ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТАТ

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу өлкөнүн жети шаарында жарандарды тейлөө борборлорун түзүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды. Биринчи пилоттук долбоор Токмок шаарында сыноодон өтүп, андан кийин АКШнын эл аралык республикалык институтунун каржылык көмөгү аркасында Жалал-Абад, Ош, Баткен, Балыкчы, Майлы-Суу, Кара-Көл шаарларынын мэриясында ишке ашырылды. Тейлөө борборлорун жайылтуу боюнча Өкмөткө сунуштар берилип, азыркы учурда башка шаарларга жайылтуу маселеси каралып жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун эксперти Назира Касеева “Кутбилимге” берген маегинде аталган долбоордун мааниси жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

– Бир катар шаарларда тейлөө борборлорун ачуунун зарылдыгы кайдан келип чыкты?

– Мамлекеттик бийлик органдарына элдин ишеними төмөн болгону, эл менен мамлекеттин ортосундагы ажырымдын чоңойгону революцияларга алып келген негизги себептер экени белгилүү. Ошон үчүн Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында да бийликке элдин ишенимин кайтаруу башкы максат деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары ушул стратегияга ылайыктап өкмөт иштеп чыккан стратегияда дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын көтөрүү жөнүндө жазылган. Бул багытта беш жылдан бери көп иштер жасалды. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри кайра каралып, такталып бекитилди. Эгер мурда мамлекеттик кызматтардын жыйырма миң түрү болсо, азыр 373 эле кирди. Себеби так критерийлер иштелип чыкты. Мурда мамлекеттик органдар өздөрүнүн функцияларын кызмат катары көрсөтүп эле ошого акча ала беришчү. Азыр анын критерилери так белгиленди. Мисалы, эл тараптан сөзсүз суроо-талап болуш керек деген критерий кирди. Кызмат деген эмне, мамлекеттик кызмат, муниципалдык деген эмне, анын баарынын түшүнүктөрү такталып, аныктамасы берилди. Андан сырткары муниципалдык кызматтардын реестри дагы бекитилди. Бул эки реестрден турат, биринчиси базалык реестр өкмөт тарабынан бекитилет, экинчиси – жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары өздөрүнүн аймагында элге көрсөткөн кызматынын кошумча реестрин иштеп чыгууга тийиш. Аны жергиликтүү кеңештер бекитет. Андан кийин ар бир кызматка стандарт жазылышы керек. Бу боюнча типтүү стандарт иштелип чыгып, өкмөттө бекитилди. Анда муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын аныктаган параметрлер иштеп чыккан. Мисалы, маалымат жеткирүү жагын алалы. Бир маселе боюнча маалымат алыш үчүн биз көп учурда тааныштарыбыздан сурайбыз, башка кимден маалымат алышты билбейбиз да. Мамлекеттик мекемелерге барсак, тиги кабинетке бар, бул кабинетке бар деп ойното беришет. Азыркы талап боюнча жарандар мамлекеттик органдарга кайрылганга чейин эле тийиштүү маалымат аларга жеткиликтүү болушу керек. Тийиштүү маалымат ошол мекеменин сайтында, такталарда болууга тийиш. Милдеттүү түрдө телефондор көрсөтүлүшү керек. Жарандар кааласа телефон аркылуу, кааласа электрондук почта аркылуу маалымат сураганга укуктуу. Бирок мамлекеттик органдардан телефон менен маалымат алуу да өтө кыйын экенин айта кетишибиз керек. Ошол эле учурда мамлекеттик органдын тийиштүү өкүлү ар бир кайрылган адамдын суроосун угуп, ага маселени чечүүнүн жолун, эрежесин кайсыл кабинеттерге кайрылууну, кандай кагаздар керек экенин түшүндүрүп айтып берип турушу керек. Тейлөөнүн этикалык эрежелери да көрсөтүлдү. Эгерде жаран мамлекеттик кызматтын сапатына нааразы болсо, ага даттануу мүмкүнчүлүгү берилген.

Улуттук стратегияда жана өкмөттүн стратегиясында дагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуунун бир жолу катары “Бирдиктүү терезе” көрсөтүлгөн. Бул деген эмне? Мисалы, ЗАГСты алалы. Ата-энелер төрөлгөн баласына күбөлүк алыш үчүн барышканда жашаган жериңен кагаз алып кел дейт. Же Соцфондко барып, пин-кодуңду тактап кел деши мүмкүн. Никеге туруп жаткан жаштардан мурда-кийин үй-бүлөсү болгону же ажырашканбы, ошол жөнүндө тийиштүү документти сурашы мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнүн “бирдиктүү терезесине” өтүү жарандарды мындай ашыкча убаракерчиликтен куткарат. Мамлекеттик органдар жарандарды тигиндей справка алып кел деп убара кылбай, бири-бири менен өздөрү байланышып, тийиштүү маалыматты тактап берүүгө тийиш. Мисалы, паспорт алыш үчүн жашаган жериңиз жана үй-бүлөңүздун курамы жөнүндө справка аласыз. Айыл өкмөттөн дагы башка документтерди таап алып келесиз. Андан сырткары адрес бюросунан справка аласыз. Мамлекеттик каттоо кызматы менен адрес бюросу бир эле мамлекеттик органга баш ийиет. Ошондуктан бир эле мамлекеттик органдын структурасындагы мекемелер жаранды ары-бери чуркатпай, ал тууралуу тийиштүү маалыматты бири-биринен өздөрү эле таап алышса болот.

Бирок бирдиктүү терезе системасына өтүш үчүн ага зарыл шарттарды камсыз кылыш керек. Ошондой шарттардын бири катары тейлөө борборлорун түзүү долбоору болуп саналат. Тейлөо борбору эң биринчи Токмок шаарында пилоттук долбоор катары сыноодон өтүп, ачылган эле. Ушул жылы аны дагы алты шаарда ишке ашырдык.

-Мамлекеттик мекеме-уюмдарга кайрылган жарандар көп учурда бюрократиянын көп экенине нааразы болуп жатышат. Тейлөө борбору жарандардын арыздарын мамлекеттик органдарда ыкчам каралып чечилишин канчалык жеңилдетти?

– Тейлөө борборлорун ачуунун башкы максаты жагы ошол жарандардын арыздарын кароонун жеңилдетүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу болуп саналат. Тейлөө борбору тартип боюнча мэриянын биринчи кабатында болуп, анда эки же үч адам отурат. Алардын милдети кайрылган жарандардын арыздарын кабыл алат, тийиштүү маалымат берет. Жарандар башка бөлүмдөгө кайрылып убара болушпайт.

Шаардын тургундары ар кандай маселелер менен чү дегенде эле кабылдамага баш багышат же жалпы бөлүмгө, социалдык бөлүмгө көп кайрылышат. Бирок бир эле бөлүмдө иш бүтпөйт, башка жагына барып кол койдуруп келиш керек болот. Же адатта жарандардын арызы кабылдамада бир-эки күн жатат, андан кийин мэрге же вице-мэрге берилет, андан кийин кол коюлуп тийиштүү бөлүмгө жеткиче да бир топ күн өтөт. Азыр болсо жарандын арызы түшкөндөн кийин анын көчүрмөсү дароо алынып, тийиштүү бөлүмгө жиберилет. Ал эми арыздын түп нускасы мэрдин кароосуна киргизилет, каралып кол коюлуп чыгат. Демек, мурдакыдай убакыт текке кетпей, арызды тийиштүү адистер өз убагынан кечиктирбей карап чыгып, жооп беришет. Мунун экинчи жагы жарандар менен мэриянын кызматкерлеринин ортосунда байланышты азайтып, коррупциялык себептерди да жок кылууга шарт түзүлүп жатат.

– Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн бул долбоорду башка шаарларга жана райондорго да жайылтуу жагын Өкмөт карап жатабы?

– Албетте, бул алдыңкы тажрыйбаны жайылтыш керек. Башка шаарлардын жетекчилери дагы ушул долбоорго өтө алышат. Анткени, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырат, тейлөөнүн убактысы кыскарат, жарандарга жеңилдик болот.

Мисалы, баланы бала бакчага бериш үчүн ата-энелер дароо эле бала бакчанын башчысына кайрылышат. Бала бакчага барышса кезекте туруш керек же райондук билим берүү бөлүмүнөн путевка алып кел дешет. Бир эмес бир нече жолу барып, эшик жыртасың. Ал эми тейлөө борборунда ушул маселенин чечүүнүн тартиби жана эрежелери жөнүндө тийиштүү маалымат берилет жана тийиштүү чарасы көрүлөт.

Бул долбоордун алкагында анын практикалык колдонмосу иштелип чыкты. Булар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттиги аркылуу башка шаарларга жана райондорго жайылтылышы керек.

Райондук деңгээлде дагы ушул сыяктуу долбоор ишке аша баштаганын жатканын айтып кетүүм керек. Мындай тейлөө борборлору райондук деңгээлде сөзсүз түрдө эле райондун борборлорунда эмес, айыл-кыштактарга жакын аймактарда болууга тийиш.

Маектешкен Кубат Чекиров

 

 

 

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*