ТЕРРОРИЗМДИН ТАМЫРЫ КАЙДА ЖАНА АНЫН ДИН МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ БАРБЫ?

КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамкомиссия жана “Диалог Евразия” коомдук фонду терроризм жана дин темасында тегерек стол уюштурду.

Тегерек столго КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев, Кыргызстан аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев, Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын башкармалыгынын өкүлү Андрей Кунавин, тарых илимдеринин доктору, эксперт-дин таануучу Назира Курбанова, К. Карасаев атындагы БГУ Социология кафедрасынын башчысы, социология илимдеринин кандидаты Бакыт Малтабаров, социология илимдеринин кандидаты Алиясбек Алымкулов, “Диндер арасы Кеңеш” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Галина Колодзинская жана көз карандысыз эксперт, теолог Улан Усуповдор катышты. Талкуу жыйынды тарых илимдеринин доктору, “Диалог Евразия” платформасынын улуттук кеңешинин төрагасы Асан Ормушев алып барды. Талкууда айтылган баалуу пикирлерди назарыңыздарга сунуш кылмакчыбыз.

А. Ормушев: — Урматтуу тегерек столдун катышуучулары, оболу “Терроризм” деген сөз эмнени билдирет жана бул термин качан пайда болгон? – деген суроого жооп издеп көрсөк.

О. Молдалиев: — Терроризм деген эмне, анын тамыры кайда жатат, дин менен байланышы барбы? Албетте, бүгүнкү күндө бул суроолор абдан актуалдуу болуп турат. Бүгүн ММК, өзгөчө батыштык жана орусиялык ММКлар бул маселени көп көтөрүүдө. Терроризмдин дин менен байланышы бар деген пикирди жактагандар негизинен Курандагы “Каапырларды кайсы жерден тапсаңар, аларды өлтүргүлө…” деген аятка такашат. Чындыгында, мындай аят Куранда бар, бирок ал ошол кездеги Меккенин көп кудайчылдарына (мушрик) карата айтылган. Бирок динге баш ийгендердин баары, христиандар да, иудейлер да ыймандуу деп саналат. Алар мусулмандарга өтө жакын, бул жөнүндө да Куранда айтылган. Динсиз атеисттерди өлтүрүүгө да Куран чакырбайт. Ал аят Исламдын конкреттүү Мекке дооруна тийиштүү. Мекке мушриктери мусулмандар менен алардын ажылык парзын өтөөсүнө каршылык көргөзбөйбүз деп келишим түзүшүп, бирок аны бузуп, биринчи ажылыгын өтөөсүнө жол бербей, мусулмандарды ур-токмокко алганда ушул аят түшкөн. Ошондуктан бул аят конкреттүү жагдайга жана конкреттүү фактыларга байланыштуу. Чындыгында, эч бир дин зордук-зомбулукка үгүттөбөйт, үгүттөгөн болсо, демек ал дин эмес.

Бирок терроризмди эмнеге ислам менен байланыштырышат? Анткени кылмыштар “радикалдуу исламдын” жактоочулары тарабынан жасалууда, бирок муну ислам деп атаганга болбойт. “Ислам радикализми”, “ислам экстремизми” жана “ислам терроризми” деген терминдер – булар жөн гана илимий терминдер, алардын максаты – бул радикалдуу агымдарды башка агымдардан айырмалоо болуп саналат. Бирок бул терминдердин негизинде кээ бир адамдар, журналисттер исламда экстремизм бар деп айтуусу кейиштүү. Бул туура эмес. Чындыгында, Исламда радикализмге да, экстремизмге да жол жок.

Терроризм качан пайда болгон? Терроризм далайдан бери бар болгон көрүнүш. Илгерки Массадда “сикарийлердин” сектасы римдиктерди өлтүргөн. Бул сектанын аты “сико” аттуу кыска бычактардын атынан келип чыккан, ошол бычактар менен күндүзү эле үйүлгөн топ элдин арасында римдиктерди өлтүрүшүп, аларды коркутушкан. Бүгүнкү күндө терроризм менен көптөгөн өлкөлөр беттешүүдө. Ошону менен бирге, “терроризм” сөзүнүн жүздөн ашуун аныктамасы бар болгонуна карабай, так аныктамасы дагы деле жок.

А. Ормушев: — Азыркы терроризмдин пайда болушунун жана кенен таралышынын себептерине көз чаптырып көрсөк…

Г. Колодзинская: — Терроризмдин төрт түрү бар. Бул диний терроризм, саясий терроризм, диний-саясий терроризм жана этносаясий терроризм. Конкреттүү бир фактыларда айтып жатканда, терроризмдин кайсы түрү экенин аныктап алганыбыз оң. Тарых көрсөтүп тургандай, радикалдуу агымдардын өмүрү кыска болот. Алар 2-3 кылымдан көпкө жашашпайт. Бизди кубандырганы – классикалык чыныгы ислам пайда болгон кезинен бери бар. Азыркы терроризмдин келип чыгышынын жана анын кенен таркалышынын себептери жөнүндө айтсак, белгилеп кетчү нерсе – террористтик коркунуч индексинин эң жогорку көрсөткүчтөрү мунай жана газ кендерине бай өлкөлөргө таандык. Көптөгөн илим адамдарынын пикири боюнча, бүгүнкү терроризмдин түпкү максаты – белгилүү бир жерде стабилдүүлүктү бузуу аркылуу табигый ресурстарды колго алуу жолу менен баюу. Мындайда террористтик уюмдар тарабынан дин бир идеология катары колдонулуп, жаштарды өз катарына чакырып, аларды кылмышкерлерге айлантып, өз максаттарына жетүүүчүн пайдаланышат. Бул көрүнүшкө каршы бөгөт коюу жолдорун айтсак, тилекке каршы, биздин коомубузда кээ бир жагдайлар радикалдуу жана экстремисттик идеялардын жайылышына өбөлгө түзөт. Булар – калктын, өзгөчө, жаштардын, билим деңгээлинин төмөндүгү (кеп бир гана диний билимдин деңгээли эмес, жалпы билим деңгээли жөнүндө болуп жатат); критикалык ой жүгүртүүнүн жоктугу, коомубузда социалдык мобилдүүлүктүн жоктугу, экономиканын алсыздыгы жана социалдык адилетсиздик. Жаштар көбүнчө активдүү жана агрессивдүү болушат, алар каалаганына дароо жеткиси келет, бирок мүмкүнчүлүктөрү жок болуп калат, мунун баары аларды террористтик уюмдарга мүчө болуу аркылуу болсо да өзүнүн тилегине жетүүгө түртөт. Андан сырткары, үйүнөн зордук-зомбулукка туш болгон жана коомунан эч кандай жардам көрбөй калган аялдардын Хизбут-Тахрир уюмуна мүчө болгон фактылар катталган. Өкмөт жаштар менен атайын иш жүргүзүүсү керек, дискуссия аянтчаларын түзүп, критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүүчүн өбөлгө түзүп, калктын диний жана жалпы билим деңгээлин көтөрүшү керек, калкты агартууда МККны активдүү колдонушу керек.

А. Ормушев: — Терроризмдин идеяларынын коомдо жайылышына каршы эмне кылуу керек?

А. Алымкулов: — Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн билим алып жаткан студенттерди, алардын санын контролго алышыбыз керек. Бул жерде өкмөттүн Муфтият менен биргеликте иш алып баруусу зарыл. Азыр Кыргызстанда көптөгөн секталар бар, алар айрыкча айыл жергесинде активдүү иштеп жатышат. Өзгөчө Ысык-Көл облусунда активдүү алар, мисалы, Балыкчыны дааватчылардын борбор калаасы деп айтсак болот. Мындан сырткары, салафиттер сектасына да өзгөчө көңүл буруу керек. Анын өкүлдөрү көбүнчөөтө билимдүү, көп учурларда бирден ашуун жогорку билими бар, өздөрүнөөтө ишенген, диалогго барышы кыйын болгон шаардык балдар. Мен ойлойм, терроризм идеяларынын жайылышына каршы турууда бул үч нерсени аткарышыбыз керек: биринчиден, өзүбүздүн улуттук идеологиянын үстүндө иштешибиз керек, экинчиден, жумушсуздуктун деңгээлин түшүрүү керек, үчүнчүдөн, билим берүү деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Муну менен бирге жаштарга келечектеги кесибин туура тандоосуна, туура чечим кабыл кылуусуна жардам беришибиз керек.

А. Кунавин: — Мен Орозбек Абдысаламович айткан сөздөргө кошулам. Биздин коомдоо диний башаламандык процесси 90-жылдарда башталган. “Бөлүштүр да, бийликти ал” деген илгерки принциптин дал көрүнүшү бул. Коомубузду бириктирген бирдиктүүөзөк жок. Коомубузга кирген бөлүнүү – бул бизде болгон маданий, тарыхый, нравалык баалуулуктардын кыйрашы, биздин салт-санаалардын жок болушу. Бирдиктүүөзөк болбосо, стабилдүүлүк болбойт. Мисалы, Украинада көптөн бери бир нече христиандык агымдар бар болуп келген, демек, коом өзү да стабилдүү эмес эле. Радикалдуу ислам салттуу исламдын ордун алуу максатын көздөгөндөй эле, христиан дининде да жалган христиан уюмдардын мисалдары көп. Алар бизде 90-жылдары пайда болушкан. Мисалы, “православиеден өткөн жаман – православиенин өзү” дешчү. Алар аргумент катары кадимки эле христиандар үчүн салттуу болгон баалуулуктар – Кудайдын осуяттарын колдонушат. Мисалы, мындай деп айтышат бизди:  “Алар иконаларга сыйынуу менен, Кудайдын “буттарга сыйынбагыла” деген осуятын бузушат”. Көптөгөн христиандар, номиналдуу христиандар, ушуга алданышып, алардын артынан ээрчип кетти. Мунун себеби алардын өз дининин негиздерин билбегендигинде, биз иконаларга сыйынбайбыз, аларга баш ийбейбиз, болгону биз иконаларга сый мамиле көрсөтөбүз. Алар минтип да айтышат: “Биз да христиан динин карманабыз, биз да Кудайдын осуяттарына баш ийебиз, болгондо да Эски Заветтин осуяттарына”. Алар да, Орозбек Абдысаламович айтып кеткен мисалдагыдай, бир сүйлөмдү контексттен айрып алышып, ал аркылуу билими алсыз адамдарды адаштырышат. Мына ошондуктан мен терроризмдин дин менен байланышы жок деп анык айтам. Террористтер динди маска катарында колдонушат, террористтик жардырууларды Аллах үчүн жасагыла деп айткандай эле, Кудай үчүн жасагыла деп да айтышат. Бирок биз, христиандар, Аллах – бул Кудайдын аттарынын бири деп билебиз.

Ошондуктан диний агартуу өтө маанилүү, муну менен бирге үй-бүлө баалуулуктарын сактап калуу да маанилүү. Себеби бардык нерсе үй-бүлөдөн башталат. Бирөө айткан экен: “Үй-бүлөнү бузган болсок, бүтүндөй коомду бузганга жетишебиз” деп. Салттуу баалуулуктарды балдарга үй-бүлөдөүйрөтүү керек, балдарды ой жүгүртүүгө, жамандык менен жакшылыктын ичинен туурасын тандап билүүгөүйрөтүшүбүз керек. Бул аларга кийин турмушунда жардам берет, анткени ой-жүгүртүп, туура чечим чыгарышат. Христиан дининде баш ийүү – бул жакшы сыпат, ислам дининдегидей бизде да орозо бар, дуба кылуу, чокунуу бар, бирок ой жүгүртүү эң жакшы сыпат болуп саналат. Бул биздин руханий жашообуз үчүн да, жалпы коомубуз үчүн да өтө маанилүү.

А. Ормушев: — Терроризмди жеңүүүчүн кандай практикалык сунуштарды айта алат элеңиздер? Бул үчүн биз Кыргызстанда эмне кылышыбыз керек? Кандай кемчиликтерибиз бар бүгүн? Аларды кантип оңдойбуз?

Н. Курбанова: — Терроризмдин көрүнүштөрү менен биз, постсоветтик адамдар, Советтер Союзунун кыйрашынан кийин тааныштык, ага чейин китептен гана окучубуз бул жөнүндө. Кыргызстанда жүргүзүлгөн диний саясатты жана жалпы диний абалды алсак, эл аралык эксперттердин айтымы боюнча, бизде диний уюмдар үчүн да, ар кандай диндерди тутунган жарандар үчүн да жакшы жагдай түзүлгөн. Биз көптөгөн өлкөлөрдүн, алардын ичинде Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, жана бир убактарда ислам дини легалдаштырылган Тажикстандын өкүлдөрү болгон профессор, эксперттер менен жолугуп турабыз. Алардын баары бул жактан алганда абал Кыргызстанда өтө жакшы деп айтышат. Бул өтө маанилүү, абдан жакшы. Мисал катары Өзбекстанды карасак, алар бизге салыштырмалуу террористтик актылар менен өтө көп кездешкен. Анткени аларда террористтик уюмдардын максаты – өлкөнүн Президентин кетирүү болгон. Өзбекстандын калкы бизге караганда көбүрөөк исламдашкан, алардын көбү ислам мамлекетинин түзүлүшүн каалашкан. Бирок мамлекет бул абалды башкара алган. Бүгүнкү күндө аларда динге карата көп чектөөлөр коюлган. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде дин эркиндиги бар, муну түшүнүшүбүз керек. Бирок бизде да экстремизмдин идеологиясын колдогон социалдык база түзүлүп калды. Биздин “терроризмдин тамыры — жакырдыкта, иш орундарын түзүшүбүз керек” деп айтканыбызды көптөрү жактырбайт. Бирок бир адамдын колунда иши болсо, айлык маянасы жакшы болсо, үй-бүлөсү болсо, ал жөн эле романтизм үчүн Сирияга бармак беле? Демек, жакшы экономикалык негиз элди террористтик, экстремисттик идеяларга берилип кетүүсүнөн сактайт.

Терроризм, экстремизм жөнүндө изилдөөлөрдү айткан болсок, аларды жөнөкөй адам кылуусу кыйын. Себеби, түрмөдө отурган же болбосо ал жактан келген адамдар менен маектешүү зарыл. Бул өтө кыйын. Ошондуктан биз юристтердин, СНБнын, ИИМдин 10 башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин маалыматтарына таянабыз, алардын арасында кандидаттык иштерин жактаган, жеке изилдөөлөрдү жүргүзгөн илим адамдары бар.

Мен бүгүн идеологиялык стратегияны иштеп чыгышыбыз керек деген ойго кошулам. Экстремизмди жеңүүүчүн илимпоздор, эксперттер, теологдор жана башкалар баарыбыз биргеликте идеологияны иштеп чыгышыбыз зарыл.

М. Ибраев: — Дин тууралуу маселе козголгондо “ислам терроризми”, “ислам экстремизми” деген сөздөрдү эч качан чыгарбасак. Тарыхка баам салсак абдан чоң жортуулдар да болгон. Анын ичинде бир гана ислам жортуулдары эмес, ошол эле учурда “крестовый поход” деп айтылган чоң бир жортуулдар да болгон. Бирок, бул эмнегедир бүгүнкү күндө эч эскерилбейт. Негизи терроризмдин улуту, же болбосо белгилүү бир ишенген ишеними, дини жок. Исламды бузган ар кандай секталар азыр өтө көп. Бүгүнкү күндө дин маселеси козголуп жаткан болсо, кандай гана иш-чара болбосун, сөзсүз түрдө динди терең түшүнгөн, адис инсандардын аралашып катышуусу өтө маанилүү.

Дин эрежелерин инсан койбойт, аларды Жараткан Алла-Таала чектейт. Чектелбеген эч нерсе жок. Мисалы, светофор чектелүү, жашоо турмуш чектелүү. Бүгүнкү күндө жалпы эле мусулман элдеринин, адамзаттын көйгөйү күчөп эле баратат. Биринчиси — бул түркөйлүк, жахилият деп аталат; экинчиси, экономикалык алсыздык, кедейлигибиз, үчүнчүсүөз ара пикир келишпегендигибиз. Идеалдуу мусулман болуу өтө кыйын. Төрт тарабы келишкен мусулман болуу абдан кыйын. Мамлекет дагы бир канча жылдын ичинде мамлекеттүүлүгүн алган, анан ушул абалга келди. Ошондой эле Кыргызстанда ислам дининин өнүгүшү дагы бир канча жыл болду. Идеалдуулукту айта турган болсок, идеалдуу инсан өзүнүн коомуна, жеке өзүнө, үй-бүлөсүнө, айлана-чөйрөсүнө зыяны тийбеген адамды айтат. Пайгамбарыбыздан дин деген эмне сурашканда, бул намаз, орозо, зекет, ажылык деп, эсептеген эмес. Пайгамбарыбыз дин деген бул мамиле деп айтат. Мамиледе жакшы болуу, кичипейилдик, кечиримдүү болуу деп айткан.Бул нерсенин нормативин ким үйрөтөт дегенде, албетте динден үйрөнүп атабыз деген. Ошондой эле формасы менен башкача айтканда сакал койгон бул Пайгамбарыбыздын сүннөтү. Аны карманып, карманбай койгондугу ар бир мусулмандын өз эркиндеги маселе. Кээ бир себептер менен мен да сакал койбой жаткан болушум мүмкүн. Бирок бул менин ал нерсени колдобогондугумдан эмес.

А. Ормушев: — Ушул сиз айтып кеткен дин маселесин мамлекетибиздин Президенти Алмазбек Атамбаев дагы көптөн бери көтөрүп жүрөт. Ошого биз дагы жардамчы болуп өзүбүздүн бардык жардамыбызды көрсөтүшүбүз керек. Бүгүнкүөткөрүп аткан тегерек столубуз дагы ошол Президенттин илимпоздордун астында болгон максаты. Биздин Кыргызстанда дайыма тынчтык болсун! Экономикабыз өркүндөп-өссүн деген максатта чогулуп отурабыз. Бул жерден Орозбек агайдын оюна толук кошулат элем. Бүгүнкү күндө, чындыгында, бардыгыбыздын астыбызда, жаштарыбызга идеологиялык багыт же болбосо диндин маданиятын азыркы жаштарга түшүндүрүүдөн башташ керек. Эртеңки күндө мектеп окуучуларына, студенттердин программасына кандай жол менен киргизебиз деген чоң маселе турат. Эгерде динди сабак катары киргизип алсак, бул дагы чоң жеңиш болот.

О. Молдалиев: — Радикализм менен экстремизмдин негизги себеби диний билимсиздикте жатат. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Биринчиден, жакында биз жаңы долбоорду баштадык – быйыл 1-сентябрдан И. Арабаев атындагы университетинде теологиялык колледж ачтык. Сариева Эльмирага рахмат, бул демилгебизди колдоп берди. Муну университеттин негизинде түзүшүбүздүн себеби – бул кадрларды коомдо өстүрүп тарбиялашыбыз керек. Медреседе окуган балдар ошол жерден билим алса болот. Медреселерде окуган балдар коомдон четтетилген, бир тараптуу билим алышууда. Андан кийин мечитке иштегени барышат, бирок коомдо эмне болуп жатканын билишпейт. Медреседен билим алган билим деңгээли төмөн болгон имамдарыбыз көп. Медресени бүтүргөн балдар окуусун уланта алышпайт. Бирок бул теологиялык колледжден билим алгандар, аны аяктагандан кийин окуусун кааласа диний тармакта, кааласа светтик билим алуусун улантса болот. Экинчиси – теологиялык факультет. Теологиялык колледждин бүтүрүүчүлөрү теологиялык факультетте билим алуусун улантса болот, ал жерден имам-хатиб даражасын ала алышат. Үчүнчү – Түркия мамлекетинин жардамы менен КР Мусулмандарынын башкармалыгы үчүн кадрларды даярдоо институту ачылууда. Биринчи топтогулар 18 айлык окуу программасы боюнча билим алышат, кийинкилери 30 айлык программа менен окушат.  Бул Институтту бүтүрмөйүнчө эч ким казы да, казынын орун басары да болуп иштей албайт. Ал жерде терең билим берилет. Бул ишти бир нукка салмайынча, бүгүнкү дин көйгөйлөрүн чече албайбыз. Андан кийин бул 30 айлык окуу программасы өлкөнүн бардык медреселерине жайылат. Негизинен дин кызматкерлери диний да, жарандык да билимге ээ болуусу зарыл.

Б. Малтабаров: — Биз эмдиги жылга «Ислам жана коом» аттуу журналды жарыкка чыгарсакпы деп план кылып атабыз. Бүтүндөй теологдор, тарыхчылар, социологдор, саясат таануучулар, философтор биригип топтоп туруп бир аянтча уюштуруп, дискуссия кылып, баары текшерилгенден кийин гана журналды басып чыгарабыз деген ой бар. Менин жеке пикирим, бардыгы эле айтып кетишти, конкреттүү бир матрица түзбөйлүбү? Ошол силер айтып аткан Ысык-Көлдө эмнеге радикалдаштырылган диндер күчөп кетти? Көрсө, бардыгы үй-бүлөдөн башталат экен да. Анткени жаш балдар ата-энесин көрүп ошол жолго барып атышат. Бул 20-30 жылдан ашык күрөшүп аткан кубулушту биз оңдоого аракет кылып атабыз. Жеке менин пикирим, биз ушул кубулушка 15-20 жыл кечигип калдык. Бизге ислам багытындагы, динге байланышкан секталар 60-жылдардан кийин эле келе баштаган. Мына азыркы учурдагы абал ошол нерсенин жыйынтыгынан чыгып келди. Мисалы, биздин жаштар башка динге өтсө кайра ошо динден кайтара ала турган дин психологу Кыргызстанда жок. Бир дагы дин боюнча иштеген специалист-психолог бизде жок. Бизде уюм дагы жок, ушу балдарды сактап калганга. 90-жылы радикалдаштырылган динди биз күчөтүп ийип, ошол убакытта токтото алган эмеспиз. Эмне себептен? Биздеги имамдар 2000ден ашык болсо, ошолордун билим деңгээли кандай? Туура эмес маалымат таратып жаткан жокпу, ошолорду карашыбыз керек. Дааватка кетип калышып, үй-бүлөлөрү ачка 1-2 айга калып калгандар бар. Бул дагы туура эмес. Биз бул нерсени оңдойбуз деп күчкө сала албайбыз. Бул үчүн тарбия матрицасын түзүп, коомчулукка кайрылыш керек.

А. Бектенов: — Мен бир сунуш кылып кетет элем, диний экстремизм боюнча көптөгөн китептер азыр чыгып атат. Алардын кыргыз тилинде дагы, орус тилинде дагы котормолору бар. Алардын ичинде көптөгөн дин маселелери бар. Мисалы, ойноштук кылган аялдар жөнүндө, аларды таш баранга алыш керек деген дагы түшүнүктөр жазылган. Азыр интернеттен көп көрүп атам, башка динге өтүү боюнча маселелерди. Ушул сыяктуу нерселердин баары китептерде жазылган. Андан сырткары намаз окубагандар каапырлар, каапырларды өлтүрүш керек деген айрым көп китептер бар. Ушул сыяктуу китептерди жаштар көп окуса кандай таасир берет?

У. Усупов: — Мисалы, ошол сиз айтып аткан китептерди окуп чыксак, айрымачылыгы болушу мүмкүн. Ошол китептин авторун чакырып эле, сен бул жерден туура эмес жазыптырсың деп оңдосок болот. Өзү улуу адамдардан сабак алып келген окутуучулардын арасында кийин салафитке берилип кеткендер да бар. Бул жерде эң коркунучтуу нерсе, булардын санынын көбөйүшү жана өзүлөрүн таанытуу аракеттерин жасап жаткандыгы. Ушундай глобалдуу маселелер азыр мектептерде диний сабактарынын жоктугунан келип чыгып атат. Диний сабаттуулукту мамлекет өзүнүн мойнуна алыш керек. Бул нерсени мамлекет чечпесе жанагындай адамдар өзүнүн билими менен чечип коюшу мүмкүн да. Ошондуктан жанагындай таш менен чаап өлтүрүү деген ойлор пайда болуп атат. Мындай нерселерди оңдошубуз керек. Пайгамбарыбыздын хадисинде айтылгандай, жамандыкты көрсөңөр колуңар менен оңдогула, колуңар менен күчүңөр жетпесе тилиңер менен, анда дагы жетпесе жүрөгүңөрдө кабатыр болгула жана ушул ыймандын эң алсыз даражасы болуп эсептелет.

Жогоруда айтылган маселелерди жоюуда негизинен заманбап диндик тарбиялар керек. Анан исламда мындай бир эреже бар: шарияттын алкагынан чыгып кетпеш керек. Мисалы, максат коюлдубу, бир нерсеге жетүү максаты же ислам динин жаюу максаты болсо дагы, ошого жетүүгө дагы колдонулган ыкма же болбосо жолу, шарияттын көрсөтмөсүнө ылайык болуш керек. Арам жол болбош керек. Максат адал болуш керек, жол дагы адал болуш керек. Террористтик группалар, адамдарды алдап, мындай караганда бийик максаттарды коюмуш болуп, ошого жетиш үчүн өзүңдү-өзүң жардырышың керек же болбосо согушушуң керек деп, адамдардын башын айландырып жатышат. Эң чоң жихад деген сөздүн сөздүк мааниси – бир нерсени аткаруу, Алла-Тааланын ыраазычылыгын көздөө жана ошого болгон күчүн жумшоо деген нерсени түшүндүрөт. Биз ошол нерсеге басым жасоо менен коомубузга исламды туура жеткирүүгө аракетин жасасак, ошондо биз терроризмди алдын алган болобуз. Натыйжа менен эмес, себептерди аныктап жана ошого жараша иш жүргүзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө психология жана социология илими, мусулмандардын көз карашында дагы заманбап жана келечекте өтө керек аныктоочу күчкө ээ илимдердин бири болуп эсептелет.

О. Молдалиев:  — “Диалог Евразия” коомдук фонду өз ишинде жакшы ыкмаларды колдонуп келет, анткени алар бир диалог столунда ар кандай пикирдеги, жада калса ар кандай дин ишенимдеги адамдарды чогултушат. Бул абдан туура. Себеби коомдун ар бир мүчөсүөз оюн айта алышы керек, алардын да ой-пикирин билишибиз керек.

Бизде азыр ар кандай секталар өтө көп. Кызыгы, бул секталарды кадимки эле кыргыз жигиттери жетектешет, көбүнчө Ысык-Көл облусунан. Бул секталардын айынан айыл жергесинде көп ызы-чуу чыгат. Бир убактарда “демократия курабыз” деп киргизип алып, эми кантип чыгарышыбыздын айласын таппай отурабыз. Бирок ушундай талкуулар менен гана чектелип калбашыбыз керек. Конкреттүү, комплекстүү иштерди аткарышыбыз керек, бүгүн айтылган көйгөйлөрдү чечүүүчүн. Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнө кенен калкты дин маселелери боюнча агартуу максатында эфирдик убакыт берилүүсү жөнүндөӨкмөттүн атайын чечими бар. Тилекке каршы, ал азырынча аткарылбай турат, бирок бул маселени чечебиз.

Акыркы жылдарды өлкөбүздө кайрымдуулук жаатында жакшы тенденция байкалууда. Өзгөчө Рамазан айында кайрымдуулук кылгандар өтө көп.

Терроризм жөнүндө айта турган болсок, бул терс көрүнүш ар бир өлкөдө бар. Бирок коркунучту азайтышыбыз мүмкүн. Биз да өз тарабыбыздан бардык жагымдуу демилгелерди колдоого даярбыз.

А. Ормушев: — Рахмат. Бүгүнкү тегерек столдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирем, келип катышып, өз ой-пикирлериңиз менен бөлүшкөнүңүздөр үчүн. Бүгүнкү иш-чара өз максатына жетти деп ойлойм. Баарыңыздарга ийгилик, ден соолук каалайм!

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*