БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМДИН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаӊы түзүмүнүн бекитилгендигине байланыштуу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин, функцияларын бөлүштүрүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы №768 токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги өткөрүлдү.

Ушул кесипти тандаганыма өкүнбөйм

 17 жаштагы Майрамбек Рашов Бишкек шаарындагы №5 кесиптик билим берүүчү лицейдин 2-курсунун студенти. Эмерек жасоо боюнча адистикте окуп жаткан Майрамбек быйылкы өндүрүштүк практикада өзү тандаган кесибинин купуя сырларын үйрөнүп гана тим болбой, кем-карчын толуктаганга каражат тапканына өзгөчө кубанычта.

Майрамбек Ысык-Көл районунан келген. 9-классты аяктаганда жогорку окуу жайда окууну кыялданган өзү курдуу балдардан айырмаланып, башталгыч кесиптик-техникалык билим берүүчү орто окуу жайында окуп калды. Буга анын ата-энеси түрткү болду.

– Чынымды айтсам, №5 кесиптик-техникалык лицейге ата-энемдин айтканы менен келгем. Адегенде анчалык көӊүлдөнгөн эмесмин. Качан гана өндүрүштүк практикага чыгып, өз колум менен буюмдарды жасай баштаганда кызыга баштадым. Практикадан тышкары өз алдымча иштеп, бир жолу 15 миӊ, дагы бир жолу 30 миӊдей акча таптым, – дейт Майрамбек сүйүнгөнүн жашырбай.

Майрамбектин курбалдашы Таалайбек уулу Бекболсун да практикалык тажрыйба учурунда гана ушул кесип өзүнүкү экендигин сезди. Айрыкча, жай мезгилинде өз алдынча иштеп акча таба баштаганда өзү тандаган кесип эӊ керектүү экендигин, кандай шартта болбосун жумушсуз калбай турганын билди. Тапкан акчасын өзүнө жумшап, ата-энесин да унуткан жок. Ал лицейдин диплому менен эле чектелбей, окуусун жогорку окуу жайдан улантууну кыялданат.

Кайра куруу жылдарына чейин башталгыч кесиптик-техникалык окуу жайлар эл арасында кеӊири суроо-талапка ээ болбой келген. Анда негизинен мектепте начар окуган же жогорку окуу жайга өтпөй калган балдар окушкандыктан, жаштар арасында популярдуулугу жок эле. Кийинки мезгилде жождорду аяктаган улан-кыздар адистиги боюнча иш таппай, кайра эле кара жумуштарда иштеп каражат табуунун аргасында жүрүшкөнүн көргөн көпчүлүк ата-энелердин көз караштары өзгөрүп калгандай. Анын үстүнө жождун диплому менен деле каалагандай каражатка ээ болуу азыркы шартта мүмкүн эместигин көрүп жатпайбызбы.

Азыркы учурда бизде 150дөн ашык кесиптик-техникалык орто билимге окуткан 101 окуу жайы бар. Алар борбор шаарыбыздан тышкары Чүй, Нарын, Талас, Ош сыяктуу бүт региондордо жайгашкан.

Жогорудагы Майрамбек, Бекболсун сыяктуу уландар окуп жаткан №5 кесиптик-техникалык лицей куруучулук кесипке окуткан борбор калаабыздагы эки орто окуу жайдын бирөөсү болуп эсептелет. Лицейдин өндүрүш башчысы Айнура Малашеванын айтымында, бул окуу жайда учурда эӊ керектүү жана өтүмдүү болуп жаткан  эмерек жасоочу, куруучу, ширетүүчү сыяктуу адистиктерди даярдап чыгарышат.

– Бул лицейде иштегениме беш жылдан ашты. Бизге 9-классты жана 11-классты аяктаган уландар келишет. Жыл сайын кабыл алуу нормасы толбой калбайт. Айрыкча, ширетүүчү кесибине каалоочулар көп болот, бирок бизде бир эле тайпа бар, андыктан каалоочулардын баарын кабыл ала албайбыз. Ушул муктаждыктарды эске алып, жакынкы келечекте дагы бир тайпа ачууну пландап жатабыз. Тилекке каршы, анын баары эле каражатка такалууда, – дейт А.Малашева.

Жарым кылымга чукул тарыхы бар лицейдин директору Айдаралы Айтмырзаев ушул окуу жайда иштегенине 35 жыл болду. Өзү ушул жерден билим алган. Мастерликтен директорлук кызматка жеткен эмгек жолунда байкаганы, бул кесипке  ээ болгон балдар эч качан жумуш издеп убара болушпайт.

– Биздин окуу жайды жыл сайын 500-600 бала аяктайт. Бирок бизден билим алган балдарга суроо-талап чоӊ болгондуктан, дээрлик баары окуусун аяктаганга чейин эле жумуш менен камсыз болушат. Буга биринчи кезекте келишим түрүндөөндүрүштүк практика учурунда барып иштеген мекеме-ишканалар жардам берет. Мындан тышкары негизги кесиптерден тышкары сантехник, электрик, каменщик сыяктуу кыска мөөнөттүү курстар бар. Анда жогорку билимдүү, бирок шартына байланыштуу квалификациясын өзгөрткүсү келген адамдар адистикке ээ болушат, – дейт директор.

Кесиптик билим берүүнүн кечээкиси

 Башталгыч кесиптик билим берүүнүн башаты өткөн кылымга, тагыраак айтканда, 1920-жылдарга такалат. Совет бийлигинин ошол алгачкы жылдары кабыл алынган декреттин негизинде 18 жаштан 40 жашка чейинки бардык жумушчулар сөзсүз түрдө башталгыч кесиптик-техникалык окуудан өтүүгө милдеттендирилген. Кыргызстанда төрт жумадан сегиз айга чейин окуткан ошондой алгачкы курстар адегенде “Кызыл-Кыя” жана “Сүлүктү” ташкөмүр руднигинде уюштурулган эле.

Кыргызстанда расмий түрдө 1942-жыл – башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү уюшулган жыл катары эсептелип келет.

Совет мезгилинде кесиптик билим берүүчү орто окуу жайларынын саны жыл сайын өсүп, борборлордо эле эмес, республикабыздын туш тарабындагы айылдарына жайылган.

Ошентип, убагында гүлдөп-өнгөн КТБ мезгили совет доору менен бирге өткөн чакка айланып, андан бери бир да жаӊы окуу жайлары ачылган эмес. Расмий билдирүүлөр боюнча 90-жылдардын башында кесиптик-билим берүү системасында 122 КТУ иштеп, анда 230 кесип боюнча 60 миӊден ашуун улан-кыз билим алган.

Кесиптик билим берүүнүн келечеги

 Акыркы 20 жылда башка тармактар сыяктуу эле КТБ чоӊөзгөрүүлөргө дуушар болду. Алсак, 1988-жылга чейин кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик комитет, 1988-1991-жж. – Элге билим берүү министрлигинин курамындагы кесиптик-техникалык билим берүүнүн окуу-методикалык башкармалыгы, 1991-1994-жж. – Жумушчу кадрларды жана ишкерлерди даярдоо боюнча мамлекеттик комитет, ал эми 1994-жылы Кесиптик-техникалык билим берүүнүн башкы башкармалыгы деп аталса, 2001-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы баштапкы кесиптик билим берүү боюнча башкармалыгы деген статуска ээ болгон.

КР Президентинин Указы менен 2009-жылы КРнын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги болуп түзүлгөн. Билим берүү системасынын бир бөлүгү болгон КТБнын негизги максаты – эмгек рыногунун талабына шайкеш квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп эсептелет.

Азыркы күндө КТБ системасында 101 окуу жайы (анын ичинде Токмок индустриалдык-педагогикалык колледж), Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы 6 кесиптик окуу жайы жана өндүрүштүк окутуу мастерлерин даярдаган бир колледж бар. Жыл сайын бюджеттик негизде орто эсеп менен алганда 80-90 жакын түрдүү кесиптер боюнча  жумушчу кадрлар даярдалат.

Статистикалык маалыматтар боюнча 2012-жылдын башында окуучулардын саны 32 миӊди түзгөн. Курулуш, айыл чарба, жеӊил өнөр жайы, тамак-аш, тейлөө ж.б. кесиптерге ээ болгон улан-кыздардын 90 пайызга жакыны иш менен камсыз болот. Көбү жогорку окуу жайларында окууларын улантышат.

Ушунча жылдар аралыгында улам бир министрликтин алдында түзүлүп келген КТБ чындыгында Билим берүү жана илим министрлигине кошулса көп утушка ээ болмок деген пикирде болгондор арбын. Алардын бири КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин кадрлар боюнча адиси Алсеит Жусумамбетовдун пикиринче, кесиптик билим берүү системасы билим берүү деп аты айтып тургандай, максаты, багыты бир система болгон соӊ, Билим берүү жана илим министрлигине кошулуп, бирдиктүү болгону туура. Анын айтымында, ошондо окуу китептери менен камсыздоо жагы да, окуу процессинин мазмуну да жакшырмак.

– Кесиптик-техникалык билим берүүчү орто окуу жайларына суроо-талап акыркы жылдары өсүп жатканы байкалууда. Өзгөчө курулуш, жеӊил өнөр жай, айыл чарба, тейлөө кызматтары, тамак-аш, энергетика тармактары боюнча биз даярдаган улан-кыздар өтүмдүү. Мындан тышкары биздин окуу жайларда жумушу жок жүргөн адамдарды даярдоо жана кайра даярдоо багытында жакшы иштер аткарылып жатат.

Биздин орто окуу жайларда окутуунун артыкчылыгы – бардык катмарларга жеткиликтүү. Башкача айтканда, кыска мөөнөттө заманбап бекер билим ала алышат. Каалагандар окууларын андан ары жогорку окуу жайларда улантса болот. Эӊ негизгиси – ишсиз калышпайт, – дейт Алсеит Жусумамбетов.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*