ЭМГЕК АКЫ ЖОГОРУЛАДЫ: КИМ КАНЧА АЛДЫ?

Мугалимдердин эмгек акысы 1-сентябрдан тарта 50%, башталгыч класстын мугалимдериники 80% чейин жогорулады. Ай жаӊырары менен мугалимдер алгачкы жогорулатылган эмгек акысын алышты.

Каракол шаарындагы №6 мектептин кыргыз тили, адабияты мугалими Алмагүл Муканбетова былтыр 24 саат үчүн 6000 сом эмгек акы алса, быйыл эки саатка кыскарганы менен эмгек акысына бир топ акча кошулуп, башка бардык мугалимдердей кубанып жаткан кези.
– Быйыл былтыркыга караганда саат бир аз азайганы менен көӊүлгө толгудай эмгек акы алдым. 22 саат үчүн 11 миӊ сом чыгыптыр. Мурда мынчалык эмгек акы албаган жаным колума акчаны алганда абдан кубандым. Эми эмгек акыбыз ушул калыбында калса жакшы болот эле. Болбосо бизде башында көбөйтүп коюп, аягында кайра эле мурунку калыбына келип калчу эле. Лицей, гимназиялардын мугалимдери мындан да көп алды деп жатышат, – дейт кубанган Алмагүл эжей.
Ал эми Балыкчы шаарындагы №3 мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Биялиева Айна Алмагүл эжейден дагы көбүрөөк эмгек акы алды. Ал мурун 30 саат үчүн 6900 сом алып келсе, бул жолу 12 миӊ сом алды. Мурунку эмгек акысына беш миӊ бир жүз сом кошулган.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынын берген маалыматында болсо, шаардагы №20 мектептин орус тили мугалими Исакова Айнура буга чейин тогуз миӊ алты жүз сом алса, азыр 11 миӊ 200 сом алган. Ал эми №50 мектептин дене тарбия мугалими Исаков Искендер болсо мурунку эмгек акысынан беш миӊ сом көбүрөөк алган.
– Маянанын жогорулашы мен үчүн, дегеле бардык мугалимдер үчүн эӊ жакшы жаӊылык болду. Бул билим берүүгө көӊүл бурула баштагандыгын, биздин ак мээнетибиз бааланып жаткандыгын далилдеп турат. Бул бизге дем-күч берип, ишибизге чыгармачылык менен мамиле кылууга жол ачууда жана окуучуларга ак билимибизди аябастан бергенге стимул болмокчу, – дейт Искендер агай.
Жаш мугалим Байтик уулу Кайырбек болсо жогорку окуу жайын быйыл эле бүтүп, Бишкектеги №68 мектептен алгачкы эмгек жолун баштаган. Азыр ал алгачкы эмгек акысын алып, капчыгы толуп турган кези. Кайырбек өзү борбор калаада батирде айына беш миӊ сом төлөп турат. Мектепке жаӊы келип, ар кимден ар кандай сөз угуп, алган эмгек акым жок дегенде батирдин акчасын төлөгөнгө жетсе экен деп жүргөн. Эми алган эмгек акысы батирин төлөгөнгө дагы, башка зарылдыктарына дагы жетип олтурат.
– Мен 29 саат үчүн 9500 сом алдым. Буюрса, батиримди да төлөп, өзүмө дагы бир аз ашырып алдым. Болбосо аз акча чыгып калса кандай кылам деп ойлонуп жаткам, – дейт Кайырбек.

Эмгек акы канчалык көбөйдү?

Негизинен Өкмөттүн токтому боюнча мектеп жана баштапкы кесиптик билим берүүчү мекемелердин мугалимдеринин эмгек акысы саатына жараша төлөнүп, 50 пайызга жогорулады. Окуучулардын билим дүйнөсүнүн пайдубалын түптөй турган башталгыч класстын мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары болгондуктан, алардын эмгек акысы 50 пайызга эмес 80 пайызга көтөрүлүп, алар 80 пайызга жогорулатылган эмгек акы алышты. Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана бала бакчалардын тарбиячыларынын саат боюнча эмгек акысы 30 пайызга жогорулады. Эмгек акыны жогорулатууда жетекчилер дагы четте калган жок. Баштапкы кесиптик билим берүүчү, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин жетекчилеринин, техникалык кенже тейлөө кызматкерлеринин кызматтык эмгек акысы 20 пайыз көтөрүлдү.
Эмгек акынын жогорулашы менен даярдык, сабактан сырткаркы жана чеберчиликти жогорулатуу иши үчүн төлөнүүчү акы кошо жогорулады.
Натыйжада, орто кесиптик педагогикалык билимдүү 5-11-класстардын жана баштапкы кесиптик билим берүүчү мекемелердин мугалимдеринин бир сааттык иши үчүн 40 сомдон 60 сомго чейин төлөнсө, жогорку педагогикалык билими бар мугалимдин эмгек акысы 45 сомдон 67,5 сомго, магистр даражасы бар жогорку билимдүү мугалимдики 50 сомдон 75 сомго чейин кошулду.
Орто кесиптик педагогикалык билими бар 1-4-класстын мугалимдеринин эмгек акысы 40 сомдон 72 сомго чейин, жогорку педагогикалык билими бар мугалимдики 45 сомдон 81 сомго чейин, магистр даражасы бар жогорку билимдүү мугалимге 50 сомдон 90 сомго чейин кошулду.
Бала бакчанын орто кесиптик билими бар тарбиячысынын эмгек акысы 32 сомдон 57,6 сомго жогоруласа, жогорку билимдүү тарбиячы мурда бир сааттык иши үчүн 35 сом алып жүрсө, эми 63 сом, магистр даражасы бар жогорку билимдүү тарбиячы сааттык ишине 68,4 сом ала баштады.
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын орто кесиптик билими бар тарбиячысынын бир сааттык эмгек акысы 38 сомго бааланса, эми 49,4 сом, жогорку педагогикалык билими бар тарбиячынын эмгеги 54,6 сом, магистр даражасы бар жогорку билимдүү адистин бир сааттык эмгеги 58,5 сом менен бааланууда.
Квалификацияга жараша каралган кошумча төлөмдөр мугалимдер аттестациядан өтмөйүнчө төлөнбөйт. Учурда мугалимдерди аттестациядан өткөрүү, квалификация ыйгаруу тартиби, жол-жобосу иштелүүдө. Негизи устатчылык үчүн – 2000 сом, насаатчыга – 1500 сом, методистке – 1000 сом кошумча төлөп берүү каралган.
Буга чейин төлөнүп келген айыл жери үчүн, тоолуу жана алыскы аймак үчүн, педагогикалык стажы үчүн, гимназия жана лицей класстары үчүн, илимий даражасы үчүн, ардактуу наам жана башка төлөмдөр дагы сакталды.

Мектептен тышкаркы мекемелердин кызматкерлеринин дагы эмгек акысы жогорулады

өкмөттүн ушул жылдын сентябрь айындагы Токтомуна ылайык, мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысы дагы жогорулады. Мурда орто кесиптик билимге ээ болгон мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарынын ийримдеринин жетекчилери 5000 сом эмгек акы алып келсе, эми ал 7500, жогорку билимдүү жетекчи 5500 сом алып келсе, эми 8250 сом, магистр даражасы бар жетекчи 6000 сом алса, эми 9000 сом эмгек акы алат.

Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү

Окуучулардын саны боюнча мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары Бир айдагы кызматтык маяна
Директор Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Директордун башка орун басарлары
210дон 420га чейин 6000 5400 5100
420дан 900гө чейин 6600 5940 5610
900дөн 1380ге чейин 7200 6480 6120
1380ден көп 7800 7020 6630

Даярдык иштерине төмөнкүлөр кирет:

– сабакка даярдануу;

– лабораториялык жана практикалык иштерге даярдануу;

– жазуу жана лабораториялык иштерди текшерүү;

– көчүү жана жыйынтыктоочу экзамендерге даярдануу жана өткөрүү;

– предмети боюнча календардык жана окуу-тематикалык пландарды жазуу;

– кабинетти жасалгалоо жана аны жетектөө.

Сабактан сырткаркы жана чеберчиликти жогорулатуу ишине төмөнкүлөр кирет:

– класс жетекчилик;

– насаатчылык;

– мектептик (райондук) методикалык бирикмелерди жетектөө;

– кружоктук иш;

– жана башка сабактан тышкаркы ишмердүүлүгү (сабакка жетишпеген жана зээндүү балдар менен иштөө, тарбиялык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү);

– сабакта колдонуу үчүн дидактикалык жана методикалык материалдарды даярдоо;

– ачык сабактарды өткөрүүгө даярдануу жана өткөрүү;

– конференцияларга, семинарларга жана методикалык кеӊештерге катышуу жана баяндамаларды даярдоо.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*