«МАНАС» ЛИЦЕЙИНДЕГИ ЗАМАНБАП БИЛИМ

Кыргызстандын Эл мугалими Жаныш Жанузаков жетектеген лицейдеги мээнеткеч агартуучулар жана жетишкендиктер

(Башталышы №47 (2015-жыл) санында)

Эртеӊ менен саат сегизге жакын калганда окуучулар күнүгө алгач гимнди ырдашып, андан соӊ кадимки Кара жоргону бийлешет экен. Жогорку класстын окуучулары ылдыйкы класстын окуучуларын шефке алып, үй тапшырмасын бирге аткарышат. Бул кайсы бир деӊгээлде жогоркуларына мурда билгенин кайталоо болсо, кийинкилерине кошумча түшүнүк бергенге шарт түзөт. Чоӊу кичинесине үстөмдүк кылмайды ушинтип жоготушуптур. Мында интернатка 8-класстан тартып жалпы облус боюнча тандалма окуучулар гана кабыл алынгандыктан мыкты окуучулар көп. Андан тышкары жергиликтүү айылдын балдары да окушат. Жалпысынан 980 окуучу, 65 мугалим бар.

Мен чейрек чыгып жатканда барыптырмын. Класстарга кирсем экиден-үчтөн ата-энелер олтурушат. Сурасам: — Балдарыбыздын семестринин жыйынтыгын чогуу чыгарганы келдик, — дешти. Мугалим окуучуну ата-энесинин көзүнчө сурап, баа коет. Албетте, бул жерде окуучунун билимин мугалим баалайт, ага ата-эне кийлигише албайт. Бирок баласы кандай билим алып жатканын өз көздөрү менен көрүшөт. Ата-энелердин чогулушу мектепке канчадан акча чогултуш керек деген маселе менен эмес, тарбия, билим багытында гана болорун Ф.Орозалиева, Н.Бейшекеева, Р.Осмоналиева сыяктуу ата-энелер ырасташты.

– Эми биз бул жакка балдарыбыз мыкты билим алсын деп берип жатабыз. Өзүбүздүн айылдагы мектеп деле жакшы, бирок бул жактын шарты бизге туура келет, — деп жаап-жашырбай ачык айтышты башка айылдардан келген ата-энелер. Окуучулардан сурасам, бул лицейге келип окуп жатышканына сыймыктанышкандай, көӊүлдөрү куунак болуп, тартынбай  жооп берип жатышты.  Балким, мектеп физика-математика багытында окутулуп, бул сабактар тереӊдетилип үйрөтүлгөнүнөн улам болсо керек дедим. Айылда деле ата-энелер мектепти тандап калышыптыр.

— Ата-энелер менен тил табышпаган мугалимдин иши жылбайт. Ата-эненин ою мугалимге түз болгондо гана кадыр-барк, ишеним жогорулайт. Биз муну биринчи планга койдук. Лицей ушул мектепке биригип жатканда  ата-энелер менен байланыш жакшы эмес экен. Баарын чогултсам, баягы бир кезде мен окуткан балдарым келип жатышпайбы. Убакыт өтүп, көрсөөздөрү ата-энеге айланып калышыптыр. «Ачык сүйлөшүп алалы, балаӊар жакшы билим, тарбия алышы үчүн чогуу аракет кылалы», — деп максаттарымды айттым. «Иши кылып “Манас” лицейин Ак-Сайга көчүрүп келсеӊиз баарына макулбуз», — дешти. Ошентип, башында сүйлөшкөндөй ата-энелер менен байланыш бекем. Алар кошумча сабактардан тышкары бий, шахмат, спорт сыяктуу кружокторун ачууну суранышты. Биз ошолордун өтүнүчүн аткарып, ишеничин актайлы деп тынбай иштеп жатабыз, — дейт Жаныш агай.

Мисалы, комузчулардын кружогун айтылуу Шекербек           Шеркуловдун небереси Намазбек Шеркулов келип өтүп турат экен. Атайын бий залы, комузчулардын залы эки башка жерде жайгашыптыр. Ийиле бийлеп жаткан кыздарды көрүп кубандым.

— Эртеби-кечпи жакшы ишти адамдын көзү көрөт, — деди Эл мугалими Жанузак агай сөзүн кошумчалай. — Мугалимдерим ата-энелерден, коомчулуктан мактоо угуп жатышат. Мунун баары жалпы коллективдин иши. Мен мугалимдериме абдан ыраазымын. Алар менин идеяларымды турмушка ашырууда, — деди агай.

Биригүү демекчи, Ак-Сай айылындагы Ш.Жумагулов атындагы  орто мектепке аталган лицей КРнын Өкмөтүнүн жана Билим берүү жана илим министрлигинин токтомунун негизинде 2010-жылы кошулуп, Ш.Жумагулов атындагы “Манас” интернат-лицейи болуп аталган.

Мектепке жеке жумушу менен кире калган Айыл өкмөтүнүн башчысы Козубек Айталиев бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди:

— “Манас” лицейин жалпы эл бул мектепке чакырып туруп алды. Себеби, мектеп начар абалга жетип калган. Мындайча айтканда каралбай калган. Ошол Апрель революциясынан кийин элдин өтүнүчү менен лицей бул жакка көчүп кирди. Айыл өкмөтү да мектептин жакшырышына кол кабыш кылып жатат. Өзүӊүз көрүп тургандай, мектеп азыр облуста эле эмес, жалпы республикада алдыӊкы мектепке айланып олтурат.

Айылдык кеӊештин депутаты Жаныбек Бейшенов да Апрель революциясына чейин бул мектептин айнектери сынып, чаӊы сапырылып калганын айтып, Ж.Жанузаковдун жетекчилиги, аракети менен эӊ сонун мектепке айланганына токтолду.

— Мурда бул мектепти бирөөгө көрсөткөндөн уялсак, эми келген меймандарга биринчи ушул мектебибизди мактанып көрсөтчү болдук, — деди айылдык депутат.

  Лицейде 80 пайызга жакыны жаш мугалимдер экен. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып турат. Жаӊы технология бул жерде жаӊылык деле эмес экен. Төрт интерактивдүү доска, эки компьютердик класс иштеп жатат. Республикалык “Жылдын мыкты инновациялык мектеби” сынагында 3-орунду ээлешкен. “100 инновациялык мектеп” долбоорунда да жеӊүүчү аталышып, мектепти жаӊы технологиялар менен жабдышкан. Ар бир мугалимдин колунда ноутбук бар. Мугалим ноутбукту коюп алып, сабагын интернет менен айкалыштырып, билимди заманбап багытта тереӊдетип берет. Интернет байланышы мектепте ар дайым камсыз кылынган. “Алиппе ТВ” менен да кошумча тажрыйба алышат. Г.Чегебаева, А.Абдыракманова аттуу мугалимдер республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунда алдыӊкы орундарга жетишкен. Мугалимдер менин алдыма бир том боло турган усулдук материалдарын ташташып, бул материалдарды “Кутбилимге”, «Кутбилим-Сабакка” жарыялап берүүсүн өтүнүштү. Жалаӊ чыгармачылык менен жигердүү иштеп жаткан мугалимдердин жүздөгөн методикалык иштелмелерин  эми биз карап чыгуубуз парз.

Лицей ачылгандан бери циклдык жана блоктоштурулган окуу программасынын негизинде интеграция жана интерактивдүү усулдарын колдонуу менен физика, математика сабактарын тереӊдетип окутуп, кесипке баштапкы багыт берүү проблемасынын үстүндө иштеп келе жатат. Окутуу беш циклга бөлүнгөн:          1. Даярдоо циклында жылдык окуу программасы менен таанышат; 2. Теориялык циклда теориялык билимдин негизи берилет; 3. Практикалык циклда лабораториялык, практикалык иштер өткөрүлөт; 4. Чыгармачылык циклда окуучу өз алдынча изденет; 5. Калыптандыруу циклында өтүлгөн материалдарды кайталоо болот. Блоктоштурулган окуу программасында билимдин эӊ негизги маӊызы башка негиздер менен системалуу байланышта ачылып, бир нече теманын теориялык негизин топтоштуруп бир тема катары өтүп, практикалык көнүгүүлөргө көбүрөөк убакытты утуп алууга болот дешти. Мында интеграция да башкы рычаг боло алат. Интеграциянын башкы максаты — физика, математика сабактарынан тереӊ билим берүү менен башка сабактар да келип эле физика, математика сабагына интеграцияланат экен. Лицейде окуу 5 семестр, 2 сессиядан турат. Аталган системаны окуу программасына ишке ашыруу үчүн лицейде илимий усулдук борбор уюштурулуптур. Бул борбордо сабак берүүгө байланышкан бардык иштер жүргүзүлөт. Ар жылы апрель-май айларында Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун мугалимдери мектепке келип окуучуларга сабак өтүшөт. Мунун өзү окуучуларга стимул гана бербестен, кесип тандоого жана жаӊы идея, заманбап технологиялар менен таанышканга мүмкүнчүлүк берет. Мугалимдер жазган илимий иштерин ЖОЖдун мугалимдерине көрсөтүп, рецензия алышат.

— Блоктоштуруп окутууну киргизип жатканыбызда белгилүү эле педагогдор муну ишке ашыра албай коюшканын айтышкан. Бирок биз ишке ашырдык. Бул азыр айрым сабактардын кыскарып жаткан учурунда мугалимдин убакытты үнөмдөп, кеӊейтүүсүнө шарт түзгөнү менен баалуу, — деди Жаныш Жанузаков агай усулдук ыкманы түшүндүрүп жатып.

Мына ушундай окутуунун жаӊы багытын көздөгөн лицейди 1991-жылдан 2015-жылга чейин 122 бүтүрүүчү “Алтын   медаль”, 218 бүтүрүүчү Артыкчылык аттестаттары менен аякташкан. Алардын ичинен 143 окуучу республикалык сынактарда байгелүү орундарга ээ болушкан. Лицейди аяктагандар ЖРТдан эӊ жогорку бал топтошуп, Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдөгү алдыӊкы ЖОЖдордо да билим алып жатышат. Мунун баары жогорудагы окутуунун өзгөчө усулдук ыкмасынын натыйжасы дешти мугалимдер. Анан да улуу Манастын атын алып жүргөндүн өзү да лицей үчүн оӊой эмес, тузу, милдети оордой көрүндү. Кантсе да ак жүрөк мугалимдерди, окуучуларды Манас бабабыздын руху колдоп жүрүшүн тиледим.

Майрамбек Токторов,

“Кутбилим”, Бишкек-Талас

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*