МОЛДОБАЕВ САЛГАН ИЗДЕР

Кыргызстандын советтик соңку тарыхындагы белгилүү мамлекеттик ишмер, педагог, профессор Карыбек Молдобаев тирүү болгондо бул күндөрү 83 жашка чыкмак. Ал эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи ректору, уюштуруучусу болгон.

Жетимдикти сездиртпей чоңойтту

 Карыбек Молдобаев бала кезинин алгачкы жылдарын эстегенде баалуулугу эч качан өчпөй турган эки ыйык нерсени: апасы менен туулган жерин жазат. «Апам карапайым аял болгону менен табиятынан жаратуучулук шыкка ээ эле. Аты Уулжан болчу. Балдарым небере кыздарымдын биринин атын өзүмдүн өтүнүчүм менен апамдын атынан коюшту» деп эскергенин окуйбуз.

Атасы менен апасы 10 балалуу болушат, алардын бешөө кичине кезинде эле чарчап калат. Карыбек алты жашка келгенде кырктын кырынан ашып турганда өпкөсүнө суук тийип атасы каза болот. Апасы Уулкан өтө мээнеткеч эле, балдарына жетимдикти сездиртпей чоңойтконго болгон күчүн  жумшайт. Оор турмуштун айынан бир туугандар таекелеринде бир топ жыл жашап, алардын көмөгүн, тарбиясын көп алат. Апасынын кеңеши менен балдары бой көтөрүп келатканда атанын турагына үй салышып, өз алдынча түтүн булатышат.

«Апам өтө терең ойлонуп иш кылган экен көрсө, биз өз тегибизди унутпай, өзүбүзчө бир үй-бүлө болуп жашашыбызды каалаган экен, аны кийин түшүнүп олтурам», —  деп эскерет Карыбек агай өз китебинде.

Карыбек агай Улуу Ата мекендик согуш башталганда  тогуз жашта болгон, анын балалыгы жашоонун оор күндөрүөкүм сүргөн кыйынчылыктарга туш келген.

Алгачкы билимди Кочкордун Кызыл-Дөбө айылындагы мектептен алып, онунчу классты Тоң районундагы М. Горький атындагы мектептен «эң жакшы» окуп бүтүрөт. Тоңго барып калганынын себеби, бир тууган улуу агасы Токуш ал райондо аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштечү.

Агай өз эскерүүлөрүндө жазгандай, агасы Токуштун досу кыргыз профессионал музыкасынын негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаевдин кеңеши менен 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, беш жыл бою төрт албай окуп, окуу жайдын коомдук турмушуна да активдүү катышкан алдыңкы студенттерден болот.

 Илимдин жолуна түшүп…

 Карыбек агай студент кезинде эле философия илимине кызыгып, ага байланыштуу китептерди көп окуп, өзгөчө эстетика тармагы боюнча эмгектерге көбүрөөк көңүл бура баштайт.  Философия боюнча өткөрүлгөн ар кандай талкууларга активдүү катышып жүргөндө илимге болгон шыгы бар экендиги профессор-окутуучулардын көзүнө көрүнө баштайт. Жаш, дилгир Карыбектин жөндөмүн байкаган профессор  М. Жунусов кафедрада уюштурулган илимий талкууларга чакырып, такшалткан, таптаган, жол көрсөткөн илимдеги биринчи саяпкери болгон.

Өз дилгирлиги, каныга алган билиминин аркасы менен Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасына далайларды артка таштап, конкурс аркылуу өтөт. Конкурска катышкандардын арасынан жалаң «эң жакшы» деген баага тапшырган жалгыз Карыбек болгон. Ал кезде бул окуя кыргыз жаштары үчүн чоңүлгү болорлук жаңылык эле.

Ошентип, алдыга суурулуп чыккан кичинекей Карыбек айтылуу университеттин философия кафедрасына профессору М.Ф. Овсянниковдун жетектөөсү менен илимий изденүүчү катары кабыл алынат. Кафедранын жамаатындагы абройлуу окутуучу-профессорлор, алардын ак пейилден жасаган мамилелери, илим жаатындагы баалуу кеңештери жаш илимпозду дагы көптү билүүгө шыктандырган, ой-дүйнөсүн байыткан.

Жаш философтун ой чабытынын кеңейишине, ички көрөңгөсүнүн тереңдешине Москвадагы орустун көркөм дөөлөттөрү болгон айтылуу театрлар, музейлер, китепканалар, көргөзмөлөр өзгөчө таасир берген.  Ал жеке эле орус маданияты эмес, дүйнөлүк көркөм баалуулуктардын эң мыкты жетишкендиктерине  сугарылганын байкоого болот.

Илимдин түйшүктүү жолуна аттанган Карыбек Молдобаев 1956-жылы ММУнун философия факультетинин аспирантурасын аяктап, философия илимдеринин кандидаттыгы үчүн жазылган диссертациясын ийгиликтүү коргоп, Кыргызстанга кайтып келет.

Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасына окутуучу болуп жаңы кабыл алынганда эле Карыбек сабактарына жаңычылдык менен мамиле кылган, жоопкерчиликтүү, жигердүү окутуучу катары өзүн көрсөтө билген. Көп өтпөй 200-300 студент сыйган чоң залда лекцияларды окуганга уруксат беришет. Бир жылдан кийин улук окутуучулук кызматка дайындашат, дагы эки жылдан соң доценттик даража алат.

Саясий карьерасынын кырлары

 Карыбек агай университеттин окутуучулук-педагогдук гана эмес, коомдук турмушунда өзүнүн ар тараптуу, билгичтик, уюштуруучулук жөндөмүн да көргөзө баштайт. 1959-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын эң чоң жогорку окуу жайынын партиялык комитетинин катчылыгына шайлашат. Бул анын алдыңкы коммунист катары мамлекеттик кызматка болгон алгачкы кадамы, саясий карьерасынын башталышы болуп калды.

Карыбек Молдобаевдин саясий ишмердүүлүккө келишине ошол учурдагы Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Исхак Раззаков менен болгон эки жолугушуу, анын сүйлөгөн сөздөрү чоң түрткү берген.

«Бул кишинин мыкты дикциясы жана оюн так билдиргендиги мени өтө таң калтырды. Мен Исхак Раззаковичтин бет түзүлүшүн өтө кунт коюу менен карап, ал кишинин сүйлөө манерасын эстеп калууга аракет кылдым. Ал киши абдан мыкты оратор эле», —  деп жазат Карыбек агай өз китебинде.

Жаш коммунист, философтун саясий карьерасынын өр алышына ал кезде Кыргызстандын КП БКнын катчысы Бейшен Мураталиевдин жардамы зор болгон, анын үстүнө ал экөө жакшы жолдош, дос эле. Университеттин партиялык комитетинин катчылыгынан Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин илим жана маданият бөлүм башчылыгына сунуштаган, ал кездеги Кыргызстандын биринчи жетекчиси Турдакун Усубалиев менен тааныштырган да Б. Мураталиев болгон.

Карыбек Молдобаев Борбордук комитеттин бөлүм башчысы катары илим, билим жана маданият тармагын өнүктүрүү боюнча келечектүү пландарды иштеп чыгууга жетишет. Анын негизинде жогорку билим берүү багытындагы артыкчылыктуу маселелердин бири — инженердик-техникалык тармактагы адистердин сапатын жогорулатуу, мектептеги билим берүү айдыңында физика-математика жана химия-биология сабактарын окутуунун деңгээлин учурдун талабына ылайык жүргүзүү жана маданият тармагында борбордук жана аймактардагы театрлар менен музыкалык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана байытууда чоң иштер аткарылган.

 10 жылда 12 сыйлык

 Кыргызстан компартиясынын биринчи жетекчиси Т. Усубалиевдин сунушу жана ишеними менен Карыбек Молдобаев 1973-жылдын майында Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалат.

Шаарды башкарып турганда Карыбек Молдобаев бел чечпей мыкты иштеди десек болот. Борбордун ал учурдагы жашоочуларынын пикирин тыңдасак, шаардын инфраструктурасы жакшырган, жаңы жолдор салынган, бир топ завод-фабрикалардын  өндүрүштүк көлөмүөскөн. Карыбек Молдобаевич жетектеп турган 1974-1985-жылдары азыркы Бишкек шаары Бүткүл союздук же республикалык болуп, жогорку даражадагы 12 сыйлыкка татыктуу болгон. Дал ушул жылдары К. Молдобаев Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланып, СССРдин эки жолку, Кыргыз ССР Жогорку советинин төрт жолку депутаты болуп шайланган.

Карыбек Молдобаевдин 1985-жылы Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин катчылык кызматында дайындалышы анын саясий карьерасынын эң бийик сереси болду. Бийик эле эмес агайдын саясий ишмердүүлүгүндө карама-каршылыктуу оор күндөрү ошол кайра куруу жылдарына туура келет. Анткени өзүн тарбиялап өстүргөн, жетилткен, 25 жыл республиканы башкарып келген Т. Усубалиевдин кызматтан кетиши менен кайра куруу желаргысы менен бийликке келген А. Масалиевдин командасында иштөөдө Карыбек Молдобаев бир топ интригалуу оюндардын, психологиялык чыңалуулардын «каарманы» болууга аргасыз болгону көп айтылат. Ошол учурдагы кыргыз саясий элитасында бөлүнгөн, ириген, тирешкен учурлар көп болгон. Тирешкен дегенде Карыбек Молдобаевге кыргыз билермандары менен эле эмес, Кыргызстанды башкарууга жөнөтүлгөн Москвадан түшкөн         М. Василенко, В. Рябоконь, Г. Иванцов, В. Гончаров сыяктуу «десанттар» менен кармашууга туура келген.

Мына ушундай кыйын учурда Карыбек Молдобаевдин СССРдин Министрлер советине караштуу Дин иштери боюнча кеңештин төрага орун басары болуп дайындалып Москвага кетиши көбүүчүн күтүүсүз болгон, анын себеби азыркыга чейин түшүнүксүз бойдон келатат.

«Манастын» биринчи ректору

 Советтик доордогу кыргыз жетекчилеринин бири Карыбек Молдобаевдин уюштуруучулук, педагогдук, билермандык чеберчилиги, башкаруучулук тажрыйбасы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору болуп дайындалганда даана ачылды. Жайдак жерде уюштурулган жаңы жогорку окуу жайынын биз бүгүн мактанып жүргөн жетишкендиктерин айтканда Карыбек агайдын талбаган зор эмгегин мактаныч менен эскеребиз.

Университетти түзүү боюнча расмий документтерди даярдоо, ага ылайыктуу, татыктуу имаратты табуу, аны оңдоп түзөө, түрк өкмөтү менен байма-бай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, алар менен тил табыша билүү, Бишкек-Анкаранын ортосунда байма-бай учуу, тиешелүү материалдык-техникалык базаны куруу, заманбап окутуучу-профессорлук кадрларды, алдыңкы адис-инженер кызматкерлерди табуу, тандоодо Карыбек Молдобаевдин далай түн уйкусу бузулуп, түмөн түйшүгү менен маңдай тери төгүлгөнүн айтпасак болбос.

1995-жылдын 30-сентябрында эки боордош өлкөлөр ортосунда «Манас» университетин ачуу тууралуу документке кол коюлат. Салтанатка келген Түркиянын Президенти Сулайман Демирел «Манас» университети Орто Азиядагы Гарвард университети болуп калышы керек» деген каалоо-ниетин айтып, ректор К. Молдобаевден «университет үчүн кайсы моделди тандадыңар?», — деп сураганда,  «Заманбап Европа моделин тандайбыз»,- деп жооп берет,  «демек, бул маселе боюнча бизде толугу менен бир пикирде жана бир түшүнүктө экенбиз»,- деп С. Демирелдин канааттануу менен айтканы көпчүлүктүн эсинде.

Ошентип, 1996-жылы жаңы окуу жылында Кыргыз-Түрк «Манас» университети биринчи студенттерди кабыл алып өз ишин, өз тарыхын баштаган. Андан бери далай суу акты, жылдар жылга алмашып, убакыт учкул экен университеттин 20 жылдык тарыхы артта калды. Университет эки өлкөнүн эле эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгынын үлгүсүнө, алтын көпүрөсүнө айлана алды. Дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн жаштар билим алууда. Сулейман Демирел тилек кылгандай, «Манас» университети Борбордук Азиядагы эң мыкты жогорку окуу жайларынын бири болду. Заманбап студенттик шаарча пайдаланууга берилди, алдыңкы материалдык-техникалык жабдууларга ээ болууда. Баарыбыз мактанган бүгүнкү «Манас» университети жөнүндө кеп кылганда, анын алгачкы пайдубалын түптөгөн, кышын койгон, чатырын жаап пайдаланууга берген, өркүндөткөн биринчи ректорубуз, профессор Карыбек Молдобаевдин опол тоодой эмгегин дайым эстейбиз, урматтуу агайыбыз менен сыймыктанабыз.

Бакыт Орунбеков,

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдеринин кандидаты

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*