ЖАҢЫ КОНУШТАРДЫН БАЛДАРЫ ЭМНЕ ҮЧҮН САБАКТЫ КӨП КАЛТЫРЫШАТ?

Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштардын мектеп окуучулары сабакты көп калтырары “Эл пикир” Иликтөө-аналитикалык коомдук пикирди иликтөө жана прогноздоо борбору жүргүзгөн иликтөөдө аныкталды. 2014-2015-окуу жылынын экинчи жарымында жаңы конуштарда жашаган окуучулардын 276 мектепке барбай койсо, анын 128 башталгыч класстын, 121 негизги мектептин, алтысы орто мектептин окуучулары. Жыйырма бир бала болсо такыр окубай койгон.

“Эл пикир” борбору Билим берүү жана илим министрлигинин буйрутмасы менен 2014-2015-окуу жылынын экинчи жарымында сабакты көп калтырган балдардын санын жана себептерин билүү максатында атайын иликтөө жүргүзгөн. Анда Бишкек шаарындагы 11 жаңы конуш:  Ак-Босого, Көлмө, Калыс-Ордо, Келечек, Ак-Жар, Дордой, Дордой-2, Ак-Ордо, Ак-өргө, Рухий-Мурас, Ак-Тилек иликтөөгө алынып, жалпы 11774 үйдү кыдырып чыгышкан. Натыйжада балдары мектепке барбаган 221 үй-бүлө катталган. Алардын эң көбү Ак-Жар жаңы конушунда. Бул конушта турган үй-бүлөлөрдүн 4,5 пайызынын балдары сабакты көп калтырышат.

– Мектепке ар кандай шылтоолор менен барбай калган балдар абдан көп экен. Айрымдары сабакты көп калтырса, такыр окубай койгондор да көп. Иликтөө  учурунда көп ата-энелер суроолорго так жооп беришпей, чындыкты жашырып коюшту. Бирок алардын кошуналары көп маалыматтарды берип жатышты. Мектепке барбай иштеп жүргөн балдар дагы абдан көп экен, – дейт “Эл пикир” Коомдук пикирди иликтөө жана прогноздоо борборунун менеджери Аида Абдыбекова.

11 жаңы конуштун экөөндө гана Ак-Жар жана Дордойдо мектеп жок болсо, калган тогуз жаңы конушта мектеп бар. Бул жаңы конуштардын калк эң жыш жайгашканы Ак-Өргө болуп эсептелет. Бул райондо жалпы 13588 эл жашайт.

Сабакты ким көп калтырат?

2015-жылдын экинчи жарымында эң көп сабак калтырган Келечек жаңы конушунун балдары болуп чыккан. Бул конуштун  окуучуларынын 41,7% кырк күндөн ашуун сабак калтырган. Андан кийинки орунда (35,7%) Дордой-2 конушунун окуучулары  болсо, Дордой конушунун окуучулары да (35,3%) сабакты көп калтырышат. Мектепти кыз балдарга караганда эркек балдар  көп калтырат. Сабак калтыргандардын 54,7% эркек балдар болсо, 45,3% кыздар. Ал эми такыр окубагандардын 61,9% балдар болсо, 38,1% кыздар.

Мектепке барбай жана окуса дагы сабакты көп калтырган балдардын үй-бүлөсүнүн  материалдык абалы дагы иликтенген. Анда такыр мектепке барбай калгандардын 4,8% өтө байлар болсо, 4,8% байлар, 28,6% орто жашагандар, 33,3% жакыр, 28,6% өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары. Ал эми сабак көп калтырган балдардын 6,9% өтө байлар болсо, 15,2% байлар, 30,8% орто жашагандар, 31,5% жакырлар, 6,2% өтө начар тургандар.

Балдардын окубай калышы ата-энесинин билим деңгээлине жараша

Балдардын окубай калышы алардын ата-энесинин билим деңгээлине жараша болот дешет иликтөөчүлөр. Мисалы, мектепке барбаган балдардын көпчүлүгүнүн апалары орто билимдүүлөр болсо,  ата-энелердин 8,8% гана жогорку билимдүүлөр. Мектепке барбай жүргөн балдардын ар бир экинчисинин апасы жумушсуз же болбосо тигүүчү, сатуучу, ашпозчу сыяктуу тейлөө кызматтарында иштешет.

Бирок коомчулукта толук кандуу үй-бүлөдө жашабаган балдар сабакты көп калтырат деп айтылып жүргөнү менен иликтөө толук кандуу үй-бүлөнүн балдары менен атасы же энеси жок балдардын ортосунда анчалык деле ажырым жок экендигин  аныктады. Мектепке барбаган балдардын 65,3% ата-энеси толук эмес болсо, 40,0% толук үй-бүлөлөрдүн балдары. Бирок 79,6% балдардын атасы да, апасы да иштебейт.

– Ата-энелер балдарынын мектепке барбай калышынын ар кандай себептерин айтышты. Бирок жаңы конуштардын жашоочуларынын баардыгы башка аймактардан көчүп келишкен. Мисалы, жашоочулардын 53% мамлекеттин түштүк аймагынан көчүп келгендер түзөт. Алардын  35,6%  Ош жана Баткен облусунан келгендер болсо, 11,7% Жалал-Абад облусунан келгендер. 16,9% нарындыктар түзөт. Калганы башка региондон келгендер. Көбүнчөсү балдарынын мектепке барбай калышын документи, каттоосу жоктугу менен байланыштырышат. Мектепте орун жок деп албай койгондор дагы бар, – дейт Аида Абдыбекова.

Иштеп акча тапкандар да бар

Сурамжыланган ата-энелердин 96% балдарын иштетпегендигин тастыкташса, 4% балдарынын иштеп жатканын белгилешкен. Иштеген балдардын 40% “Дордой” базарында, 10% курулушта, 10% мал чарбачылыгында, 10% тигүүчү цехте иштесе, 10% бала багып, 10% дүкөндө жардамчы, 10% базарларда, көчөлөрдө баштык, коробкаларды чогултушат. Бул балдар жумасына орточо эсеп менен 28,8 саат иштеп, 350 сомдон 3000 сомго чейин акча табышат. Алардын 40% начар шартта иштешсе, 40% жакшы шартта иштейт, калганын болсо эмгек шарты канааттандырат.

Баланын мектепке барбай калуусуна эмне себеп?

Иликтөөчүлөр окуучулардын мектепке барбай жаткандыгынын бир катар себептерин аныкташкан. Көбүнчө окуучуларды ата-энелери ар кандай себептерден улам мектепке жибербей коюшса, иштеп акча тапкан, үй жумуштарына жардам бергендер да бар. Мектепке кийип барганга кийими, китеп, дептери жок балдар дагы жок эмес. Ата-энелер мектеп талап кылган акчаны төлөй албагандыктан балдарын мектепке жибербей жаткандыгын дагы жашырышкан жок. Көбүнчө окуучулар болсо мугалимдеринин катуулугунан, мектеп программасынын татаалдыгынан, кызыксыздыгынан, классташтарынын, окуучулардын мамилесинен, рэкетчиликтен улам барбай жаткандарын айтышкан. Окуган мектебинин алыстыгы дагы окуучуларды жүдөтүп келет. Мисалы, сурамжыланган ата-энелердин  55,8% балдары алыскы мектептерде окушат. Алардын дээрлик көпчүлүгүүйдөн мектепке чейин жарым сааттан ашык жол жүрсө, Ак-Жар конушунун окуучуларынын 15,8% мектепке барыш үчүн 50 минутадан ашык жол жүрүшөт. Дордойлуктардын дагы 11,1% бир сааттан ашык жол жүрүшөт.

Ак-Ордо ТЭЦ-2 конушунун тургуну Жыргалбек дагы балдарынын окуган мектеби үйдөн алыс болгондуктан балдарынын сабакты көп калтыраарын айтат.

– Биздин конушта мектеп жок болгондуктан үч балам тең шаардагы мектепте окушат. Алардын мектебине чейин бир сааттык жол, анысы аз келгенсип түз унаа жүрбөйт. Жолдон эки башка маршруткага отурушат. Жазында, күзүндө барып келген бир аз жеңилирээк, кышкысын болсо аябай эле кыйын. Маршруткадагы кишилердин тыгынын болсо баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан кышында катуу бороондо балдарымды өзүм деле мектепке жибербей коём, – дейт Жыргалбек.

Андан сырткары ата-энелердин көбү балдары мектепке барыш үчүн чоң жолдордон өткөндүктөн, жол коопсуздугунан дагы коркушат. Андыктан мектеп окуучулары үчүн атайын транспорт уюштурууну дагы сунушташат.

Балдарды мектепке тартуу үчүн сунуштар 

Негизинен балдарды мектепке тартуу жергиликтүү бийликтин милдети. Бирок мектепке барбай жаткан балдарды мектепке тартууда жергиликтүү бийликтин чабал иштеп жаткандыгы иликтөөнүн жыйынтыгында байкалат. Балдарды мектепке тартууда жергиликтүү бийликке караганда мектеп мугалимдери көбүрөөк аракет кыларын ата-энелер дагы тастыкташкан. Сурамжыланган ата-энелердин 22,7% балдарды мектеп гана өзүнө тарта алды деп жооп беришкен.

– Балдарды мектепке тартуу жана аларды каттоого алуу милдети Өкмөттүн  токтому менен жергиликтүү бийликке тапшырылган. Бирок бул ишти педагогдор аткарып жүрөт. Негизинен ал иш мугалимдердин милдетине кирбейт. Бирок учурда министрлик тарабынан сабакты көп калтырган балдарга кошумча билим берүү жөнүндө жобонун долбоору иштелип чыгып, талкууга коюлууда. Эми буюрса, сабакты көп калтырган балдарга кошумча билим бериле баштайт, – дейт Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева.

Сурамжылоодо ата-энелер өздөрү мектепке барбай жаткан балдарды кайрадан мектепке тартуунун бир катар сунуштарын беришкен. Ата-энелердин 12,3% бала мектептен качпашы үчүн сапаттуу билим бериши керек деп жооп беришкен. 11,5% ата-эне балага билим алышы үчүн жакшы шарт түзүп бериш керек деп эсептейт. Мектептерди куруп, класстарды көбөйтүү менен балдарды мектепке киргизүүнү жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгын дагы айтышкан. Андан сырткары жетишпеген үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан материалдык, каржылык жактан жардам берүү, балдардын тарбиясына көңүл буруу жана алардын ден соолугун чыңдоо, көзөмөлдү күчөтүү,  мугалим – окуучу – ата-эне байланышын күчөтүү керек деген сыяктуу бир катар сунуштарды беришкен.

 Министрликтин маалыматы боюнча 2015-жылы республика боюнча жалпы 2345 бала окубагандыгы аныкталган. Үй-бүлөлөрдү колдоо уюмдары менен биргеликте иш алынып баргандан кийин алардын 1116 кайрадан мектепке кайтып барган. Учурда жашаган жери боюнча 1229 бала мектепке барбайт. Анын 723 мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо, 128  ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албаган жети жаштагы балдар.  120 бала үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, 258 бала социалдык жана үй-бүлөлүк проблемалардан улам билим алуудан баш тарткан.

Балдары мектепке барбай жаткан  үй-бүлөлөрдүн саны

Конуштар Үй-бүлөлөрдүн жалпы саны Балдары мектепке барбай жаткан үй-бүлөлөрдүн саны Балдары мектепке барбай жаткан үй-бүлөлөрдүн саны пайыздык көрсөткүч менен
Ак босого 1578 35 2,2
Калыс-Ордо 1722 39 2,3
Келечек 1162 25 2,2
Ак-Жар 947 43 4,5
Рухий-Мурас 400 6 1,5
Ак-өргө 1146 1 0,1
Ак-ордо 2950 38 1,3
Дордой 584 15 2,6
Көлмө 935 9 1,0
Дордой-2 350 10 2,9
Жалпы 11774 221 1,9

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*