ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОР БАЛДАРГА БАРДЫК ӨНӨРДҮ ҮЙРӨТҮҮДӨ

Нарын областтык балдардын билим берүү борбору мектептен тышкаркы окутуп-тарбиялоонун көп түрлүү иш-чараларын колго алышып, байма-бай кароо-сынактарды өткөрүшүп, жыйынтыгын коомчулукка көрсөтүп далилдеп келишет. Аталган борбор Нарын шаарында 1998-жылы ачылып иштеп баштаган. Азыркы учурда борбордо орус, япон, англис, кытай  тилдерди үйрөтүү, өрмөк, кийиз менен иштөө, компьютер, шахмат, бий, комуз, «дилгир адабий», математика жана мектепке даярдоо ийримдери иштеп жатат. Бул билим берүү борборунда жалпысынан 20 мугалим эмгектенет жана булардын дээрлик бардыгы жогорку билимдүү, өз кесибинин чыныгы устаттары десек жаӊылышпайбыз. Аталган борборду 1998-жылдан бери  Назира Айыпова үзүрлүү жетектеп келет.

«Биз алгач иштеп баштаганда беш багыт менен ийримдер иштеген, андан кийин ата-энелердин суроо-талаптары улам өскөндүктөн, бүгүнкү күндө 14 багытта иш алып баруудабыз, – деп сөзүн баштады Назира         Айыпова. – Ошого жараша балдардын да кызыгуусу артып, келүү агымы күн өткөн сайын көбөйүүдө. Тээ башында 300дөн ашуун окуучу менен иштеп баштасак, бүгүнкү күндө 1300дөн ашык бала жума сайын үзбөй келип, кошумча билим алууда. Мисалы, англис тили ийримине бир тайпада 15-20дан бала окуй турган болсо, азыркы тапта 35тен ашык бала окуйт. Нарын областы эӊ алыскы, климаты катаал, тоолуу регион болгондуктан жана ата-энелердин жумушсуз катмары басымдуулук кылгандыктан, биздеги окуунун бардык түрү акысыз жүргүзүлөт. Балдарды акча тартыштыгына көз каранды кылбай, келечекте эл керегине жараган билимдүү уул-кыздарды өстүрсөк деген изги тилегибиз бар.

Мындан тышкары, акыркы 10 жыл аралыгында,  Тынчтык корпусу, «Жайка» Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү агентствосу жана Ага Хан фондусу  ж.б. чет элдик эл аралык уюмдар менен да тыгыз алакада иш алып баруудабыз. Ага Хан фондусу тарабынан бизге кыйла көп инвестициялар тартылды жана кенже курактагы үч тайпаны иштетип жатабыз. «Жайка» агентствосу тарабынан 2008-жылы биздин борбордун базасында япон-кыргыз ресурстук борборун ачып иштетип жатабыз. Ошол мезгилден бери карай Япониядан сегиз волонтер өз ыктыяры менен келип, сабак өтүп тил үйрөтүштү. Япон өлкөсүнөн келишкен ыктыярчылардан көп жакшы нерселерди, атап айтканда, тактыкты, калп айтпаганды жана убакытты үнөмдөп, туура пайдаланганды ж.б. үйрөнүүгө жетиштик. Алардын таалимин алып, япон тилинде эркин сүйлөп сабак берүүгө жетишкен кызыбыз Кубатова Нурзат эки ирет Японияга барып билимин өркүндөтүп келүүгө жетишти. Биз муну эӊ жогорку жетишкендик деп эсептейбиз, себеби эгерде япон өлкөсү биздин ишти жакшы деп белгилесе, анда иштин жыйынтыгын алуудабыз деп ойлойбуз. Ар жыл сайын япон тилине кызыгып окуйм деген балдардын саны көбөйүп, азыр 50 баладан ашып калды. Булар жеке эле тилди үйрөнүшпөстөн,  япондордун маданиятын, каада-салтын үйрөнүп өркүндөтүшүүдө. Мисалы, волонтер Атсуши Куваяма 2011-жылы атайын үч тайко барабанды (3000 АКШ доллар наркында) белекке тапшырган. Бүгүнкү күндө кыргыз окуучулары тайкодо япондордон кем эмес ойноп калышты.

Бүгүнкү күндө биздин борборго келип билим алып жатышкан балдарга кайсыл сабактар эӊ зарыл экендигин боолголоп билсек болот. Мисалы, математика, орус тили, англис тили ж.б. боюнча кошумча билим алууга келген балдардын агымы үзүлбөй, арбын болууда. Ал эми чыгармачылык боюнча биз быйыл  бий кружогун ачтык жана анын жыйынтыгын тогуз айдан кийин чыгарабыз. Окуучуларыбыз ошондой эле комузду күүгө келтирип чертүүнүн сырын да өздөштүрүп, кол өнөрчүлүктөн да колдо болгон материалдардан, чүпүрөктөрдөн куурчактарды жасашат.

Мындан тышкары, сүрөт ийрими ар түрлүү тематикадагы сынактарды өткөрүп жатат. Алсак: «Менин өлкөм кыргызстан», «Мен жашаган аймак», «Биздин кооз жаратылыш» ж.б. ушул сыяктуу сүрөттөрдү окуучуларыбыз жүрөгү менен берилип тартышууда. Шахмат кружогу ар бир эки ай сайын мектептер аралык мелдештерди өткөрүп, алдыӊкы окуучулар сыртка чыгып республикалык мелдештерге  да байма-бай катышып турушат.

Ата-энелер менен өтө тыгыз байланышта болуу менен атайын үч бурчтук программанын алкагында «Ата-эне, мугалим, окуучу» багытында иш алып барабыз. Андыктан, ата-энелер көзөмөлдөөчү болуу менен бизге демөөрчүлүк да кылышып, кенже курактагы балдарга окуу куралдарды, парталарды, телевизор, электр жылыткычтарды ж.б. сатып беришти. Демек, ата-энелер да биздин ишке кызыгышып, четте карап турушпагандыгы кубандырат. Аз болсо дагы биз материалдык-техникалык базабызды чыӊдап алдык.

Биздин борборго да буга чейин төлөтүп окутуу сунуштары болуп келген, буга мамлекет, министрлик жана жогорку бийлик органдары тарабынан эч тоскоолдук деле жок. Бирок биздин Нарындын шартында төлөтүп окутууга элдин  мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан акысыз окутууну туура көргөнбүз.

Республикалык деӊгээлдеги семинар-кеӊешмелерге үзбөй катышып турабыз жана тиешелүү статьялар боюнча бизге акча каражаттар өз убагында бөлүнүп берилүүдө. Жергиликтүү райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, областтык усулдук билим берүү борбору жана Өкмөттүн Нарын облустук ыйгарым өкүлчүлүгү менен да алакалаш иш жүргүзүп келебиз. Булар да биздин ишибизге кызыкдар болушуп, байма-бай келип-кетип турушат. Мындан тышкары, облустук жатак мектеп-лицейине биздин  мугалимдер кол өнөрчүлүк боюнча жеринде барып, акысыз сабак өтүп, балдардын чеберчилигин өркүндөтүшүүдө. Ар түрдүү иш- чараларды, кароо-сынактарды өткөрүүүчүн биздин мугалимдер, демөөрчүлөрдү издеп таап, окуучуларга стимул берип келишет. Мисалы, «Тамашоу», «Шахматтык мелдешмелер», «Япон фестивалы», «Кара Жорго бий сынагы», «Жаш талант» ж.б. иш-чаралар өткөрүлүп турат.  Балдардын келечегине кайдигер карабаган атуулдарыбыз демөөрчүлүк кылышып, колдорунан келген жардамдарын эч аянышпайт. 1998-жылдан бери  ар жыл сайын «Жаш талант»  фестиваль кароо-сынагы өткөрүлүп келет. Акыркы 15 жылдан бери ушул фестивалды «Балтаттуу» уюму менен «Дордой» ассоциациясы колдоого алып, балдардын шыгына-шык, демине-дем кошуп келатышат.

Конкурстарга катышып жеӊип чыккан балдарыбыз, азыр республикалык «Сармерден» теле-шоусунун жылдызы болуп келаткан Талант Карагулов, ырчы Аскат Мусабеков, Абдылдаева Селима, Каленов Алтынбек ж.б. учурунда менин колуман грамота алышкан эле. Демек, биздин борбор аркылуу ушундай кароо-сынактардын байма-бай өтүп турушу балдардын келечегине кеӊири жол ачат десем жаӊылышпайм.

Бизде иштегендердин айлык маяналары аз бойдон калууда. Пенсияга чыкканда деле эӊ аз  өлчөмдөгүөп-чап акча менен гана пенсияга чыгып калышууда. Эгер айлыктары арбын болсо, мугалимдер үчүн абдан чоӊ стимул болмок. Япониядан келгендер да бизге өз баасын беришип: «Кыргызстандын эӊ алыскы, тоолуу регионунда, элден акча албастан акысыз окутуп жатканыӊарга тереӊ ыраазыбыз жана элиӊер да ыраазы болсун», – деп баалашты. Демек, биздин ушул жасап жаткан ишибиздин жыйынтыгын, жемишин жакынкы жылдары окуткан балдарыбыздан алабыз деген зор үмүтүбүздөн тайбастан, бел чечпей иштеп, билимибизди тартуулай бермекчибиз».

Кадыркул Бугубаев,  журналист,  Нарын областы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*