МЕКТЕПТЕРДЕ РАСМИЙ УРУКСААТЫ ЖОК КИТЕПТЕРДИ САТУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин, методикалык материалдарды жана басылмаларды министрликтин расмий уруксаатысыз билим берүү мекемелеринде сатууга тыюу салды. Окуу китептеринин, методикалык иштелмелердин сапатын жана коопсуздугун коргоо максатында чыккан бул буйрук ошондой эле ата-энелерден ыгы жок акча чогултууга да бөгөт коюуну көздөйт.

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зина Алиеванын айтымында, райондогу бардык мектеп директорлору аталган документ менен таанышып чыгышты жана мындан ары министрликтин уруксаат каты жок окуу китептерин, методикалык материалдарды таратууну каалагандар менен сөз кыска болмокчу.

– “Кутбилим” гезитинин  үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрындагы кезектеги санында жарыяланган буйрук менен Кемин районундагы бардык мектеп директорлору жана мектепке чейинки мекемелердин жетекчилери таанышып чыгышты. Бул буйруктун чыкканы бизге чоӊ жардам берет деп ойлойм. Анткени, ырасында эле мектептерге тараткыла деп бизге ар кайсы мекемелер, айрыкча басылмалар көп кайрылышат. Буга бир чети окуу китептеринин жетишсиз болуп жатканы себепкер болууда. Мисалы, биздин билим берүү мекемелеринде 2015-2016-окуу жылына кыргыз класстарынын 84 пайызы, орус тилдүү класстарынын 77 пайызы гана камсыз болгон. Айрыкча, химия, тарых, физика, кыргыз жана орус тили жана ошондой эле адабияттары боюнча китептер жетишпейт. Бул тартыштыкты четтетүүдө бизге мектептердеги камкорчулук кеӊештери жардам беришет. Алар өз демилгелери менен фонддун акчасына жетишпей жаткан кээ бир адабияттарды дагы да болсо “Кутбилимге” жарыяланган окуу программаларынын негизинде жана ал жакта расмий жарыяланган авторлордун китептерин сатып беришет, – дейт Зина Садыевна.

Жыл башында көпчүлүк ата-энелер жетишпеген кээ бир китептерди өз чөнтөктөрүнөн сатып берип жаткан учурлар да аз эмес. Уулу борбордогу статустуу мектептердин биринде окуган Рейна жыл сайын англис тили китебин иш дептери менен, андан сырткары биология жана орус тили китептерин сатып берээрин айтат.

– Менин балам статустуу мектепте окуйт. Бирок эмнегедир жыл сайын эле биология, англис тили, орус тили китептерин сатып беребиз. Алардын да баалары арзан эмес. Англис тили китептерин атайын дүкөндөн 1100-1200 сомдун тегерегинде алсак, башка китептерди борбордук универсалдык дүкөнгө жакын жер алдындагы өтмөктөгү сатуучулардан алабыз. Мектептерге жетишпей жаткан китептер аларга кайдан келет, түшүнбөйм. Баарынан кызыгы, балама былтыр сатып берген биология китебин окуу жылы аяктаганда өткөрөбүз, демек, кийинки балдарга китеп даяр. Бирок андай болбой эле жыл сайын жаӊы китеп сатып берүүгө туура келет. Бир жакшы жери, колдонулган китептерди бир аз арзаныраак алууга болот, – деп биз менен ой бөлүштү Рейна.

Бишкек шаарындагы №38 мектеп-гимназиянын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Елена Анатольевна Сивиринанын айтымында, учурда бардык эле мектептерде окуу китептери тартыш, ал аз келгенсип, китептер жылдан-жылга эскирип, керектен чыгып баратат. Андыктан колдо болгон китептерди “өөп-жыттап” бапестеп кароого туура келет.

– Тилекке каршы, окуу китептеринин таӊсыздыгы бизде да бар. Учурда биздин окуучулар китеп менен 70 пайызга жакын камсыз болгон. Жетишпеген китептердин ордун толуктоого Камкорчулар кеӊеши жардам берет. Ырас, бизге да ар кайсы басылмалардан окуу куралдарын сунуштап көп эле келишет. Бирок биз андай сунуштардан баш тартабыз. Себеби, ал китептердин сапатына жана анын мамлекеттик стандартка жооп берээрин карашыбыз керек, – дейт завуч.

Китептин ордун планшет басабы?

  Жылдан-жылга чечилбей, чечилмек турсун, чиеленишип келаткан маселелердин бири – бул окуу китептеринин жетишсиздиги экендиги ырас. Жетишсиздигинен да, анын сапатынын талапка шайкеш келбей жаткандыгы, кайсы автордукун окуу керектигин туура тандай билүү да өзүнчө чоӊ маселе. Жаӊы окуу жылына карата жыл сайын окуу программалары, предметтердин аталышы, ал тургай кайсы автордун китебин алуу керектиги так, даана жарыялангандыгына карабай, ата-энелер кайсы автордукун алуу керектиги тууралуу да ойлонушаарын айтышат. Алардын пикиринче, айрыкча башталгыч класстын окуучулары үчүн жазылган китептердин мазмуну бири-бирин кайталаган учурлар кездешип, сапаттуу билим алууга тоскоол болуп балдардын башын айлантууда.

Китеп көйгөйүн электрондук китепти колдонуу жолу менен чечүүгө болоорун айтышкан айрым ата-энелер министрлик ушул жагын карап чыкса жакшы болоор эле деген пикирде.

– Биздин балабыз окуган мектеп мындан үч-төрт жыл мурда эле планшет колдонууга уруксаат берип, каалаган ата-энелерге планшет менен камсыздоону сунушташкан. Арийне, ата-энелер өз ара сүйлөшүп, азырынча колдонбой туралы деп чечкенбиз. Биринчиден, акчасы кымбат буюмду сындырбай-бүлдүрбөй колдонуу үчүн балдардын жаш курагы туура келиши керек деп ойлойбуз. Экинчиден, балдар окууга эмес, оюнга алаксып кетээри бышык. Анан деги эле балдардын коопсуздугун да ойлонууга туура келди, – дейт, баласы 4-класста окуган Динара аттуу эне.

Китеп жетишпей жаткан кезде электрондук китепти пайдалануу айрыкча жогорку класстын балдары үчүн ыӊгайлуу болоорун мугалимдер да моюндарына алышууда. Бишкектеги №38 мектеп-гимназиянын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Елена Анатольевна Сивирина керектүү чыгармалар жүктөлгөн планшет жеке өзүнө да көп жардам берип жатканын белгилейт.

– Жогорку класстын окуучулары үчүн планшет колдонуу жакшы ыкмалардын бири деп ойлойм. Анткени алар окуу программасына ылайык көпчүлүк предметтерден кеӊири окушу керек. Китеп издеп убара болбой, керектүү көркөм адабияттарды жүктөп алышканы ыӊгайлуу жана да оор жүк көтөрүп кыйналышпайт. Айрыкча бүтүрүү экзамендерине жана жогорку окуу жайларына өтүүгө даярданууда жогорку класстын окуучуларына жакшы эле көмөкчү болооруна ишенем. Анын үстүнө чоӊ класстын окуучулары үчүн коопсуздук жагынан чочулабай койсок болот, – дейт Елена Анатольевна.

  Китепти ижарага берүүнү кийирсек, жоопкерчилик күчөмөк

  Мамлекетибиз мектептерди толук каржылоого кудурети жетпей жаткан ушул кезде китепке ижара акысын кайра кийирүү жолун караштырсак деген пикирлер да жок эмес. Мындай сунуштар мугалимдер менен катар эле ата-энелерден да түшүүдө. Алардын пикиринче, китепти ижарага берип, китеп таӊсыздыгын жоюуга, аны менен бирге китеп пайдалануучулардын жоопкерчилигин жогорулатууга да болот.

– Окуу китептерди ижарага берүү ыкмасынан качуунун кажети жок. Азыр ата-энелердин социалдык абалын 10-15 жыл мурунку кезге салыштырып болбойт. Көп балалуу үй-бүлөлөргө, чындап колдоого муктаж болуп жаткан ата-энелерге жеӊилдик берип, ал эми башкаларга акы төлөтсөк, окуу жыл аягында азыркыдай тытылган, чийилген китептердин саны кыскармак. Себеби, ата-эне баласынын китебинин абалына көз салып, төлөмөр болбой бүтүн өткөрүп берүүгө кызыкдар болмок, – дейт Алымбек аттуу Бишкектин тургуну.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын адиси Чынара Курманова учурда мектептер окуу куралдары менен 78 пайыз камсыз болгондугун, жыл аягына чейин бул көрсөткүч дагы өзгөрүлөөрүн билдирди.

– Жаӊы окуу жылына карата алынган маалымат боюнча, билим берүү мекемелери окуу куралдары менен 78 пайыз камсыз болгон. Бул маалыматтарды жыл аягына чейин дагы толуктайбыз. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу кийинки кезде окуу китептери менен камсыздоо маселеси чечилүү жолунда келатат десек болот. 2014-жылдын июль айынан баштап Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык донорлорубуздун жаӊы стандарттар боюнча жаӊы муундун окуу китептерин иштеп чыгуу, жазуу, экспертизациялоо, апробациялоо жана басып чыгаруу боюнча долбоору ишке кирген, – дейт Чынара Курманова.

Анын айтымында, тиешелүү билим берүү мекеме-уюм жетекчилери окуу китептеринин таратылышына тыкыр көз салып, Кыргыз билим берүү академиясынын жана министрликтин чечиминин негизинде тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок сунушталып жаткан басылмаларды жайылткандарга жол бербеши шарт.  Ага да карабай жайылтууга далалаттангандар жеке жоопкерчиликке тартылышаарын эстеринен чыгарышпоосу абзел.

Азыр сөз эркиндигине шыктанган авторлор туш келген темалардын алкагында китеп жазып, китептерин потенциалдуу окурман катары мектептерге сунуштап жаткандары да турмуш чындыгы. Министрлик окуу китептерин жайылтууну катуу көзөмөлгө алууну көздөп жаткан менен көркөм адабияттарды сатып алууга, гезит-журналдарга жазылууга тыюу сала албайт.  Арийне, учурдагы саясий кырдаалды эске алсак, мугалимдер жана ата-энелер балдар кандай көркөм адабияттарга кызыгып жатышкандыктарына сөзсүз көз кырын салбаса болбойт. Айрыкча, түрдүү диний агымдар, зордук-зомбулукту пропагандалаган адабияттардын таралышына сак болушубуз керек.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*