КОРРУПЦИЯСЫЗ ӨНҮККӨН УНИВЕРСИТЕТ

DSC_5206Быйыл Кыргыз-Түрк “Манас” университети 20 жылдык  мааракесин белгиледи. Эки өлкө  биргелешип   ачкан  бул  университет – Кыргызстандын   соӊку жаӊы тарыхындагы  жемиштүү, келечектүү   инвестициялардын  бири болду. Бул университетке     жумшалып   жаткан   сексен алты миллион  АКШ долларынын ар бир центине чейин орундуу, сарамжалдуу  колдонулуп жатканы,  анда  20 жыл ичинде  жүргүзүлгөн иштердин   натыйжасынан  айкын  көрүнөт.

Кезинде Манас  көчөсүндөгү  эки кабат  имаратты  ижарага  алып  алгач  кадам таштаган  университет  бүгүн Кыргызстан эмес,  Борбор Азиядагы  теӊдеши  жок,  заманбап  университет  шаарчасына   ээ болуп, ургаалдуу өнүгүп жаткан цивилизациянын  очогуна айланып отурат.  Андагы  заӊгыраган  окуу имараттары,  жаӊы технологиялар менен  жабдылган, мизилдеген аудиториялар,  конференция залдары, компьютердик класстар, лабораториялар, китепканалар  студенттердин тереӊ билим алуусуна кызмат кылат. Китепканасы ичинде  бардык шарттары  бар 1368  орундуу  студенттик  жатакана,  керектүү медициналык  аппараттар  менен  толук жабдылган  ден соолук борбору  студенттердин кызматында.

Кесиптик  жана илимий  багыттарына  ылайык    экономика жана  башкаруу,  табигый   билимдер, ветеринария,  айыл чарба, инженердик факультеттеринде, кесиптик  жогорку  мектептерде студенттердин алган теориялык  билимдерин практика жүзүндө бекемдей турган 38 лаборатория, теле студия  ишке берилген. Акыркы  жылдары кескин көбөйгөн  университеттин  эл аралык  байланыштарынын  негизинде  142   илим, билим берүү  тармагындагы   кызматташуу   жаатында  дүйнөнүн көптөгөн   мартабалуу университеттери менен   келишимдер түзүлгөн. Табигый илимдер, так илимдер  жана гуманитардык    илим багыттары  боюнча  акыркы 5 жылда   29  илимий  долбоордун  үстүндө  жигердүү   изилдөөлөр  жүргүзүлүп жатат.

2012-2015-жылдар аралыгында  профессордук-окутуучулар  курамы илимий-изилдөө  максатында   757 жолу  иш сапары менен  өлкө  ичине, жакынкы  жана алыскы  чет өлкөлөргө   иш сапарына  чыгып келишкен. 2013-2014 жана 2014-2015-окуу жылында  200гө  жакын    студент чет өлкөлөргө барып   практикадан  өтүп  келишкен.

Окуу процесси   демекчи,  КТМУ   Борбор Азияда  биринчилерден болуп  Болон  процессинин  системасында   иш жүргүзгөн  университет. Ачылган  күндөн тартып  эле  бул  система  университетте   үзүрлүү иштеп жатат. Профессордук-окутуучулук жамаатынын  эмгегин  баалоо боюнча эл аралык стандарттарга ылайык  рейтингдик  система киргизилген. Бул Кыргызстанда биринчи жолу болуп отурат.

Кыргызстандын ЖОЖдорунда коррупция күчөп кетти деп, бул коомдук-социалдык «илдет» менен кызуу күрөшүп жатышат, бирок майнап жок. Ал эми Манас университетинде коррупция жок. Академиялык  тазалык – университеттин  сыймыктуу  визиткасы десек болот. Лекцияга, семинардык сабактарга  келбей   модуль  тапшыруу   же  сессияга  келбей  экзамен,  зачеттордон  баа алуу  КТМУнун  студенттеринин  түшүнө да кирбейт. Алар  үчүн  жатаканада   болсун, китепканада болсун, лабораторияда болсун окуу  программасын   өздөштүрүү көнүмүшкө айланган, жанталашып окушат,  күнү-түнү  китептен,  ноутбуктан баш көтөрүшпөйт. Мектеп  окуучусундай  китеп, ноутбук салынган ранц көтөрүп жүрүү алар үчүн  эрөөн-төрөөн  эмес. Чындыгында  эле Манас университетине  барганда билимге умтулган, изденген, көздөрү жанган, тирикарак жаштарды  көрүп,  студенттердин  профессордук-окутуучуларга   карата  сый  мамилесин көрүп    ыраазы болбой койбойсуӊ. Талас, Нарын, Баткен өӊдүү провинциалдык университеттерди эске албаганда дээрлик бардык ЖОЖдордо табигый так  илимдер, техника, медицина тармагындагы сабактар орус тилинде өтүлүп келет, ал эми Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде сабактар кыргыз, түрк тилдеринде өтүлөт. Бардык илим тармактары боюнча изилдөөлөр кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Демек,  мамлекеттик  тил бул университетте жолго коюлган десек болот.

Илимий изилдөөлөр  боюнча  ири долбоорлордун,  программалардын    жүргүзүлүп жатышынын   натыйжасы  жөнүндө университеттин  ректору математика   илимдеринин доктору, профессор   Себахаттин    Балжы: – Биз  баарынан мурда  илимий-изилдөөлөрдү  күчөттүк. Билим берүү менен  илим  айкалышуусу зарыл. Эл аралык мартабалуу  илимий  журналдарга  изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы   боюнча  эмгектерин жарыялаган     жаш  окумуштуулардын  катары көбөйдү.  Бул биздин университетте  окуу процесси  менен  илимий-изилдөө иштери  айкалышып жүргүзүлүп  жатканын далилдейт, – деди.

  Ырасында эле математика  илимдеринин   доктору, профессор  Себахаттин  Балжы  университетти   жетектеген акыркы  беш  жылда билим жаатында  алдыга   секирик жасоонун  жылдары  болгон. Өзүнүн олуттуу  илимий эмгектери  менен  алыс-жакынга кеӊири  таанымал болуп,  математика илиминде  мартабалуу  абройго  ээ болгон  профессор  С.Балжы келгенден тартып  университеттин  илимий потенциалын  бекемдеп,  илимий долбоорлорго   өзгөчө  көӊүл бөлүп, алардын жүзөгө ашуусун   шарттаган. Натыйжада  эл аралык  мартабалуу   илимий  журналдарга SSCI, AHCI жана SCI-exp-де КТМУнун  шилтемеси   берилген макалалар  кескин көбөйгөн. Мисалы,  2010-жылы  болгону 3 макала  болсо, 2014-жылы  алардын саны  114кө жеткен. Профессор  С.Балжынын  жетекчилиги астында  Кыргыз-Түрк “Манас” университети   болуп көрбөгөндөй   ийгиликтерди жаратуу менен  илимий-изилдөөлөрдүн  борборуна   айланып  отурат  десек болот. КТМУ адистерди сапаттуу  даярдоонун,  академиялык тазалыктын,  алдыӊкы билим технологияларын жайылтуунун,  илимий долбоорду уюштуруунун  үлгүлүү  модели болуп калды. Атактуу Анкара университетинде  өсүп жетилип, илимдин доктору болуп, профессор наамына  жетип, Түркиянын ЖОЖдорунда башкаруу кызматтарда жүрүп көп тажрыйба топтогон С.Балжы  КТМУну Борбор  Азиядагы эле эмес,  КМШдагы  мартабалуу университеттердин катарына кошуу үчүн бел чечпей  иштеп, изденип жаткан кези.

Кезинде И.Арабаев атындагы университеттин  жана Ж.Баласагын атындагы      КУУнун ректору болгон, академик А.Бөрүбаев кесиптеши жөнүндө мындай деди:

– Себахаттин Балжыны топология боюнча эл аралык  кадыр-баркы бар адис катары да билчүмүн,  ал азыр өзү жетектеген университеттин масштабында реформаларды натыйжалуу  жүргүзүп жатат. Университет билим берүүнүн сапаты, илимий-изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча  Борбор Азиядагы эӊ мыкты университеттердин катарында турат.

 Кыргыз-Түрк  «Манас» университети  өзүндө эле чоӊ илимий форумдарды, симпозиумдарды  уюштурбастан, Кыргызстан тарабынан  уюштурулган иш-чараларга  жигердүү  катышып келатат. Мисалы,          2014-жылы Түрк дүйнөсүнүн  математиктеринин  эл аралык конгрессине  дүйнөнүн 18  мамлекетинен  окумуштуулар катышкан, ал эми 2015-жылы өткөн 8 мамлекеттин математиктери  катышып,  Ысык-Көл  Эл аралык форумун  өткөрүүгө да өзүнүн чоӊ  салымын кошкон.

Университет акыркы  жылдары заманбап  билим технологиясы  менен  жабдылган  окуу имараттарын  куруп ишке киргизилиши,   материалдык-технологиялык  базасынын чыӊдалып жатышы ректор Себахаттин Балжы окуу процессин, илимий-изилдөө иштерин жакшы жолго койгон  мыкты  администратор –башкаруучу эле эмес, мыкты  менеджер  экенин да  көрсөттү.

Эмесе  Кыргызстандын келечеги  үчүн  мыкты  адистерди   даярдап  жаткан  университетке ийгилик     каалайбыз!

Аскар Медетов,

филология илимдеринин кандидаты

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*