К.ТЫНЫСТАНОВ АТЫНДАГЫ ЫМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАР БЕШИГИ

 Байыркы Барсхан шаарында  төрөлгөн ойчул жана илимпоз Махмуд Кашкари  XI кылымда эле өзүнүн түзгөн географиялык картасына Ысык-Көл аймагын түшүрүп «Ааламдын чордону, дүйнөнүн борбору» деп бекер жеринен атабаптыр. Учурда ажайып көл аймагында илим, билимдин жана маданияттын борборуна айланган К.Тыныстанов атындагы ЫМУда көптөгөн ийгиликтүү иштер болуп жаткандыгын билип, аталган окуу жайдын жакында эле кайрадан ректору болуп шайланган, техника илимдеринин кандидаты, доцент, педагогикалык билим берүү илимдеринин Эл аралык академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ардактуу профессору Абдылдаев Курманбек Кыянович менен жолугушуп, окуу жайдын учурдагы абалы менен жакындан тааныштык.

Бардык ийгилик жетекчиге байланыштуу

 1979-жылы Пржевальск педагогикалык институтунун математика факультетин ийгиликтүү аяктаган студент, азыр техника илимдеринин кандидаты, доцент, педагогикалык билим берүү илимдеринин Эл аралык академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ардактуу профессору Абдылдаев Курманбек Кыянович 2010-жылдан баштап К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору болуп үзүрлүү эмгектенип, жалпы жамаат менен бирге окуу жайдын өнүгүү процессинде көптөгөн ийгиликтерди жаратты. Үстүбүздөгү жылдын  11-ноябрында болгон ректорлукка шайлоонун жыйынтыгы менен кайрадан аталган окуу жайга Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан ректор болуп бекитилди. “Жетекчинин жалпы жамааттын колдоосуна татышы, анын талбаган эмгегинин жана кызматкерлерге кылган калыс мамилесинин үзүрү”, – деген ойдобуз.

Рисунок2Билимдүүлөрдү учур өзү тандайт

Бул багытта ЫМУда замандын агымына, учурдун талабына ылайык бир катар маанилүү иштер жүрүүдө. Университет эки баскычтуу билим берүү системасына өткөн. Болон процессинин талаптарына ылайык окутуучулар менен студенттер үчүн байма-бай конференция, семинарлар өткөзүлүп Окутуунун кредиттик – ECTS системасы, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө. Окуу процессин жакшыртуу, студенттердин билим деӊгээлин жогорулатуу үчүн заманбап технологиялар колдонулууда. Бул багытта ABN системасына өтүү, башкача айтканда, маалыматтарды борборлоштуруу жана окуу ишмердүүлүгүн башкарууну автоматташтыруу жана электрондоштуруу маселеси боюнча да келечектүү иштер аткарылды.

Азыркы мезгилде  окуу процесси  7 факультетте, 1 үзгүлтүксүз билим берүү борборунда, 1 техника-экономикалык колледжде,   22 кафедранын базасында жүргүзүлүүдө. Жалпы жамааттын талыкпаган эмгегинин натыйжасында 25 адистик жана 19 бакалавриат багытында 24 профиль боюнча жогорку квалификациялуу, замандын талабына жооп берген адистер даярдалууда. Ошондой эле 5 адистик боюнча магистратура ачылып, алгачкы магистрлерди даярдоо окуу процесси башталды. Евразия жогорку окуу жайлар союзунун алкагында бир катар адистиктер боюнча бакалавр жана магистр деӊгээлинде кош диплом берүү, аспирант, докторанттарды даярдоо боюнча Россия Федерациясы менен бирдикте макулдашылган окуу пландарын иштеп чыгуу маселелери чечиле баштады.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда түрдүү тармактар боюнча интеграциялык өнүгүүүчүн көптөгөн борборлор ачылып, учур талабына ылайык жогорку деӊгээлде иштеп жатат. Алар: Мамлекеттик тил борбору, Кыргыз-араб маданий борбору, Конфуций борбору, Илимий инновациялык борбор, Студенттерди колдоо жана өнүктүрүү борбору, HONOR мамлекеттик кызматкерлерди аралыктан окутуунун ресурстук борбору. Лингафондук кабинет жана ресурстук борбор, Туристтик маалымат борбору, “Толкун” маданий эстетикалык борбору, Инновациялык технологияларды жана квалификациялык чектерди жайылтуу борбору, Орус тилин окутуу борбору, Табигый илимдер боюнча программаларды даярдоо борбору, Билим берүү процессин автоматташтыруу борбору, Билим берүүчү тюнинг борбору.

Илимий иштер – жогорку окуу жайынын негизги көрсөткүчү

Илимий иштер боюнча окуу жайда мамлекет тарабынан каржылануучу илимий иштерди күчөтүү, жаш илимпоздордун илим менен иштөөсүнө шарт түзүү жана көмөк көрсөтүү, илимий семинарларды өнүктүрүп өткөзүү. Эл аралык проектилер менен иштөөнү күчөтүү маселелери алдыдагы негизги максат катары пландаштырылган.

Университеттин базасында көптөгөн Эл аралык, Республикалык  масштабда илимий-практикалык конференциялар, семинарлар, тегерек столдор байма-бай уюштурулуп, өткөрүлүп турат. Акыркы беш жылдын ичинде университетте 12 эл аралык, 16 республикалык конференциялар, элүүдөн ашык семинарлар, тегерек столдор уюштурулган. Аларда окулган илимий макалалардын көпчүлүгү республикабыздын Жогорку аттестациялык комиссиянын тизмесине киргизилген “Вестник Иссык-Кульского  университета” жана Бишкек гуманитардык университети менен биргеликте чыгарылып жаткан “Кыргыз тили жана адабияты” журналдарына чагылдырылат. Учурда окуу жайда 72 илимдин кандидаты, 10 илимдин доктору,  бардыгы 82 илимпоз жигердүү эмгектенүүдө. Акыркы эки жылда эле 4 изденүүчү  кандидаттык диссертациясын жактап, кесиптештерине үлгү көргөзүштү.

Билим алуу үчүн жаштар тарбиялуу болушу керек

“Окутуунун бир канаты тарбия” дегендей, тарбия иштери көп тармактуу көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп жатат. Бул багытта студенттер интеллектуалдык билим деӊгээлин республикалык ар кандай кароо-сынактарга катышуу менен көргөзүп келишет.  Кийинки учурларда ЫМУнун дебат клубу Республикалык “Акыл таймаш” жана Кыргызстандагы ЖОЖдор аралык өткөрүлгөн «Жетинин бири» интеллектуалдык телетаймаштарга катышып биринчи орунду жеӊип келишүүдө. Быйыл жыл башында “Практикалык маркетинг жана логистика” деп аталган ЖОЖдор аралык 4-студенттик олимпиадага катышкан студенттер да байгелүү орунга ээ болуп, грамоталар менен сыйланышты. Кээ бир бүтүрүүчүлөр жана учурда окуп жаткан студенттер Президенттин стипендиясын алууда.  Ошондой эле студенттердин арасында олимпиадаларды, студенттик конференцияларды, илимий кружокторду жана башкаларды уюштурууга өзгөчө көӊүл бурулууда. Учурда студенттик уюмдун мүчөлөрү да бир катар заман талабына ылайык идеяларды ишке ашырууда. Окуу жайдын «Жалын» гезитинин 2013-жылдан баштап айына чыгышы, гезитке чыккан тарбиялык мааниси бар маалыматтардын таасири, студенттерди гана эмес окутуучуларды да шыктандырып, маалымат алмашуу булагына жана чыгармачылыктын мектебине айланды.

Окуу жайдын тарбия иштери боюнча келечектүү пландар иштелип чыккан. Алардын негизгилерине токтолсок, төмөнкүлөр: университеттин жалпы эмгек жамаатында эмгек тартибин бекемдөө жана ар бир кызматкердин аткарган милдеттерин көзөмөлгө алуу. Кыргыздын байыркы тарыхын, улуу дөөлөтүн, наркын, салтын, маданиятын, көркөм өнөрүн калыптандыруу менен бирге тарбиялык иштерди күчөтүү. Улуттар ортосундагы ынтымак, биримдикти сактоо боюнча иштерди алып баруу. Улуттук оюндарды киргизүү менен студенттерди спортко жана спорт маданиятына тарбиялоону өнүктүрүү. Студенттердин, окутуучулардын, кызматкерлердин социалдык маселелерине дайыма көз салып туруу жана чечүүгө көмөктөшүү. Студенттер арасында рэкетчиликке каршы иш алып баруу жана патриоттук тарбияга багыт берүүчү   иш-чараларды өткөрүү.

Студенттердин  бош убактысын туура пайдалануу, таланттуу студенттердин чыгармачылыгына шарт түзүү, студенттерди улуттук маданиятка, элибиздин тарыхына кызыктыруу, рухий дөөлөттөрдү даӊазалоо максатында университетте:

• “Жалын” студенттик элдик театры;

• КВНшиктер клубу;

• Дебат клубу;

• “Жаш толкун” жаш акындар клубу;

• Ырчылар студиясы иш алып барып,  ар кандай  маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлүп турат. Быйылкы окуу жылында атайын ийрим жетекчилерине штат бөлүнүп, комузчулар жана бийчилер ийримдери иштей баштады. Учур талабына ылайык терроризм маселеси боюнча семинарлар жана кураторлук сааттар өткөзүлүүдө. Буюрса жаӊы жылдан баштап улуттук каада-салттарды, улуттук өнөрлөрдү жаштарга үйрөтүү максатында салтка айланган “Сармерден”, “Ыр-кесе”, “Мурас” сыяктуу тарбиялык долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Спорт – студенттердин кызыкчылыгы

Спорт боюнча студенттер маданий-массалык спорттук мелдештерге жигердүү катышып, чет өлкөлөргө барышып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болушууда. Кээ бир сыймыктуу мисалдарга токтолсок, ушул жылы эле апрель айында Бишкек шаарында жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн универсиадага «Дене-тарбия жана аны окутуунун усулу кафедрасынын» окутуучулары жана  студенттери  жигердүү катышышып, жалпы жыйынтыгында өз тайпасында биринчи орунду ээлешип, атайын кубоктор жана грамоталар, акчалай сыйлыктын сертификаты менен сыйланышып, окуу жайдын желегин желбиретишти.

Окуу жайда Б.Сабатаров, С.Аматов, Т.Кулчунов, Е.Проскуракова, Е.Исакова сыяктуу эл аралык класстагы машыктыруучулар, ондогон спорттун чеберлери эмгектенет. Алардан тарбия алган Абдумомунов  Айбек, Сулайманбек уулу Акжол, Аблашымов Алтынбек, Балан Руслан сыяктуу студенттерибиз бир нече жолку эл аралык жана өлкөбүздөгү мелдештердин чемпиону жана спорттун чеберлери болушту.

Борбордон алыс жайгашкан окуу жайдагы эл аралык байланыш

Аймактык окуу жай болсо дагы, учурдун талабына ылайык К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар боюнча ишмердүүлүгү жогорку деӊгээлде. 2015-жыл ЫМУ үчүн эл аралык ишмердүүлүк багытында жакшы жыйынтыктарды алып келди. Университеттин гранттар менен иш алып баруусу жакшы жолго коюлуп, долбоорлордун негизинде акыркы үч жылдын ичинде 200дөн ашуун студент, окутуучу чет мамлекеттерде тажрыйба алмашып, билим алууга жетишти.

Бүгүнкү күндө ТЕМПУС – жогорку билим берүүнү модернизациялоо программасы боюнча 7 эл аралык долбоор, Эрасмус мундус долбоору боюнча 2 долбоор жана Норвегиянын билим берүү агенттигинин 2 долбоору, Меvlana долбоору боюнча эки протокол, Эл аралык илимий-техникалык борбордун 1 долбоору иштеп жатат. Андан сырткары Конфуций борборун колдоо боюнча Конфуций институтунун 1 долбоору, Кыргыз-араб борборунун өнүгүүсү боюнча 1 долбоор иштейт.

2013-жылкы Темпус Улуттук офисинин координаторунун маалымдамасына ылайык, ЫМУ 1 орунда. Темпус долбоорлору токтогондугуна байланыштуу бул программанын тарыхында ЫМУ бул денгээлде кала бермекчи.

Жылдан-жылга долбоорлордун иштеп чыгаруу саны да көбөйүүдө. 2014-жылдан тартып Темпус жана Эрасмус Мундус программалары Эрасмус+ деген программага өтүүсү менен жаӊы долбоор жазуу этабы башталып, ЫМУ кайрадан долбоорлордун саны боюнча биринчи орунга чыкты.

Эл аралык долбоорлордогу дагы белгилей кетчү нерсе, жылдан-жылга мобилдүүлүк программаларынын саны өсүүдө. Мисалга алсак, ар бир окуу жылында Ерасмус Мундус программасынын алкагында ЫМУнун студенттери, профессордук-окутуучулук жана административдик курамы 1 айдан 36 айга чейин бакалавр, магистратура, докторантура жана профессордук-окутуучулук курам билим алуу, илимий изилдөө жана тажрыйба топтоп келүүгө мүмкүнчүлүк  алышууда жана ошондой эле Индия жана Кытайга да баруучулардын саны көбөйдү. Индиянын ITEC – илимий-техникалык кызматташуу программаларына 2012-2014-жылдары 40тан ашык окутуучулар квалификациясын жогорулатып келди, ал эми Кытай менен Конфуций институту менен келишимдин негизинде 25тен ашык окутуучу, студент, административдик кызматкерлер Урумчи, Пекин шаарларына жолдомо алышууда. Бүгүнкү күндө ЫМУда  Турция, Кытай, Казакстан, Россия өлкөлөрүнөн келген 19 чет элдик студенттер билим алууда. Эки же көп тараптуу байланыштардын, илимий жана билим берүү долбоорлорунун  өнүгүшү ЫМУнун эл аралык байланышында негизги баалуулук катары эсептелет. Бүгүнкү күндө К.Тыныстанов атындагы ЫМУ университеттер, институттар, илимий жана изилдөө борборлору жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуунун ар кыл формаларындагы 77 макулдашууну ишке ашырып келет. Эл аралык байланыштар боюнча алдыга өнүгүү пландары иштелип чыккан. Алардын негизгилери төмөнкүлөр: студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүк программасына катышуусун жогорулатуу. Эл аралык долбоорлорго катышуу менен тармактар боюнча маселелерди ишке ашыруу. Окуу жайдын башка ЖОЖдор менен байланышынын масштабын кеӊейтип, өнүктүрүү. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн түрдүү проектилердин тренингдерине катыштыруу, Эл аралык конференцияларды, семинарларды жана тренингдерди байма-бай өткөрүү.

Сырттан окутуу же дистанттык окутуу – учурдун талабы

Сырттан окуган студенттерге К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Yзгүлтүксүз билим берүү борбору билим берет. Yзгүлтүксүз билим берүү борбору Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунда 1967-жылы ачылган сырттан окутуу бөлүмүнүн базасында уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн бүтүрүүчүлөрдүөз уясынан учуруп келүүдө. 2011-2012-окуу жылынан баштап ЫМУнун Окумуштуулар кеӊешинин чечими менен сырттан окутуу формасы «Yзгүлтүксүз билим берүү борбору» болуп кайрадан  уюштурулган. Бүгүнкү  күндө Yзгүлтүксүз билим берүү борбору 18 адистик  боюнча жогорку  билимдүү кадрларды даярдап чыгарууда. Ошондой эле 2012-жылдан баштап дистанттык технологияларын колдонуу менен окутуу үчүн 8 адистик боюнча адистерди даярдоого лицензиялар алынган. Бүгүнкү күндөҮзгүлтүксүз билим берүү борборунда эки миӊге жакын студенттер билим алууда.

Чарбасыз өнүгүү болбойт

Университеттин борбордук корпусунун,  жатакананын, «Толкун» маданий-эстетикалык борборунун айланасы корулуп, жагымдуу жагдайлар түзүлгөндүгү байкалып турат.

Ал эми окуу жайдын жатаканасы заманбап ремонттон өтүп, бөлмөлөрдүн дээрлик баардыгында эмеректер алмаштырылган. Жатакананын окуу залы жасалгаланып, студенттердин гигиенасын кароочу шарттар жөнгө салынган. Жатаканада студенттер үчүн атайын медициналык пункт иштеп, атайын жогорку квалификациялуу врач адистер даарылоо процессин жүргүзүшөт.

Окуу жайдын 75 жылдыгына карата студенттердин ден соолугун чыӊдоо, спорттук жетишкендиктерди бышыктоо үчүн спорт ордосу курулуп ишке берилди. Ошондой эле окуу жайдын тарыхый музейи ачылып, кызыктуу экспонаттар менен толукталып жатат. Интернет-класстары менен бирге жаӊы техникалык каражаттар менен жабдылган адистештирилген аудиториялардын көбөйүшү, замандын агымына жараша иш жүрүп жаткандыгынын белгиси десек болот.  Чындыгында окуу жай бардык тармактар боюнча өсүп-өнүгүп жаткандыгы “Эшигин көрүп төрүнөөт” дегендей, ар бир имараттагы аудиториялардын өзгөчө жасалгаланышы жана тазалык менен тартиптин айкалышып тургандыгынан эле байкалып турат.

Окуу жайдын кыскача тарыхы

Ушул жылы 13-июнда окуу жайдын ачылгандыгына карата 75 жылдык маараке болду. Тарыхына токтолсок, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 1940-жылы 13-июнда Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин токтому менен эки жылдык Мугалимдер институту болуп, ошол кездеги Пржевальск шаарында ачылган. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышына байланыштуу 1941-жылы Фрунзедеги педагогикалык институт  Пржевальск шаарына көчүрүлүп, бул жердеги мугалимдер институту менен кошулган. 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры Григорий Дмитров атындагы Пржевальск мугалимдер институту болуп аталган. СССР Министрлер Советинин 1953-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен Пржевальск педагогикалык институту уюштурулган. Жаӊы статуска ээ болгон окуу жай Кыргызстан, өзгөчө Ысык-Көл жана Нарын аймактары үчүн педагог – адистерди даярдоо ишин жылдан-жылга жаӊы баскычка көтөрүп, республиканын эӊ алдыӊкы жогорку окуу жайларынын бири катары эсептелип, абройлуу институтка айланган. Ал эми 1988-1992-жылдары окуу жайда бир топ өзгөрүүлөр болгон. Тактап айтканда ошол учурда улуттук университеттин филиалынан, кайрадан институтка, андан университетке айлануу этабы жүргөн. Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетиши менен 1992-жылы 18-декабрда окуу жайыбыз Мамлекеттик университет статусун алып, ага элибиздин тунгуч профессору Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылган.

Бүтүрүүчүлөр – биздин сыймыгыбыз

«Аккан арыктан суу агат» дегендей,  өткөн кылымда биздин окуу жайдан билим алып, талбаган эмгектери менен элдик адамдарга айланган  окумуштуулар Бүбүйна Орузбаева, Жаныбек Жээнбаев, Аманбек Карыпкуловдор элибиздин сыймыктуу академиктери болушту. Социалисттик эмгектин баатыры Көкөбай Мамбеталиев, республикада биринчи жана акыркы СССРдин Эл мугалими Жамангул Үтүров, Кыргыз Эл мугалими Жибек Өзүбекова, эмгек сиӊирген мугалимдер А.Ахматов, Ш.Шүкүрбаева, А.Кангелдиев жана Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Жумагул Сааданбеков, Жанкороз Каныметов, Асылкүл Абдурехменова, Тилектеш Ишемкулов, Токон Мамытов, Жолболду Осмоналиев, Акылбек Жаныбеков, Талант Үсөнов сыяктуу көптөгөн бүтүрүүчүлөрү менен окуу жайдын жамааты сыймыктанышат. Буюрса кийинки муундун өкүлдөрүнөн эле экономика министри болуп иштеп жаткан Олег Панкратов сыяктуу өкмөттө иштеген көптөгөн бүтүрүүчүлөрү да бар. Ал эми жаш кезинен илимдин доктору болгон Назира Дүйшеева, Аида Абдыкеримова, илимдин кандидаттары болушкан Дөөлөт Аканов, Жолдош Токтакунов, Аман Такырбашев, Кубат Исабеков, Назгүл Мазекова, Келдибек Койлубаев сыяктуу ондогон илимпоз бүтүрүүчүлөрү илим үстүндөүзүрлүү эмгектенишүүдө.

Бүтүрүүчүлөр жумуш менен камсыздалат

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу маселеси туура жолго коюлган. Тактап айтсак, 2008-жылдан бери бул багытта пландаштырылган иштер жүрүп жатат. Бүтүрүүчүлөрдү алдын ала ишке орноштуруу камын көрүү азыркы учурдагы окуу жайлардын негизги милдети болуп турат. Бул багытта көптөгөн долбоорлор менен иштөөнүн натыйжасында окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 53, 5 % жылда иш менен камсыз болууда. Жылына аталган көрсөткүч өсүп-өнүгүп жатат. Акыркы жылдары Республикабыздагы банктар, “Кумтөр” компаниясы, “Мегаком” уюлдук компаниясы менен атайын келишимдер түзүлүп, жөндөмдүү студенттер кесиптик практикаларын өткөзүү менен бирге жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*