Абдиманнап МУРАТОВ, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору: “Департаменттин түзүлүшү илимий тармактын башкаруу системасын өзгөртөт”

– Урматтуу Абдиманнап Аттокурович, Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Илим департаментинин түзүлүшү бул тармакка кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн?

– Илим тармагы он, он беш жыл аралыгында бир топ артта калып калгандыгы жашыруун эмес. Өткөн жылы КР Президентинин алдындагы көз карандысыз эксперттик кеӊештин сунушу менен бул тармакты реалдуу түрдө реформалоо зарылдыгы айтылып, өкмөттүн алдына сентябрь айында күн тартибиндеги маселе катары коюлган. Мында Кыргызстанда болуп келген илимдин кадыр-баркын көтөрүү, кайрадан калыбына келтирүү,  эӊ негизгиси илим тармагы Кыргызстандын экономикасын, социалдык шартын өнүктүрүүгөөзүнүн салымын канткенде кошо алат  деген суроолор каралган. Ошонун негизинде КР Өкмөтүнүн алдында жумушчу топ түзгөнбүз. Жумушчу топ үч айдын ичинде бул багытта атайын концепция иштеп чыккан. Бул концепция бир нече жолу коомчулукта талкууланып, 2015-жылдын апрель айында кабыл алынган. Концепция “Кыргыз Республикасындагы илим системасын реформалоо” деп аталат. Концепцияда үч чоӊ багыт бар. Биринчиси – башкаруу системасын өзгөртүү. Себеби, илимге Совет мезгилиндегидей артыкчылык берилбей калды. Мурда илим тармагы чоӊ тармак болуп келсе, кийин  рыноктук карым-катнаш экономикасынын шарты менен мамлекеттик чоӊ органдан кичирейип келип, министрликтин бир бөлүмү болуп калды. Буга чейин Улуттук илимдер академиясы, улуттук илимий борборлор, илимий институттар өз-өзүнчө жашап, каржылык багыты да ар кандай чечилип,  координация болбой келген. Экинчи жагынан мамлекеттик бирдиктүү саясат да иштелген эмес. Экинчи тармагы – бул илим тармагын каржылоо. Илим тармагы дүйнө жүзүндө аябай өнүккөн мамлекеттерде ички дүӊ продукция менен эсептеп келгенде орто эсеп менен 1,74 пайызга чейин бөлүнөт. Кыргызстанда ал 0,09га да жетпейт. Казакстан, Россияны алсак 0,14- 0,17ге чейин барат. Эми мамлекет чоӊ реформа жасай койсок эле көп каражат берет деп айта албайбыз. Бирок бизге бөлүнгөн каражатты аз-көп дебей бүгүнкү талаптарга ылайык сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Үчүнчү багытына бүгүнкү талаптарга ылайык илимий кызматкерлерди даярдоо, илимий  даражаларды бизде да, башка өлкөлөрдө да таануу багытындагы иштер кирет. Концепцияда мындан тышкары 2016-2020-жылдары кандай иштер аткарылышы керек   экени жазылып келип, үч багытка мерчемделген. Азыркы Билим берүү жана илим министрлигинин алдында атайын илим департаментинин түзүлүшү да илимдин башкаруу тармагына каралган өзгөртүү болуп саналат. Департаменттин дагы бир максаты – илим тармагындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу. Бардык илимий мекемелердин аткарган ишин көзөмөлдөө, каржылоо, адистерди даярдоо ж.б. багыттагы  маселелердин баарын ушул департамент көзөмөлдөйт. Илим департаменти өзүнчө юридикалык статуска ээ, бирок министрликтин алдында иш алып барат. Бизде илим тармагын каржылоо үчүн атайын Улуттук илим фонду да өкмөттүн токтому менен түзүлдү. Бул дагы тармактагы башкаруу системасын өзгөртүүнүн бирден-бир кадамы болуп эсептелет. Каражатыбыз анча деле көп эмес. Түшкөн каражаттар илим тармагына конкурстук негизде грант катары бөлүнүп турмакчы. Ошондой эле премьер-министрдин алдында “Илим жана инновация” боюнча  кеӊеш түзүлгөн.   Премьер-министрдин катышуусунда ошол кеӊештин биринчи отуруму 2-декабрда болду. Эки саат бою илим тармагынын иши кеӊири талкууланды. Бул кеӊештин негизги максаты – Кыргызстанда илимдин кайсы тармагын биринчи кезекте өнүктүрүү керек, артыкчылыкты кай жагына берүү сыяктуу маселелерди чечип, ошонун үстүндө иш алып баруу.

– Улуттук илим фондун ким каржылайт?

– Кыргызстандагы илимди каржылай турган бир эле мамлекет  болуп калууда. Каражаттын баары эми ошол фондго келип түшөт. Ошол фонд аркылуу баарына бөлүнөт. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү илимий фонддор менен да сүйлөшүп, каржы булагын жеринде табуу жагы каралган. Ошондой эле башка жеке ишкерлер, компаниялар, спонсорлор сыяктуу  каржы  булактарын пайдалануу зарыл. Фонд департаменттин алдында болот. Мында тармактар боюнча эксперттик кеӊештер түзүлүп, кайсы багытка каржы бөлүнүшүн ошолор аныктайт. Алардын сунушу менен гана департамент аныкталган тарапка каржы бөлүп, бир жылдан соӊ отчетун алат. Жыйынтыгы болбосо департамент каржыны кайрып алат, же жакшы натыйжа берип баштаса каржылоосун улантат. Бул эриш-аркак диалог шартында көзөмөлдөнүп, акча каражатынын сарамжалдуу пайдаланышына түрткү берет деп ойлойм.

– Илим тармагынын концепциясына ылайык Кыргыз улуттук илимдер академиясында кандай өзгөрүүлөр болмокчу? 

– Улуттук илимдер академиясынын курамында өзгөрүүлөр болот. Ал жерде 23 институт бар. Алар өздөрү деле реформа жасайлы деп турушат. Бирок, менин оюмча, реформа жасаш үчүн укуктук-нормативдик документтерди даярдашыбыз керек. Улуттук илимдер академиясы жөнүндө атайын мыйзам бар.  Аны да карап чыгышыбыз парз. Бул маселе боюнча атайын ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп жатат.

– Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө илим ЖОЖ тармагында жакшы өнүгөрүн айтып жүрүшөт?

– Жогоруда айтылган концепцияда да бул багытта иштер каралган. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, академиялык илимий изилдөө институттары ЖОЖдор менен интеграция болуп, бирге иштеп кетсе көп эффект берет экен. Ошондуктан көпчүлүк чет мамлекеттерде илим негизинен ЖОЖдордо жүргүзүлөт. Муну  ЖОЖдук илим деп коет. Бирок  биз Улуттук академияны окуу жайлардын акчасы бар деп аякка таратып берип койсок өнүгүп кетет деген бул туура эмес көз караш. Себеби ЖОЖдордун акчалары контракттан келген акчалар. Аны илимге иштеткенге болбойт. Бирок ЖОЖдор  гранттарды алып иштетип, жаштарга илимге жол ачышы керек. Акыркы курстарда окуган студенттерди илимге алып калганга ЖОЖдор өздөрү да кызыкдар болууга тийиш.

– Жаштар демекчи, концепцияда жаштар туурасында маселе каралганбы?

– Жаштарды илимге тартыш, илимдин кайсы тармагына артыкчылык  бериш керек, кимге бербеш керек дегендин баары бири-бирине байланышы бар маселелер. Мисал үчүн илимдин кандидаттарына, докторлоруна кошулган акчаны көбөйтсө деген ойлор айтылып жүрөт. Сиз айткандай, “кыргызчасынан” чоӊ кызматта отурганда илимий даража алып койгондор бар. Бирок азыркы учурда илимде эч кандай иш кылбайт. Өкмөт башчыбыз Т.Сариев ошолорго жөн эле акча төлөштүн кереги барбы деген маселени да айтты? Андан көрө  эртеден кечке лабораторияларда илим деп жүргөндөрдү колдогонубуз дурус го. Аспирантурада окугандарга 1500 сом стипендия төлөнөт. Бул, албетте, бүгүнкү күндө аз. Эми илим жактайм деген адам жигердүү болуш керек. Ал стипендияны эле карап олтура бербей эл аралык уюмдарга гранттарды жазып, тил үйрөнүп, изденип иштеп акча табышы абзел. Биз деле убагында аз стипендия алып иштегенбиз. Илимде саны эмес, сапатын өстүргөнгө көӊүл бурганыбыз оӊ.

– Башка тармактардай эле илимде да коррупция орун алганы белгилүү эмеспи. Бул багытта кандай аракеттер болмокчу?

– Бул, тилекке каршы, бардык жерде бар. Биз илимий даража алыш үчүн мынча акча берет экен дегенди угуп эле жүрөбүз. Колдон кармап албагандан кийин муну далилдеш да кыйын. Бирок жөн жерден сөз айтылбайт эмеспи. Аттестациялык комиссия тарабынан андай көрүнүштөрдү жоюу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Концепцияда да бир топ иш-чаралар каралган. Аны жоюш үчүн жаӊы тоскоолдуктарды ойлоп таап жатабыз. Мисал үчүн, илимде азыр баллдык системаны киргиздик. Баллды  топтош үчүн кеминде эки чет мамлекеттеги журналдарда илимий эмгектерди жарыялашы парз. Мындан тышкары Индекс хирша деген ыкма бар. Бул ошол илимий изилдөөчүнүн дүйнөлүк интеграцияга киришин, аралашын шарттайт. Эгер ал илимий ишин башка жактарга чыгарса, сырткы чөйрө аны таанып, ага сунуш бериши мүмкүн. Жарыяланган эмгек канчалык көп окулса, цитата келтирилсе ошончо көп балл топтолот. Мунун баары жанагы 15 макала жазып алып   кандидат болушум керек дегендерге табигый бөгөт. Албетте, мынча китеп, мынча макала жазды деген совет мезгилинен бери келе жаткан ыкма. Ал эми Индекс Хирша ошондой эмгектердин сапатын, чындыгын аныктай алат. Бизде азыр жарандарыбыз чет жерде жүрүп алып деле илимий эмгектерин жарыялап жатышат.

– Бизде аткаруу бийлигинде  жүрүп илимий иштер менен алектенип, кандидат, доктор болуп алгандар жөнүндө ММКларда айтыла калып жүрдү эле? Алар кайсы учурда илим жазганга жетишип жатат деген пикир пайда болбой койбойт?

– Азыркы учурда жогорку аттестациялык комиссия тарабынан Жобого атайын өзгөртүүлөр киргизилген. Жаӊы жобо боюнча аспирантураны күндүзгү бөлүмдө гана окууга туура келет. Мурда таптакыр башка жерде иштеп   изденүүчү катары коюп,  макалаларын тийиштүү көлөмдө жарыялап, илимий эмгек жактап кандидат, доктор болуу бар болчу. Азыр андайга жол жок.  Ал эми изденүүчүлөргө эгерде тийиштүү тармакта илимий кызматкер болуп беш жылдан кем эмес иштесе,  аттестациялык комиссиянын уруксаты менен гана илим жактаса болот.

 Маектешкен Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кутбилим” 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*