ТАРБИЯ БАШАТЫ ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ

Адистер балдарга таалим-тарбия берүүдөүй-бүлөнүн ролу жылдан жылга пассивдүү болуп жатканын белгилешүүдө. Айрыкча, кийинки кездерде күч алып жаткан балдар катышкан кылмыштуулук, зордук-зомбулук ата-эне баласынан алда канча алыс калганынан кабар берет. Үй-бүлөдө калыптанган адаттар адамда өмүр бою сакталаарын айтышкан адистер балага адеп-ахлак эрежелерин кичинесинен ата-энеден таасирдүү эч ким үйрөтө албасын белгилешет. Ошондон улам бала үчүн эӊ оболу эне-ата үлгү.

Көчөдө кыргыз макалдары жазылган көрнөктөр көп болсо жакшы болмок

 Уз-чебер, тарбиячы Тажиниса Турдубаева өзү жетимиштин кырына келип калса да, ушул жашка чейин өзүнүн ата-энеси үйрөткөн тарбиясын жадымынан чыгара элек.

— Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоӊойдум, жети эркек, үч кыз элек. Биздин учурда балага ата-эненин сөзү таасирдүү болоор эле. Ушул жашка келип байкаганым, айрыкча атасы да, апасы да бар бүтүн үй-бүлөнүн тарбиясы жугумдуу болот экен. Мисалы, биз үчүн атамдын айтканы жазылбас мыйзамдай туюлчу. Апам экөөнүн көп жагын үлгү катары кабыл алып калдык. Бир чети көп балалуу үй-бүлөдөөскөн балдар бири-бирине мээримдүү, боорукер, барга-жокко көтөрүмдүү болот тура.

Жашырган менен эмне, азыр балдар орусча тарбияланып калышты. Ортодо канча бир муун улуттук каада-салтты үзүл-кесил билип калды. Жаш муундарды салт-санаанын негизинде тарбиялоо үчүн ата-эне өзү нарк-насилди билиши парз. Дагы да болсо кеч эмес, жалпылап улуттук салт-санааны жандандыруу керек.

Азыр көчөдө дарактардан өйдө бүт жарнактар илинген. Анан да алар чет тилдерде жазылып, кыргызча котормолору келегей, ката. Шаарыбыздын улуттук колорит жыттанган бир да көчөсү жок. Алыс барбай эле коӊшу Өзбекстан, Тажикстанды карагыла. Жапонияны алгыла. Алар салттарын бекем кармашат. Бизде да жарнактар менен катар нускалуу кыргыз макалдарын жазып көрүнө жерге илип коюуга неге болбосун? Не деген сонун уюткулуу макалдарыбыз бар. Жаштар ары-бери өткөндө көрүп, окуп турушса, бирде болбосо бирде эсине түйүп калат. Азыр балдарды заманга жараша тарбиялашыбыз керек. Биринчи кезекте аны өзү каалаган адистигине окутуу туура натыйжа берет. Бала өзү чындап каалаган кесипти гана кызыгып окуп, дилгирленип иштейт. Көпчүлүк ата-эне ушуга көп маани бербейбиз.

Мындан тышкары балага көркөм өнөр зор руханий азык болуп берет. Айрыкча, жаштарды үй-бүлө очогун сактап калууга үндөшүбүз зарыл. Себеби жаштар үй-бүлө курууну оюнчук катары көрүп калышты. Нике деген – бири-бирине талап жүктөө дегенди билдирет. Аялы, күйөөсү үй-бүлө баалуулуктарын баркташ керек. Чоӊ энем “балаӊды бир көз кылбачы, бир көз менен тарбиялабачы” деп көп айтаар эле. Мунун мааниси – баланы ата менен эне биргеликте, экөөлөп, эки көз менен тарбиялайт дегендик. Бир эле энеси же атасы тарбиялаган балдарда өксүктөр көп болот. Менин укканым боюнча күч түзүм кызматтарга алганда кызматкерлердин ата-энелери түгөл болгонун карашат экен. Ушул туура деп ойлойм, — деп ой бөлүштү Тажиниса эже.

Балдарыбызды окутуу үчүн өзүбүз да көп окуйбуз

Балдарды эстетикалык тарбиялоодо көркөм адабияттын, көркөм кол өнөрчүлүктүн таасири күчтүү экени талашсыз чындык. Айрыкча кичинесинен аларды китеп окуу, кол өнөрчүлүк сыяктуу адаттарга үйрөтүүнүн пайдасы чоӊ. Балдардын кызыкчылыгын бул багыттагы кароо-сынактар, долбоорлор арттырат.

Тилек Бишкек шаарындагы №70 окуу-комплекс гимназия мектебинде 5-класста окуйт. 10 жаштан жаӊы гана өткөн Тилектин окуудан тышкары мактана турган ийгиликтери арбын. “Алтын-Түйүн”  РБИТАнын “Техникалык моделдештирүүнүн негиздери”  ийримин аяктап, учурда “Радио техника” ийримине барат. Ал жакында эле, тагыраак айтканда, 26-27-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын-Түйүн» республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте өткөргөн “Атам, апам жана мен —  техникалык үй-бүлө” кароо-сынагында биринчи орунду ээлеп, турмушундагы эӊ биринчи жеӊиштин даамын татты десек болот.

— Биздин үй-бүлө төрт адамдан турат. Атабыз Марат Эсеналиев кесиби боюнча энергетик. Мен окуу борборунда методист болуп иштейм. Кызыбыз Эльнура №61 мектепте 6-класста окуйт. Ал да “Алтын-Түйүнгө” барып ИЗО ийримин аяктады, азыр музыкалык мектепте вокал боюнча билим алууда. Эльнура да көптөгөн кароо-сынактардын жеӊүүчүсү. Ал 4-класста окуп жаткан кезде №61 мектепте өткөн математика боюнча олимпиадада биринчи орунду жеӊип алганда, аталган мектептин администрациясы биздин мектепке келип оку деп чакырып алышкан. Андан тышкары кытай, жапон тилдерин үйрөнүп жүрөт.

Негизи эле бала үчүн убакытты аябай, аны ар тараптуу өнүктүрүү зарыл деп ойлойм. Бала өзүнүн көӊүлүндөгүсүн тапкыча ар кайсы ийримдерге алып баруудан тажабаш керек. Мен турмушка чыгып, балалуу болгондо, аларга жакшылап көӊүл буруу үчүн жумуштан бошонуп үйдө отурууга туура келди. Балдарыбызды үч жаштан тарта эле ар түрдүү курстарга алып бара баштадык. Алар мектепке чейин ушу, англис тили, ИЗО ж.б. курстарына барышкан. Ошол кезден эле кимисинин кандай жөндөмү, кандай кызыкчылыгы бар экендиги байкала баштаган. Мисалы, Тилек төрт жашынан баштап эле моделист конструктор ийримин тандады. Буга чоӊ атабыз чогулткан “Моделист конструктор” журналы түрткү болсо керек, себеби ал ошол журналдарды кызыгып карай берчү. Бирок бул ийримге алты жашынан кабыл алышкандыктан, жаш курагы туура келбей, алты жашка чыкканча күтүүгө туура келди. Бул убакытта анын кызыгуусу тараган жок, анан чындап эле көӊүлү бар экендигине ынандык. “Алтын түйүнгө” баргандан баштап, анын кызыгуусу ого бетер күчөдү десем болот.

Балдардын бош убактысын туура пайдаланууда кошумча ийримдер жакшы жардамчы болот экен. Бала интеллектуалдык жактан гана эмес, эмгекке да кошо тарбияланат. Ал үчүн баланы ар бир саатын туура пайдаланууга үйрөтүү зарыл. Туура, азыр маалымат көп, балдарды маалыматтык согуш туш тараптан азгырып турат десек да болот. Айрыкча компьютердин азгырыгы чоӊ. Аны таптакыр тыюуга эч мүмкүн эмес. Бала компьютерди ашыкча пайдаланбашы үчүн бала да, компьютер да ар дайым ата-эненин көз алдында болгону туура. Ата-эне баласы менен бирге окуп, анын кызыкчылыктары менен шайкеш өнүккөндө гана эмгеги жемиштүү болот. Мен балдарымды жакшы түшүнүүүчүн психологиялык адабияттарды көп окуганга аракеттенем. Атабызга да ошону сунуштайм. Андан тышкары бизге педагог Людмила Игнатьевна Жаринованын кеп-кеӊеши аябай жардам берет. Ал үчүн ага тереӊ ыраазычылык билдиргим келет. Азыр бизге жеӊилирээк болуп калбадыбы, себеби психологдор бар. Ал эми биз мектепте окуп жүргөн учурда мектеп психологдор жок болчу, — дейт биз менен ой бөлүшкөн Тилектин апасы Фарида.

Фарида айымдын айтымында, ар багыттагы кароо-сынактардан кийин баланын жоопкерчилиги жогорулап, айлана-тегерегине тыкан жана аяр мамиле жасап калат. Андан тышкары өз колу менен жасаган буюмдарын курдаштарына көрсөтүп, кызыккандарга айтып берип, каалоочулар чыкса, сатып каражат топтоп алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, келечекте өз алдынча долбоор менен иштөөгө көнүктүрүп жаткандыгы кубандырат. Тилек үчүн атасы – авторитет, анткени ал электротехника боюнча чоӊ адис.

Сокулук районунан борбордогу мыкты делген мектепке, кошумча ийримдерге катыштыруу үчүн балдарын эки-үч автоунаа которуп, эринбей ташыган Фарида жана Маратты үлгүлүүүй-бүлөнүн үлгүлүү ата-энеси катары бааласак куп жарашчудай. Эгерде  биз шаардан таптакыр алыс жашасак деле, ар түрдүү адабияттарды, колдонмолорду жана техникалык журналдарды сатып алып, балдарыбызды өз алдынча окута бермекпиз дешет ата-эне бир ооздон.

Балдарын заман талабына эле эмес, келечекте элине пайда алып келе турган инсан катары тарбиялоонун үстүндө келаткан Эсеналиевдерден кеӊеш:

— “Бизди акыркы кезде күч алып бараткан балдарга карата зордук-зомбулук мамиле кабатырлантат. Ата-эне катары айтаарыбыз, балага кол көтөрмөк тургай, эч качан катуу үн чыгарып кыйкырбагыла. Үйдөгү агрессивдүү кырдаал келечекте аларга баары бир терс таасирин тийгизээрин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Уул болобу, кыз болобу, алар менен көбүрөөк сүйлөшсөӊөр, эмне жөнүндө ойлоп жатканын, ичинде жашырган кандай сырлары бар экенин  биле аласыӊар. Аны билгенден кийин оӊдоп-түзөөгө оӊой болот. Кандай жол менен болсо да китеп окууга кызыктыргыла. Балким бир жаӊы чыккан китепти сатып алып, же болбосо үйдөгү классик акын-жазуучулардын сизге жаккан чыгармасын бирге окугула, аны чогулуп талкуулагыла. Биз негизи, карым-катыштан, тойлордон убакытты да, каражатты да аябайт эмеспизби, ошол нерселерге кеткен убакыттын же каражаттын жарымын эле балага бөлүп турсак, сөзсүз натыйжасы болот. Өзүбүзгө бактылуу карылыкты камсыздоо үчүн биз балдарыбыздын бүгүнкүсүн куруп беришибиз керек экендигин унутпайлы, — дейт Фарида Эсеналиева.

Тилекке каршы, көпчүлүк ата-энелердин балдарына көӊүл бурууга убакыттары жетишпейт. Мындан айрыкча кызматкер адамдардын балдары жапа чегерин статистика тастыктайт. Ал эми тарбияны каражат таап, балдарын кем-карчсыз кийинтип-ичинтүү менен чектегендер да аз эмес. Балдарын жакындарына таштап, чет жактарда иштеп жүрүшкөндөр канча дейсиз. Арийне, “Медалдын эки жагы бар” дегендей, алар балдарын материалдык жактан камсыздагандары менен моралдык жактан өксүккө учуратып жатышкандыктарын толук аӊдабайт шекилдүү.

Баланы чоӊойтууда анын курсагынын ток болушу, үстүндөгү кийиминин бүтүн болушу албетте, акыркы маселе эмес, бирок ата-эне анын акыл-эс көрөӊгөсүнүн кем  болбошу үчүн да тынымсыз иш алып баруу керектигин унутпашы зарыл.

Үй-бүлө педагогикасы жөнүндө орустун педагогу С.Л.Соловейчиктин жакшы айткан сөзү бар, анын айтуусу боюнча үй-бүлө педагогикасы кантип жашоо керек, кандай болуу керектигин үйрөтпөйт, ал бала үчүн кандай шарт жагымдуу болоорун, кандай учурда кырдаал татаалдашаарын гана изилдейт.

Адистердин айтымында, баланы үй-бүлөдө тарбиялоо – бул ата-эненин биринчи милдети, ал эми туура тарбиялоо – ар бир баланын ыйык укугу, б.а. ар бир бала аларды жарык дүйнөгө алып келген адамдардан таалим-тарбия алууга укуктуу.

 

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*