«АКАДЕМИК А. КАКЕЕВ БИЗДИН ЗАМАНДАШЫБЫЗ»

Ар бир адам өз өмүрүндө башынан ар кандай окуяларды өткөрөт эмеспи. Алардын тагдыры да бири-биринен кескин айырмаланаары бышык. Бирок алардын өмүр жолунда кайсы бир деӊгээлдеги окшоштуктар, дал келүүлөр, карама-каршылыктар орун алып турары белгилүү. Алардын тагдырынын өйдө-төмөндөрү ачык-айкын белгилүү болбосо дагы, айрым иш аракеттери, алардын көзгө көрүнгөн жыйынтыктары жөнүндө сөз айтууга ар ким акылуу жана замандаштык, кесиптештик милдети деп эсептеймин. Биз сөз кыла турган  каарманыбыз  жигердүү  эмгеги, өз  ишине  болгон   жоопкерчиликтүү  мамилеси,  эмгекчилдиги, иштин көзүн алдын ала көрө билгендиги,  уюштуруучулугу,  билиминин  тереӊдиги  менен  элдин  ишенимине   кирип,  көп жылдар бою ар кыл тармактардын, анын ичинде илим чөйрөсүнүн да  ысыгына  күйүп,  суугуна  тоӊуп,   жакшысын  татып,  жаманына  «ооз  күйгүзүп»,   так  жүрүп,  туура  сүйлөп,  ишке  таза  мамиле  жасап, өз  орду  менен  кадыр-барк  күтүп,  опол  тоодой  эмгек  калтырып,  сексен жаш  курактын  астанасын  аттап,  зор кубаныч  менен  тосуп  турган  чагы.

Өлкөдөгү философиядагы жылдызы жанган көрүнүктүү инсандардын бири – кыргыз элинин атуулу, биздин замандашыбыз, коомдук жана мамлекеттик ишмер, академик Аскар Чукутаевич Какеевди айтсак болот.  Агай азыркы философия илимдеринин өзөгүн түзгөндөрдүн көч башында тургандардын бири десем эч жаӊылышпайм. Илимпоз катары өзүнүн ак эмгеги менен ийгиликтин «туу чокусуна» жете алды. Ар бир илимпоз, изденүүчү Аскар Чукутаевич туурасында азыноолак болсо дагы маалыматтарга ээ болууга тийиш. Ошондуктан агайдын кутман курак мааракесин утурлай  чыгармачылык баскан жолу, жасаган эмгектери туурасында айтып  кетүүнү эп көрдүм.

Агай 1935-жылдын 10-декабрында  Чүй областына караштуу, Чүй районунун Кегети айылында жарык дүйнөгө келген.  1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин ийгиликтүү аяктаган соӊ, 1963-1968-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантура бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1966-1968-жж. ошол эле мекемеде окутуучу,  1968-1988-жж. Кыргыз айыл-чарба институтунда философия жана илимий коммунизм кафедрасынын  башчысы, Кыргызстан Компартиясынын БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1989-1992-жж. Кыргыз ССР ИАнын философия жана укук институтунун директору, 1992-1993-жж. КР Президентинин аппаратынын жетекчиси  КР Мамлекеттик катчысы,  1993-1998-жж. КР билим берүү, илим жана маданият министри, 1998-2000-жж. КР Президентинин кеӊешчиси, 2000-2005-жж.  Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, ал эми 2005-жылдан азыркы мезгилге чейин Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин философия кафедрасынын башчысы, профессору, о.э. КР УИАнын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр Институтунун жана Б.Ельцин атындагы КРСУнун  алдындагы философия илимдери боюнча докторлук (кандидаттык) жана маданият таануу боюнча кандидаттык диссертацияларды коргоо үчүн түзүлгөн Диссертациялык кеӊештин төрагасы сыяктуу кызматтарды үзүрлүү аркалап эмгектенип келүүдө.

Аскар Чукутаевичтин жаӊычыл  эмгеги  жөнүндө  сөз болгондо,  мен  анын  илимий изилдөөсү, алардын жыйынтыктары жөнүндө айта кетүүм абзел. Агай кыйла жооптуу коомдук жана мамлекеттик иштерде иштеп жүргөн мезгилдерде да илимий-изденүүчүлүк иштерин таштап салбастан, илимдеги эӊ жогорку даражага жетип, КР УИАнын анык-мүчөсү (академиги) болуп шайланып, КР илимине эмгек сиӊирген ишмери, КР илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ж.б.у.с. наамдар менен сыйланды. Бул катардагы көп адамдардын колунан келе бербеген көрүнүш десек болот.  Мындай  ийгиликке жетүүнүн себеби –  кызматынын мазмуну менен өзүнүн адистиги, ошондой эле илим-изилдөө ишинин багытынын дал келип калгандыгында болсо керек деп ойлойбуз. Кандай болгон күндө да, бул  талыкпаган аракеттердин максаттуу жасалгандыгынын үзүрү деп билебиз.

Талбай иштеген эмгегинин натыйжасында Ардак белгиси, III-даражадагы “Манас” ордендери, бир канча медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланды. Ал көлөмдүү  «Материя жана аӊ-сезим», «Социалисттик коомдук аӊ-сезимдин калыптануусу», «Кыргызстандагы марксистик-лениндик ойлом», Советтик социалисттик республикалардагы илимий-материалисттик дүйнө көз караштын жана философиялык изилдөөлөрдүн проблематикасы» 5 томдук, 5 томдун  биринчи жана экинчи китептери, Жоомарт Бөкөнбаевдин «Ажал жана абийир» поэмасынын башкы каарманынын прототиби Күмөн Болотовдун тагдыры жөнүндө  «Кыргызстандагы философиялык ойлом: изденүүлөр жана проблемалар» ж.б.у.с.  монографиялардын автору. Тактап айтканда, академик А.Ч.Какеев  философия илиминин тааным чөйрөсүндөгү негизги болуп эсептелген – материя, аӊ-сезим, ойлом ж.б. өзөктүү маселелер туурасындагы илимий көз караштарды изилдеген.  Жогоруда айтылган көлөмдүү илимий эмгектеринде философия, дегеле жалпы илимдеги негизги маселелердин бири болгон «аӊ-сезим» проблемасына кайрылган. Аскар Чукутаевич  жаштыгына карабай Кыргызстанда философия жаӊыдан илим катары телчигип келе жатканына карабастан, философиядагы эӊ оор маселе – материя жана аӊ-сезимдин диалектикасын  илимий-философиялык мектептери бар дүйнөлүк деӊгээлдеги окумуштуулардан кем калбай изилдеген.

Аскар Чукутаевичтин «Материя жана аӊ-сезим»  деп аталган китеби  анын алгачкы эмгек жолундагы эӊ чоӊ жетишкендиги болуп саналат. Себеби мына ушул эмгеги окумуштууга улуулукту, абройлуулукту алып келген десек болот. Бүгүнкү күндө дагы «материя жана аӊ-сезим» өз сынынан кетпей, дүйнөнүөзгөртүп, аны башка нукка бурган китептердин катарынан орун алып, арадан канча жылдар өтсө дагы, маани-маӊызын жоготпой келе жатат. Бул өз учурунда академик ойчулдун тапкычтыгы, келечекти көрө билгендигинен кабар берип турат.

Аталган эмгегинде аӊ-сезимдин жана тилдин пайда болушундагы ишмердүүлүктүн (эмгектин) ролу, идеалисттик көз караштардын далилсиздиги туурасында ой жүгүртүп, аларга теориялык жана практикалык негизде тереӊ талкуулоо менен жооп бергенге аракет кылган. Тактап айтканда, ал аӊ-сезим материя сыяктуу эле реалдуу болоорун, материя болсо объективдүү реалдуулук экендигин, ал эми аӊ-сезим адамдын ички дүйнөсүнүн реалдуу болмушу экендигин белгилеген. Чынында эле ушул күнгө чейин илимий табышмак болгон материя жана аӊ-сезим маселелерин изилдөө ар кимдин эле колунан келе берүүчү иш эмес. Анын негизги көз карашы аӊ-сезим материянын бардык түрлөрүнө тийиштүү эмес жана ал анын өнүгүшүнүн белгилүү баскычында гана пайда болгондугун, ошол себептен аӊ-сезим материянын продуктусу деп эсептелерин айткандыгында. Адамдар жаратылышты  өздөрүнүн талабына, муктаждыгына жараша өзгөртүүдө алардын аракеттеринин натыйжалары кандай болоорун  туура аныкташы зарыл. Алар өз ишмердүүлүктөрү кандай жыйынтыктарга алып келе тургандыгын билгенде гана жаратылыш менен инсандын ортосундагы теӊ салмактуулуктун (гармония) сакталаарын айтат.

Андан сырткары тил адам баласынын оюн, анын көп кылымдардан бери чогулуп келе жаткан тарыхый тажрыйбасынын жемиштерин сактап, коммуникативдик (байланыш) функциясын аткараарын жана ошондой эле кибернетика илиминин пайда болушу, анын өнүгүшү адамзаттын тышкы чөйрөнү таанып билүүдө, изилдөөдө жана кибернетика илиминин адамдын ойлоосун изилдөөдө жетишкен ийгиликтери Лениндик чагылуу (отражения) теориясынын тууралыгынын дагы бир далили экендигин баса белгилейт. Бирок бул оӊой-олтоӊ иш эмес, бул маселе бүгүнкү күндө дагы философия илиминин тармагы болгон «илим философиясынын» борборундагы проблемалардын бири десек жаӊылышпайбыз.

   Биз дагы илим жаатында эмгектенген кесиптештери, замандаштары иретинде Аскар Чукутаевичке ушундай келечектүү проблемаларды  көтөрүп  чыкканына,  анын чечилүү жолдорун изилдеп, алгачкы чыйырларды салганына ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары өзүнүн санаалаштары, сапарлаштары,  ошондой  эле окуучулары менен биргеликте «учкундан жалын тутантып», элибиз, мамлекетибиз үчүн аба менен суудай керек болгон маселени дагы да тереӊдетип чечет деген ишеничтебиз. Агайдын аткара турган дагы далай иштери алдыда, ошондуктан мындан ары дагы ишмердүүлүгү  жемиштүү болуп,  татыктуу турмушта   жашап,   элине  ак  кызмат өтөп,  барандуу  эмгегинин  бай  түшүмүн  көрө  беришине  тилектешпиз.

О.А.Тогусаков,

КР УИАнын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР илимине эмгек сиӊирген ишмер, КР Мамлекеттик жана И.Ахунбаев атындагы жогорку академиялык сыйлыктарынын лауреаты, философия илимдеринин доктору, профессор.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*