КӨЧӨ КЫДЫРГАН ЛӨЛҮЛӨР ДА БИЛИМ АЛУУНУ КААЛАШАТ

Лөлү улутундагы Абдувалиевдердин үй-бүлөсүндө он бир бала бар. Алардын экөө кенже куракта болсо, калган тогузу мектеп жашында. Бул балдардын алды 12-13 жашка келип калса дагы, тилекке каршы, жашоо-шарттын айынан бир да жолу мектеп босогосун атташкан эмес. Жакында эле айыл өкмөтүнүн, социалдык педагогдун жана айылдык мектептин директорунун кийлигишүүсү менен бул үй-бүлөдөгү жети бала Аравандагы жатак-мектепке жайгаштырылды. Учурда дагы эки баланы мектепке жайгаштыруу аракети көрүлүүдө.

Жалпы он үч кишиден турган Абдувалиевдердин үй-бүлөсүндөүч атанын балдары жашайт. Алар кичинекей тар бөлмөдө эптеп күн өткөрүшөт. Биз бул үй-бүлөдөн кабар алуу үчүн атайын барганыбызда эки кенже курактагы бала жана мектеп курагындагы дагы  эки бала караӊгы, терезелеринин айнектери сынган үйдө, мештин жанында жылынып отурушуптур. Алардын атасын чакыртканыбызда, балдарын мектепке окутмак түгүл күнүмдүк жашоого эптеп каражат таап, балдарынын кара курсагын араӊ тойгузуп жаткандыгын айтты.

— Биз бир үйдөүч бир тууган жашайбыз. Бирибиздин аялыбыз жок, бирибиздин күйөөбүз жок, эптеп 11 баланы багып жатабыз. Биз буларды окутмак тургай күнүмдүк наныбызды араӊ таап жейбиз. Жети балабызды жатак мектепке орноштуруп берген айыл өкмөтүнө, мектептин директоруна ыраазыбыз. Бирок үч балабызды ал мектептен алып кеткиле, такыр сабак окубай жатышат дешти. Эми эмне кылабыз билбейбиз, — дейт үйдүн кожоюну.

Бул үй-бүлө Ош шаарынан анчалык алыс эмес Кара-Суу районуна караштуу Жаӊы турмуш айылында жашайт. Бул айылда жалаӊ лөлүлөр отурукташкан. Учурда үч жүздөн ашуун түтүн бар. Алардын билим алууну каалаган балдары айылдагы М.Турсунзада атындагы мектепке барып окушат.  Ал жакта азыр лөлү улутундагы 566 окуучу билим алат.

— Бул балдарды мектепке алып келгиле деп канча жолу айтып, канча жолу өзүбүз аракет кылдык. Бирок такыр майнап чыкпаганынан  айыл өкмөткө кайрылып, акча бөлдүрүп, балдарды ич кийиминен бери жаӊыртып туруп жакында эле жетөөнү Араванга алып барып меткепке жайгаштырып келгенбиз. Жетөөнүн теӊ документтери жок. Эми минтип Өзбекстанга   турмушка чыккан эжеси күйөөдөн чыгып келип алыптыр. Эми анын балдарын мектепке киргизишибиз керек. Берки алып кеткиле деп жаткан балдардан дагы кабар алабыз. Буга чейин бизге булар балдарды алып кеткиле деп жатат деп айтышкан эмес, — дейт айылдын мектеп директору Абдуллаева Гүлчехра.

Балдарды мектепке тартуу үчүн мугалимдер ар бир үйдү кыдырышат

Мектеп директорунун айтымында, бул айылда Абдувалиевдердин үй-бүлөсүнө окшогондор абдан көп. Алардын көбүнүн документтери жок. Бирок айыл мектеби балдарды документи жок деп албай койбойт. Тескерисинче, ар бир баланын билим алуусуна шарт түзүүгө аракет кылышып, ар бир үйдү кыдырып, балдарды мектепке өздөрү алып келишет.

— Биздин мектеп мурда Тажиматов атындагы орто мектептин филиалы болчу. Анда деле лөлү улутундагы окуучулар окуган. 1989-жылы төрт бөлмөлүү М.Турсунзада башталгыч мектеби болуп уюшулган. 1999-жылдан баштап экинчи корпус курулуп, тогуз жылдык мектеп болуп калган. Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Ал кезде окуучу өтө аз эле. Үймө-үй кыдырып, ар бир баланы каттоого алып, ата-энелерине түшүндүрүп жатып араӊ алып келчүбүз. Көп окуучулардын документтери жок. Аларды документи жок болсо дагы алабыз. Себеби документи жок деп албай койсок, анда айылдын 50% ашык баласы окубай калат. Азыр 566 окуучунун 156сында документ жок. Мурда  256 окуучунун документи жок болчу. Айыл өкмөттүн, соцкызматкердин   жардамы менен 150 жакын балага документ алып бердик, — дейт мектеп жетекчиси.

Гүлчехра Режавалиевнанын айтымында, мурункуга салыштырмалуу  билим алууну каалаган балдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Учурда 184 орундуу мектепте 566 окуучу окуйт. Ал тургай балдар мектепке батпай калгандыктан, алтынчы жана тогузунчу класстын 117 окуучусу Мырзажанов атындагы орто мектепте окушат.

— Азыр лөлүлөрдүн аӊ сезими өсүп, балдарынын билим алышына кызыкдар боло башташты.  Мурда 1-класска балдарыӊарды алып келгиле деп ар бир үйдү кыдырып чыкчубуз. Азыр болсо өздөрү алып келип калышты. Бирок ошентсе дагы арасында мектебиӊдин кереги жок дегендер дагы эле бар. Андай ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, конференцияларды өткөрүп жатабыз. Мен өзүм дагы үймө-үй кыдырып, ар бир ата-эне менен өзүнчө сүйлөшүп, көндүргөнгө аракет кылам, — дейт лөлү улутундагы тарых сабагынын мугалими Төлөн Кадыров.

14 жашында мектеп босогосун аттагандар бар

 12 жаштагы Бекзат Козуев учурда 2-класста окуйт. Ал ата-энеси менен кыдырып кетип, анча-мынча акча таап жүрүп окубай калган.

Учурда Бекзатка окшоп өзүнөн кичүү балдар менен окугандар абдан көп. Себеби  лөлүлөрдүн көпчүлүгү көчүп жүргөндүктөн, туруктуу жашаган жери жок мектепке барбай калышат. Ал тургай 1-класска 14, 15 жашында барган балдар да бар.

— Балдар канча жашында келсе дагы, биз мектепке алганга милдеттүүбүз. Анткени ар бир бала билим алууга укуктуу. Азыр 2-класста 14 жашар бир окуучу бар. Андай балдарды биз катуу көзөмөлгө алабыз. Себеби бала чоӊоюп калгандан кийин кабыл алуусу начарлап калат. Ошондуктан ал балага көбүрөк көӊүл бурабыз. Алар 9-класска барганда 21, 22 жашка чыгып калышат, — дейт Г.Абдуллаева. — Кээ бир ата-энелер бир жума, бир ай кыдырмайга кетип калышат. Ата-энеси жок болсо балдардын кылары белгилүү да. Андай учурларда мугалимдер эртеӊ менен эрте үйлөрдү кыдырып, балдарды ойготуп, мектепке чакырып чыгышат. Бирок мындан он жыл мурда биз бардык балдарды өзүбүз чакырып чыкчу элек. Азыр болсо 20% баланы чакырып чыгабыз. Ата-энелерине кошулуп кыдырып кеткендер да бар. Бирок мурункуга караганда азайды. Себеби ата-энелерде дагы, балдарда дагы окуш керек экен, билим алыш керек экен деген түшүнүк пайда боло баштады. Мурда аябай кыйналчубуз. Үч жыл мурун 1-класска бир эле класс ачылса, быйыл жети класс ачтык.

Жаӊы турмуш айылында мындан башка дагы бир катар чечилбей жаткан проблемалар бар. Алар көпчүлүк учурда  көчүп-конуп жүргөндүктөн ооруканаларга көрүнө алышпайт. Кайсы ооруканага барышпасын бири-бирине түртө салгандыктан, өздөрү деле догдурга кайрылышпайт.

—     Облустук ооруканага барышса районго, райондук ооруканага барса шаардыкына баргыла деп эч бири кабыл албайт. Кош бойлуу аялдар көбүнчөүйлөрүнөн эле төрөп коюшат. Балдары ооруса өздөрү билгендей эле дарылай беришет. Андыктан бизде өлүмдүн саны абдан көп, — дейт айылдаштарынын жашоо-шартына жаны ачыган Төлөн Кадыров.

Ал тургай бир канча жылдан бери жергиликтүү бийликке кайрылып, айылды аралап өткөн суу каналынын ичин тазалата албай келишет. Ал арыкка болгон акыр-чикир чогулгандыктан, балдардын ден соолугуна залалын тийгизип, жаш балдардын көбү ич келте оорусуна кабылышып, өлүмгө дуушар болушат.

Лөлүлөрдүн Дүйшөнү

 Төлөн Кадыровду айылдаштары “Лөлүлөрдүн Дүйшөнү” деп аташат. Ал лөлү улутунан чыккан биринчи мугалим.  Төлөн Кадыров алгач Ош педагогикалык колледжин аяктап, андан кийин ОГПИнин тарых факультетин бүтүргөн.  1997-жылдан бери ушул мектепте иштейт.

— Мындан бир канча жыл мурун 1-жолу мен мугалим болуп келсем, азыр алты лөлү мугалим бар. Учурда дагы 12 бала жогорку окуу жайында окуп жатышат. өзүмдүн  Медициналык колледжди бүткөн тууганымды мектепке мугалим болуп иште деп көндүрдүм, учурда мугалим болуп иштеп,  химия, биология факультетинде дагы окуп жатат, —  дейт Т.Кадыров.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*