БАТКЕНДИК МУГАЛИМДЕРДИН БАРААНДУУ ИЙГИЛИКТЕРИ

   

Мугалим – ыйык кесип. Канчалаган жогорку кызматкерлер, окумуштуулар, дарыгерлер мугалимдин эмгегинин үзүрү, мугалимдин жараткан эмгеги. Айта берсе мугалимдердин эмгегин мактоого сөз да жетпес. Ошондуктан, «Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы» дегендей, бүгүн майрам алдында Баткен районундагы билим берүү кызматкерлеринин жетишкен ийгиликтерин белгилөө менен эӊ алдыӊкы мекемелердин атын атап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз.  

Абдилазиз Зайитов1

Абдилазиз Зайитов, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: 

Мугалим – коомдун түркүгү

Урматтуу Баткен районунун билим берүү кызматкерлери жана ардактуу мугалимдер!

Сиздерди 5-октябрь – Мугалимдер күнү кесиптик майрамыӊыздар менен чын  жүрөктөн куттуктайм.

Мугалим – коомдун жана мамлекеттин түркүгү. Анткени, мугалим курган билим пайдубалына бир эле адамдын тагдыры эмес, бүтүн өлкөнүн тагдыры байланыштуу. Өмүрдөн кийинки баалуу байлык – акыл менен билим байлыгы эмеспи. Мына ошол байлыкты жаратуучулар мугалимдер, Сиздер!

Сиздердин иш – түйшүктүү иш! Анткени, Сиздер тарбиялаган ар бир инсан менен өлкөнүн интеллектуалдык кубаты чыӊдалат.

Сиздер илим менен билимдин, тарых менен маданияттын, салт-санаа менен акыл-насааттын түгөнгүс кенчи болуп кала бересиздер. Мындан ары дагы караӊгыны жарык кылган шам чырак катары, жаратмандык жана бийик атуулдук рух менен эмгектенишиӊиздерге тереӊ ишенем.

“Атын атаса куту сүйүнөт” демекчи, бүгүнкү күндө билим берүү тармагында Мажитов Сатыбалды, Сайкалов Сайитбуркан, Абдрахманов Кутбай, Миӊбаев Аркабай, Калилов Абдираим сыяктуу Эмгек сиӊирген мугалимдерибиздин, Жанаева Батма, Балтабаев Зулпукар, Акматбекова Ажар, Исакова Тазагүл, Абдрахманова Ажар сыяктуу  пенсия курагындагы мугалимдерибиздин, Алибаев Абдимитал, Гүлжигитова Бурул, Жусупов Иляз, Балтабаева Алтынай, Дүйшөева Канзада, Эралиева Мамлакат, Маккамбаева Умида сыяктуу алдыӊкы мугалимдерибиздин атын сыймык менен атоого болот.

Ушул жаркын майрам күнү Сиздердин түйшүктүү ишиӊиздерге ийгиликтерди, өзүӊүздөргө чыӊ ден соолук, үй-бүлөӊүздөргө бакыт-таалай, бардар турмуш каалайм! Кесиптик майрамыӊыздар кут болсун!

Бурул эжей Өкмөттүн Ардак грамотасына ээ болду 

Гулжигитова Бурул Т.Сариев

Баткен районундагы Кыштут айыл аймагына караштуу Газ орто мектебинин математика мугалими Гүлжигитова Бурул Абдиразаковна өзүнүн тажрыйбалуу адис экендигин жакында дагы бир жолу тастыктады. Ал талыкпаган эмгегинин натыйжасында август айында өткөн  КРнын билим берүү кызматынын 3-съездинде КРнын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Б.Гүлжигитова 1967-жылы 4-декабрда Баткен  районунун Газ айылында туулган. Ал 1991-жылы Фрунзедеги В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер мамлекеттик педагогикалык институтун физика-математика адистигин бүтүргөн.

Алгачкы эмгек жолун Баткен районундагы Газ орто мектебинде математика мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 2005-2008-жылга чейин мектеп директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп, учурда Газ орто мектебинде үзүрлүү эмгектенүүдө. 2005-жылы “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын райондук турунда 1-орунду камсыз кылып, облустук турунда 3-орунду ээлеген.

Анын алдыӊкы иш-тажрыйбалары педагогикалык жамаатта, райондо жайылтылып, ачык сааттарды өткөрүп келет. Бурул эжекей окуткан окуучулар жыл сайын райондук жана облустук олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп, республикалык олимпиадаларга катышып келет.

Көп жылдык эмгегинин акыбети бааланып, 2010-жылы “КРнын Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, райондук, облустук мамлекеттик администрациясынын, райондук БББнын жана облустук БББнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

“Жыл мугалими – 2015”

Гулназ Суюнова мыкты мугалим-20151

Гүлназ Суюнова “2015-жылдын мугалими” сынагынын зоналдык, райондук жана облустук турларына катышып, зоналдык турунда 1-орунду, райондук турунда 1-даражадагы диплом жана муздаткыч облустук турунда 2-орунду камсыз кылгандыгы үчүн кир жуугуч машина жана баалуу сыйлыктардын ээси болду.

Г.Суюнова Кыштут айыл аймагына караштуу Сай айылындагы Д. Акматов атындагы орто мектебинин мугалими. 2008-жылы Ош технологиялык университетинин “англис тили жана котормочулук” факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. “Изденүүдөн ийгилик жаралат” деген принципти бекем кармаган эжеке мектепте жума сайын “Акыл ордо”оюнун уюштуруу менен өзү да бир топ такшалды. Гүлназ эжекенин бул жетишкендиктери мектептеги жаш мугалимдер үчүн чоӊ сабак, өзүнчө бир өрнөк болду.

Д.Акматов атындагы орто мектебинин директору Аззамбек Азимовдун айтымында, быйылкы жыл мектептин эмгек жамааты үчүн да, окуучулары үчүн да өтө жемиштүү жыл болду. анткени, окуучулар арасында предметтер боюнча олимпиадалык жетишкендиктер республикалык тестирлөөдөгү жогорку көрсөткүчтөр, спорттун эркин күрөш туру боюнча республикалык турда байгелүү орундар мектептин демине-дем кошуп, бир топ шыктандырды.

«Мыкты бала бакча»

Сайдахан Алиева Мыкты бала бакча1

Баткен районуна  караштуу Самаркандек айылындагы «Бала-Нур» бала бакчасы 2015-жылы өткөрүлгөн облустук кароо-сынакта «Мыкты бала бакча» деп табылып, 3-орунду камсыз кылды.  Азыркы учурда бала бакчада 160 бала тарбияланат. Аталган бакчанын мындай ийгиликтерге жетишине уюштургуч жетекчи, иш билги айым Алиева Сайдахан Масеитовнанын эмгеги зор.

С.Алиева 1960-жылы Самаркандек айылында  туулган. 1981-жылы Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун педагогикалык факультетин бүтүргөн. Алгач Паскы-Арык мектебинде башталгыч классында мугалим болуп иштеген. 1999-2007-жылдары М.Салихов атындагы орто мектебинде башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, 2007-жылдан баштап Самаркандек айылындагы «Бала-Нур” бала бакчасынын башчысы болуп иштеп келе жатат.

Ал талыкпаган эмгегинин натыйжасында  Эл агартуунун отличниги төш белгиси, Баткен райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

«Мыкты айылдык мектеп»

Мыкты айылдык мектеп1

Кара-Токой гимназия мектеби 2014-2015-окуу жылында облустук билим берүү борбору тарабынан өткөрүлгөн «Мыкты айылдык мектеп» кароо-сынагынын облустук туруна катышып, 1-орунду камсыз кылып, Ардак грамота менен сыйланып, республикалык  «Мыкты айылдык мектеп» кароо сынагына жолдомо алышты.

Кара-Токой гимназия мектебинин директору  Дыйканов Кубаныч Айбашовичтин айткандарына караганда, учурда Кара-Токой гимназия-мектебинде  223 окуучу билим алып,  аларга 30 мугалим билим-тарбия беришүүдө. Мугалимдердин арасынан жетөөсү КРнын «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган. Мектептин эмгек жамааты жана окуучулар  жыл сайын ар түрдүү кароо-сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып келет.  2013-2014-окуу жылында ОшМУ тарабынан окуучулардын ОРТнын жыйынтыгы менен бюджеттик негизде окуп жаткан студенттерге мониторинг  жүргүзүлүп, Ош,  Жалал-Абад, Баткен облустарынын арасында Кара-Токой гимназия-мектеби 2-орунду камсыз кылып, 2-даражадагы диплом жана баалуу белектер менен  сыйланышты.

 Гүлчехра ТАЖИБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*