«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ КЫРГЫЗ САЛТТАРЫ КЫТАЙДА ТАЛКУУЛАНДЫ

СӨЗ БАШЫ

Кытай Эл Республикасынын Шинжаң Уйгур Автоном районунун борбору Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинин «Арашан» окутуу районундагы Кунлун залында 24-25-октябрда «Манас» жана кыргыз салты» деген темада эл аралык илимий талкуу жыйын болуп өттү. Анын салтанаттуу бөлүгүндө СУАРдын өкмөтүнүн атынан Өргүл Жапар кызы чыгып сүйлөдү. Бул иш-чара Кытай өкмөтүнүн жана коммунисттик партиянын жетекчилигинде жогорку деңгээлде уюштурулган. Уюштуруучулары – Шинжаң педагогикалык университети менен Шинжаң «Манас» изилдөө борбору, Шинжаң педагогикалык университетинин Адабият институту, КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Адабият жана көркөм өнөрчүлөр бирикмеси, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун заттык эмес маданий мурастарды коргоо борбору, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу «Мурас» коомдук фонду, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институту. Жыйын башында окуу жайдын ректору Вали Барат, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу «Мурас» фондунун башкармалыгынын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Адабият жана көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин төрагасы Жумак Кадыр куттук сөздөрүн айтты.
Андан соң ушул жерде иштей баштаган тарых илимдеринин доктору, түрк элдерине таанымал фольклорчу Сулайман Кайыповго жана педагогика илимдеринин доктору, экс-ректор Искендер Исамидиновго окуу жайынын профессору күбөлүгү тапшырылды. Бул эки окумуштууга окуу жайынын жетекчилери элиталык үй, автомобиль бөлүп берип, иштөө үчүн бардык шарттарын түзүшкөн.
Пленардык жыйында Бээжинден келген профессор Лаң Йиң айым «Кыргыздардын бет тилүү салты жана анын «Манас» эпосунда чагылышы» деген темада баяндама жасап, кыргыз фольклорун жана салттарын эң мыкты биле тургандыгын көрсөттү. Сулайман Кайыпов «Манас» – кыргыз маданиятынын гипертексти» аттуу баяндама жасап, бул улуу жомоктун тексти кагазга түшкөн тамгалардын жыйындысы гана эмес, андагы айтуучунун үнү, мимикасы сөзсүз керектигин айтып, бир тексттин ичинен башка бир текст тамырлап кете тургандыгына мисалдар менен токтолду жана бул багытта аткарылууга тийиш болгон пландарды алдыга таштады. Дагы бир баяндамачы, немец окумуштуусу жана котормочу Карл Райхл эпосту англис тилинде которуп жаткан адис катары чыгармадагы чарайна, бадана, соот, ак олпок ж.б. сөздөрдүн маанисин жана аларды которуу проблемаларын ортого салды. Жапониянын Нагоя университетинин профессору Нишиваки Такао «Манас» эпосунун өз өлкөсүндө изилдениш абалы тууралуу айтып берди. Ал бул эпосту жапан тилине которууда. Түркиянын Ардахан университетинин профессору Эрдоган Алтынкайнак түрк элдеринин аза күтүү салты менен «Манас» эпосун байланыштыра караган. Ал-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору Булдырбай Анарбайдын сөзү Ч.Валиханов жазып алган эпостун алгачкы кагазга түшкөн вариантындагы салт-санаалардын чагылдырылышына арналды. Кытайлык кыргыз профессору Адыл Жуматурду жогорудагы баяндамалар тууралуу жыйынтык сөзүн сүйлөдү.

ЭКИ КҮН ТӨРТ СЕКЦИЯДА 48 БАЯНДАМА ЖАСАЛДЫ

Ал баяндамачылар Орусия, Япония, Кытай, Казакстан, Түркия, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген. Биздин өлкөдөн академик А.Акматалиев, профессорлор Ж.Бөкөшев, А.Муратов, Б.Сагынбаева, Ж.Орозобекова, А.Мурзакметов, Ж.Дүйшеев ж.б. окумуштуулар катышты. Адабиятчылар, тилчилер, философтор, педагогдор ж.б. манас таануу багытындагы адистер «Манас» жана улуттук ишеним, кыргыздардын түлөө өткөрүү кыймылы, сыйкырчылык жана бакшылык, тыйымдар, сырдуу белгилер (сан, түс, ж.б.), байыркы кыргыздардын өндүрүш, дыйканчылык, малчылык, аңчылык салттары, элдик билимдер, элдик оюндар, тамак-аш, турак-жай, кийим-кече салты, кол өнөрчүлүгү ж.б. проблемалардын тегерегинде кеңири сөз кылды. Жыйындын материалдарын даярдоодо Шинжаң «Манас» изилдөө борборунун башчысы профессор Мамбеттурду Мамбетакун жетектеген Гүлбаар Кожеш кызы, Мамбетайса Мамбеттурган уулу ж.б. окутуучулар көп иштерди жүргүзгөн.

ЖУҢГО КЫРГЫЗДАРЫНЫН АКТИВДҮҮЛҮГҮ

Эки күн бою жыйындан бир да киши чыгып кетпей, талкуулар абдан кызыктуу жана майнаптуу болду. Баарынан да бул иш-чарага Жуңго кыргыздары Жусуп Мамайдын вариантынан алынган мисалдар менен активдүү катышты, эпосту терең билерин далилдешти. Бээжинден профессор Адыл Жуматурду мырза, илим доктору Токтобүбү Ысак кызы, булак таануучу Жаркын Турсун, Үрүмчүдөн «Тил жана котормо» журналынын редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай Кармыштегин, доцент, философ Токтокан Ысмайыл кызы, котормочу, адабиятчы Мамбет Аамат, Кашкар шаарынан Сайыпбек Аалы уулу, Амирбек Сатыбалды, Ланжов шаарынан магистрант Эрзат Адыл уулу, Кызыл-Суудан жазуучу жана аалым Амантур Абдырасул, мугалим Жаңыбак Мамбеталы, Алымжан Абдыкерим, Токтонур Аамат, Токтосун Асанбек, Амирбек Сатыбалды уулу, Аалы Сүйүнбай уулу, Токобай Бостонтегин, Иледен текестик мугалим Токтосун Асанбек ж.б. изилдөөчүлөрүн баяндамалары манас таануунун жаңы барактарын ачкандай болду.

ШИҢЖАН (СИНЬЦЗЯН) ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

Окуу жайы Улуу жибек жолунун тоому болгон Тянь-Шань тоолорунун түндүк этегинде жайгашкан Үрүмчү шаарында 1978-жылы ачылган. Анын ачылышынын бирден-бир максаты ШУАРдагы майда улуттарга билим жана илим берүү болгон. Ал кезде бул аймактар артта калган. Кызыл-суулуктардын айтуусунда, ошол кезде студенттер Артыштан Үрүмчүгө советтер берген жүк машиналар менен бир жумада араң келишчү экен. Азыр Кашкарга чейин учактар жана өтө ылдам жүрүүчү поезддер менен тез эле жетип барышат. Университетти 30 миңден ашык адис бүтүрүп чыкты. Учурда 11 институту бар, аларда жогорку билим берет, адистик жогорулатат. Ушул тапта 23 миң студент билим алууда, алардын ичинен 800 магистрлик диплом алууга талапкерлер. Аймактык деңгээлдеги эки предмет – эл таануу жана дин таануу, оазистик изилдөө, андан башка да окуу жайдык деңгээлдеги жети предмет окутулат, алар: педагогика, этникалык тил жана адабият, Кытайдын батыш аймагынын тарыхы жана адабияты, спорт, музыка таануу, математика жана прикладдык математика, маркстик теория. Университеттин курамында төрт илимий-изилдөө борбору, 10 изилдөө секциялары, 16 илимий-изилдөө институттары орун алган, демек, ал жерде окутуу гана эмес, илимий изилдөө да башкы орунда турат. Ошол борборлордун бири «Манас» изилдөө борбору. Окуу жайынын китепканасында 1,2 миллион китеп бар.
1992-жылы Чет элдик иштер боюнча мамлекеттик акимчилик окуу жайына А классындагы квалификация ыйгарып, башка өлкөдөн студенттерди алууга укук берген. 1994-жылы чет элдиктерди окутуу укугу бар 200 университеттин катарына кирген. 1995-жылы ЮНЕСКОнун эл аралык университеттеринин бирикмесинин тизмесине кирип, эл аралык даражасына (Xinjiang Normal University) жетишкен. Университет биздин Ош мамлекеттик университети менен байланыш түзүп келе жатат. КЭРдеги кыргыздарды кыргыз тили жана адабиятынан окутуучу мугалимдерди даярдоочу топ түзүлгөн. Окуу жайынын жалпы аянты 611,7 кв.м. Азыр эми адырлар арасындагы кампуста улам жана имараттары курулуп жатыптыр. Бул жагынан Шинжаң педагогикалык университети Борбор Азиядагы окуу жайларынын алдыңкы сабында турат, дүйнөлүк мыкты окуу жайлары менен атаандаша алат.

МАНАС ТААНУУ БАГЫТЫНДАГЫ ИШТЕР АЛИ АЛДЫДА ЭКЕНДИГИ АЙТЫЛДЫ

Алар кыргызча биринчи чыккан китеп катары В.В.Радлов жазып алган варианттын басылышынын 130, Ч.Валихановдун эпостун үзүндүсүн жазып алышынын 160 жылдыгын белгилөө, чыгарманын толук тексттин мимикалары, жесттери, обондору менен электрондук талаага киргизүү, кытайлык манас изилдөөчүлөрдүн текстерин кириллицада чыгаруу жана тескерисинче, манас таануу борборлорунун ишин координациялоо, дастан таануу жыйындарын жыл сайын өткөрүү. Тарбагатай, Такла-Макан, Шайдылда Базар, Лопнор ж.б. аймактарга этнографиялык саякаттарды уюштуруу. «Манас» эпосун эл аралык деңгээлде таанытуу.
Мына ушул алкакта Т.Чоротегин кийинки жылы июнь айында КР Президентинин колдоосу менен Жусуп Мамайдын мурасын жана жалпы манасчылык өнөрүнүн маселелерин изилдөөгө арналган үчүнчү эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өтөрүн билдирсе, коомдук ишмер жана котормочу Жумак Кадыр 2016-жылы августта Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарында «Манас» эпосуна арналган жыйындын экинчиси өтөрүн белгиледи.
Маомаонун «Менин атам Ден Сяопин» аттуу чыгармасынын кыргызча басылышы ШУАРдын өкмөт жетекчилерине, Жусуп Мамайдын биздин арибде чыккан томдуктары жана окумуштуулардын ала барган китептери «Манас» борборуна тапшырылды.
«Манас» жана кыргыз салты» деген темада өткөн эл аралык илимий талкуу улуттук маданият тармагындагы ири окуя болуп калды.

Абдыкерим МУРАТОВ,
Бишкек – Үрүмчү

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*