөр, өлкөбүздө педагогикалык ойлордун өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын биографиялары маалыматтама түрүндө берилиши керек эле. Ушундай уникалдуу эмгекти биринчи жолу жаратууда: ага сөздүк ылгоодо, авторлорду табууда, жазылган макалаларды тандоодо, редакциялоодо, бастыртууда – кыскасы, оӊбогондой оор иште И.Бекбоев өзүнүн кеменгерлигин, устаттыгын жана эбегейсиз эмгекчилдигин көрсөттү. А түгүл өзү баш сөзүн жазып, жалпы китептеги оор жүктү бүт өзү алды. Мына ошол кезде мен ал кишинин интеллектуалдык билим деӊгээлинин бийиктигине, иштемчилдигине, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүнө аябай баа бергенмин. Мындай окумуштуулар кыргыз илиминде чанда гана учурайт жана алар илимде өздөрүнүн бийик ордун ар дайым ээлеп турат деп ойлодум.

«Исак Бекбоев ири монографиялык изилдөөлөрдүн, окуу жана окуу-методикалык колдонмолордун, көптөгөн илимий эмгектердин жаратманы, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого эӊ активдүү катышат, абдан пайдасы тие турган педагогика илиминдеги жана тажрыйбалардагы жаӊычыл табылгаларды мектептин практикалык иштерине киргизүү боюнча чоӊ иштерди жүргүзөт. Анын жарыяланган илимий эмгектери жана практикалык ишмердүүлүгү жалпыга кеӊири таанылууга ээ болгон жана алар республиканын математик мугалимдерин адистик жактан жетилдирип, калыптоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды».

Чыӊгыз Айтматов, Кыргыз Эл жазуучусу

 Абдыкерим Муратов,  педагогика илимдеринин доктору, профессор

Исак Бекбоевди надамдык сапаттары, ишмердүүлүгү тууралуу замандаштарынын ой-пикирлери

«Биз сөз кыла турган адам – «нукура улуттук педагог» деп айта тургандай эмгеги бар, улуттук педагогикабыздын илим катары түптөлүп-өнүгүүсүнө өзүнүн практикалык да, теориялык да жактан төө көтөргүс салымын кошкон инсан – Исак Бекбоевич Бекбоев десек  акыйкат болор. Антип айтуубузга толук негиз бар. Анткени Исак Бекбоев бүткүл өмүрүндө улуттук педагогикабыздын илим катары түптөлүп-өнүгүүсүн уюштургандардын, аны башкаргандардын да ири өкүлү боло алды. Анын ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарын аныктап, окутуу-тарбиялоонун негизги маселелерин чечүүдө өз ордун таап, өз сөзүн айтып, үнүн кошуп, заманга жараша улуттук окуу китептеринин негизги принциптерин иштеп чыгууга белсенип, мугалимдердин билимин өркүндөтүүгө өмүрүн сарптап келди…»

 Абакир Мамытов, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор

«Окумуштуунун эли-журтуна, кызматташтарына тийгизген таасири анын илимдеги жеткишкендиктери менен гана чектелбестен, инсандык сапаты менен да аныкталары мурдатан белгилүү. Ошондуктан Исак Бекбоевдин өмүр жолу максаттуу жашоонун, ага жетишүүүчүн талыкпай изденүүнүн, эмгектенүүнүн, тырышчаактыктын, көздөгөн ишине чын пейили менен берилгендиктин үлгүсү болууга татыктуу.

И.Бекбоев физика жана математика, психология жана педагогика илимдери боюнча жазылган эмгектерди кыргызчалатууга да өз үлүшүн кошуп келди. Учурдун олуттуу маселелерине арналган макалалары элге билим берүү майданындагы улуттук тилди калыптандырууга зор таасирин тийгизүүдө. Анткени агайдын эмгектеринде, котормолорунда кыргыздын нукура тили өз орду менен пайдаланылат, орусча терминдердин мазмунун толук чагылдыруучу кыргызча терминдерди таап, муну ар дайым ыктуу пайдаланганы айкын байкалат. Ошондуктан алар тилинин жатыктыгы, ийкемдүүлүгү менен окурмандарга таасирлүү жана түшүнүктүү».

  Эсенбек Мамбетакунов, Жоомарт Байсалов, педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор

«И.Бекбоев агайыбыздын сабак окутканын бардыгыбыз жактырар элек. Себеби мугалимибиз алгебралык ар түрдүү маселелерди, теӊдемелерди чыгарганда, чечкенде, геометриялык, тригонометриялык теоремаларды ж.б. түшүндүргөндө, талдоого алганда бардыгыбыз сабакка бой таштап, маашырланып угар элек. Билиминин тереӊдигине ыраазы болчубуз, ой жүгүртүүсүнүн сергектигине, курчтугуна, тактыгына моюн сунчубуз. Албетте, мунун баары эрудицияга, билимге байланыштуу болорун биз кийин гана түшүндүк.

Агайдын сабак берүү манерасы окуучуларды өзүнө тартып алчу. Жадатма, зериктирме жолдон качып, Исак Бекбоевич сабак башталгандан бүткөнгө чейин демилгени колунан түшүрчү эмес, андыктан сабак берүү процесси чыныгы чыгармачылык кырдаалга өтчү. Ошондуктан математика циклинен берилчү сабактар биз үчүн кызыктуу да, жемиштүү да болор эле».

 Теӊдик Аскаров,  КР УИАнын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору, бир кездеги окуучусу

 «И.Бекбоевди педагогикадагы «куш таптаган мүнүшкөр, ат таптаган саяпкер»» десек жаӊылышпайбыз. Исак агай өзү токтоо, мүнөзү салмактуу адам. Тереӊ ойлонуп туруп сүйлөйт,  жети өлчөп, бир кесет. Мансаптууларга кошомат кылганды жаман көрөт. Кимдин алдында болсо да, иштин чындыгын түз айтып, өз позициясында бекем тура билет. Жетекчи катары кызматкерлерге калыс мамиле жасагандыгына, кишинин тагдыры чечилип жаткан жерде аяр, адилеттүү болуу анын эрежеси. Ошону менен бирге талапчыл дагы. Юмор менен сүйлөп, күлдүрүп, адамдын көӊүлүн ачып койгон  жөндөмү да бар. Баарынан мурда ал ыймандуу адам десем жаӊылбайм. Анын тарбиясы элдик тарбия дегим келет… Исак аба бала кезинде көчмөндүк дүйнөдөн чыгып келген кыргыздын эски карыяларынын  арасында, чоӊ атасынын жанында өскөн, алардан руханий таалим алган.

И.Бекбоев дүйнөлүк алдыӊкы илимий акыл-ойдон таалим алса да, өз алдынча автономдуу ой жүгүрткөн окумуштуу. Ал жалпылык менен жекеликтин диалектикасы жөнүндө дайыма ойлонуп, жалпы илимий методологиянын «прожектору» менен жергиликтүү чөлкөмдөгү спецификалуу проблемаларды жарык кыла билип, жалпы баалуулуктар менен улуттук дөөлөттөрдүн айкалышына жетишүүгө умтулат».

Советбек Байгазиев, филология илимдеринин доктору, профессор,  КРнын илим жана техника жаатындагы  мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

 

 «ИсакБекбоев – энциклопедиялыкөӊүттөгү, масштабдуупедагог.  Анын калеми тийбеген окутуу-тарбиялоонун бир да проблемасын табуу кыйын. Исак Бекбоев жалпысынан, 200дөн ашык эмгек жаратты. Курамы илимий-педагогикалык чыгармаларга таандык бардык жанрлардан фундаменталдуу монографиялар, методикалык колдонмолор, окуу программалар, окуу китептер, концепциялардан турат. Алар мектепке жаӊыдан бут койгон бөбөктөрдөн баштап, университеттин студенттери, мугалимдер, илимпоздор, бир сөз менен айтканда, педагогиканын теориясы, практикасына тиешелүүлөрдүн баары үчүн баа жеткис интеллектуалдык азык катары мезгил менен адымдаш кызмат кылып келет. И.Бекбоевдин изилдөөлөрүнүн тематикасына жана проблематикасына үстүрт эле баам салган адам анын эмгектери республикабыздын мектептеринин объективдүү муктаждыктарын жана талаптарын канааттандыруу максатында гана жазылгандыгын таасын байкабай коё албайт».

Акматали Алимбеков, педагогика илимдеринин доктору, профессор

  «Исак Бекбоев – улуттук деӊгээлдеги патриоттук духу күчтүү инсан. СССР кезинде ар бир улуттун өзүнө тиешелүү символдору болору сыӊары эле, ар бир мамлекеттин улуттук мазмундагы окуу китептери болуш керектигин кабыргасынан коюп, «улутчул» деген коркунучтуу ярлыктан коркпостон, кыргыз мектептеринин 1-11-класстарынын өз алдынчалуу «кыргыз математикасын» жазууга киришкен. Ал оюн ийгиликтүү жүзөгө ашырды. Ал ар кандай талылуу маселе болобу, айткан сөзү таза, таасирдүү, ичинде эч кимге кири жок, улуу-кичүүгө бирдей, эч кимдин улутуна да карабастан камкор, жардам-кеӊешин аябаган жаркын инсан, ар кандай татаал же жөнөкөй маселе болсо да, аны чечүүдөөзүнүн нукура окумуштуулук көз карашы бар акылман илимпоз. Илимпоз өзүнө жүктөлгөн ишенимди актап, өзү жарым кылымдан бери иштеп келаткан Кыргыз билим берүү академиясынын аброюн кошо көтөрүп келатат.

Исак Бекбоевди азыр кыргыз педагогикасынын «Бакай атасы» деп жалпы журтубуз кадырлайт. Ал чынында бүтүн кыргыз «Мугалимдеринин мугалими» деген сыймыктуу атка да эгедер инсан. Мындай элдик атак-наамдарга ал сөздүн чын маанисинде татыктуу».

Сулайман Рысбаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор

«Өтөлгөлүүөмүрсүрүшаркимдинэлебактысынабуюрабербеген. элетжергесиндежарыкдүйнөгөкелип, жаркынкелечегиналиэлестетеалбаган, кыргыздынжөнөкөйбирбаласынанэлдинэлитасынтүзгөншааринтеллигентинечейинки, татаалтурмуштунөйдө-ылдыйына, катаалсыноосунааралашаэлекбозуланданата, чоӊатабактысынамаарыганкутманкарылыккачейинки, илим-билимгесуусагандилгирстуденттенатагыэларалыкмаанидегиадисматематик, Элмугалиминечейинки, илимдинкандидатынандокторуначейинки, доценттенпрофессоргочейинкиарытүйшүктүү, арытүшүмдүүжылдарИсакБекбоевдинөмүрүнтүздү. Өтөлгөлүүөмүрсүрүүаркимдинэлемаӊдайынажазылабербегентагдыртаразасыбуладамтурганжаккаооду. Алмустактанбериайтылыпкележаткан «Кудайдынсүйгөнпендеси» дегенсөзкачан, кайсымезгилде, кандайшарттаайтылдыэкен? Кыязы, ушулИсакагайгаокшогонпенделердинөмүрүнөсаресепсалыпотурупайтылыпкалганокшобойбу…»

 Али Турдугулов, филология илимдеринин доктору, профессор

 «Педагогика илими – ары татаал, ары тармактуу илим. Биз, мисалы, ашып кетсе, педагогиканын ичинен бир же эки тармагын гана өздөштүргөнгө, ушул тармак боюнча адис болууга аракет кылып жатабыз. Ал эми Исак агайыбыз педагогиканын кайсы гана тармагы боюнча болбосун, энциклопедиялык билимге ээ болгон адам. Педагогиканын ар тарабы боюнча агай илимий жана методикалык эмгектерди гана жаратпастан, илимий кадрларды дагы даярдап чыгарды.

Агай азыр биздей муундарга – ата, жаш муундарга – чоӊ ата. Ушул күнгө чейин агай өз кыраакылыгынан, таасирдүүлүгүнөн тая элек. Адам өмүр бою билим алып, билимин толуктап туруусу керек деген ойду агай өз тажрыйбасы менен далилдеп олтурат…»

 Салидин Калдыбаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор

 «Окумуштуу өзүнүн шакирттери менен бирдикте 1-11-класска чейин математика окуу китептерин нукура кыргыз тилинде жазып, мектептерге тартуулап отурат. Мына ушинтип, тарыхыбызда биринчи жолу Исак Бекбоевдин колунан мектеп үчүн улуттук математика окуу китептери жаралды. Бул мамлекеттик тилге атуулдук зор кызмат эмей эмне?  Бул патриотизм эмей эмне? Мунун өзү кыйкырбаган нукура, жөнөкөй, эмгекчил патриотизм деп аталат».

Гапыр Мадаминов, Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору

«Анын лекциялары алтын жаак акындардын төгүп ырдаган ыр саптары сыӊары адамдын бүйүрүн кызытып тургандай ыракатка чөмүлтөт. Бул сүйлөмпоз чыныгы лектордун касиетинин бир гана кыры. Андан башка да анын айтып, сүйлөп тургандарын дагы ойлордун арымдуулугу, кызыктуулугу, жаӊылыгы, айткандарынын өтө керектүүлүгү, зарылдыгы, жөнөкөйлүгү, өткөрө түшүнүктүүлүгү. Педагог деген ашкере чечен, өзүнүн айткандарына аны угуп олтурган кимди да болбосун даана ынандыра алган, анан чындап ыракатка батыра алган инсан болуусу керек экендигин биле туруп, ошол деӊгээлге жетпей келебиз. Ал эми Исак агай ал бийиктикке даана жеткен. Карыса да, али Кошой бабасынча кубаты кайтпаган кайраткердин бири».

 Асан Заркунов,  КР Эл мугалими

 “Исак Бекбоев агайыбыздын көптөгөн окуучуларынын бири болгондугум менен сыймыктанам.

Мектепте окуткан мугалимдердин, университетте окуткан окутуучулардын ар бир инсандын калыптанышында эмгектери зор. Ал эми илим изилдөөгө кадам жасаганда илимий жетекчилердин берген багыты кынтыксыз. Айтылгандарга күбө катары Исак Бекбоев агайдын ар бир изилдөөчүгө, өзгөчө жаштарга, кайсы учурда кайрылышпасын, бардык көӊүлү менен изилдөө темаларынын, койгон максаттарынын, милдеттеринин аныктамаларын окуп, оӊдоп, өз убагында нукка салганы баарыга белгилүү. Ушундай эмгекчилдигинен өзүнүн көптөгөн шакирттери да агай сыяктуу жогорку окумуштуулук даражаларга жетишкендиктерине күбөбүз…”

Бакдөөлөт Кособаева, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

 “Исак агайдын ийгиликтеринин сыры эмнеде болду экен? Адам жасаган иштеринин натыйжасы менен башка адамдарга өрнөк болушу үчүн эмгектеринин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү ошол ийгиликти жараткан адамдын ички дүйнөсү, жашоого болгон көз карашы, адамдарга жасаган мамилеси менен төп келишкен учурда гана даана көрүнөт. Мына ушул жогорудагы белгиленген ийгилик менен өрнөктүү иштерди аркалап келген агайыбыз – Исак Бекбоев.

Исак агайымдын ойлорун угуп, жашоодогу ар кырдуу маселелерди чечүүдө кеменгерлик кеӊешин алып эмгектенип келем. Агайдын адамдарга, кесиптештерине, окуучуларына жасаган мамилеси аркылуу анын улуулугу кандайдыр бир курактагы  жашты жашоодон эмес, анын зарыл болгон учурда кеп-кеӊешин аябаган акылмандыгынан,  жаратмандыгынан, көрөгөчтүгүнөн, тажрыйбасынан, айкөлдүгүнөн көз каранды экендигин билдим”.

 Калиман Джунушалиева, КББАнын кафедра башчысы, п.и.к.

 “Аалым болуу оӊой, адам болуу кыйын”, – деген сөз бар эмеспи. Ал эми аалым да, адам да болуунун анык үлгүсү Исак Бекбоевич деп айтар элем. “Дарак канчалык мөмө байлаган сайын шагы ийилет”, “Улуулардын улуулугу – анын жөнөкөйлүгүндө” деген накыл кептер Исак агайдай инсандарга карата айтылып калган болуш керек.

Алыскы элет жеринде он жылга жакын мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, туз-насип буйруп Кыргыз билим берүү академиясына кызматка кабыл алындым. Шүгүрчүлүк кылам, илим-билимдин ордосу болгон бул куттуу чөйрөгө туш болуу шыбагасы бешенеме буюрган экен. Болгондо да Исак Бекбоев агайыбыз жетектеген борбордо иштөө – бул менин эӊ чоӊ бактым болду деп эсептейм. Илим жолуна түшүүдө агайдын мага абдан  зор таасири тийди. Исак агайдын көрсөткөн ишеними, айткан акыл-кеӊеши, жасаган мамилеси, койгон талабы – баары мен үчүн өзүнчө бир чоӊ мектеп болду деп айтсам жаӊылышпайм”.

 Батма Абдухамидова, педагогика илимдеринин кандидаты

“Исак Бекбоевич кыргыз элинин бактысына жаралган улуу дөөлөт деп айтар элем. Ал эми агайдын жараткан окуу китептери, методикалык колдонмолору, монографиялары келечек муундарыбыздын, жалпы педагогдорубуздун, дегеле, түптүү кыргыз журтубуздун шыбагасына бүткөн зор байлык, түгөнгүс жок кенч эмеспи. Гумандуулуктун, тунуктуктун, бийиктиктин, эмгекчилдиктин, калыстыктын улуу өрнөгү болгон Исак агайыбыз менен биз, албетте, сыймыктанабыз”.

Аскер  Сөлпүбашова, КББАнын ага илимий кызматкери

Бул беттердин материалдарын даярдагандар:

п.и.д.,  профессор Абдыкерим Муратов,  п.и.к. Батма Абдухамидова

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*