Ирэне КЯОСААР: «КӨП ТИЛДҮҮ АДИСТЕР – МЫКТЫ ЖАРАНДАР»

 Жакында көп тилдүү билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн Эстониядан Ички коопсуздук академиясынын ректору Катри Райк жана Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ирэне Кяосаар биздин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте «Көп тилдүү мектептер үчүн мугалимдерди даярдоо принциптери» аттуу эки күндүк семинарды өткөрүштү. Бул усулдук жыйынга ОшМУдан, Бишкектеги музыкалык-педагогикалык колледжден жана Борбордук Азия эл аралык университетинен да окутуучулар катышты. Алыстан келген конок Ирэне айым менен болгон маекти окурмандын назарына коёбуз.

 – Тил саясаты, тил колдонуу жаатындагы сиздердин тажрыйбаӊыздар биз үчүн абдан кызыктуу. Сөздү ушундан баштайлы.

– Бизде мамлекеттик тил бирөө – эстон тили. Мамлекеттик иш-чаралардын баары эстон тилинде өткөрүлөт. Бирок билим берүү чөйрөсүндө калктын 20-25тей пайызы орус тилдүү экендиги эске алынат. Биздин билим берүү тутумубузда бирдиктүү окуу программасы кабыл алынган. Жалпы билим берүүчү мектептердин 20 пайыздай бөлүгүндө окутуу орус тилинде, калгандарында эстон тилинде жүргүзүлөт. Орус тилдүү мектептерде эстон тили милдеттүү түрдө окутулат, гимназиялык деӊгээлде (орус тилдүү гимназиялар жок) окутуунун 60 пайыздан кем эмес бөлүгү эстон тилинде болот. Ошентип, бара-бара окутуу толугу менен эстон тилине өткөрүлөт. Жогорку окуу жайлары да негизинен эстон тилдүү. Билим берүү тутумундагы мамлекеттик тилдин орду ушундай.

Бирок биздей анча чоӊ эмес эл үчүн чет тилдери абдан керек, ошондуктан англис жана орус тилдери окутулат. Жогоруда айтылгандай, орус тилдүү мектептер да бар. Башка аз сандуу элдердин балдарын өз тилдеринде окуткан мектептер жок. Алар үчүн жекшемби мектептери иштейт. Адатта диний мектептерди ушундай аташат эмеспи, бирок биздегилер динге эч кандай тиешеси жок, тил, маданият таануу багытында билим берет. Ошентип, эстон эместердин да улуттук өзгөчөлүктөрүн, тилин сактап калууга кам көрүлөт.

– Совет доорундагыга салыштырганда азыркы абал өтө айырмаланса керек?

– Бизде союз мезгилинде деле эстон тили зор мааниге ээ болгон. Эстон тилдүү мектептер, университет иштеген. Азыркы айырмачылык – мамлекеттик деӊгээлдеги иштердин баары эстон тилинде гана жүргүзүлгөндүгүндө. Мурда эстон тили окутулбаган орус тилдүү мектептер бар эле, азыр бардык мектептерде эстон тили окутулат, жок эле дегенде айрым сабактар эстон тилинде жүргүзүлөт.

Эстон тилдүү мектептерде орус тили милдеттүү предмет эмес, окуучу өзү же ата-энелердин каалоосуна карай мектеп тандап ала турган, бирдей маанидеги төрт (англис, француз, немис жана орус) чет тилдин бири болуп саналат. Бул тилдердин бири негизги мектепте жана гимназиялык деӊгээлде да тереӊдетип окутулуп, ал боюнча мектепти бүтүп жатканда сынак тапшырылат. Демек, бул тилди жакшы билүү талап кылынат. Мектептердин 95тей пайызында англис тили тандап алынат. 60 пайыздай мектеп орус тилин экинчи чет тили катары тандайт.

– Сиздерде көп тилдүү билим берүү программалары качантан бери иштеп жатат?

– Мамлекеттик деӊгээлде, тутумдуу түрдө жайылтылышын айтсак – 1999-жылдан бери. Орус тилдүү мектептердин 60 пайыздай бөлүгүндө кош тилдүү негизде сабактар берилет.

– Кайсы сабактар эстон тилинде, кайсылары орус тилинде окутулат?

– Дегинкиси муну мектеп өзү тандайт. Бирок көбүнчө табият таануу, жаратылышка байланышкан предметтер, музыка, дене тарбия, эмгек сыяктуу практикалык ыӊгайдагы предметтер да эстон тилинде окутулат. Орус тилдүү мектептерде салт катары реалдуу предметтер абдан жакшы окутулуп келгендиктен, математика, физика, химия орус тилинде берилет.

– Жай турмуштагы улутчулдук деген түшүнүк бар, мунун тилге байланышкан жагы – улуттук тилде сүйлөөгө тыюу салуу аракети. Мисалы, союз мезгилинде айрым шаарларда эки адам өз тилинде сүйлөшүп жатканын көргөндө кемпирлер деле тыйчу, коомдук жайларда улуттук тилде сүйлөгөн уят, орусча сүйлөшкүлө деп. Сиздерде ушундай өнөкөт жокпу – эстон эместер көчөдө, троллейбуста ж.б. жерлерде өз тилинде кысынбай эле сүйлөшө алабы?

– Бизде мындай жосун болбойт. Ар ким өз тилинде эле сүйлөшө алат: орустар, финдер, азербайжандар же каалагандай башка улуттагы коноктор тил жагынан эч кандай кысымга кабылбайт. Биздин коом жетиштүү деӊгээлде сабырдуу (толеранттуу), эч ким башка бирөөнүн кайсы тилде сүйлөгөнүнө кийлигишпейт. Бирок мамлекеттик мекемеге барганда эстон тилинде сүйлөшкө туура келет, анткени ал жердеги кызматкерлер башка тилдерди билбеши мүмкүн.

– 90-жылдардын аягында башталган көп тилдүү билим берүү программасынын ийгиликтери кандай болууда?

– Бизде билим берүү акысыз. ЖОЖдордо негизинен эстон тилинде окутабыз. Магистрлик программалар англис тилинде жүргүзүлөт. Эстония түркүн маданияттардын тоомунда болгондуктан, бизге көп тилдүүлүк абдан пайдалуу. Бул мамлекеттин саясаты эле эмес, эмгек базарынын талабы да ушундай. Мектепти кош тилдүү программа боюнча бүтүргөн студенттер университетте жакшы окушат. Эстон тилин билүү жакшы жумуш ордун табуу үчүн зарыл.

– ЖОЖдо көп тилдүү билим берилбейби?

– Үч миллиондой калкы бар чакан өлкөдө жогорку билимди параллель тилдерде берүүөтө кыйын, ошондуктан студенттер эстон тилинде окушат. Албетте, мектептеги көп тилдүү билим берүү программалары үчүн атайын адистерди даярдаган факультеттер жөнүндө сөз башка. Эл аралык баарлашуу тили катары англис тилин үйрөтүүгө артыкчылык берилет.

Эстонияда адистер үч тилде (эстон, англис, орус тилдеринде) эркин сүйлөшүп, окуй, жаза билишет. Жаштар арасында орус тилинен кыйналгандары бар. Дарыгер же адвокат болуп иштеш үчүн бул тил да керек болот – мисалы, орус кемпирди дарылоо же анын укугун жактоо үчүн орусча сүйлөшө билүү зарыл эмеспи.

2011-жылы кош тилдүү программа боюнча окуган гимназисттердин алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгардык. Эстондор эне тилин биринчи орунга коюшат, англис тилинен кийин орус тилин да билгенге умтулушат. Башында тилге көбүрөөк көӊүл бурулгандыктан академиялык предметтер – математика, химия, биология ж.б.у.с. – жакшы өздөштүрүлбөй калабы деп чочулаганбыз. Бирок бүтүрүүчүлөр тил жагынан эле эмес, жалпы билими боюнча да демейки программада окуп чыккан теӊтуштарынан эч калышпай тургандыгын көрсөтүштү. Алар мыкты билим эле эмес, жарандык тарбия да алышты – башка маданият өкүлдөрү менен оӊой тил табышып, ар кандай тилдик чөйрөлөрдө обочолонбой, тез аралашып кете алышат. Ачык айрым, шайдоот, кеӊ пейил келишет, коомдук турмушка жигердүү катышат. Демек, көп тилдүү билим берүү методикасы тил билүү жагынан эле эмес, инсандык өсүшкө да зор таасир этет. Башка адамдар менен оӊой кызматташып, командалык иштерге ийкемдүү, шар аралашып кете алышат.

– Бул жаӊылыкты киргизгенде «велосипед ойлоп табууга» убараланбай эле, башка  өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянгансыздар го?

– Албетте. Эӊ оболу Канаданын англис-француз тилдүүүлгүсүн алдык. Ал кезде Эстония Евробиримдикке кире элек болчу, Канада каржы жагынан да колдоо көрсөттү. Бизге адистер келип, азыр биз Бишкекке келгендей, өз тажрыйбаларын, билимдерин бөлүштү, биз да Канадага каттап турдук. Экинчи кезекте кошуна финдерден да көп нерселерди үйрөндүк. Аларда фин тилдүү мектептерде швед тилинде да сабактар окутулат. Бул  өлкөлөрдүн тажрыйбасынын эӊ мыкты жактарын алдык.

– 15 жылдай мезгилде өзүӊүздөрдүн көп тилдүү билим берүүүлгүӊүздөрдү иштеп чыгып, окуу программаларын, окуу китептерди, башка керектүү таянычтарды жергиликтүү шартка, өзгөчөлүктөргө ылайыктап түзүүгө жетиштиӊиздерби?

– Туура айтасыз, канчалык мыкты болсо да, эч кайсы үлгүнү көчүрүп келип эле колдоно берүү мүмкүн эмес. Сөзсүз түрдө ар өлкөнүн өз үлгүсү иштелип чыгышы керек. Биз өзүбүздүн маданиятка, мамлекеттеги, коомдогу жагдайга жараша программа иштеп чыгып, методиканы ыӊгайлаштырдык. Бизде биринчи баскычта (1-3-класстарда) колдонула турган окуу материалдары бар. Бардык сабактардын мазмунун жуурулуштура камтыган окуу китептер иштелип чыккан. Балдар ушул баскычта эстон тилин жетиштүү деӊгээлде билип алышат да, кийинки класстарда демейки эле эстон тилдүү мектептер үчүн жазылган окуу китептерин пайдаланышат. Орус тилиндеги сабактарда болсо орус тилдүү мектептер үчүн жазылган китептер колдонулат.

– Сиздерде көп тилдүү билим берүү жаатындагы негизги маселелер чечилип бүткөн, эми өркүндөтүү гана керек десе болобу?

– Баары чечилди, баары кыялдагыдай дегенге болбойт. Методика жакшы иштелген, орус тилдүү мектептердин 60 пайызында колдонулат. Бирок башка маселелер бар, атап айтканда, көп тилдүү билим программасында иштегидей мугалимдерди жетиштүү санда даярдай элекпиз. Демейки мугалимдерден айырмаланып, алар эстон тилин талаптагыдай деӊгээлде билиши, сабакты жаӊы методика боюнча кыйналбай окута алышы керек. Бул мугалимдер ачык айрым, башка кесиптештери менен тыгыз кызматташкан, предметтерди айкалыштыра окуткан, дилгир, өз ишин жакшы көргөн педагогдор болууга тийиш. Орус тилдүү мектептердин калгандарында бул программа жайылтыла электигинин негизги себеби дал ушул мугалимдердин жетишсиздигине байланышкан.

– Кайсы авторлордун эмгектерин биздин мугалимдерге, усулчуларга сунуштайт элеӊиз?

– Албетте, ар бир өлкөнүн шартына жараша тандаган оӊ. Мен азыр Англияда Кембридж университетинде иштеп жаткан биздин эстониялык автор Пеэтер Мехистонун (Peeter Mehisto) эмгектерин да окугула деп кеӊеш берер элем. Ал канадалык профессор Фред Генесeэ (Fred Genesee) менен биргеликте окутуу методикасын жана окуу китептерди түзүп чыккан. Кыргызстандын шартына ылайык келген жактарын алып пайдаланууга болот деп ойлойм.

– Бардык мектептер үчүн бирдиктүү мазмундагы окуу программасы барбы?

– Ооба. Бирок бардык мектептер толугу менен бирдей программаны пайдаланат дегенге болбойт. Ар бир мектеп Билим берүү министрлиги бекиткен бирдиктүү программанын негизинде ар кайсы аймактардын маданий, тилдик ж.б. жагдайларын эске алып, өз программасын иштеп чыга алат.

– Альтернативдүү окуу китептерди колдонууга уруксат берилеби?

– Ооба. Бизде окуу китептердин тизмеси бекитилбейт. Ар бир мектеп, мугалим өзү жактырган китептерди тандап алат. Мугалим кааласа, эч кайсы окуу китепти пайдаланбай окутушу да мүмкүн. Мисалы, чыгармачыл педагогдор бизде өздөрү материал топтоп, окуу курал даярдап алышат. Бизде интернет абдан кеӊири жайылгандыктан, каалагандай текстти же сүрөт, чиймени оӊой эле таап, каалагандай пайдаланууга болот.

– Бирок мазмуну бирдей болушу керек да, туурабы?

– Туура. Бирок биз окуу китебин эмес, предметти окутабыз.

– Айрыкча тарых, коом таануу, адабият сыяктуу идеологиялашкан предметтер боюнча…

– Ооба, ар бир мамлекетте ушундай. Бирок адабиятта идеология дээрлик камтылбайт. Негизги предметтердин максатына, өзөк мазмунуна коюлуучу талаптар аткарылышы керек.

– Мурдагы СССР элдеринин жазуучуларынын чыгармалары окутулабы? Муну оку, тигини окуба дегендей тыюу, чектөө барбы?

– Өзүбүздүн эстон адабиятыбыздан тышкары дүйнөлүк адабият курсунун алкагында Пушкин, Есенин, Толстой, Достоевский, Айтматов сыяктуу классиктердин чыгармалары камтылат. Албетте, азыркы адабияттан айрым мазмуну талаштуу чыгармалар мектепте окулбайт.

– Биздеги кесиптештериӊиздер менен кездешип, баарлаштыӊыздар. Биз көп тилдүү билим берүү жаатында үйрөнчүк баскычта турабыз го, ошондойбу?

– Жок, Кыргызстандагы кесиптештер көп иштерди жасап жатыптыр, биз окутуу үчүн келген мугалим катары эмес, тажрыйба алмашууга келген кесиптештер катары иштешип жатабыз. Тренинг абдан кызыктуу өттү. Катышуучулар баары маселеге абдан дилгирлигин көрсөтүштү.

– Биздеги Социалдык интеграция борбору менен көптөн бери иштешип келесиздерби?

– Ооба, бул борбор чоӊ иштерди аткарып жатканын билебиз, дайым маалымат алмашып, кызматташып турабыз. Кийинки жылы май айында дагы келебиз.

– Ишиӊиздерге ийгилик каалайбыз!

– Рахмат, бул сиздердин да иш!

Жолдош Турдубаев, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*