ОРЛОВКАДА ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

 Чүй облусундагы Орловка шаарчасында компьютерди, чет тилдерди үйрөнүү жана социалдык көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн  жаштардын  борбору  ачылды. Борбордо элүүдөн ашуун кыз-жигит компьютердик курстан өтүп, чет тилдерин үйрөнүп, коммуникациялык жана башка социалдык көндүмдөрдүөздөштүрүп, спорттук жана маданий иш-чараларга катыша алышат.

Борбор шаардагы балдар үйүнүн имаратында ачылып,  “Жаштар – туруктуу жана өнүккөн коомдун негизи” аттуу долбоордун  алкагында уюштурулуп, Жаңжалдарды болтурбоо, туруктуулукка жана коопсуздукка көмөктөшүү фонду жана Кыргызстандагы БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) аркылуу Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу алдында ишке ашырылууда.

–  Борбордо ар кандай тренингдер, кружоктор, курстар өткөрүлүп турат. Борбордун ачылышына чейин эле шаар жаштары үчүн алгачкы тренингдерди өткөрдүк. Өзүбүз болсо тренинг өтүүүчүн алдын ала Ысык-Көл облусуна барып окуудан  өтүп келгенбиз. Мындай борбор шаар жаштары үчүн абдан зарыл болчу. Жергиликтүү жаштардын кызыкчылыгы абдан зор экендигин баса белгилеп кетким келет, – дейт борбордун жетекчиси Нурсултан Абдубабачаев.

Нурсултан өзү болгону 24 жашта, үй-бүлөлүү. Ал борбор калаадан бир эмес эки жогорку окуу жайын бүтүп, эки дипломдун ээси болгондугуна карабай, кайрадан туулуп-өскөн шаарына кайтып барып, жаштар үчүн кызмат кылам деп билек түрүнө иштеп жаткан кези. Ал борборду жетектегендиги үчүн эч жерден эмгек акы албайт.

– Мен элиме кызмат кылууга, талбай иштөөгө жана билим алууга дайым даярмын. Үй-бүлөмдү болсо кошумча иштеп багам. Ал үчүн күнөскана иштетип жатам. Азыр чөп-чарларды тиккем, буюрса, бир айдан кийин аларды жыйнап алып ордуна помидор тигем, ал жаңы жылга жакын бышып калат. Мен шаар жаштарын дагы ар кайсы жакка иш издеп кетпей же эч бир жумушу жок көчөдө басып жүрбөй  ушундай эмгектенүүгө чакырар элем, – дейт Нурсултан.

Борборду жаштардын сүйгөн жайына айлантуу үчүн Нурсултанга окшоп акысыз кызмат кылууга даяр болгон шаардык жаштар көп. Алар ар бир секцияларды бөлүштүрүп алышкан. Шаардагы №2 мектептин 10-классынын окуучусу Анара жашоодон кыйналып же жапа чеккен жаштар менен иштөө жагын колго алган. Ал учурда бир канча балдар менен иштешип, алардын жашоого болгон үмүтүн кайрадан жандандырууга аракет кылууда.

– Учурда жаштар жана өспүрүмдөр арасында рэкетчилик, жумушсуздук, зордук-зомбулук, кыз ала качуу, гендердик теңсиздик сыяктуу бир катар проблемалар бар. Аларды жөнгө салууда жана жаштарды эмгекке кызыктырууда жаштар өзүбүз демилгечил болушубуз керек. Мен өзүм атайын ушул секцияны тандап алдым. Себеби мен келечекте психолог болгум келет. Мындай балдар менен иштешүүүчүн атайын окуудан өтүп келгем, – дейт Мамбетөмүрова Бегимай.

“Биздин добуш” коомдук бирикмесинин төрайымы Омурова Айнура шаар жаштарынын борбордун ачылышына кайдигер карабагандыгы абдан кубантып жаткандыгын, керек болсо компьютер, тил үйрөнүү курстарын акысыз өтүп беребиз деген жаш активисттер чыгып жатканын айтып өттү.

– Жергиликтүү жаштардын курстарды, кружокторду акысыз өткөрүп берүү демилгеси бизди абдан кубандырып жатат. Бул, демек, жаштардын кайдигер эмес экендигин, өз келечегин ойлой тургандыгын айгинелеп турат. Биздин коомдук бирикме мындай жаштарды ар тараптан колдоп, жаштар командаларынын дараметин жогорулатууда усулдук жана кеп-кеңеш жагынан жардам берип келебиз. Себеби бул борборлор жаштар менен жер-жерлерде иш алып баруу аркылуу коомдогу социалдык чыңалууну азайтуу максатын көздөйт, – дейт Айнура Омурова.

ЮНИСЕФтин  Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Раул де Торси болсо Кыргызстандын калкынын 30% жакынын 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар түзөрүн, жакында өткөрүлгөн изилдөөгө ылайык,Ы өлкөдөгү жаштардын көпчүлүгү биринчи кезекте туруктуулуктун болушуна кызыкдар экендигин айтып, бирок туруктуулукту кылмыштуу топторго же диний экстремисттик уюмдарга кирүү менен камсыздаган  жаштардын саны артып жатканы тынчсыздандырып жаткандыгын баса белгиледи.

– Дагы бир олуттуу көйгөй – этникалык жана диний азчылыктардан турган маргиналдашкан топтор саламаттык сактоо, билим берүү кызматтарына жетишүү, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана саясий катышуудан аксап, жагымсыз абалда калып жатканы аянычтуу. Андыктан мындай борборлор дайыма жаштардын жардамчысы болууга тийиш, – дейт ал.

Жаштар борбору – жаштарга кызмат кылат     

Жаштар үчүн кызмат кылган мындай борборлор буга чейин республиканын Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарында ачылып, учурда 23 жаштар борбору иштеп жатат. Эми эки айдын ичинде Чүй, Талас жана Ысык-Көл областтарында беш борбор ачуу пландалган. Бул борборлор   экономикалык же башка себептерден улам коомдон обочолонуп калган жаштар, анын ичинде этникалык азчылык топтор үчүн иш алып барат. Бул жерде алар өз ара аракеттенүүнүн негизинде мамиле куруу жана маанилүү социалдык көндүмдөрдүөздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ар кыл этникалык топтор жана социалдык катмарлардан чыккан жаштарды бириктирип, алардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна жардам берүүчү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө кызмат кылат. Жаштардын ынтымакка, тынчтыкка, жаратмандыкка чакыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ар кандай окутуу курстарынын жардамы менен жаштарга, өзгөчө кыздарга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, алардын турмушта өз ордун табууга жардам берип, чечим кабыл алуу процессине катышуу, өз ара мамилелерин чыңдоо потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтөт. Ошондой эле жаштар борборлору инновациялык ишкердик демилгелерди колдоо жана такшалуудан өтүү программалары аркылуу жаштардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн өстүрөт. Бул демилгелер жергиликтүү коом тарабынан колдоого алынып, айыл активисттери жаштар менен иштөө, тынчтык жана ынтымак, өнүгүү маселелерин чечүү боюнча билим алышат.

Жаштар борборлорунун милдеттери

Жергиликтүү социалдык кызматкерлердин колдоосу менен айыл жаштарынын долбоордун иш-чараларына катышуусуна колдоо көрсөтүлөт. Мобилизация ишмердүүлүгү жаштарга, өспүрүмдөргө багытталат. Кыздар, мыйзам менен конфликти бар өспүрүмдөр, интернаттардан качып кеткен жашы жете электер, жаштардын маргиналдашкан  топторуна өзгөчө басым жасалат.

Бул компонент “тең-теңине” тренингдеринен турат жана жергиликтүү жаштардын потенциалын жогорулатууга арналат. Бул тренингдердин ичинде информатика боюнча, тренерлер үчүн “Мультимаданияттуулук жана ортомчулук”, “Силердин укуктарыңарды кантип коргоо керек”, “Гендердик мамиле жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” жана “Турмуштук көндүмдөр” темаларында тренингдер өтөт. Алар 14-28 жаштагы жаштар жана өспүрүмдөр үчүн өткөрүлөт. өзгөчө 14 жаштан 18 жашка чейинки кыйын абалда турган өспүрүмдөр үчүн.

Долбоордо тынчтык куруучулук үчүн механизм катары спорттук жана маданий иш-чараларда каралган. Жамааттарда спорт мелдештери өткөрүлүп турат. Спорт командаларын түзүү жана кыздарды тартуу менен социалдык, этникалык жана гендердик балансты сактоо.

Долбоордун алкагында жаштар жаңы идеяларды ойлоп таап, өз жамааттарында тынчтык куруу ишмердүүлүгүн демилгелешет. Бул тынчтык куруу процессинде активдештирүүчү роль болуп саналат. Долбоор алкагында кичи гранттар программасы ишке киргизилет. Алар жаштардын өз жамааттарындагы тынчтык жана толеранттуулук баасын билүү, сактоонун механизми болуп эсептелет. Буга жаш кыз-келиндер үчүн маалыматтык-үгүт кампанияларына катышкан жана аларды демилгелеген жаштар мисал боло алышат.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*