Кусеин ИСАЕВ: “СОЦИОЛОГИЯ ДҮЙНӨДӨ ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕРДИН ИЧИНДЕ БИРИНЧИ ОРУНГА ЧЫКТЫ”

Философия илимдеринин доктору,  социология профессору, Кыргыз эл мугалими, Кыргызстандын социологиялык ассоциациясынын президенти, Кыргыз-Түрк  “Манас” университетинин социология бөлүмүнүн башчысы Кусеин Исаев Түрк дүйнөсүнүн социологиялык ассоциациясынын Астана шаарында  27-ноябрда боло турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Сапар алдында  аталган окумуштуу “Кутбилимге” социология илиминин дүйнөдөгү жана азыркы өнүгүү деӊгээли жана тенденциялары жөнүндө ой бөлүштү.

– Кусеин Исаевич, жакында жергиликтүү бир катар окумуштуулар социология илиминин күнүн белгилешти. Ошондуктан бул күндүн тарыхынан кеп учугун жандырсаӊыз?

– «Социология» деген түшүнүк 18-кылымда пайда болгон. Француз Анри де  Сен-Симон социалдык өнүгүү, социализм жана социология деген үч терминди колдонгон, бирок чечмелеген эмес. 1830-жылы француз окумуштуусу Огюст Конт «социология» түшүнүгүн илимдин тармагы катары киргизген. Социология илими физика, математика, биология, химия, астрономиядан кийин алтынчы орунда болгон. Синергетика («синергетика» – грек тилинен «биргелешип аракеттенүү» маанини түшүндүрөт) деген илим пайда болгондо, жакшы өнүгө албай, илим дүйнөсүнө бата албай жүргөн. Ошондо социология синергетиканын өнүгүүсүнө жакшы  шарт түзүп берген. Андан кийин, 20-кылымда синергетика илим катары чыкканда, социология гуманитардык илимдердин арасынан биринчи болуп чыккан. Бүгүнкү күндө илимди өнүктүрүү боюнча социология биринчи орунда.

Биздин уюштуруучуларыбыз Бакытбек Малтабаров, Самарбек Сыргабаев, Бактыбек Сейитбаев баш болуп Кыргызстанда жалпы социологиянын күнүн белгилеп, жыл сайын өткөрүп турсакпы деп пландаштырып жатышат. Себеби, дүйнөдө быйыл бул майрамды 105-жолу өткөрүп жатышат. Биринчи жолу социология күнүн Париж шаарында 1904-жылы майрамдашкан. 1917-жылга чейин социология илим катары орустардын арасында кеӊири тараган. Орустун интеллигенциясы 18-19-кылымда негизинен французча өнүгүп, французча сүйлөшкөн. Социология дагы ошондой болгон. Ал кезде  Парижде орустардын эл аралык социологиялык институту болгон. Анда орустардын эӊ белгилүү окумуштууларынын баары теӊ лекция окушкан. Бирок 1917-жылы октябрь айында Орусияда бийлик алмашкан, социалисттик революция жеӊген, бирок орустун гуманитардык интеллигенциясы ошол революциянын максатын кабыл алган эмес. Ошондо Ленин ачууланып, бийликке келгенден кийин 1922-жылы социалисттик идеяга, социалисттик революцияга байланышкан маселелерди кабыл албагандардын баарын (болжол менен 236 кишини) пароходго салып, батышка айдап жиберген. Ошондо Францияга баргандар француз тилинде, Германияга баргандар немис тилинде, Америкага баргандар англис тилинде орустун гуманитардык илимдерин өнүктүрүшкөн. Мисалы, Питирим Сорокиндин социология боюнча жазган китептери 92 том болуп, алар азыр орустар тарабынан чыгарылып жатат. Питирим Сорокин АКШнын белгилүү университетинде социология факультетинин эки жолу деканы болгон. АКШ боюнча социологдордун коомунун президенти болуп эки жолу шайланган. Архивде Сорокин жөнүндө жазган Лениндин каты бар экен. Анда Лениндин «Эгер ал Россияда көрүнчү болсо – атып салгыла» деген сөздөрү бар болчу. Ошондон улам, аны Россияга  Лениндин тирүү кезинде жана коммунисттик партиянын бийлиги кезинде киргизген эмес.

Биз экинчи жолу республикабызда социологиянын күнүн белгилеп жатабыз. Бүгүнкү күнү социология гуманитардык илимдердин ичинен биринчи орунга чыкты:  жалпы  дүйнө боюнча гана эле эмес, Орусия жана Кыргызстанда дагы.

– Социологдордун эл аралык деӊгээлде башын кошкон, ишин координациялаган кандай уюмдар бар?

– Дүйнөлүк деӊгээлде социологдордун эки уюму бар. Биринчиси – 1919-жылы еврейлер тарабынан Париж шаарында уюшулган «Эл аралык социологиялык институт» деп аталган. Бул институт ушул кезге чейин ар бир үч жыл сайын дүйнөлүк конгресстерди өткөрүп турат. Негизинен бул институт дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде катталган,  Кытай Эл Республикасында (КЭР) да филиалы бар. Мага 2004-жылы ошол институттан «Улуттук социалдык билимдердин дүйнөлүк илимдерге кошкон салымы» жөнүндө талкуу жүргүзүү жана кыргыз элинин ушундай салымы болгонун билүү максатында чакыруу кат келген. 2004-жылы КЭРге барып, ошол чогулушта кыргыз элинин дүйнөлүк социалдык казынасына кошкон салымы деп тогуз нерсени санап бердим – теӊирчиликтен (ата-бабаларыбыздын табият менен ымалашуусу, табияттын мыйзамдарын билүүсү жөнүндө) баштап боз үйгө чейин. Ал доклад кытай, орус, кыргыз тилинде китеп, журналдарда жарыяланды.

Экинчи социологиялык эл аралык уюм – БУУнун ЮНЕСКО уюмунун    1949-жылдагы демилгеси менен уюшулган Дүйнөлүк социологиялык ассоциация. Бул ассоциация ар бир төрт жылда конгресс өткөрүп турат. Бул иш-чаралар 10 жыл бою ЮНЕСКО тарабынан каржыланган, кийин Дүйнөлүк социологиялык ассоциация өзүнчө эркиндикке чыгып, өзүн-өзү каржылоого өткөн. Бул ассоциациянын мүчөсү катары 120 мамлекет таанылып келет.

– Сиз атап кеткен социологдордун эл аралык уюмдары менен кыргызстандык окумуштуулардын байланышы, алака-катышы бар экени белгилүү. Сиз жылыга алардын чакыруусу менен дүйнөнүн чоӊ шаарларына барып, ар кандай жыйындарга катышып келип жүрөсүз. Өзүӊүз катышкан соӊку жыйындарда талкууланган маселелерден мисал келтирсеӊиз. Дүйнөдө социология илиминин өнүгүү тенденциялары кандай?

– КР социологиялык ассоциациясы Дүйнөлүк социологиялык ассоциацияга мындан 15 жыл мурун – 2002-жылы мүчө болгон. Биз мүчө катары бардык конгрессине чакырылабыз. Канаданын Монреал шаарында өткөн (1980-ж) 14-конгрессинде «Кыргыздарда жергиликтүү башкаруунун өзгөчөлүктөрү» аттуу доклад окугам. Ал доклад англис, кыргыз, орус тилинде жарыяланган. 15-конгресс 2002-жылы Австралиянын Бризвен шаарында болгон. 16-конгресс 2006-жылы Түштүк Африканын Дурман шаарында болгон.17-конгресс 2010-жылы Швециянын Гетенборг шаарында өткөн. 18-конгресс 2014-жылы Японияда Йокогама шаарында орун алган. Булардын бардыгына менин катышуумдун чыгымы ассоциация тарабынан каржыланган. Дүйнөлүк ассоциацияда 54 илимий комитети жана алты илимий топ бар. Алардын бардыгы конгресске доклад даярдашат (маселелердин окшоштугуна жараша секцияларга бөлүнөт). Алты илимий топтун бирөө «Глобалдык жана аймактык мамилелердин социологиясы» деп аталат. Ал жерде Америка, Германия, Франция, Кыргызстан, Россия болуп 13-14 мамлекет мүчө болуп саналат. Мен көп жылдан бери ал топтун төрагасынын орун басарымын. Японияда болгон акыркы Конгрессте «Жергиликтүү иденттүүлүк жана анын өзгөчөлүктөрү» аттуу доклад окугам. Ал эми ар бир эки жылда 54 илимий комитеттин улуттук социологиялык ассоциацияларынын отчеттору каралат. Кезектеги жыйналышы 2016-жылдын июнь айында Австриянын Вена шаарында болот.

– Кыргыз социологиясынын абалы дүйнөлүк социологиянын көз карашынан алганда кандай баа алып келатат?

– Биздин республикабызда социологиялык ассоциацияны түзгөндөн бери социология илимин, кесибин республикабызда таратууга аракет кылып келебиз. Эӊ алгач БГУда «Башкаруу жана социология» кафедрасын ачканбыз. Ошондон бери бул жерде социология бөлүмү, аспирантурасы жана жаӊы шартка байланыштуу бакалавриат, магистратура, докторантура бар. Ушул төрт канат боюнча адистерди даярдашыбыз керек. Бул маселе боюнча билим берүү министрликтен каршылык жок, бирок биз активдүүрөөк, тартиптүүрөөк, мекенчил болушубуз керек. Азырынча  мактана турган нерсебиз аз, журнал да чыгарбай жатабыз. 1980-жылы биздин республикабызда социологиялык илим коргоо кеӊештерин ачууга Аитов Нариман аттуу дүйнөлүк окумуштуу, Лев Кохан аттуу мыкты окумуштууларды Кыргызстанга чакырганбыз, бирок Аитовго турак жай берүүгө Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчилери уруксат бербей койгондуктан, кеӊешти Казакстанда ачканга туура келген. Ал кеӊеште Кыргызстандан Саида Нурова, Жаӊыл Боконтаева, Рая Осмоналиева, Муратбек Мендибаев өзүлөрүнүн кандидаттык диссертацияларын коргогон. Москвадагы Таалай Шаршембиеванын, Екатеринбург шаарындагы Ольга Пинхасованын диссертацияларынын жактоосун уюштурдук. 1991-жылдан  бери Кыргызстанда кандидаттык улуттук диссертацияларды коргоо боюнча кеӊешибиз бар.

– Азыр дүйнөдөөзгөрүүлөр абдан жогорку темп менен жүрүп жатат. Анын ичинде Кыргызстанда дагы коомдук аӊ-сезим, асыл-нарктар дагы тездик менен өзгөрүүдө. Буга технологиялык жетишкендиктер дагы өзүнүн таасирин тийгизүүдө. Ушундай өзгөрүүлөргө ыӊгайлашууга социология боюнча илимий изилдөөлөр үлгүрүп жатабы?  

– Мурун коммунисттик партиянын акылдуу жетекчилигинин алдында иштеп келгенбиз, илимий иштерибиз, темаларыбыз партиянын жетекчиликтин астында болчу. Социалисттик коомдун жоюлганына 25 жыл болду. Бийлик алмашты. Кыргызстан – эркин мамлекет болгондуктан тиричиликтин бардык барактарында өнүгүү, өркүндөө мүмкүнчүлүктөрү ачылды. Бирок эч ким бизге нан салып бербейт. Өзүбүз аракеттенишибиз керек. Мугалимдер пара алганды токтотуп, сабакты сапаттуу өткөрүш керек. Биз болсо мамлекетибизге, жамаатчылыкка, ар бир адамга пайдасы тие турган темаларды сунуштап, күн тартибине коюшубуз керек.

Социология тарыхсыз өнүгө албайт. Биз калктын, коомдун тарыхын билбей туруп улуттук социологияны алдыга өнүктүрө албайбыз. Биз ушул кезге чейин Батыштын акылы, пропагандасы менен жашап келгенбиз. Эки жарым кылым кыргыздар башкалардын акылы менен жашоого аргасыз болгон. Ошол эки жарым кылымдан кийин биринчи жолу өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болдук. Демек, биз өзүбүздүн акылыбыз менен кыргыздын жерин, кыргыздын байлыгын барктайлы. Азыркы учурда биздин жарандардын жумушка жарамдууларынын 60% чет өлкөдө эмгектенип, мигрант болуп жүрүшөт. Бул биздин бийликтин алсыздыгынын көрсөткүчү. Элибизге жумуш ордун камсыздоо зарыл.  Чет жерде жүргөндөрдүн кичине балдары мындан жапа чегип жатышат. Ошондуктан коомдо кантип адилеттүүлүк түзөбүз деген маселеге орчундуу карашыбыз керек. Ушул кезге чейин бул маселе боюнча бир да макала жок.

Беш жылдык стратегия күндөлүк нандын гана деӊгээлинде түзүлгөн. Ошондуктан биз кайда бара жатабыз, кантип бара жатабыз деген суроолор боюнча маселе коюп, социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшүбүз керек.

Бүгүнкү жарандык коом, социалдык жиктешүү дагы социология илимдери үчүн өтө орчундуу изилдөө объектилеринен болуп саналат. Мурун биз  жумушчу тап             (колхозчулар) жана интеллигенция деген эки коомдук катмарды бөлүп окуганбыз. Ал эми бүгүнкү социалдык түзүлүшүбүз эмнеден турат? Кыргыз  коому ар кандай көрсөткүчтөргө, бааларга, изилдөөлөргө муктаж. Байлар жана жакырлар коомдун негизи болуп калды. Кедейлер, алардын түрлөргө бөлүнүшү азыркы учурда чоӊ маселеге айланды. Айылдык, шаардык, түштүк, тоолуктар жана алардын келечеги эмне болот деген маселелер каралууга тийиш. Орто тап бизде барбы? Алар кимдер? Бүгүн Батыш социологиясында прекариат деген термин пайда болду (лат. прекар – туруксуз, ээликтен, менчиктен ажыратылган, кепилдикке учурабаган ж.б). Бүгүнкү күндө прекариат Европанын жана Орусиянын коомунун 30-40%  түзөт. Бизде прекариат канча пайызды түзөт? Бул дагы изилдөөнү талап кылат.

Социологияны жандандырып, мамлекет тарабынан каржылана турган деӊгээлге жеткиришибиз керек. Азыркы учурда социология студенттерине практика өтүүгө мамлекеттен эч кандай акча бөлүнбөйт, дегеле социологиялык анкетанын басылып чыгуусуна каражат берилбейт. Ушул маселелерди биз күн тартибине коюп чечип, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө тийиштүү салым кошуубуз керек.

Маектешкен К.Чекиров, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*