Алмаз КЕНЕНБАЕВ, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы: «ШААРДЫК МУГАЛИМДЕР — ШААРДЫН ЭЛИТАСЫ»

Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына жаш саясатчы,  шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын мурдагы жетекчиси Алмаз Кененбаев шайланганына аз гана убакыт болду. Анын ишке жоопкерчиликтүү караганы, бир эмес үч жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктаганы, ой чабытынын кенендиги, ички көрөңгөсүнүн тереңдиги, эң башкысы адамгерчилигинин бийиктиги, ошондой эле заманбап ой жүгүртүүсү төрагалык тактыга алып келди. Буга чейин эле Алмаз Кененбаев шаардагы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүп келген депутаттардын бири. Анын демилгеси менен кароосуз калган бала бакчалар кайрадан ремонттолуп, ишке киргизилсе, айрым менчикке өтүп кеткен бала бакчалар кайтарылууда. Мына ушул өңдүү билим берүү тармагынын күн тартибинде турган айрым маселелер тууралуу маек курдук. Анда эмесе сөз башынан болсун.

— Алмаз Муканович, ордуңуз кут болсун! «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» дегендей, сиздин демилгеңиз менен шаардык билим берүү тармагында бир топ жакшы иштер аткарылып жатат. Мугалимдердин социалдык абалын мындан ары жогорулатууга, алардын сапаттуу иштешине кандай иш-аракеттер бар? Мындан кийинки кадамдарыңыз, максаттарыңыз тууралуу кеп баштасаңыз.

— Төрагалык кызматка чейин эле көп жумуштарды аткардык. Кыргызстан социал демократиялык партия социалдык тармактарга абдан чоң маани бурат. Мына жаңы окуу жылына карата өлкө башчыбыздын демилгеси менен Дордой жаңы конушунда жаркыраган, заманбап мектеп ачылды. Аны Алмаз        Шаршенович Атамбаев өзү ачып, бир топ жылуу сөзүн айтты. Ошондой эле анын демилгеси менен Көк-Жар кичирайонунда 280 балага ылайыкталган чоң бала бакча курулуп жатат. Мындан ары дагы бала бакчалардын сандарын көбөйтүү менен алардын сапатына өзгөчө маани бурабыз.

Жеке менин демилгем менен борборубуздагы №56 башталгыч мектеп окуп келген имаратты кайрадан бала бакчага кайтаруу маселесин эки жылдан бери көтөрүп келаткам. Анткени ал 2012-2015-жылга чейин кароосуз калып, эскирип, бүлүнө баштаган эле. Быйылкы жаңы окуу жылына карата жергиликтүү бюджеттен 19, 958 млн. сом бөлдүртүп, ал имарат реконструкциядан кийин №85 бала бакча болуп ачылды. Ички, сырткы көрүнүшү калыбына келтирилди. Балдардын татыктуу таалим-тарбия алышына бардык шарттар түзүлдү десем ашыкча болбостур. Менин айтайын дегеним, бөбөктөрдүн көксөгөн кыялдарына, бийик максаттарына жетүүүчүн колубуздан келип турган чакта бардык  шарттарды түзүп, күч-дареметибизди жумшообуз зарыл. Бала бакчадан балдар эмгекчилдикке, адамгерчиликке, мекенчилдикке тарбияланышы керек. Алар — Кыргызстандын келечеги.

Көптөгөн бала бакчалар кезегинде менчиктештирилип кетип, анын азабын өзүбүз жон терибиз менен тартып жатабыз. Фактыга кайрылып көрсөк, азыр шаар боюнча 79 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 29252 бала тарбияланат.  Мисалы, бала бакчаларда бир топто 25-30 баладан ашпаш керек, бирок учурда 60-90 чейин балдар кабыл алынып жатканы коомчулукка белгилүү. Бул мамлекеттик билим берүү стандартына каршы келет. Албетте, балдардын көптүгү алардын коопсуздугуна, ден соолугунун чың болушуна терс таасир берип жатканы баарыбызга түшүнүктүү. Ошондуктан бала бакчаларды көп куруу керек.

Негизи алдыма койгон максатыма жеттим десем болот. Депутаттык чоң иш жасадым. Мындан сырткары, №78 бала бакча ачылды. Мурда ал жерде 1-Май райондук соцфонду жайгашып келген. Балдардын бул уясын дагы кайтарып бердик. Дегеле советтик мезгилде мектеп, бала бакча болуп курулган имараттар өз калыбына келтирилип, өз функцияларын аткарышы керек. Биз ушулардын үстүнөн тыкыр иштейбиз. Менчикке чыгып кеткен, кароосуз калган билим берүү мекемелерин кайрадан калыбына келтиребиз деп ойлойм.

— Ош шаардык мэриясы менен шаардык кеңеши мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу максатында бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келатышат. Сиздерде кандай?

— Бизде дагы жаман эмес. Менимче, буга чейин  шаардык мугалимдердин эмгек акысына 1000 сомдон кошумча берилип келатат. Мына жакында эле Өкмөт мугалимдердин эмгек маянасын дагы 50% көтөрдү. Дегеле биздин мугалимдерге болгон көз карашыбыз өзгөчө. Анткени ааламга таанылган кеменгер болобу, илимдин туу чокусун багындырган окумуштуу болобу, же мамлекетти башкарган өлкө башчы болобу, айтор, адамзатты суктандырган мыктылардын мыктылары да бир кезде Устаттын колунан таалим-тарбия алган. Нечендеген үлкөндөрдүн баары Мугалимге таазим кылып келишкен. Анткени ар бир баланын шык-жөндөмүн ачып, инсандыгын калыптандырып өстүргөн — бул Мугалим. Алардын эмгеги ары татаал, ары ардактуу! Мугалим үчүн мектеп менен окуучу — экинчи үй-бүлө. Бир эле шаардык мугалимдер эмес, жалпы мугалимдерге мен ыраазычылык билдирем жана таазим кылам. Кыйын кезде алар кызматын таштабай, жоопкерчилик менен аткарып келатышат. Жеке мен алардын ишин жогору баалайм. Келечекте эң мыкты деп аталган мугалимдерге батир берсек деп кыялданып жатам. Азырынча айтпай турайын, бирок келечекте мугалимдердин эмгегин баалоодо бир топ жакшы иштер аткарылат.

Шаардык мугалимдер — борбор калаабыздын элитасы. Баса, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен 2009-жылдан бери «Жаш мугалимдин депозити» программасы ийгиликтүү аткарылып келатат. Биринчи жылы жаш адистин эмгек акысына 2000 сомдон кошулат, экинчи жылы — 2500 сом, үчүнчү жылы — 3000 сом кошулуп берилет. 2015-жылга карата шаар боюнча ушул программанын алкагында 165 жаш адис эмгектенүүдө.  2011-жылдан тарта 90 миң сом ар бир катышуучуга берилип келатат. Ушул аралыкта  программанын 70 катышуучусуна 8,2 млн. сом төлөнүп берилди.

Негизинен шаарды өнүктүрүүгө, социалдык колдоого муктаж кызматкерлерге көбүрөөк каражат кароого, албетте, чамабыз чак болуп жатат.  Салыктын 50% Бишкек шаарында чогултулат, бирок анын 19% гана шаардын өнүгүшүнө берилет. Ал 7 млрд. сомдон ашыгыраак акча болот. Эгерде борбор калаада чогултулган каражаттын  30-35% шаардын бюджетинде  калса, анда ириде ошол мугалимдердин, дарыгерлердин социалдык абалын жакшыртууга болот эле.

Өкмөт башчы Темир Сариев мамлекеттик ипотеканы баштоо боюнча айтып жатат. Борбор калаада мугалимдерге пайызсыз 10 жылга болобу, 5 жылга болобу батирлер салынабы?

— Бул абдан туура суроо. Мугалимдерден билим берүүнүн сапатын сурагандан мурда, алардын жашоо шартын жакшылап түзүп берүү керек. Бул жагынан алганда мына жакында эле Туңгуч кичи районунда 135 квартиралуу 9 кабаттуу үй мугалимдерге, дарыгерлерге, муниципалдык мекемелерде иштеген кызматкерлерге берилди. Бир бөлмөлүүүй 19 миң долларга турса, анын 30 пайызын  ириде төлөп, андан соңүйдүн ачкычын алгандан кийин дагы 30% төлөп, калган каражатты беш жылдын ичинде төлөп бүтөт. Азыркы базар экономикасында бул арзан деп ойлойм. Ооба, үйлөр курулат.

— «Жүрөгүм менин балдарда» аттуу шаардык сынактын жеңүүчүлөрүнө кезегинде бир бөлмөлүүүй берилип келген эле. Кийинки мезгилде эмнегедир токтоп калды. Ушундай жакшы жөрөлгөлөрдү кайрадан жандандыруу сиздин планыңызда барбы?

— Азырынча айта албайм. Бирок кезеги келгенде ошондой сыйлыктарды коюу керек. Азырынча сынактын жеңүүчүлөрү колдоруна 70 миң сомдой алышат.  Бирок жогоруда мен айтып кеткендей, мугалим жумурияты эң жогорку сыйлыктарга татыйт. Шаардын элиталарына батирлерди берүү максатыбыз да, оюбуз да бар. Буюрса, бир эле мугалимдер эмес, дарыгерлер, өзгөчө жаштар үчүн ыңгайлуу жашоо шартын түзөлү деп жатабыз. Кур эле сөздөрдү айтпай, буюрса баары аткарылгандан кийин айтсам болот.

— Билим берүү системасы эмнеден аксап жатат деп ойлойсуз?

— Менимче, системаны түп-тамырынан бери карап чыгуу зарыл. Советтик система жаман эмес болчу. Мына ошол системанын жакшыларын коркпой-үркпөй эле алуу керек.

Шаардык мектептерде эң мыкты мектеп директорлору иштейт. Ошолорду жоготуп албаш үчүн, алардын айлык акысын көтөрүү керек экенин айтып кетүү абзел. Мына караңызчы, республикалык бюджеттен мектептердин баарына бирдей каражат бөлүнөт. Иштерман, ишке жоопкерчилик менен караган мектеп жетекчисинин билим уясы зыңкыйып турат: мектептин кире беришинен баштап материалдык-техникалык базасынын чыңдалышына чейин чекчейет. Мисалы, борбор калаадагы Т.Сатылганов атындагы №69 комплекс-гимназиянын директору, биздин кесиптешибиз Сайрагүл Атаеваны айтып кетсем болот. Бул киши жетектеген мектепке киргенде жөн эле адамдын көзү ачылат. Экинчиден, балдарга билим-тарбия берүүгөөзгөчө көңүл бурулуп келет. Бул мектепте шахмат классы, Конфуций классы, кытай, немис тилдерин тереңдетип окутуп жатканынын өзү эле жетекчинин иштермандыгын айгинелейт. Мен муну менен эмнени айткым келет, Бишкек шаарында эң мыкты мектептер,  аны жетектеген мыкты жетекчилер арбын. Биз аларды кордобой, жоготпой, майдай сактап калышыбыз керек. Алардын тажрыйбаларын жайылтып, бардык мектептерди шаардын статусуна ылайык кылсак деген изги ой бар.

Ошондой эле кесипкөй, чыгармачыл мыкты жаш мугалимдерди чет өлкөлөргө кетирбей, алып калганга шарттарды түзүү керек.  Мыкты, билими күчтүү, өз кесибин сүйгөн мугалимдердин колунан, албетте, мыкты окуучулар чыгат. Билимдүү жаштардын колунда — биздин мамлекеттин келечеги. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги ири жогорку окуу жайларга өтүп, ошол жерде калып калган акылдуу жаштарды кайрадан Мекенге кайтарып келсек деген ойлор бар. Менимче, биздин интеллектуалдык потенциалы бийик жаштар чет жакадан тажрыйба топтоп алып, кийин баары бир Мекенине кайтып келип, Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө салым кошушат.

— Албетте, коомчулукту сиздин жашоо-турмушуңуз кызыктырбай койбойт. Өзүңүз кайсы мектепте билим алдыңыз? Сиздин ушундай даражага жетишиңизге ата-энеңизден сырткары кайсы мугалим түрткү болду? Ал ким, катышып турасызбы?

— Мен Каракол шаарындагы математика боюнча тереңдетилген №11 мектепте, андан соң Н.Некрасов атындагы №3 мектепте билим алдым. Класс жетекчим    Валентина Константиновна   Кузнецова менин терең билим алышыма түрткү болду. Андан сырткары, чыгармачылыкка да из салып берген ошол киши.

Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин бардык жаштардай эле борбор калаага келип Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз-европалык факультетине кирдим, аны бүткөндөн кийин жогорку билимдин негизинде юридикалык факультетти сырттан бүткөрдүм (азыркы КМЮА), андан соң Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын да ийгиликтүү аяктадым. Эмгек жолумду жеке ишкерлик менен баштадым, өзүмдүн чакан юридикалык консалтинг компаниям бар. Мындан төрт жылын мурун шаардык кеңешке депутат болуп шайландым, КСДП фракциясын жетектедим. Мына ушул жылдын октябрь айынын ортолорунан баштап төрагалык кызматты аркалап келатам. Үй-бүлөм бар. Жубайым Назгүл Закирова мага чоң тирек. Ал дагы жогорку билимдүү, эки дипломдун ээси. Чет өлкөлүк уюмда иштейт. Улуу балам «Илим» жеке мектебинде окуйт, абдан интеллигенттүү азыртан эле. Бардык ишке жоопкерчилик менен карайт. Кичүүсү бала бакчага барат. Ал балам көбүрөөк айылга ыктап турат. Калпагын кийип, колуна кичинекей комузун алып, ат минем дей берет. Негизи ал кыргыздын каада-салтына жакыныраак.

Менин жакшы таалим-тарбия алганыма, албетте, ата-энемдин эмгеги зор. Атам Мукан Асанкожоевич Кененбаев Шевченко колхозунда көп жыл башкарма болуп иштеди. Апам мугалим болгон. Ошондуктанбы, айтор, мугалимдерди жакшы көрөм. Төрт бир тууганмын.

Гүлнара Алыбаева,

«Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*