“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2015”: ИЙГИЛИК КИМГЕ ЖЫЛООЛОЙТ?

7-9-октябрда “Жылдын мыкты мугалими – 2015” республикалык сынагынын финалы Бишкекте өтөт. Биз гезитибиздин өткөн санында бул сынакка катышууга жолдомо алышкан жер-жерлердеги талапкерлер тууралуу жазган элек. Бул жолку каармандарыбыз – Балыкчы шаарындагы №4 гимназия мектебинин мугалими Нургүл Алиева жана Токмок шаарындагы №1 А.Пушкин атындагы мектеп-гимназиянын тарых мугалими Алмазбек Жумагулов.

“Мугалимдин образын  ойноп чоңойдум”

Нургүл Алиева көгүлтүр көл кылаасындагы мектептердин эң мыкты мугалимдеринин катарында облустук сынакта өз билимин жогорку деңгээлде көрсөтүү менен биринчиликти жеңип алып, эми республикалык сынакка катышмакчы.

Нургүл Согушбековна Балыкчы шаарындагы №4 мектеп гимназияда балдарга география сабагын окутат. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин география жана экология факультетин аяктаган. 20 жылдык тажрыйбасы бар географ мугалимдин кредосу: “өз кесибиңди сүйсөң, окуучуңду жан досуңдай көрсөң, өз предметиңди терең билсең, изденип, эмгекчил болсоң, ал адамды сөзсүз ийгиликтер коштойт”.

Мектеп партасынан эле өзүн келечекте мугалим деп элестеткен Нургүл “Менин берген билимим сапаттуу, жеткиликтүү дүйнөлүк атаандаштыкка туруктуу болсо, окуучулар алган билимин жашоосунда пайдалана алса, ал мен үчүн бакыт” деп эсептейт.

– Бийик маданияттуу, билимдүү, мээримдүү эжейлеримди идеал тутуп, мугалимдин образын ойноп чоңойдум. Педагогикалык иш сапарымда кыялданып, философиялык ой-толгоолорумду курал катары колдонуп келем. Даанышмандардын баасында, мугалим – жаш наристенин баео сезимине жол салып, ички дүйнөсүнө аруулуктун, адамгерчиликтин үрөнүн сээп, билимдин шам чырагын жагып, ал аркылуу өзү да рахат алган адам. Менин жеке баамымда мугалим – окутуучу эле эмес, таалим-тарбия берүүчү, окуучунун аң-сезимин өнүктүрүп-өрчүтүүчү жана жөндөп туруучу устат, – дейт тажрыйбалуу мугалим.

Мектепте 9-классты кызыл күбөлүк, ал эми 11-классты артыкчылык аттестаты менен аяктап, үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн “Күмүш медаль” менен сыйланган Нургүл Алиева өзү окуган мектебинин намысын нечен ирет шаардык, облустук жана республикалык олимпиадаларда коргоп, кыргыз тили жана адабияты предметинен биринчи орунду ээлеген. Анын педагогикалык эмгек жолу да 1996-жылы КМУну аяктагандан кийин, өзү окуган мектепке мугалим болуп келгенден тарта бийиктиктерди багындыруу менен коштолуп келет.

Н.Алиеванын “Азыркы социалдык-экономикалык шартта өспүрүмдөрдү тарбиялоо проблемасы” доклады шаардык педагогикалык окууда эң жакшы деп табылган. Учурда 8-9-класстар үчүн “Геология – жер жөнүндө илим” автордук программасынын алкагында иш жүргүзөт. Мындан тышкары “Аалам” илимий коомунун жетекчиси. Нургүл Согушбековна жетектеген класс “Мыкты класс”, “Мыкты окуучу”, “Акыл ордо”, “Интеллектуалдык марафон” жана “Мыкты кабинет”  конкурстарын жеңип келет.

2011-жылы  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Ысык-Көл педагогикалык идеяларынын жана жетишкендиктеринин ярмаркасы” темасындагы  республикалык семинарда “Ысык-Көл ойдуңу” мультимедиалык  ачык сабагы  жогорку деңгээлде өткөн.

“Айтумар” мектеп журналынын Ысык-Көл областы боюнча координатору катары көптөгөн таланттуу балдардын талантына чыйыр жол салды.

“SPARE” эл аралык билим берүү долбоорунун мүчөсү.

Ал 2015-жылдын 15-майында КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурган   “Биздин мектеп” долбоорунун алкагында жеке өзүнүн каражатына “Эко Нур” экологиялык залын ачты.

Нургүл Алиеванын ар бир сабагы окуучуну таасирлентет. Өз колу менен жасаган көрсөтмө куралдары, жеке өзүнүн каражатына жасалгаланган заманбап окуу кабинети чыгармачылык, изденүүчүлүктүн айкын далили экендиги талашсыз.

“География сабагында жомокто жүргөндөй сезебиз” дешет окуучулары

“Нургүл эжейдин ар бир сабагы оригиналдуулугу менен айырмаланып, Кыргызстандын кооздугун, көркөмдүгүн, аскасы асман тиреген кырка тоолорун география сабагында өтө аздектеп, элестүү ачып берет”, – дешет анын окуучулары сыймыктанышып.

Анын мурдагы окуучусу, учурда Бишкектеги Т.Сыдыков атындагы көркөм өнөр колледжинде окуган Дастанов Жумандын чоң  энеси Шайымкүл Солтобаева Нургүл Согушбековнанын өз ишин мыкты өздөштүргөн адис катары эле эмес, окуткан балдарынын кулк-мүнөзүн терең аңдай билген кыраакы, мээрман эне катары да адамгерчилик сапатын жогору баалайт.

– Кичинесинен өз ата-энесинен айрылган Жуманым жалгыз гана Нургүл эжейине ымандай ички сырын, келечектеги ой-максатын айтып сырдашчу. Келечекте сүрөтчү болгусу келгенин билгенден кийин эжейи Бишкекке атайын келип, азыр окуп жаткан окуу жайдын жетекчилерине жолугуп, болгон жагдайды түшүндүргөн экен, неберемдин кыялы аткарылып, минтип өзү каалаган окуу жайдын студенти болуп калды. Окуучуларынын жүрөгүнө жол таап, аларга насаатчы эле эмес, эне-баладай сырдашып, акылын айтып, туура багыттай билгендиги үчүн Нургүлдү биз – ата-энелер да терең урматтайбыз. Ал небереме айттырбай бизге акчалай көмөк көрсөтүп келет, – дейт Шайымкүл чоң эне ыраазычылыгын билдирип.

Алмазбек менен сүйлөшкөндө дилиң тазарып, жан дүйнөң байыйт

Алмазбек Жумагулов Токмок шаарындагы А.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых сабагынын мугалими. Ал быйыл республикалык сынакта чүйлүктөрдүн намысын коргоочу талапкерлердин бири.

А.Жумагулов 1983-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Мектепте КУУнун төртүнчү курсунда окуган кезинен баштап иштеп баштаган. Мугалимдик кесиптин түйшүктүү жүгүн аркалагандардын басымдуу көпчүлүгү аялзаты экендигин эске алсак, Алмазбектин мугалимдик кесипте 12 жылдан бери иштеп келаткандыгын чоң эрдик катары да бааласак болчудай. Аны кесиптештери өз ишин чындап сүйгөн, өзүнүн жаш энергиясын, билимин, күчүн жаш муундарга билим жана тарбия берүүгө арнаган мугалим деп баалашат. Тарыхчынын  принциби: мугалим – бул жараткан ыроологон дээр, талант.

“Алмазбек Муратбековичтин окуучулары окууда 100 % жетишкендикке ээ болушат. Бул анын билимин иш жүзүндө айкалыштырып үйрөткөндүгүнүн айкын далили. Анткени педагог балдарга окутулган билим практикалык багытта болгондо гана чоң баалуулукка ээ болооруна бекем ишенет. Ошол себептүү биринчи кезекте окуучуларга даяр билим эмес, аны издеп, таба билүүнү, эң негизгиси кайсы жерден, кантип колдонууга болоорун үйрөтөт”, – дешет Алмазбек Жумагулов тууралуу кесиптештери.

А.Жумагуловдун окуучулары шаардык, облустук жана республикалык түрдүү сынактарга активдүү катышып, бир нече жолу жеңүүчү болушкан. Алсак, былтыркы окуу жылында эки окуучусу (Т.Рузиева, Д.Арстенбекова) “Дружат дети на планете” республикалык конкурсунда биринчи орунду ээлешкен. Дагы бир окуучусу А.Илиясова шаарда биринчи, облуста үчүнчү байгелүү сыйлыкты жеңип алган.

А.Жумагуловдун бүтүрүүчү окуучуларынын арасынан ЖРТ жана ЖОЖго тапшырууда тарых сабагын тандагандар дайыма жогорку балл алышат. Мугалимдин ишинин айкын баасы мына ушул көрсөткүч эмеспи. Анын ийгилигинин дагы бир сыры – сабагында тарыхый-край таануу жана мектептеги музейдин материалдарын кеңири пайдалангандыгында. Маселен, тарых боюнча сабактан тышкаркы окутуу формасын кеңири колдонуп, Буранага, край-таануу музейлерге, Ак-Бешимдеги археологиялык эстеликтерге, борбор шаарыбыздагы музейлерге балдарды байма-бай алып барып турат. Мектептеги музейди кайра калыбына келтирүүдө, музей үчүн баалуу экспонаттарды топтоодо Алмазбектин эмгеги чоң. Окуучулардын жаш курагына жараша кызыктуу жүрүштөрдү, интеллектуалдык жана театрлаштырылган оюндарды, флеш-моб, дебаттарды уюштуруп, балдардын заманбап өнүгүп-жетилүүсүнө кайдигер карабаган педагог катары да окуучулар арасында сый-урматка ээ.

Алмазбек Жумагулов жетектеген “КВН” клубу 2013-2014-окуу жылдары КВН сезонунда Чыгыш-Чүй лигасынын чемпиону жана ошол эле жылкы сезондо республикалык окуучулар лигасынын призеру болгон.

Ал иштеген №1 мектеп-гимназия республикадагы 100 инновациялык ресурстук мектептин катарына киргендиги окуучуларга да, мугалимдерге да зор импульс берип жатканы жашыруун эмес.

–      Сабактарды жана сабактан тышкаркы иш-чараларды көркөмдүү, кызыктуу жана учур талабына ылайык өткөрүүүчүн мугалимдерге жылдан-жылга жаңы ресурстар пайда болуп жатканы бизге бир чети жеңилдик жаратса, бир чети жагымдуу болуп, дагы-дагы чыгармачылык менен изденип иштөөгө мотивациялайт экен. Мына, биздин мектеп интерактивдүү доскалуу болуп, Алмазбек Муратбековичке окшогон көптөгөн мугалимдерибиз сабактарында жана андан тышкары инновациялык технологияларды кеңири колдонууга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Алмазбек Жумагулов инновациялык технологияларды кеңири колдонгон тажрыйбалуу педагог катары Токмок шаарындагы башка мектептердин тарых мугалимдерине түрдүү темадагы докладдар менен чыгып турат. Аны өз кесибин ардактаган мыкты кесипкөй катары эле эмес, ал өзү менен баарлашкан адамдын дилин тазартып, жан дүйнөсүн байыткан адам катары да жогору баалайбыз. Алмазбек Муратович өзү жаш болсо да, кесиптештерине керек учурда жардам берип колдой да билген, ошол эле учурда талапты да кое билген сергек жетекчи, – дейт, №1 мектеп-гимназияда директор болуп 27 жылдан бери иштеп келаткан КРнын эмгек сиңирген мугалими Шульженко Любовь Георгиевна.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*