АЧЫК БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫН МЕКТЕПТЕРДЕ КОЛДОНУШАТ

  «Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» фонду журналисттер үчүн уюштурган пресс-турда борбор калаадагы №6, №29 жана №61 инновациялык мектептерде билим берүүдө  заманбап технологияларды кантип жана кандай пайдаланып жатканы менен тааныштырылды. Ачык билим берүү ресурстарын мектепте илгерилетүүнүн башкы максаты — бул бюджеттик жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен иштелип чыккан билим берүүчүлүк материалдардын автордук укуктары мамлекетке тийиштүү эсептелип, аларды акысыз таркатууну, ошондой эле аларды үчүнчү жактардын эркин колдонуусун камсыз кылган ченемдик-укуктук базаны кабыл алуу болуп эсептелет. Аталган шартта мектептик билим берүүчүлүк маалыматтар эркин болуп, алардын негизинде интерактивдик китептерди, колдонмо-көрсөтмөлөрдү жана мультимедиалык окуу  материалдарды түзүүгө болот.

Таң эрте журналисттер  борбор калаадагы 1990-жылдан бери инновациялык мектеп деп аталып келаткан белгилүү №6 автордук окуу-тарбия комплексине келип түшүштү. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн гимназиянын директору Айгүл Шимова орун басарлары, методикалык кабинеттин башчылары менен жылуу маанайда тосуп алып, акыркы муундагы заманбап технологиялар менен  иштеп жатышкан мугалимдердин сабактарына киргизип,  кантип пайдаланып жаткандарын көрсөтүштү. №6 АОТКнын ар бир кабинети жаңы технологиялар менен жабдылганына күбө болдук. Мектепте 14 интерактивдүү такта, 2 компьютердик зал, электрондук лаборатория, мультимедиалык кабинет, интернет, ViFi, ар бир кабинет аудио жана видео аппаратуралар менен жабдылган. Мындан сырткары,  электрондук окуу китептери киргизилген.  Окуучулар китепканадан керектүү китептерди  планшетине бекер көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Айтмакчы, №6 АОТКнын көпчүлүк окуучулары планшет менен иштешет. Айрым гана ата-энелер планшеттин балдардын ден соолугуна зыян келтирерин айтышып, аны көтөрүүгө каршы чыгышкан. Бирок окуучулардын, мугалимдердин айтымында, толтура китептерди көтөрүп, сколиоз болгондон көрө планшет көтөргөн жеңил жана ыңгайлуу.

– Интерактивдүү такта менен иштегенде окуучулардын кабыл алуусу жакшы. Маселен, башталгыч класстын балдарына сабак берүүдө окуучуларды кызыктырып, алардын бат кабыл алуусуна ыңгайлаштырылган көптөгөн программалар бар. Сабакка балдар баары катышат. Мисалы, 10-15 минутанын ичинде класста отурган 30 бала тең иштеп чыгат. Интерактивдүү такта менен жөнөкөй тактанын айырмачылыгы, экинчисине көп убакыт талап кылынат. Ал эми интерактивдүү тактада бардыгы даяр, окуучу көрсөтүп туруп, тапшырманы бат аткарат.  Бирок интерактивдүү тактаны 45 минута пайдаланганга болбойт, болгону 15 минута гана иштөөгө болот.  Анткени балдар жазбай, жалкоолонуп калышат. Ошондуктан эки тактаны бирдей пайдаланып өтөбүз, – дейт башталгыч класстын мугалими Назгүл Кенешова.

Ал эми гимназиянын директорунун айтымында, окуу китептери жетишсиз, ошондуктан китептер электрондук форматка көчүрүлүп, АУВК. kg сайтына жайгаштырылган.

– Жогорку класстын окуучулары китепти көтөргөндү жаман көрүшөт. Ошондуктан планшетке бардык китептерди көчүрүп алышкан. Китептерди толугу менен электрондук форматка өткөрүүдө жамааттын салымы зор, көптөгөн убакыт кетти. Андыктан ар бир класстын өзүнүн жашыруун коду бар, ошону менен окуучулар сайтка кирип, көчүрүп алышат. Мындан сырткары, электрондук күндөлүк киргизели деп ата-энелер менен сүйлөшүлгөн, бирок бул долбоорубузду айрым ата-энелер жактырбай коюшту. Биздин мектеп илгертен эле инновациялык ыкмаларды бат кабыл алып, ишке киргизип келген. Ошондуктан мугалимдерибиз дагы жаңы демилгени, жаңы технологияларды бат үйрөнүп, сабакта колдонушат. Заманбап технологияларды  ата-энелердин Камкорчулар кеңеши сатып беришет. Ириде алар биз менен сүйлөшүп, кеңешип мектепке кандай технология керек болсо администрация менен бирдикте сатып беришет. Жакында республикалык «Жыл мугалими» сынагында «Мыкты инновациялык мектеп» номинациясында 1-орунду жеңип алып, 70 миң сомго сертификат алдык. Ал каражатка мектепке видеокөзөмөл койдуралы деп жатабыз, – дейт Айгүл Шимова.

Ал эми №29 гимназиянын жамааты бизди түз эле электрондук китепканасына алып жөнөштү. Бул китепкана үч жылдан бери иштеп жатканын анын башчысы Н.Г.Захаров айтып берди.

– Мугалимдердин чыгармачыл тобу бардык предметтер боюнча мультимедиалык курстарды иштеп чыгышкан, анда видеосабактар жана ага конспектилер камтылган. Электрондук билим берүү маалыматтык банкында 500 жакын электрондук окуу пособиелери бар жана алардын 20%  жыл сайын жаңыланып турат. Т.а. окуу программа бүтүндөй электрондук китепканага киргизилген. Керек болсо, кыргыз тили да киргизилди. Жалпылап айтканда, бул чоң банк. Биринчиден, бул жерге окуучулар билимин толуктоо үчүн келишет. Сабакта мугалим жетишпей, айтпай калган маалыматтарды ушул жерден келип, толукташат. Экинчиден, бул жерден окуучулар лабораториялык иштерди аткарышат: химия, биология, физика жана астрономия сабактары боюнча. Үчүнчүдөн,  окуучулар тестирлөөдөн өтүшөт. Бул жерде 34 компьютер иштейт. Биз акырындык менен планшетке өтүүгө планыбыз бар, – дейт Н.Захаров.

Журналисттердин катышуусунда химия жана биология сабактарынын мугалимдери 5 минуталык лабораториялык иштерин көрсөтүштү. Окуучулардын айтымына караганда, электрондук лабораторияда иштөө абдан ыңгайлуу жана оңой.

– Ириде биз коопсуздук боюнча тесттен өтөбүз. Андан соң, лабораториялык иштерди аткарабыз. Маселен, химияны өздөштүрүүдө көп маалымат алабыз. Органикалык химияга көп приборлор жетишпейт, ошондуктан бул электрондук версияда ошол маалыматтар толукталат. Бул лаборатория сапаттуу билим алганга жакшы шарттарды түзүп берди. Азыркы замандын балдары заманбап технологияга жакыныраак, ошондуктан бизге ушундай ыкмада билим алуу абдан кызыктуу, – дейт 11-класстын окуучусу Айгерим Ишенова.

 №61 физика-математикалык лицейде башка мектептерге салыштырмалуу электрондук китепкананы окуучулар өздөрү түзүшөт экен. Бир эле китепкана эмес, класс жетекчиге жардам, англис тилин окутуу боюнча да автордук программаларды окуучулар иштеп чыгышкан.

Мектеп директорунун орун басары Л.С.Суржиктин айтымында, лицей «100 инновациялык мектеп» программасына катышып, конкурстан жеңип алган үч интерактивдүү такта жана 10 компьютер бүгүнкү күнү иштеп жатат. Жалпысынан лицейде жети интерактивдүү такта бар.

– Биз интерактивдүү тактага (бул такта бери дегенде 3000 доллар турса) альтернатива таптык, т.а. Interactive Whiteboard System деген 210 долларлык жабдык. Бул технология интерактивдүү тактадай эле бардык программаларды аткарат, болгону ал кичинекей жана  көтөрүп жүргөнгө ыңгайлуу. Мисалы, буга экрандын кереги жок, түз, ак дубалдарга көрсөтө берсе болот. Маселен, интерактивдүү тактада калеми менен көрсөтүү керек, ал эми Interactive Whiteboard System менен алыста туруп, калеми менен башкарса болот. Ошондой эле окуучулардын үй тапшырмасын текшерген атайын камера бар. Аны менен иштөө да оңой. Окуучунун үй тапшырмасын аткарган дептерди камерага алып келгенде, тактага анын иши баарына көрүнөт, ал жерден каталарын текшергенге ыңгайлуу. Мындан сырткары, заманбап микроскопторду алдык. Азырынча иштете элекпиз, – дейт С.Л.Суржик.

№61 лицейде окуучулар мультимедиалык технологияларды пайдалануу менен мектеп гезитин, журналын чыгарып, радиосун, телевидениесин иштетишет. Бул лицей физика-математикалык болгондуктан, окуучулар илимий-изилдөө проектилеринин үстүнөн иштеп, менменсинген окумуштуулардын катышуусунда жакташат. Эң мыкты деп табылган проектилердин ээлери экзаменден бошотулат.

№61 лицейдин окуучуларынын айтымында, ириде интерактивдүү такта менен иштөөөөн учураса, азыр ансыз сабак кызыктуу болбой калган. Негизинен лицеисттер илимий иштер менен көп алектенишет. Ошондуктан заманбап технологиялар аркылуу алар көптөгөн жаңы ачылыштарды жасап, Кыргызстандын атын далайга чыгарат деген ишенич менен үйлөргө кайттык.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*