БИЗДИН ГҮЛЖАМАЛ

Жогорку билим берүү системасында ондогон жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келе жатышкан агай-эжелердин, кесиптештердин мааракелерине карата макалаларды көп эле жазып жүргөнүмө карабай, ар дайым айбыгуу, жеткире жазаалаар бекемдеген толкундануу сезими коштоп жүрөт. Анысы да жөн, анткен себеби ар бир инсандын басып өткөн жолу кайталангыс, өзгөчө. Айрыкча жакындан билген адамдардын адамдык нарк-насилин, мүнөз-касиеттерин, адистик-профессионалдык ишмердүүлүгүн, ж.б. кенен жана терең, толук жана жеткиликтүү, ынанымдуу жана кызыктуу кылып айтып берүү бир топ мүшкүл иш экендигин моюнга алууга туура келет.

Биздин каарманыбыз, биздин Гүлжамал (ооба, башкалардыкы эмес, биздин Гүлжамал) жөнүндө жазуу, биз үчүн ары жооптуу, ары кыйын болду. Буга, баарыдан мурда, биздин Гүлжамалдын жасалма эмес, ашкере табигый жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, «иш десе ичкен ашын жерге койгон», өз ишине нукура берилгендиги (чындыгында, булар Гүлжамалдын улуулугун, бийиктигин айгинелеген сапаттар), өмүр жолу, ишмердүүлүгү идеал болуучу касиет-сапаттарга шыкала толгондугу себеп болду.

Гүлжамал Абикеевна Егемкулова 1973-жылы Чүй районунун Арпа-Тектир айылындагы орто мектепти аяктаган соң, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Улуттук университет) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде билим алган. Гүлжамалдын инсан катары толук калыптанышы студенттик кезине туура келип, курсташ курбуларынын арасында кадыр-баркка ээ болуп, факультеттин профессор-окутуучулар курамына тыкан, өтө жоопкерчиликтүү, маданияттуу жана мыкты адис болууга өзгөчө дилгир студент катары таанышат. 1978-жылы колуна диплом алганда аны өзү окуган факультеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасына улук лаборант кызматына кабыл алышат. Ал кезде окууну жаңыдан бүткөн бүтүрүүчүнү факультетте алып калуу, болгондо да, улук лаборанттык кызматты берүү сейрек, өтө сейрек көрүнүш болгон. Аталган кызматта 1982-жылга чейин эмгектенип, кафедранын иш кагаздарын, окуу жүгүн, окуу-методикалык илимий-педагогикалык иш-аракеттерин толук иретке келтирип, кафедранын ички иштеринин толук кожоюну болууга жетишет. Кылган түмөн түйшүгүнүн, аракетинин акыбети кайтып, 1982-жылы кафедранын окутуучусу кызматына көтөрүлөт. Ошентип, биздин Гүлжамал илимдин докторлору, профессорлору: К.К.Сартбаев, К.И.Иманалиев, А.Осмонкулов, А.Алымов, доценттер: Д.М.Кулбатыров, С.А.Давлетов, А.Калдымолдоева, Н.Шаршеев, ж.б. республикалык, союздук деңгээлдеги окумуштуу-педагогдор менен бирге 1995-жылга чейин үзүрлүү эмгектенет.

Гүлжамалдын өз ишине берилгендиги, билиминин тереңдиги, профессор-окутуучулар менен, айрыкча студенттер менен болгон чыныгы педагогдук мамилеси, факультетте алган кадыр-баркы, мээнеткечтиги, ашкере жөнөкөйлүгү менен 1995-жылы факультеттин жалпы жамаатынын өтүнүч-талабы менен кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканынын орун басары болуп дайындалат. Жетиштүү тажрыйба топтоп, дасыккан педагог-уюштургуч катары тез эле окутуучулардын иш билги жетекчилиги, ал эми студенттердин ишенимдүү эжеси катары коллективде таанылат.

1996-жылы күтүлбөгөн окуя болот. Факультетте бир нече жыл иштеп, «комсомолдук кызматкер» катары белгилүү болгон бир окутуучу декандын орун басары кызматына «көзү түшүп», болбогон шылтоо менен Гүлжамалды ал кызматтан алдырып, ал орунга өзү келип отурат. Профессор-окутуучулардын, айрыкча студенттердин өз кишисине айланган, бүтүндөй бир факультеттин болгон жүгүн, түмөн түйшүгүн өз мойнуна алып, аларды чечип, коллективди өз үй-бүлөсүндөй көргөн Гүлжамал үчүн бул өтө оор болду.

1997-жылдын сентябрына чейин университеттин архивинде, окуу бөлүмүндө иштеп, андан соң Бишкек гуманитардык университетине которулуп кетет. БГУда окуу-инспекция бөлүмүндө иштеп, 1998-жылы Үзгүлтүксүз билим берүү факультетине декандын орун басары кызматына дайындалат. Аталган факультет 1999-жылы Үзгүлтүксүз билим берүү институту болуп кайра уюштурулганда, директордун окуу иштери боюнча орун басары болуп дайындалат.

Мына ошол жылдан бери биздин Гүлжамал Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда директордун орун басары кызматында үзгүлтүксүз жана үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Биздин Гүлжамал үчүн институт экинчи үйү, өз үйүндө айрым тиричилик иштерин эртеңкиге же кийинкиге калтырып коюшу мүмкүн, бирок институттагы ишти калтыруу же жылдыруу мүмкүн эмес. Институттун бүтүндөй ишмердүүлүгү Гүлжамал менен, Гүлжамалдын катышуусу, уюштуруусу менен жүргүзүлөт. Окуу пландарын тактоо, окуу процессин уюштуруу, илимий-методикалык иш-аракеттерди жүргүзүү, студенттер менен иш алып баруу, конференцияларды, жолугушуу, тегерек столдорду ж.б. уюштуруу, аткаруу, профессор-окутуучулардын педагогдук иштерин уюштуруу, көзөмөлгө алуу сыяктуу институттагы маанилүү илимий, маданий-массалык, окуу иштери Гүлжамалдын катышуусуз уюштурулбайт, өтпөйт. Бул иштердин бардыгын Гүлжамал кабагым, кашым дебей, эч кимге жүгүн артпай аткарат. Ар бир окутуучу, кызматкер, ар бир студент менен тил табышуу аркылуу, жагымдуу жагдай-шартта, жогорку деңгээлде жүргүзүүгө жедеп көнгөн, ал адатка айланган.

1998-жылдан тартып декандын орун басары кызматын аркалоо менен бирге эле педагогдук-окутуучулук ишмердигин да улантып, кафедрада окутуучу болуп эмгектенет. Кафедранын эмгек жамаатын түзүүгө активдүү катышып, башка окуу жайларындагы эмгектенген тажрыйбалуу педагогдорду ишке тартып, натыйжада мыкты окутуучулардан турган ынтымактуу, бир максатты көздөгөн коллективди калыптандырууга өз салымын кошот. Кафедранын окуу планы, типтүү жана жумушчу программалары, окулуучу предметтер да Гүлжамалдын түздөн-түз катышуусу менен иштелип чыгат. Ошентип, орун басарлык кызмат окутуучулук иш-аракеттер менен айкалышта аткарылып, ал бир максатка, факультеттин, институттун таалим-тарбия берүү иштерин жакшыртууга багытталат.

Биздин Гүлжамалдын ишмердүүлүгү окутуучулук жана орун басарлык кызматтардын алкагы менен эле чектелип калбастан, иши изилдөөчүлүк, методисттик иш-аракеттер менен коштолуп, республикалык белгилүү басылма-журналдарда макалалар жарыялап, конференцияларга маанилүү баяндамаларды жасоо салтка айланган. Диссертациялык изилдөө иштерди да жүргүзүп келет. Студенттердин курстук, дипломдук иштерине жетекчилик кылып, ондогон жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгарган. Кафедрага үзүрлүү жана натыйжалуу эмгектенүүнүн натыйжасында окутуучулук кызматтан улук окутуучулукка, 2001-жылдан тартып доценттик кызматта эмгектенип келет. Өтөлгөлүүөмүр жолу, үлгүлүү иш-аракеттери, педагогдук-уюштургуч кызматтары өз баасына татып, БГУнун ардак грамоталарына, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин бир нече сыйлыктарына ээ болгон. 2002-жылы КРнын Билим берүүнүн отличниги төш белгиси менен сыйланган.

Жогорку билим берүү системасынын билим берүүчүлүк, маданият таанытуучулук жана агартуучулук иш-аракеттерин, алардын көйгөйлөрүн, келечегин биздин Гүлжамал сыяктуу ийне-жибине чейин билген адистер абдан аз. Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун бүтүндөй жамааты чече албай кыйналган айрым проблемаларды Гүлжамал өзү чечип, өзү жолун тапкан учурлар көп кездешет. Мындай кырдаал түзүлгөндө институт Гүлжамалды эмгек өргүүсүндө жүргөн жеринен да кайра чакыртып алышат.

Єз ишине, өз милдетине мынчалык берилген, тапшырма-милдеттерди так жана тыкан аткарган, кандай гана татаал иш болбосун анын көзүн таба билген Гүлжамал сыяктуу адистер анча деле көп эмес. Гүлжамал үчүн үй-бүлөсү, чогуу иштеген эмгек жамааты, курбу-достору бир бүтүндүктүн бөлүктөрү. Алардын ар бири менен мамиле түзүп, иштешип, жагымдуу жагдай-шартты түзүүнү Гүлжамал өз милдети катары карайт.

Биздин Гүлжамалдын өмүр жолу, педагогдук-жетекчилик ишмердүүлүгү, коомго, чөйрөгө болгон алакасы менен мамилеси жалпыга үлгү болуу деңгээлине жеткен. Биз андан үйрөнүүгө аракет кылып келебиз. Окуткан студенттери «биздин Гүлжамал эжебиз» деп, эмгек жамааты «биздин Гүлжамал» деп сыймык менен атоого татыктуу болгон улуу инсанды кутман курагы менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Арыба, биздин Гүлжамал! Бар бол, бийик бол!

Жеңишбек Чыманов, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*