МАРАГА КИМДЕР КЕЛАТАТ?

Республикалык “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышууга жолдомо алышкан  мугалимдер кезектеги кароо-сынакты чыдамсыздык менен күтүп жатышкан кездери. Адатта октябрдын алгачкы күндөрү мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай өткөрүлүүчү республикалык сынакка жети дубаныбыздан мыкты деп табылган мугалимдер ат салышат.

Нарындын намысын Чкалов мектебинин мугалими коргойт

Нарын облусунун биринчилиги үчүн облус боюнча беш мугалим таймашта күч сынашкан.  Нарын, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы райондору жана Нарын шаарынын мыкты деп табылган мугалимдерине калыстар тобу даярдаган тапшырмаларды аткаруу оӊойго турган жок. Эки турга бөлүнгөн тапшырмалардын биринчи турунда алар педагогика жана психология илимдери жаатында даярдыктарын көрсөтүшүп, андан соӊ ар бири өздөрүнүн тармагы боюнча ташпырмаларды аткарышты. Ар бир катышуучу өзү кайсы сабактан окутса, ошол боюнча 20 мүнөттүк сабактын фрагментин калыстардын калыс баасына коюшту. Талапкерлер калыстардын купулуна толуш үчүн өздүк көркөм чыгармачылык жаатында да өз таланттарын жашырышкан жок.

Таймаштын соӊунда калыстардын да, көрүүчүлөрдүн да купулуна толгон Нарын шаарынын №2 А.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Акунова Айгүл Рысбековна алдыга озуп чыгып, биринчи орунду ээледи.

Айгүл Акунова 18 жылдык педагогикалык стажы бар педагог. Ал учурда билими толуп жетилип, “иш десе ишке тойбой” турган 35 жаштагы чыгармачыл мугалим. Төрт баланын мээримдүү энеси.

Бир дубандын намысын коргоого даяр турган жаш педагогдун инсандык портретин ачууга аракеттендик.  Нарын жергесинен чыккан бул жайдары мүнөз тоолук кыз мугалим болууну кичине кезинен эӊсегендигин айтат. Ал мугалимдик кесипке үйрөнүүүчүн алгачкы билимди Нарын педагогикалык орто окуу жайынан алып, башталгыч класстардын мугалими, тарбиячы деген адистикке ээ болгон. 1996-жылы аталган окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктап, С.Наматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине кирип, кыргыз филологиясы факультетин ийгиликтүү аяктайт. Эмгек жолун Нарын областында гана эмес, республикага кеӊири таанымал болгон айтылуу А.Чкалов атындагы мектеп-гимназиядан баштап, ушул кезге чейин жаш жеткинчектерге билим-тарбия берип келүүдө. «Дарак бир жерден көгөрөт» демекчи, Айгүл Рысбековна өзүнүн тандаган кесибинин чыныгы күйөрманы катары чыгармачылык менен изденип эмгектенүү менен бирге окуучуларынын жетишкен ийгиликтерине кубанып келет. Ал кесибин өркүндөтүү максатында семинарларга, курстарга үзгүлтүксүз катышып, билимин улам жогорулатып, илимий-конференцияларга макала жазып, иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, мезгилден артта калбай жаӊы технологияларды да мыкты өздөштүрүүгө жетишти.

– Ар бир сабагым окуучуларга кызыктуу, пайдалуу болушу үчүн салттуу жана жаӊычыл методдорду колдонуу менен уюштурууга дайыма аракет кылам. Ал эми облустук сынакта мен атаандаштарымдан компьютердик технологиянын зор мүмкүнчүлүктөрүн ыктуу колдонуу менен озуп кеттим деп ойлойм. Анткени азыркы муун компьютерге, интернетке кызыгышат. Мен алардын кызыгуусун өзүмдүн сабагым менен эриш-аркак уюштуруп, алардын активдүүлүгүн арттырам. Кыргыз тилин үйрөтүү менен окуучуларымдын лингвистикалык интеллектин өстүрсөм, шахмат ийримин жетектеп математика-логикалык, музыка, бийди тыныгуу мүнөттөрүндө колдонуп музыкалык интеллектин өнүктүрүп,  жаӊы муунду ар кыл таланты бар инсан катары калыптандырууга өз салымымды кошуп келем, – дейт Айгүл Акунова ийгилик сырлары менен бөлүшүп.

Келерки сынактын жеӊүүчүсү чет өлкөгө саякатка чыгат

Экинчи борборубуз болгон Ош шаарындагы З. Бабур атындагы театрда өткөн “Жылдын мыкты мугалими – 2015” сынагында баш байгени Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нарымбаева Элвиза багындырган. Ал Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаага ээ болуп, республикалык турга катышууга жолдомо алгандыгы маалым.

Ал эми Ош облусунан республикалык “Мыкты мугалим – 2015” таймашына Өзгөн районундагы Б.Келдибаев атындагы орто мектептин химия мугалими Турсунгүл Жумагулова келип катышмакчы. Турсунгүл  «2015-жылдын Ош облусундагы эӊ мыкты  мугалими» деп табылды.

Түштүк жергесинде жыйынтыкталган алдыӊкы агартуучулардын сынагына Ош облусунун   райондук турунан алдыӊкы орунду ээлеген 10 мыкты талапкер катышып, өз күчтөрүн  сынашкан.

– Жобого ылайык, биринчи күнү балдардын чыгармачылыгы жана өзгөчө зээндүү балдар менен иштөөдөгү жана өздөрүнүн  ишмердүүлүгүндөгү автордук идеялар,  усулдар туурасында жазылган жазма иштерин коргоп беришти, –  дейт, Ош билим берүү  институтунун инновация кабинетинин усулчусу Мусаева Алтынай. Анын айтымында, эки күндүк тапшырманын жыйынтыгы боюнча 10 талапкердин ичинен тандалып, финалдык  турга жети мугалим катышкан.

– Натыйжада усулдук өзгөчө идеяларды өз ишмердүүлүгүндө тынымсыз изденүү менен  ишке ашырып келген демилгечил, тажрыйбалуу  мугалим Турсунгүл Жумагулова жеӊүүчү деп табылды. Анын химиялык реактивдердин жетишсиздигине карабай, эл ичиндеги  каада-салт, үрп-адат, турмуштук эрежелердин негизинде балдардын өздөрү күндөлүк  турмушта күбө болуп көрүп жүрүшкөн элдик колдонуудагы химиялык реакциялардын  сырларын сабактарында ачып берип жаткандыгы, балдардын ички кызыгууларын ар дайым эске алуу менен өз сабагына кызыктыра билүүсү,  мугалимдик  ар тараптуу жөндөмдүүлүгү калыстар тобу тарабынан жогору бааланды, – дейт А.Мусаева.

Жеӊүүчү Турсунгүл Жумагулова ОшМУнун табият таануу жана география факультетин аяктаган. Алгачкы мугалимдик эмгек жолун 1998-жылы Өзгөн районундагы Б.Келдибаев атындагы орто мектебинде химия сабагынын мугалими болуп баштаган. Беш баланын сүйүктүү энеси. Конкурска экинчи жылы катышып жатат. Биринчи жылы облуста төртүнчү орунду ээлеген.

“Жыл мугалими” сынагынын облустук турунда экинчи, үчүнчү орунду ээлеген жеӊүүчүлөрдү да калыстык үчүн айта кетпесек болбос. Экинчи орунга келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш педагог Кара-Суу районундагы Учкун орто мектебинин физика мугалими Зейнура Абдимуталипова татыктуу болду. Зейнура өз сабактарында жаӊы технологиянын көп кырдуу сырларын ийкемдүү колдоно билгендиги менен айырмаланды. Үчүнчү байгелүү орун Ноокаттагы белгилүү “Ноокат” билимканасы” лицейинин физика мугалими Тургунбай Жунусовго ыйгарылды.

Жеӊүүчүлөр баалуу сыйлыктардан куру калышкан жок. Ош облустук профсоюздар комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев биринчи орунга муздаткыч, экинчисине кир жуугуч машина тапшырды. Калган катышуучуларды да куру калтырбай микротолкундуу жылыткычтарды белекке тартуулады.   финалдык турга катышкан жети талапкер көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга акысыз жолдомого ээ болушуп, эс алып келишти. Мындан тышкары ОшМУнун ректораты алдыӊкы үч орунду ээлеген мугалимдерге акыркы үлгүдөгү заманбап телевизор тартууласа, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлап, катышуучулардын көӊүлдөрүн көккө көтөрдү.

–  Мугалимдер арасында өз кесибинин чыныгы күйөрманын, кандай шарт болсо да, кабагым-кашым дебей чыгармачылык менен иштөөгө умтулган анык педагогдорду таап, аларга дем-күч берип шыктандырууга шарт түзгөн “Жыл мугалими” сынагын өткөрүүгө зор көӊүл буруп, мугалимдик кесипти баалап, аны колдоп келген атуулдарыбыздын  катары жыл өткөн сайын улам көбөйүп баратканы бизди кубандырат. Жеӊүүчүлөрдү куттуктаган Ош билим берүү  институтунун  директору, уюштуруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Муратов да өз сөзүндө катышуучуларга, демөөрчүлөргө чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирип,  ОшБИ тарабынан даярдалган дипломдорду жана чөнтөк телефондорун белекке тартуулады. Белгилей кетүүчү жагдай, быйылкы кароо сынакка  демөөрчү болгондор кийинки сынакта мындан да баалуу белектерди коюуга, чет өлкөгө жолдомолорду берүүгө убадаларын беришти, – дейт “Жыл мугалими – 2015” сынагынын модератору Алтынай Мусаева кубануу менен.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*