Юрий НИЗОВСКИЙ, Бишкек шаарындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин директору: «ИШЕНИМ БАР ЖЕРДЕ ИЙГИЛИК БОЛОТ»

IMG_7685

Борбор калаабыздагы айтылуу №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейге балдарын окутканга кызыкдар ата-энелердин саны жыл сайын арбып баратат. Мунун себеби, мейли республикалык, мейли шаардык олимпиадаларда №61 лицейдин окуучулары алдыңкы орундарды бербей келет. Жалпы республикалык тестирлөөдө да ондон кем эмес лицеисттер алтын сертификатка ээ болушат. Мына ушулар тууралуу №61 АФММЛнын директору Ю.Н.Низовский биз менен чын дилинен сыр бөлүштү.

– Юрий Николаевич, шаардыктар балдарын №61 лицейге окутканга абдан кызыкдар. Өзгөчө акыркы жылдары каалагандардын саны көбөйүп баратат. Сыры эмнеде?

– Өзүбүз билбейбиз. Эгерде былтыр окуучулардын саны 1700 болсо, быйыл 2150 чыкты. Бир класста 40тан бала отурат. Мугалим ар бирине маани бурганга үлгүрбөйт, жумасына бир жолу келип, башынан гана сылап кетпесе, ар бири менен үңүлүп отуруп алып иштегенге мүмкүнчүлүк жок. Бирок ошого карабастан балдарын бизде окутканга кызыкдар ата-энелердин саны көбөйүп жатат. Мүмкүн шаардык жана республикалык окуучулардын олимпиадаларында биздин окуучулар алдыңкы орунду беришпейт. Жалпы республикалык тестирлөөдө  дагы ондон кем эмес алтын сертификаттын ээлери биздин окуучулар.

– Бул эми  сапаттуу билим берүүнүн натыйжасы да. Албетте, билимдин сапаты мугалимдерге байланыштуу. Лицейге кадрлар кандайдыр бир критерийлердин негизинде кабыл алынабы?

– Биз сырттан деле мугалимдерди издебейбиз. Кыргызстанда жогорку деңгээлдеги мектеп мугалимдерин даярдаган бир дагы жогорку окуу жайы жок. Жыл сайын канчалаган педагогикалык кесипке бөлүнгөн гранттык орундар бош калууда. Анан дагы педагогикалык кесипке үчкө окугандар өтүшөт, ошол баа менен эле жогорку окуу жай да бүтүрөт.  Биздин лицейдин талабына жооп берген даяр кадрлар жокко эсе.  Алган күнү дагы биздин ишке чыдашпайт, ал мугалимден көрө окуучу көбүрөөк билет. Ошондуктан ишке өзүбүздүн бүтүрүүчүлөрдү эле кабыл алабыз. Анткени алар физика жана математиканы тереңдетип берүү ыкмаларын жакшы билишет.

– Мектепке 1-класска кабыл алуу кандай шартта жүрөт?

– 1-класска кабыл албайбыз. Анткени өзүбүздүн бала бакчабыз бар, анын бүтүрүүчүлөрү дароо эле 1-класска келип отурушат. Кийин 5- жана 8-класска кабыл алабыз. Анда атайын кулактандыруу беребиз.

– Бирок бала бакчага кирүү дагы кыйын экен. Ата-энелер тарабынан бир топ нааразычылыктар болуп жатканын угуп жүрөбүз. Бала бакчага кимдин балдары жана кайсы учурда кабыл алынат?

– Өткөн жылы чын эле ата-энелер тарабынан көп түшүнбөстүктөр катталды. Бала бакчага берүүүчүн түнкү саат он экиден баштап кезек алгандар болду. Эртең мененки саат 8.00 баштап каттоо башталганда көбүнчөсү кирбей калган. Ошол учурда ата-энелер бири-бири менен мушташканга чейин барышты. Ушундайларга жол бербөө максатында былтыр бир фирма менен сүйлөшүп, атайын сайт ачтык. Балдарды бала бакчага кабыл алууда кайсы учурда каттоо башталаары тууралуу 10-апрелде  кулактандырууну илип койдук, ал бир ай бою турду. Айрым ата-энелер менен сайт аркылуу таанышып, берген суроолоруна жумасына бир жолу жооп берип турдук. Май айынын жыйырмасында эртең мененки саат 8.00до сайт ачылды жана 3 минута 27 секунд аралыгында 50 кыз, 50 эркек баланы жазып, анан жабылып калды.

– Бала бакчанын кеңейтүү жолун карадыңыздарбы?

– Ооба. Бирок бул бизге байланыштуу эмес. Көп жылдан бери кошумча имарат берүүнү сурап келатам, бирок жыйынтык жок. Буга чейинки эки өлкө башчысына кат жазып алып, өз колум менен тапшыргам. Жардам беребиз деп коюп, ошол бойдон кагаз бетинде кала берди.

Асанбай 2/1 кичи районунда бала бакчанын типтүү имараты он жылдан ашык ээсиз, кароосуз турат. Ушул имаратты сурадым эле. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, ремонтко канча каражат кетээри бааланган, бирок азыркыга чейин эле чечилбей келатат. Он жылдын ичинде кандай сонун иштерди жасамакпыз.

– Жакында министр айым лицейдин негиздөөчүсү Эфим Якир менен жолугушпадыбы…

– Биздин министрдин күч-кубаты көп. Көптөгөн идеялары бар экен. Албетте, колубуздан келишинче жардам бергенге даярбыз. Сүйлөшүүдө кантип биздин лицейдей мектептерди көбөйтсөк болот, кантип билим берүүнүн сапатын жогорулатабыз, кантип окуучуларга, ата-энелерге мугалимдин ишенимин кайтарабыз ж.б.у.с. сөздөр болду. Албетте, билим берүүнүн сапаты мугалимге көз каранды. Эгерде мугалим окуучуларга ишенимин артса, анда билим берүүнүн сапаты жогорулайт. Биздин ата-энелер бардык жагынан «адис» болуп алышты. Билсе-билбесе деле ушактын негизинде окуу китептери, мугалимдер жаман дей беришет. Ушундай абалда кантип анан мугалим иштейт? Илгери мугалим келатканда окуучу болобу, ата-эне болобу токтоп калып, ийилип салам берчү. Мына ошол жакшы сапаттарды биз жандандырышыбыз керек. Министр айымга Эфим Борисович экөөбүз тең колубуздан келген жардамды берели дедик.

– Эфим Борисович лицейге  материалдык жактан жардам береби?

– Бизге болгону моралдык жактан гана жардам берет. Анын өлкөдөн кеткенине 20 жылдан ашты. Азыркы биздин абалды түшүндүрсөм, ал көп түшүнбөйт. Советтик мезгилде №61 мектепке райондук партиядан Борбордук Комитетке чейин жардам беришчү. Ал ошондой эле деп ойлойт. Менин айткандарыма абдан таң калат. Мисалы, канча жолу Жогорку Кеңешке кайрылдым лицейди жеке каржылоого өткөрүү боюнча.  Жардам беребиз деп коюп, ошол бойдон калды. Жыл сайын окуу планына уруксат алабыз. Эгерде тереңдетилген физика-математикалык лицей өлкөгө керек болсо, анда беш жылда бир жолу эле окуу планына уруксат бериш керек. Жок, бизде андай эмес, жыл сайын эле баш оору. Мисалы, быйыл математикага 4 саат берилди, биздин лицейге бул туура келбейт. Жумасына биз 9 саат окутабыз. Бул боюнча дагы шаардык кеңешке кайрылсам, «Силер башка мектептерден эмнеңер менен айырмаланасыңар?» дешет. Бирок депутаттар балдарын бизде окутканга кызыкдар.  Алтургай, мектепке келаткан жолдун начардыгын айтсак, ошону оңдотконго моюндары жар беришпейт. Балдар  кечки саат 19.00 лицейден чыгышат. Ошондуктан балдардын коопсуздугун ойлоп, мектептин тегерегин тосконго туура келди. Кичинекей «коопсуздук аралы» болуп калды.

– Жакында эле республикалык “Жыл мугалими” сынагы жыйынтыкталды. Быйыл эмнегедир шаардык мугалимдер катышкан жок.

– Башкалар үчүн жооп бералбайм. Бирок биз принципиалдуу түрдө эле катышпай калганбыз. Биринчиден, мындан бир нече жылы биздин мугалимибиз катышып, сыйлыктуу орунга татып турса дагы, ыйлатып туруп башкага орунду берип коюшкан. Сынак  таза эмес өтөт. Экинчиден, сынакты түп тамырынан бери өзгөртүү керек. Бул мугалимдин сынагы эмес эле, шоу болуп калды. Министрдин  суранычы боюнча азыр биз бир нече мектеп болуп ушул сынактын, окуучулардын олимпиадасынын Жоболорунун үстүнөн иштеп жатабыз. Маселен, былтыр биздин мыкты окуучубуз орус тили сабагы боюнча тереңдетилген топко кошулуп калган. Бирок бул туура эмес. Биздин лицей физика жана математика предметтерин тереңдетип окутат, башка сабактар  базалык программанын негизинде эле окутулат. Ушуну түшүндүрө албай былтыр кечки саат 21.00 чейин алпурушканбыз. Окуучубуз тереңдетилген топ менен сынакка кирип, 1-орунга татып, ошондой эле  Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрү арасында өткөрүлгөн сынакта гран-прини утуп алган.

– Юрий Николаевич,  айылдык мектептер менен байланыш түзүп, аларга жакындан жардам берген учурлар барбы?

– Бул маселе боюнча дагы Эльвира Сариева менен сүйлөшкөнбүз. Эки-үч жыл мурун Талас шаарындагы Бабанов атындагы мектеп-лицей менен байланыш түзгөнбүз. Алардын мугалимдери келип, материалдык-техникалык базабыз, окуу китептерибиз менен таанышып кетишкен. Бул иш-чара эмнегедир бир жолку эле болуп калды. Негизинен биздин эшик баарына ачык.

Олимпиаданын жыйынтыктарын карап көрсөк, алыскы Нарын облусунан математика боюнча мыкты көрсөткүчтөрү бар балдар бар экен. Биз таланттуу балдарга жардам бергенге даярбыз. Ошол сынактын жеңүүчүсү лицейге келип, сабактарга катышып, биз менен мамиле түзсө эмне үчүн болбойт? Болот.  Биздин деңгээлдегидей мектептер шаарда көбөйсө жакшы болмок. Караңызчы, 5-класста 40 окуучу, 1-3-класстарда 46 окуучудан отурушат. Албетте, биз каалагандай сапат болбойт. Мугалим сабак учурунда 46 окуучуну сурап жетише албайт. Башталгыч класстын мугалими биздин талап боюнча күнүгө математика жана орус тили дептерлерин текшерип турушу керек.

– Лицейдин материалдык-техникалык базасынын чыңдалышы тууралуу айтсаңыз.

– 20 жыл ичинде мамлекет тарабынан бир дагы китеп же компьютер алган эмеспиз. Азыркы лицейдин лицей болуп турушуна  жамааттын салымы зор. Мурдагы жылы “100 инновациялык мектеп” долбооруна өтүнмө жазып, сынакка катышып  3 интерактивдүү доска жана 10 компьютер алдык.

Маектешкен Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*