ЖАҢЫ БАГЫТКА КАНТКЕНДЕ БАРАБЫЗ? Билим берүүнү реформалоо жөнүндө ой

    Империя тагдыры мугалимге байланыштуу.  Б. Наполеон

Бекердин сорпосу татыбайт

 Ачуу чындыкты айтсак: элдин көпчүлүгү бакубат жашап жатканда, мамлекет кризисте турганда, мугалимдердин айлык акылары жетишпей кыйналып жатканда, эмне үчүн ата-энелер акы төлөп окутпашы керек? Окуучунун билиминин сапаты мамлекетке эле керекпи? Эмне үчүн  балдарды окутуу үчүн мугалимдердин айлык акысын жалгыз мамлекет гана каржылашы керек? Эртең эле билимдин ыраатын ата-энелер өздөрү көрүшөөрү жалганбы? Эми, сөз чындыгы: каржысы чектелүү мамлекетти тытып жешибиз керекпи? Ансыз да өз мезгилинде айрым шылуундарыбыз кызарган жерлерин талап-булап кетишпеди беле. Туура, калыстык үчүн айтайын: мамлекет ушу кыйын шартта мектеп куруп, алардын материалдык базасын түзүп бергени жетишет го. Албетте, бардык ата-энелер деле 100 пайыз баласына каржы төлөп окута алышпайт. Алар үчүн чоң мектептерде, мисалы: жергиликтүү шартка ылайык ата-энелердин параллель класстарды каржылоо деңгээлин аныктап, үч категорияга бөлүп, мүмкүн бирөөсүн социалдык класс ачуу зарылдыгы болоор. Ал социалдык классты мамлекет каржылашы керек деп түшүнөм. Алардын ата-энеси балдарынын келечегин ойлонушу тийиш, биз аларды да рыноктун тартибине үйрөтүүбүз керек. Ал эми жетим балдарды, атайын мектептерди мамлекет каржылашы калетсиз. Калган класстардын окуучулары акы төлөшүп окушу керек деген пикир бар. Кичи мектептер үчүн бардык эле класстарды ылайыгына жараша ата-энелер каржылашы керек деп ойлойм. Качан гана чөнтөккө кол салганда билим эртерээк баалуу болоору белгилүү. Мындай шартта ата-эне, коомчулук тараптан көзөмөлдүн күчөшү табигый нерсе болуп калат. Албетте,  бул рыноктук мамиле өздөшүүнүн сапатына да таасирин тийгизет.

Азыркы кезде мугалимге айлык акынын аз, мезгилге ылайык төлөнбөй жатканы баарыбызга белгилүү. Бул проблема да качан билим берүү тармагы рыноктук системага өткөндөөзүнөн өзү чечилээр эле.

Кыргызда “бекердин тузу татыбас” деген кеп бар, – ал төгүн кеп эмес. Качан ата-эненин чөнтөгүнө кол салганыбызда гана алар ойлоно баштайт. Мындай шартта билим да товарга айланмакчы. Азыркы кезде билим бекер. Анан билимдин сапаты  кайдан болсун.

Арийне, бул реформа айыл ата-энелери менен кайчы пикирлерди, тирешүүлөрдү, чоң карама-каршылыктарды жаратат. Бирок бул багытта түшүндүрүү, күрөшүү болмоюн билим берүүдө алга жылыш мүмкүн эмес дээр элем. Конституцияда билим берүү бекер деп жазылган. Ошондуктан мындай шумдукту  кимдер баштап жатышат деген кеп-сөздөр, кыйкырыктар көп болот. Андай каржылабаган, чыр-чатак салган ата-эне балдарын социалдык класстарга окутушсун. Албетте, ал ызы-чуу, кыйкырыктардан коркпошубуз керек. Ал табигый иш. Бирок ал тоскоолдуктарды жеңишибиз керек. Алгач бул каржылоо маселесин жаңы депутаттар аркылуу “конституциядагы билим берүү бекер”, – деп жазылган №45 берененин экинчи бөлүмү боюнча Жогорку Кеңеште талкууланып чечилиши тийиш. Азыр ансыз деле мектептерде (шаарда) каражат чогултулуп жатпайбы, ага шаардын ата-энелери мурун эле көнүп калган. Ызы-чуу айылдарда гана болоору чындык, бирок аларды да турмуш түшүндүрөт. Билим берүүдө ушундай радикалдуу кадамга барбасак, билим берүүөнүкпөйт.

Өкмөт экономикалык, социалдык процесстерди башкаруунун проблемаларын чечүүүчүн айрыкча  билим берүү тармагынын өнүгүп жаңы багытка түшүшүнө, реформа ишинин башталышына көзөмөлдөп, көмөкчү болууга тийиш.

212

Билим берүүнүн проблемасын чечүүдөгү ички карама-каршылыктар

Ички карама-каршылыктар билим берүүнү башкаруунун ички түзүлүшүндө, башкаруунун маңызында жана билим берүү процессинде жатат. Ал коомдогу, билим берүү тармагындагы, таалим-тарбия процессиндеги ички карама-каршылыктар.

 Мамлекетти билим берүүнү башкаруудан бөлүп кароого болбойт. Мамлекет акыл-кеңешти билимдин мазмун-маңызынан алат, б.а. аны менен азыктанат. Билим – бул мамлекеттин өнүгүү стратегиясын башкаруудагы жол көрсөтүүчүсү. Ошондуктан жаштарды келечекке даярдап жаткан соң алардын ички дүйнөсүн, көз караштарын жана адамдык сапаттарын да жаңы коомду өзгөртүп куруп башкара ала турган  даражага көтөрүү милдетине мамлекет да көңүл борборун бурушу өтө маанилүү. Ал эми билим берүү мекемелеринде жаштардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрбөстөн, эртең мамлекетти башкарууга, аны өнүктүрүүгө жана турмушка даярдабастан теория, закондорду курулай жаттатып жатабыз. Албетте мунун да бир канча себеп карама-каршылыктары бар. Алар жөнүндө кези келгенде сөз болоор.

Билим берүү тармагындагы ийгиликтер ички карама-каршылыктарды анализдөө жана аны чечүүгө байланыштуу болот. Алар: билим берүү тармагындагы эскиче ой-жүгүртүүлөрдүн, кайдигерлик мамилелердин карама-каршылыгы; таалим-тарбия процессинде тарыхый окуя, фактылар, социалдык-экономикалык абалдардын өзгөрүү процесстери талдап-тастыкталбай жаткандыгы; билим берүү процесси окутуунун заманбап технологиялары  менен айкалыштырылып иштелбегендиги; таалим-тарбия процессинде теория, закондорду калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча мугалимдин илимий билим менен илимий-методикалык даярдыгынын ортосундагы дал келбөөчүлүк;  жаңы коомду окутуу боюнча билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, маани-маңызы жана илимий негиздери боюнча жаңы идеядагы илимий-усулдук багыт берүүчү адабияттардын  жоктугу ж.б.; жаштардын дүйнөгө болгон илимий көз караштарын,    диалектикалык ой-жүгүртүүлөрүн туура жолго салбаганыбыздан диний көз караштардын келип чыгышы. Ушундай себептерден улам билим берүү тармагын реформалоо, башкарууну модернизациялоо зарылдыгы келип чыкты. Азыркы мезгилдеги коомдун өзгөрүшүнө байланыштуу, теорияны практикага жакындатып, мурунку билим берүү баалуулуктарын кайра талдоону, ошондой эле жаңы баалуулуктарды табууну заман талап кылууда. Азыркы саясий, педагогикалык чөйрөдө бул проблеманын актуалдуулугуна карабастан изилдөөлөр эски илимий көз караштар менен улантылып, жаңы илимий бурулуштар, реформалар болбой жатат.

Учурда жаштардын дүйнөгө болгон көз караштарын жаңыланган нукка буруу боюнча билим берүүнүн актуалдуулугу маанилүү экендигине педагогикалык коомчулукту ынандыруу. Жаңы нук дегенибиз табият кубулуштарынын пайда болуу, өзгөрүү, айлануу  процесстерин, илимий теория, закондорду жашоо-турмуш, жалпы адамзат баалуулуктарына, коомдун өнүгүшү  үчүн жана аны өнүктүрүүүчүн жаңы багытка буруу жана  аны пайдалануу зарылдыгы келип чыгууда.

Билим берүү процессинин негиздемеси, сунуштар:

 Эгерде, өкмөт экономика, саясий ж.б. маселелер менен алек болуп, билим берүүгө кезек келет деген планда жашасак, чөнтөгүндө диплому бар, бирок кесипкөй эмес жаштар, көчө толгон “революционерлер”, турмуш жолун таба албай калган бекерпоздор, диний фанаттар, экстремисттер, керек болсо террористтер беш, он жыл ичинде эле коомду “отоо чөптөй” басып кетерин турмуш айкындап жатат. Андай жолго түшсөк, дагы бир саясий коомдук проблема туулат. Андыктан, билим берүү тармагынын өнүгүү ылдамдыгы бардык коомдук процесстерден алдыда жүрүшү  эч болбосо катар жүрүшү зарыл. Өзгөчө мектепте, ЖОЖдордо да коомдук жана табият предметтерин окутууда  илимий-теориялык билим берүүгө аракет жасалат. Башкача айтканда, кургак теория, закондорду айтып жана анын колдонуштарын жаттатып, санап тим болобуз. Ал закон, теориялардын түпкү маңызы (философиясы) эмнеде? Келечекте жаштарга кандай адамдык кыял, мүнөз, билим, көз караштарды калыптандырышы жана кандай реформатордук сапаттарды өнүктүрүшү керек? Алар көбүнчө көмүскөдө калып келатат. Ошондуктан билим берүү тармагынын маанилүү жагы болгон окутуу процессинин маңыз-мазмунун, натыйжасын, жүрүшүн ийкемдүү көзөмөлгө алуу зарылдыгы турат.

Педагогикалык кызматташтыктын мааниси    

Мугалим менен окуучунун ортосундагы билим жана адам болууга умтулган кызыкчылыктар, ынандыруу аркылуу билим берүүнү башкаруунун эффективдүү жаңы багыттарына чыгуу парз. Муну педагогикадагы рыноктук башкаруу деп коркпой айтсак жарашат. Кызыкчылыктар деген сөз эртеңки финансы жана ар кандай урмат-сый, моралдык колдоо жана сапаттуу билим маселелерин түшүндүрөт. Ошол учурда ал келечекте финансы байланышына  алып келиши мыйзам ченемдүү. Бирок, ал окумуштуу-практик мугалимдер педагогикадагы рыноктук мамиле деп, убагында аташкан эмес. Арийне, таалим-тарбиялоонун натыйжалуу технологиясын табышканы менен алар барктуу.

Биз айтып жүргөн окутуунун интерактивдүү технологиялары кызматташтыктын педагогикасын турмушка ашыруунун формалары гана. Таалим-тарбия берүүнүн мазмун-маңызы педагогикалык кызматташтыкта жатат. Эми, тилекке каршы, унутулуп баратат. Ушул теория, тажрыйбалар азыркы коомдун өнүгүү мыйзамына  үндөш, бирок алгач аткаруу үчүн кылдат анализдөөнү, системага, схемага салууну, тырышчаактыкты, теориялык билимди, максатка талыкпай умтулууну талап кылар эле.

Алардын теория, педагогикалык тажрыйбалары саясатташпаган, түбөлүктүү адамзат маселесин көтөргөндүгү, өз ара ыктыярдуу адамдык карым-катнаштан келип чыккандыгы менен бааланат. “Педагогикалык кызматташтыктын” теория-практикасын педагогика, психология илимдериндеги ири фундаменталдык ачылыш катары айтсак да жарашат. Педагогикалык кызматташтык мамлекеттин экономикалык, социалдык, саясий маселелерди чечүүгө негиздүү күч болмокчу. Кызматташтыктын педагогикасынын таасиринин натыйжасында таалим-тарбия процессинде өздөшүүнүн сапаты жакшырат, өз ара биргелешип эмгектенүү маданиятына жана адамдык мамиле түзүүгөүйрөнүшөт.

Кыргызстанда да бул теория-тажрыйбаны аркалаган алгачкы карлыгачтар да чыга баштаган. Алар: Таластан Б.Исаков, Жалал-Абаддан Б.Батыркулов, С.Токтогулов, Ж.Куваков жана башкалар болушкан. Бирок коомдо экономикалык өнүгүү киризиске туш болуп, ал билим берүү тармагына кедергисин тийгизип, мугалимдердин ындынын өчүрүп салгандыктан, али турмушка ашпай келүүдө.

Теория, тажрыйбанын турмушка ашышы, билим берүүнү башкаруунун зарылдыгы

Тажрыйбанын натыйжасы төмөнкү шарттардын негизинде ишке ашат: качан гана коомдо билимге болгон таңсык-керектөө толук пайда болгондо; бул процессте эки тарап теңөз милдетин туура түшүнүп, так аткарганда; эки тараптын максаттары, милдеттери илимий негиздүү так аныкталганда; мугалим жана окуучунун чыгармачылык менен эркин, биргелешип эмгектенүү мезгилинде; мугалимдин маянасы анын жашоо-тиричилигин, үй-бүлөсүн толук канааттандырганда;

Буга окшогон бир канча шарттарды айтууга мүмкүн, бирок алар анчалык маанилүү шарттар эмес. Ошентип келечекте билим берүү башчыларынан баштап, окуу жайларда таалим-тарбиялоону башкарууну ийкемдүү системага салсак окуу жайларда, коомдо демократиялуу, гумандуу билим берүүдө рыноктук система өз алдынча башкаруу жолуна түшөөр эле.

Албетте, мындай билим берүү багытында башкаруу авторитардык эмес, тескерисинче, ошол окутуу процессинин жүрүшүндө мугалим жана окуучу чыгармачылык менен эркин биргелешип түшүнүшүп ийкемдүү эмгектенүүсүнүн негизинде башкаруу процесси ишке ашат. Мында башкаруу процессинин  өзгөчөлүгү болуп, эки тараптын катышкандыгы (окуучу жана мугалим). Албетте, мугалим жетектөөчү, жол көрсөтүүчү адамдын ролун аткараары белгилүү. Мындай башкаруу процессинде мугалим командир эмес, тескерисинче, окутуу-тарбиялоо процессинин максатын ишке ашырууну самаган билим берүүчү жетектөөчү күч, ал эми окуучу болсо билим керектөөчү.

Таалим-тарбиялоодогу бул педпроцесс эки жактан болгон сый-урмат, биргелешип чечүү-көмөктөшүү, ийкемдүү башкарууга алып келет.

Коомдун керектөөсүнө карата билим берүүнүн философиясынын идеологиясын ушул жаңы багытка буруу керек деп эсептейм.  Жаңы багыт дегенибиз билим берүүдө рыноктун идеясынын маңызын өз ара кызматташуу аркылуу бир максатты көздөй умтулушу.

Билим берүү мекемелеринде, билим берүүнүн шаардык башкармалыктарында, райондук билим берүү бөлүмдөрүндө, мектепте коомдун табиятына жараша билим берүүнүн философиясын аныктап, билим берүү саясатын жүргүзүүнүн методологиясын жана таалим-тарбиянын технологиясын иштеп чыгуу менен билим берүүнүн мазмунун-маңызын жаңы багытка буруу милдети турат.

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында эле новатор-мугалимдер теориялык жана практикалык жактан билим берүү процессине рыноктук мамиле (педагогикалык кызматташтык) реформа катары киргенде гана ишке ашаарын далилдешкен:

1. билим берүүдө рыноктук мамиле же педагогикалык кызматташтык дегенибиз, – бул өз ара мугалим менен окуучунун (ата-эненин) ортосундагы ийкемдүү билим жана адам болууга умтулган кызыкчылыктар, максаттуу мамилелер же таалим-тарбия процессинин сапаттык натыйжасы үчүн билим берүүнү башкаруунун эффективдүү жаңы багыты.

2. Бул педагогикалык кызматташуу (өнөктөштүк) мамилени билим берүүнүн рыноктук системасы. Бу жерде эки тараптуу кызыкчылыктар бар. Алар: ата-эненин (окуучунун) финансылык каржылоосу жана мугалимдин сапаттуу билим берүүүчүн жасан аракети.

3. Сапаттуу билимдин өзөгү эки тараптуу келишимдин туруктуулугунда.

4. Бул  педагогикадагы рыноктук мамиле эки тараптын бирдей кызыкчылыктарын, коомдун келечегин, жана  адамзат тагдырын көздөгөндүгү менен баалуу.

5. Кызматташтыктын натыйжасы көзгө көрүнүктүү, ачык-айкын.

6. Билим берүүнүн жүрүшүн, анын сапатын, рынок өзү көзөмөлдөйт, коррупцияны жоюуга өзүнөн-өзү мүмкүнчүлүк ачат, анткени ата-энелер, калыс адис-эксперттер аркылуу көзөмөлдөй баштайт.

7. Таалим-тарбия берүүдө мугалимдер ортосунда атаандаштык (конкуренция) түзүлөт, ата-энелердин жоопкерчилиги артып, акыр аягында билимдин кимге кереги бар экенин ата-энелер түшүнүүгө аргасыз болот.

8. Мугалимдин айлык акысын ата-эне түшүнгөндөн соң акырындап өздөрү эле каржылай баштайт. Бирок, бул айлык-маянаны көбөйтүү процессин шашылбастан этап-этап менен, жылдап барып, коомчулук ынангандан соң ишке ашат. Ошентип билим берүү рыноктук системага өткөндө мугалимдин айлык акысы өзүнөн өзү көбөйөт. Мамлекетке жеңилдик болот.

9. Келечекте мамлекет атайын мектептерди курууну, айрым класстарды жана билим берүү мекемелеринин лабораториялык-практикалык базасын чыңдоону гана каржылап калат.

10. ЖК аркылуу ушундай оомал-төкмөл заманда билим берүү мамлекет жана ата-энелер, ар кандай демөөрчүлөр тарабынан каржыланат деген конституцияга өзгөртүү киргизүү керек (№45 берене, 2 бөлүм).

Албетте, Бекер окутуу карапайым элге, дегеле бардыгыбыз үчүн жакшы эле, бирок, бул кадам азыркы мамлекеттин экономикалык абалына карата, айла кеткенден кийинки убактылуу кадам болуп жатат да. Азырынча биздин мамлекетибиздин финансылык абалы чектелүү болгондуктан мугалимдин эмгегин мезгилге канаатташ мамлекет каржылай албай жатат. Качан мамлекетибиз экономикалык жактан Швеция, Финляндия, Норвегия, Германия мамлекеттериндей өнүгүү даражасына жеткенде кайрадан каржылоону өз мойнуна алганы максатка ылайыктуу. Убактылуу бул кырдаалдан ушул жол менен чыгуу туура болоор эле дейм. Бекер деген табиятта жок, кубулуш. Өсүмдүктүөстүрүп түшүм алыш үчүн да жер семирткичтер берип жатпайбызбы. Эт өндүрүүдө малды семиртип жем, чөп сарп кылгандай эле кеп. Мугалим да ошо сыңарындай татыктуу айлык-маянаны талап кылып жатат.“Бербестин ашы бышпас” деген Кыргызда жакшы кеп бар. Бу кеп капыстан чыккан сөз эмес. Мугалимди биринчи ички мүдөөсүн канааттандыра алгыдай каржылап, андан кийин билим сапатын суроо керек. Ошондуктан билим берүү тармагын өзүн-өзү каржылоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү маанилүү болуп турган чак.

Билим берүү реформасынын жүрүш кадамдары.

 • Биринчи кадам: реформаны баштоодон мурун коомдук аң-сезимди жаңы багытка буруу максатында бардык массалык маалымат каражаттары аркылуу билим берүү реформасынын идеологиясын жүргүзүү; Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мугалимдерди жана ата-энелерди ынандыра ала турган компетенттүү адистер менен республиканын жети облусуна барып, жер-жерлерде педагогикадагы рыноктук мамиле боюнча коомчулук менен түшүндүрүү иштерин ишке ашыруу зарылдыгы турат;

  • Экинчи кадам; билим берүүнүн философиясын жаңы заманга (рыноктук, демократиялык, гуманисттик) багыттарга ылайыктап модернизациялоо;
  • Үчүнчү кадам: билим берүүнүн мамлекеттик стандартын, окуу план программаларын мезгилге шайкеш иштеп чыгуу; мектептин лабораториялык-практикалык базасын чыңдоо; билим берүүнүн технологияларын педагогикалык кызматташтык менен айкалыштырып эффективдүү пайдалана билүү;

 Эгерде коомчулукта колдоого ээ болсо бул идеянын негизги стратегиясын, механизмдерин  алымча-кошумчалар менен талкуулап, республиканын айрым жерлеринде экспериментти баштоо убагы келди ойлойм.

 Билим берүүдөгү рыноктук мамиленин илимий-практикалык жаңылыктары.

   Жаңылыгы педагогикалык  кызматташтыктын (рыноктук мамиленин) эки тараптын бир максатты көздөп бири-бирин колдоосу, көмөктөшүүсү ал кызыкчылыктардын ишке ашырылышы (кызматташуу);

   мугалим менен окуучунун ортосунда билим жана адам болууга умтулган кызыкчылыктар, педагогикалык-рыноктук мамилелер же таалим-тарбия процессинин натыйжалуу жүрүшү;

   педагогикалык кызматташтыктын (рыноктук мамиленин)  түбөлүктүү адамзат тагдырын көздөгөн баалуулугу, натыйжасынын көзгө көрүнүктүүлүгү, ачык-айкындыгы;

   педагогикалык кызматташтыктын теория тажырыйбаларынын саясатташпагандыгы, өз ара ыктыярдуу адамдык карым-катнаштан келип чыккандыгы;

   педагогикалык кызматташтыктын мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттин экономикалык, социалдык, саясий маселелерин чечүү боюнча алгачкы билим, көндүмдөрүн калыптандыргандыгы;

Бул жаңылыктар, натыйжалар СССРдин окумуштуу-пеагогдору В.А.Сухомлинский, Ш.А. Амонашвили, М.П. Шетинин  жаңычыл практик-мугалимдер В.Ф. Шаталов, И.П. Волков, С.Н. Лысенкова, Е.Н. Ильиндер тарабынан далилденген.

Билим берүүдө рыноктук мамиленин практикалык баалуулугу:

    Бардык (мамлекеттик, жеке менчик) окуу жайлардын  практикасында окутуунун рыноктук мамилесин пайдалануунун ыңгайлуулугу, жеңилдиги;

   кызматташтыктын педагогикасынын мезгилге үндөштүгү, табиятында адамдык өз ара урматтоо, демократиялык мамилелердин жатышы, ал мамилелердин өз алдынча, укуктук, гуманисттик, демократиялуу жана рыноктук башкаруунун прициптерине ылайык келиши;

   мезгилдин талабына жараша рыноктук мамиленин идеясын таалим-табия процессинин жүрүшүндө түшүнүүгө жана башкаруу процессине даярдагандыгы;

   окуу процессинде окуучулардын өз ара мамилелеринин түзүлүшүндө кызыгуулар артып, өздөшүүнүн сапатынын жогорулагандыгы;

   тарыхый окуяларды, факыларды, саясий, экономикалык, социалдык кризистик абалдарды көрө билүүгө, ага туура баа берүүгө жана ал окуялардын коомдогу өзгөрүүлөрүнүн мыйзам ченемин, келип чыгуу себептерин аныктай алуу менен изилдөөчүлүккө, ишмердикке, чыгармачылыкка алып баргандыгы;

   кызматташтыктын педагогикасынын ички идеясы окуучулардын, студенттердин  Мекенге берилгендик, туруктуулук, чечкиндүүлүк, максатка умтулгандык сыяктуу адамдык сапаттарды өнүктүргөндүгү;

   кызматташтыктын педагогикасынын тактыкка, тең салмактуулукка, сабырдуулукка, токтоолукка тарбиялагандыгы;

Кемчиликтери: коомчулукту ынандырууда түшүнбөстүктөр, карама-кашылыктар, тирешүүлөр бир топ убакытты талап кылат. Коомчулукта, Жогорку Кеңеште да, , түшүнбөстүктөр, кызуулануулар, карама-каршылыктар электраттарга карата популисттик жагынуу жагдайлар да  болушу мүмкүн.

Бирок ата-энелер батыраак түшүнүшөт. Билимдин сапатын көтөрүү боюнча башка ынгайлуу технология табыла элек.

  Д.Султанкулов,  КАОнун ага окутуучусу

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*